“Беш ыргайды” белгилүү кылган ким?

a_temirov

Кыргыз искусствосу жаңыдан телчиге баштаган тээ отузунчу жылдарда Жумгал жергесинен Абдыкалый Темиров аттуу өнөр адамы өзүнүн мөлтүр булактай таланты менен жалпы элге таанымал болгон. Ал 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасынан кийин жыйырма сегиз жашында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган. Ажалга айла жок, таланты гүлдөп турганда, 1952-жылы 41 жашында кайтыш болгон эле. Абдыкалый абабыздын артында тукум калбай, аны билгендердин катары да суюлуп бара жатат. Буга менин зээним кейип, анын 90 жана 100 жылдыгына карата «Кыргыз Туусу» гезитине ал жөнүндөгү эскерүүлөрүмдү жазганым бар.

Быйыл февраль айында талант ээсинин жакын иниси Аблабек Бердикеев мага телефон чалып, Абдыкалый Темировдун чыгармачылыгы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткандыгын кабарлады. А.Бердикеев телерадионун музыкалык Алтын фондунан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турсун Уралиевдин аракети менен агабыздын сакталып калган обондорун, чыгарган комуз күүлөрүн, ошондой эле ал жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрүн чогултуп, дискке жаздырып, сүрөтүн Улуттук филармониядагы залкар инсандардын катарына илдирип, арбак ыраазы болор иштерди жасап жатканын айтып жана угуп коюумду суранып, дискти мага берип ийиптир.

Чындыгында Абдыкалыйдын обондору анда-санда радиодон жаңырып калганы болбосо, ал жөнүндө кийинки муундун кабары жоктугу чындык. Абдыкалый Темиров 1911-жылы Жумгалдын Таш-Дөбө айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырап, агасы Шаршендин колунда өсүп жетилет. Бой тартып калганда, 1936-жыл анын өмүрүнө, б.а. өнөрүнө нур чачкан бурулуш жыл болгон. Себеби ал кепке үйүр, ырга ынак, күү жандуу, куйма кулак болуп айылындагы Дүңкана, Кадыралы, Каден аттуу комузчулардан “Тай жарыш» ж.б. күүлөрдү үйрөнүп алат да, эл арасында кумарлануу менен күү чертип, обон созуп ырдап, айылы гана эмес, коңшу айылдагыларга да аты угулуп, он беш жашынан айылда чабарман да болуп иштеп, элге таанылат. Ошол 1936-жылы Жумгалда: “Колхоз-совхоз театры ачылыптыр, Абдылашым Көбөгөнов деген жигит келип, айылдардан өнөрлүү адамдарды чогултуп жүрүптүр”, – деген кабар айылга тарайт. Бул кабар Абдыкалыйга тынчтык бербейт. Аңгыча Таш-Дөбөгө арасында чоң комузчу-ырчылар Кулманбет Турсунбаев, Мыскал Өмүрканова, Мырзалы Турсунбаев (Таттыбүбү, Нуркан Турсунбаевдин атасы), өзү теңдүү жаштардан С.Өмүралиев, Ш.Жапарова, Л.Кутлина, С.Өмүрова, У.Жетигенова, К.Конушбаев, С.Жумаев ж.б. концерт коюп келип калышат. Абдыкалый алардын өнөрлөрүнө суктанып, мен дагы ушулардын катарында болсом деген ою ишке ашып, асмандан тилегени жерден табылат. Артисттер Абдыкалыйга комуз черттирип, обон создуртуп ырдатып да көрүшүп, дароо эле өздөрүнө кошуп алышат. Ошентип театрда А.Көбөгөновдун режиссёрлугу менен М.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» деген пьесасы кою­луп, андагы Оморкулдун образы менен Абдыкалыйдын актёрлук кадамы дагы ак жолтой болот. Андан кийин К.Эшмамбетовдун «Саринжи», Р.Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» деген пьесаларында жандуу образдарды жаратып, актёр катары таанылат. Кийин бул чыгармачыл инсандар бүт жамааты менен Нарын театрына которулганда Ж.Шералиев, Ж.Самаков ж.б.лар менен ага-инидей мамиледе чыгармачылык өнөрүн дагы өркүндөтөт. Мына ушундан кийин А.Темиров «Ак маңдай», “Сайра комуз”, “Сагындым”, “Беш ыргай” деген обондуу ырларын чыгарган. «Беш ыргай» деген обонунун дарегин Ак-Талаада гастролдо жүрүп Жакыпбай деген сөзмөр карыядан угуп жазып алат. Ошонун негизинде бул ырдын ыргактуулугун куюлушмалуулугун, кайрыктарын иштеп чыгып, ыр шайыр мүнөздөгү кеңири популярдуулукка ээ болот. Ал адегенде комуз менен аткарылып, бара-бара хордо ырдала баштайт. Аны композитор М.Раухвергер иштеп чыгып, кыргыздын хор өнөрүндө жаңылык катары кабыл алынат. Кийин «Беш ыргайды» Нурдин Тугелов баш болгон балетмейстерлер бий үчүн, композиторлор фортепианодо жаштар үчүн иштеп чыгышат. Кийинки күндөрдө «Беш ыргай» аваздык-аспаптык жана темир комузчулар ансамблинде да өзүнчө күү түрүндө аткарылып жүрөт. Мына ушинтип “Беш ыргайдын” бүгүнкү күнгө дейре белгилүү болушуна Абдыкалый агабыздын себепкер болгонун айтуу жагымдуу.

Согуштан кийин «Беш жылдык», «Мен ашык», «Чын сүйүү», «Ак чабак», «Саадаткан», «Пахтачы келин», «Сайрай бер, комуз», “Ой комузчу”, “Чын сүйүү” ж.б. ар кыл темадагы көптөгөн обондорду чыгарып, булар угуучулардын калың катмарына тарайт. Нарын драма театрында иштеп жүргөндө Жумамүдүн Шералиев Абдыкалыйдын обондоруна, аткаруучулук чеберчилигине суктануу менен баа берип, «Чын сүйүү», «Сагындым» деген ырларын нотага түшүрөт. Баса «Сагындым» аттуу мөлтүр ыры Асек Жумабаевдин аткаруусунда жумурай-журтка тарап, ошондон кийин бул ырды жаш ырчылар Кеңеш Сулайманов, Жолдошбек Көкүмөв, бүгүнкү Керим Турапов симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарышып, анда болгон ажардуулук менен асылдуулукту ача билишсе да, автору Темиров экендигин эч ким билбегени бизди өкүндүрөт.

А.Темиров филармонияга солист болуп кабыл алынып, ал жерде иштеп жаткан эл шайырлары атактуу Калык, Осмонкул, Алымкул, Ыбырай, Карамолдо, Молдобасан менен аралашканына кубанат. Алар дагы акактай тунук обондору менен элге таанылган талантты кучак жайып тосуп алышкан да, ага дароо үй берилип, жакшы жалыйна чектеп беришет. Абдыкалый кубанычы койнуна батпай шаарга көчүп келиш үчүн айылына келип, карылардан бата алуу үчүн ажыраш аяк берет да, түнү бою булбулдай таңшып ырдап, бир башкача болуп бардыгын таң калтырган экен. Ошондон үйүнө барып катуу ооруп калат да, күндөн-күнгө начарлап отуруп, 1951-жылы жайында жарык дүйнө менен коштошот.

Чыгармачылыгы өр­чүп, бергенинен бере элеги көп кезде, баарынан армандуусу артында туяк калбаганы катуу өкүндүрөт.

Сабырбек АКМАТОВ, Жумгал райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары,
«Кыргыз туусу», 15.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий