Манастын Кыргыз журту (же «Уруучул болбой, кыргыз бол!» идеологиясы)

asylbek_eshiev”Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантында (Манас. I, II, III, IV китептер. Фрунзе: “Кыргызстан”, 1980, 1981, 1982, 1984) “журт” жана “уруу” деген этникалык түшүнүктөр активдүү колдонулат. Уруу уруктардан туруп, ар бир уруунун автономдуу мамлекеттик-саясый статусу болгон. Аны уруу жыйынында шайланган уруу башчысы (кан, бек) башкарган. Уруу башчысынын укугу жана милдеттери так аныкталып, ыйгарым укугунун чегинде гана аракеттенген. Бир нече уруу фратрияга, фратриялар журтка бириккен. Эпосто “Кытай журту”, “Кыргыз журту”, “Орус журту”, “Кырым журту”, “Ооган журту” (III китеп, 152-б) деп Евразия мейкиндигиндеги эң ири журттар (федерациялар) айтылат. Бул геосаясый чөлкөмдөгү бардык этникалык бирдиктер (этнос, уруу, калк) ушул аталган федерациялардын бирине таандык болгон. Кеп бул жерде Кытай (кара кытай (кыдан), калмак, монгол, ойрот, манжур, жунгар ж.б.), Кыргыз (кыргыз, казак, кыпчак, ногой, каракалпак, эштек, найман, түрк ж.б.), Орус (чыгыш славян этностору), Кырым (хазар, татар, азербайжан, карачай, балкар, кумык ж.б.), Ооган (иран, афган, пуштун, тажик, осетин, күрт ж.б.) ири согуштук-саясый этникалык бирикмелери жөнүндө жүрүүдө.

КЫРГЫЗ ЖУРТУ

Кыргыз журтуна кимдер кирген? Албетте, тарыхый кандаш уруулар. Булардын этникалык башаты, тили, маданияты, каада-салты, жашоо образы негизинен бирдей болгон. Баары байыркы бир этногенетикалык сызыктан кеткен. Мезгилдин өтүшү менен үй-бүлөлөр урукка, уруктар урууга биригишкен, фратриялар журтту (федерацияны) түзүшкөн. Бир уруунун ичинде уруктарга өз ара никеге турууга жол берилген эмес. Журт же фратриянын ичинде гана урууларга өз ара үй-бүлө курууга мүмкүн болгон. Көчмөндүк согуштук демократия саясый түзүлүшү өкүм сүргөн. Деспоттук, диктатордук башкарууга уруулук жашоо образ жол берген эмес.

Биздин оюбузча кырк уруу кыргыз журтунун (федерациясынын) башатында “Аз” рухий-эпонимдик ишеним турган. Кыргызга бириккен кырк уруу бирдиктери “Азды” өзүнүн рухий, эпонимдик башаты деп эсептешкен. Ушул кырк уруу этнос өздөрүн кыргыз (кырк-ок-аз) деп аташкан (“уруу” менен “ок” деген сөздөр синонимдик мааниде келери маалым). Ушундан “кыргыз” деген этноним калыптанган. Кыргыз – бул журт (федерация), б.а. кырк уруунун бирикмеси. Эпосто журт дал ушундай статуста катышат. Демек, бул журт этникалык түшүнүгүн эл, калк, будун, этнос, уруу түшүнүктөрү менен бирдей кароого болбойт. Эзелтен кыргыз журтун түптөп, кыргыз журтунун атынан чыгып, кыргыздын башатында турган Кара кан, Огуз кан, Аланча кан, Байгур кан, Бабыр кан, Түбөй кан, Көгөй кан, Ногой кан ата-бабаларынын саясатын, идеологиясын туу туткан Бакай, Манас, Семетей, Сейтек кыргыздын гана атынан чыгышкан. Алардын журту да, уруусу да, уругу да, ата-бабалары да кандык кыргыз болуп, кыргызды урууга, тэк-жаатка бөлүп кароо болбогон (Бакай: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, // Бөлүнүп калды кыргыз деп // Бөлөк элге кеп кетет” (IV китеп, 195-б.)).

АЛТАЙДАГЫ КЫРК УРУУ КЫРГЫЗ

Эпос боюнча казак, кыпчак, ногой, каракалпак, үйшүн, катаган, нойгут, жетиген, окчу, думара, аргын, алакчын, алчын, төөлөс, найман, багыш, тейит ж.б. уруулар кыргыз журтун түзүшкөн. (Көкөтөйдүн керээзинен: “Казак, кыргыз, катаган, // Жетиген, нойгут, думара // Баарыбыз бир атадан…// Каңыры, тейит, багышы // Канча журтка угулган // Кара кыргыз дабышы” (III китеп, 14-15-бб.)). Аталган уруулар “Манас” эпосунун доорунда, б.а. VIII-IX кк. Кыргыз федерациясынын негизин түзүшкөн. Эпос боюнча кытай кандары Эсенкан, Алооке кыргыз журтун чаап-талап дүйнөнүн чар тарабына кууп тараткан экен. Ушунча элди тукум-курут кылып кырып-жоюуга мүмкүн эмес болгон. Кытай (кыдан), кара калмак, манжу, ойроттордун (кытай журтунун) негизги максаты – кыргыз журтун таратып, кайра бириктирбей, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кубаттуу согуштук-саясый атаандашты жок кылуу болгон. Алар бул максатына Ногой кандын кыргыз журтун талкалоо менен жетишкен. Ушул чабылып-чачылган кырк уруу кыргыздын негизин кыргыз (Жакып, Бакай, Манас, Байжигит, Бактыгул, Акбай), казак (Камбаркан, Айдаркан, Көкчө, Бообек), кыпчак (Таз, Төштүк, Үрбү), ногой (Эштек, Чагоо), эштек (Жамгырчы), нойгут (Акбалта, Акымбек, Чубак), каракалпак (Бердике, Кыргыл), түрк (Дамбылда), алчын (Атай), үйшүн (Үмөт), катаган (Кошой), аргын (Каракожо, Ажыбай), тейит (Саламат), жетиген (Чегиш), окчу (Каракесек), төлөс (Медер) ж.б. уруулар түзгөн. Бул уруулар Манастын чоң атасы Ногойдун төрт уулу (“Бай деген бир агаң бар, // Ополду жердеп калганы. // Орозду деген агаң бар, // Жайлайт деп угам Алайды… /// Үсөн аттуу агаңды, // Үмүтүм андан үзүлдү, // Кытайдын кыям жагында, // Даңгирди жайлайт шекилдүү” (I китеп, 136-б.)) менен кошо төрт түрдүү аймакка куулуп айдалат. Кыргыз журтун кыйраткан кытай журту (Эсенкан (кытай (кыдан)), Алооке (кытай (кыдан)), Жолой (калмак), Нескара (манжу)) Борбордук Азияны жеке ээлеп, салыгын салып, тынып жатып калышат.

Кыргыз Жакып менен кошо Алтайга казак Айдаркан, кыпчак Таз, ногой Эштек, нойгут Акбалта, каракалпак Бердике өз уруулары менен чогуу үрккөн. Бирок кээ бир уруулар Алтайга айдалган эмес. Маселен, кыпчак эр Төштүк, катагандын кан Кошой, “орчун кыргыз уругу окчу Каракесек”, “дөөлөстүн Медер султаны”, Ташкендин кыргыз каны Көкөтөй, Кыйбанын калча каны Музбурчак, анжыяндык кыргыз Санжыбек жана башкалар. Булар кытай, кыргыз жергелеринде кытай журтуна салыгын төлөп жашап келген.

МАНАСКА ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ ЖУРТУ

Эпос боюнча “кырк уруу кыргыз” деген аты эле болбосо Манастын доорунда кыргыз журтунда он эки, же тогуз уруу кыргыз гана калган экен (“Ошо күнү чакырды // Он эки уруу кыргызды” (I китеп, 62-б.); “Кырк уруу кыргыз элек, // Тогуз уруу кыргыз калдык” (IV китеп, 8-б.)). А, калган жыйырма-отуз уруу кайда кеткен деген суроо туулушу мүмкүн. Балким, алар Кыргыз федерациясынан оо илгери эле чыгып, өз алдынча эгемендүү мамлекеттер болуп калган болуу керек. Маселен, огуз (гуз), сак, гун, исседон, кушан (Дашти Юечжи), хазар (козар), булгар (Болгария), хоногур (Хонгор, Хунгари, Венгрия), түрк (көк түрк, кара түрк), ашина, ашиде, усун, ашпар (Ышбара-ябгу-каган (640-641-жж.), (Аспарух, Болгар каганы, VIII-IX к.), төөлөс (Толеш Билге, Энесай эстелиги, VII к.), (Телец, Угаин уругу, VIII к., Болгария), алчын (алазон – скифтик уруулук бирикме (Кенесбаев С.К.) ж.б. этникалык бирдиктер. Биз мында кийинки IX к., же андан бир аз эртеги IV-VII кк. менен чектелбешибиз керек. Кеп бул жерде Cактардын доору (б.з.ч. VIII-IV кк.) жана андан да мурунку мезгил жөнүндө жүрүүдө. Эзелки Кыргыз федерациясы болжол менен б.з.ч. II-V миң жылдыктарда болуу­су мүмкүн эле. Муну кытай жазмаларындагы кыргыз мамлекетинин’ расмий аталышы да ырастап тургандай. Кытай тарыхчылары кытай (хан, тан, каканчын чынмачын, чин, цин ж.б.) мамлекети менен тең тайлашкан, же ага үстөмдүк кылган ушундай ири бирикменин (Кыргыз федерациясы, б.з.ч. 209-ж.) гана аталышын жазууну туура көрүшкөндөй.

Ошол себептен да федерациянын ичиндеги казак, кыпчак, найман, ногой, эштек, каракалпак, түрк, үйшүн этнонимдери кытай жазмаларында атайын бөлүнүп белгиленбеген болуу керек.

Ушуга байланыштуу эпосто тактоону талап кылган ыр саптары да бар. Маселен, Манас Жолойду “нак өлтүрөр кезекте” Кошой: “Түбү бизге тууган деп, // Түшүнө албай турган деп, // Не кыласың өлтүрүп” (III китеп, 296-б.) деп арачалап калат. Ошондой эле эпосто кырк чилтендин (кырк бөрү) “Башыңа дөөлөт конор деп, // өлүп жаткан калмактын // Баласы жолдош болор деп” (I китеп, 139-б.) дегени боюнча манжулук калмак Айнакул, Шакум (Мажик) Манастын ишенимдүү чоролорунан болуп калышат. Балким, мангулдан кеткен калмак уруусу да бир кезде кыргыз журтунун курамында болгон беле? Муну алтай тилдик бүлөгө түрк, монгол, тунгус-манжур тилдери киргендиги да ырастап тургандай.

МАНАС – КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН КЕПИЛДИГИ

Манастын негизги миссиясы – чар тарапка чачыраган кыргыз журтун жана мамлекетин кайра тикелөө болгон. (“Кулаалы таптап куш кылдым, // Курама жыйып журт кылдым”). Манаска кыргыздын эзелки рухий дүйнөсү (ак, эге, бар, манас, барбардигер, кызыр иляс, кырк чилтен, алла таала ж.б.) жардамга келет. Урушта “Манас” деген ураан чакырылат. Балага кыргыздын байыркы рухий дүйнөсүнүн атынан “ак күлөлүү дубана” аты Манас болсун деп көздөн кайым болот. Ооба, бул ат сакралдык касиетке ээ болгон. Манас (МанАз) – эзелки кырк уруу кыргыздын эң биринчи рухий дүйнөсү. Эпосто ушул атты алган уул гана кыргызды кытай эзүүсүнөн эркиндикке чыгарат деген идея жаткан. Муну кыргызда ‘Манас’ аттуу бала туулуп, алтыга чыгыптыр, баралына жеткенде “Ааламга салат түлүк дейт // Чоң Бээжинге ок атар // Чоңойгондо жүрүп дейт” (I китеп, 173-б.) деген кытай төлгөчүлөрүнүн айтканы да ырас­тайт. Балким, Евразия континентиндеги тарыхый Манаска чейинки ‘Манас’ (Manas, Manis, Manah; Манес, Манасес, Манассий, Менестей, Менес, Манаус, Мануш, Маннус ж.б.) аталышындагы көптөгөн эпоним, топонимдерди ушул өңүттөн түшүндүрүү орундуу болуп жүрбөсүн?

Ооба, Манас Борбор Азиядагы күч-кубаттуу эң акыркы Кыргыз федерациясын кайра тикелген кыргыз каны болуптур. Манастын доору эң акыркы тарыхый Улуу Кыргыз державасынын доору (IX к.) менен дал келүүсү толук мүмкүн. Буга ал Кытай федерациясын (кара кытай (Эсенкан, Коңурбай), кара калмак (Жолой), манжу (Нескара)) бузуп талкалоо менен жетишкен. Ага чейин Анжыян-Алайдагы кара кытай (Алооке кан), Алайдын түштүгүнөн калча Шоорук кандын, кийин калмак Текес кандын туусун жыккан. “Көкөтөйдүн ашындагы” окуялар Манастын кыргыз журтун бекем түптөгөндүгүн (кыргыз, казак, кыпчак, эштек, ногой, каракалпак, нойгут, аргын, үйшүн, алчын ж.б. уруулар бирикмесин), күч-кубаттуу согуштук-саясый мамлекетти (журт башчылары: Манас, Бакай, Кошой, Алманбет; кандык мөөрү, жарлыктары; жалпы мобилизациялык укуктары, аскердик мыйзам; ыйгарымдуу элчилик: эр Ажыбай, Ырамандын Ырчы уулу, жаш Айдар; кырк чоро, “себилдүүсү сексен төрт” журт гвардиясы; жансакчылар кызматы) түзүп алгандыгын ырастаган.

МАНАС – КЫРГЫЗ ЖУРТУНУН ТУУСУ

Бирок “жети кандын чатагы” Кыргыз федерациясындагы суверендүү этностордун (уруулардын) өз алдынча мамлекет болууга, эгемендүүлүккө карай умтулуу тенденциясын ырастаган. Ар бир уруунун бир нече түмөндөн (он миң) турган колдору болуп, сепаратист кандар кыргыз журт башчысы Манас менен серпишүүгө да даяр болушкан. Муну Манас эң мыкты билген, саясый кырдаалдын олуттуу экендигин түшүнгөн. Анын эң башкы жетишкендиги автономдуу уруу башчыларынын (“жети кандын”) калпыс ние­тин, дымагын кыргыз журтундагы коомдук пикирди эффективдүү (Ажыбай чечен, Ырамандын ырчы уулу, кырк чоро) пайдалануу менен агылып келген согуштук күчтүн энергиясын Чоң Бээжинге улуу казатка буруп жибергендиги болгон. Кечээги өткөн тарыхты унутпаган кыргыз этностору, андагы согуштук күчтөр Манасты кудайындай көрүшкөн, ага сыйынышкан, өз уруу кандарына караганда айкөл журт башчыны жогору баркташкан, жардыгына баш ийишкен. Ооба, кыргызды кытай эзүүсүнөн бошоткон Манастын жеке авторитети өтө жогору болгон. Кайсы уруунун өкүлү экендигине карабай аскерлер Манасты көрүүгө, анын сөзүн угууга, жардыгын аткарууга даяр турушкан. Мына ушундай саясый, коомдук кырдаал каяша айтам деп келген алты кандын кыңк этпей Манастын айтканы менен болууга өбөлгө түзгөн. (Эпос­то алты канды Манас Аккуланын үстүндө оту­руп күтүп алгандыгы, эр Төштүктөн башка бүт баары аттан учуп түшүп, кол куушуруп салам бергендиги айтылат (IV китеп, 53-б.)).

МАНАСТЫН ЭҢ БАШКЫ ИДЕОЛОГИЯСЫ

Ооба, тарыхый Манас болбогондо чилдей тараган кыргыз урууларынын азыркы Кыргызстандын территориясында кайра кыргыз журтуна (мамлекетине) биригүүсү дээрлик мүмкүн эмес эле! Жер бейиши кыргыз жергесинен регионалдык гегемон, күч-кубаттуу Кытай журту эч качан кетмек эмес экен да, бүгүнкү гео-саясый карта башкача өң-түстө болмок экен! Бул – эр Манастын кыргызга жасаган тарыхый эң башкы сиңирген эмгеги.

Кыргыз журт башчысы Манастын кыргызга жасаган тарыхый экинчи эмгеги Борбор Азия геосаясый мейкиндигинде Кыргыз мамлекетине биригүүдөн башка альтернатива жок экендигине кыргыз урууларын (кан-бектерин, эл-журтту) айныгыс ынандыргандыгы! Кан Манас уруучул болбой бир бүтүн кыргыз болууга чакырыптыр! Манас атабыз уулу Семетейге, небереси Сейтекке, кыргыз мамлекетине кайра бириккен эл-журтка ушундай баа жеткис түбөлүктүү эстафетаны тапшырып кеткен экен! Ооба, бүгүнкү Кыргызстан үй-бүлөлүк, уруу-уруктук, жердештик психологиядан, менталитеттен суурулуп чыккан, Айкөлдөй мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган мамлекеттик ишмерлерге өтө муктаж экендиги чындык.

Манас бабабыздын он эки кылым илгерки улуттук идеологиясынын бүгүнкү актуалдуулугун караңыз! Эми бүгүнкү ааламдык глобалдашуунун шартында Айкөл Манастын миң жылдык осуяттарын турмушка ашырууга, улуттук кызыкчылыкты туу тутууга, мамлекеттин бекемдигин, аймактардын биримдигин, эл-журттун ынтымагын, кыргыз мамлекеттик тилин көздүн карегиндей сактоого, өнүктүрүүгө саясый эрк, жарандык ар-намыс жетиштүүбү? Ооба, жетиштүү. Бир гана маселе – журт башы Манастын мамлекеттик идеологиясын кыргыз улуттук таламынын негизинде иштеп чыгуу, эл-журтка жеткирүү, турмушка ашыруу башкы заманбап маселе экендиги анык.

КЫРГЫЗ СОГУШТУК ДЕМОКРАТИЯСЫ

Ошону менен бирге согуштук демократиянын мыйзамдары толук сакталган. Маселен, Текес канга аттанган колдун кандыгына казак Айдаркан, чоң казатка аттанган отуз түмөн колдун кандыгына алгач ирет Бакай, андан соң Алманбет шайланат. Баары көчмөндүк мыйзамдын чегинде кагазга жазылып, мөөр басылып, жардык колго жеткирилип аткарылган. Бул процесстердин баарын журт башы кан Манас башкарып тескеп турган. Демек, кыргыз журтунун башчысына согуштук-саясый кырдаалга жараша ушундай ыйгарымдуу укуктар берилген. Колдун канынын укуктары да такталган болуп, керек учурда аскердик-саясый чечимдерди жеке өзү (маселен, Алманбет) чечкен.

Кыргыз журтун башкарууга кыргыздан башка казак да талапкердигин көрсөтө алган. Маселен, “биз Манасты кан шайлап алганбыз” деген Айнакулдун сөзүнө казак Камбаркан теригип, небереси Көкчөнү атыңды аядыңбы деп зекип кирет (I китеп, 285-б.). Бул эпизод казак уруусунун кыргыз журтунун курамындагы кан болуп шайланууга укуктуу күч-кубаттуу этнос болгондугун айгинелейт. Көкчөнүн төрөлүккө (увазирдикке) шайланышы казактын кыргыз журтундагы башкы таасирдүү ордун билдирген.

МАНАСТАН КИЙИНКИ КЫРГЫЗ ЖУРТУ

Ооба, Манастын о дүйнөгө кетүүсү менен акыркы ири Кыргыз федерациясы да ыдырап, уруу-урууга тыркырап таркап кеткен болууда. Семетейдин, андан кийинки Сейтектин саясый аренага келүүлөрү да бул процессти токтото алган эмес. Бир нече миң жылдык тарыхы бар кырк уруу кыргыз журту Манас менен кошо сапарын карыткан экен. Натыйжада казак, кыпчак, ногой, эштек, каракалпак, найман, түрк этностору эгемендүү мамлекет болушуп Кыргыз федерациясынан чыгып кетишкен. “Семетейдеги” Манастын кырк чоросунун Семетейдин суранып-өтүнгөнүнө, коркутуп-үркүткөнүнө карабай кетиши (Кыргыл чалдын Семетейге айтканынан: «Байкушум тапкын жөнүңдү, // Көрбөйбүз кыргыз элиңди,..// Биз кайтпайбыз кыргызга, // Бекер бизге тырмышпа!») да кыргыз журтунун коомдук-саясый ыдыроосунун жогорку чекитин ырастап тургандай. Анткени кырк чоро ар бир уруунун өкүлдөрүнөн тургандыгы маалым. Демек, кыргыз журтундагы уруулардын өз алдынча мамлекет куруп бөлүнүп кетүү процессин эч кандай саясый күч, эч кандай коомдук пикир токтото алган эмес экен. Батышка сапар тарткан кезектеги дагы бир Улуу Көчкө (IX-XII кк.) кошулбаган башка кыргыз уруулары азып-азайып кетсе да түпкүлүктүү кыргыз журтун сактап калышкан. Алар Бакай, Ажыбай, Чыйырды, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Сейтекти жандап, колдоп кыргыз журтунүн биримдиги, ынтымагы үчүн күрөшкөн уюткулуу кыргыз уруулары эле.

БАТЫШКА САПАР ТАРТКАНДАР КИМДЕР?

Балким, буга чейин аты чыкпаган “казак”, “кыпчак”, “каракалпак”, “ногой”, “түрк”, “эштек”, “найман”, “төөлөс” (“телец”, “толос”), “жетиген”, “коңурат” (“хунгират”), “дуулат” (“дуглат”) этнонимдеринин тарыхый даректерде жазыла башташы ушул Кыргыз федерациясынын кыйрашынан кийин болуп жүрбөсүн? Балким, дал ушул доордон (IX к.) баштап кырк уруу кыргыздан чыккан кыпчактардын (кыучак (кыпчак), Саттаров Г.Ф.); Урбү, “Повесть времянных лет” по Лаврентьевскому списку), кончак (Кончак, «Слово о полку Игореве»), куман (Куман, “Повесть времянных лет” по Лаврентьевскому списку; куу мен (куман) Тадыкин В.Н.), печенег (пацинази), половец), казактардын (касог («Повести временных лет»), Гзак («Слово о полку Игореве»), казаки (Карамзин)), ногойлордун (Ногай Мурза (Карамзин), ногаи), эштектердин (Ямгурчи (Карамзин), кара калпактардын (черные клобуки), түркмөндөрдүн (берендей), түрктөрдүн (торк), он октун (хоногур, хонгор), калчанын (Шарукан, половец ханы, “Слово о полку Игореве”) Батыш-Чыгышка улуу көч менен сапары башталгандыр. Булардын эзелки кыргыз аты унутулуп X к. баштап уруулук эпо-этнонимдик аталышына толук ооп кеткен сыяктуу. Кээ бирлери түрдүү саясый кырдаалдарга карай кыргыз журтуна кайра келишкендей. Маселен, кыпчак (кээ бир канаттары), ашпар (“Бабур-наме”, XVI к.), “жетиген, кушчу” (Абрамзон), найман (Кучлук хан, XIII к.), төөлөс (Талец, половец төрө, XI к., Русь), моңолдор (Моголистан, XIII-XIV кк.), жалаир (Жля, Желя), Токсоба (Токсобич), Кебек (Кобяк; Кебек хан, XIV к.), дуулат (миңдуулат) ж.б. этностор.

“МАНАСТЫ” БИРИНЧИ КИМДЕР АЙТКАН?

Ошентип, эпостогу маалыматтар боюнча Манастын доорунда кырк уруу кыргыз журтунан он эки уруу (кийин тогуз уруу) калган болууда. (Манас тууларда он эки аялзат Чыйыр­дынын жанынан чыкпай чебелектеп жүргөнүн эстеңиз). Буларга кыргыз, казак, кыпчак, ногой, нойгут, найман, каракалпак, үйшүн, аргын ж.б. уруулар кирген. Ушул этностор Манас туулуп, эр жетип, кыргыз жерин кытай (кыдан), калмак, ойрот, манжурлардан бошотуп, кыргыз журтун кайрадан тикелеп, эл-журтка бейпил турмуш орнотуп, кийин чоң казатка чогуу аттанып, кайрадан кыйрап калганга чейин баарын чогуу көзү менен көрүп, башы менен тартып, кулагы менен угуп келишкен. Эми Манастын доорундагы кыргыз журтунун, Манастын тарыхын оозеки, жети-сегиз муунда ыр түрүндө кимдир бирөө биринчи болуп айткан болуу керек. Биз аны Ырамандын Ырчы уулу болгондур деп келебиз. Анткени, анын ушундай ардактуу даража-наамга эгедер болууга коомдук-саясый укугу, чыгармачыл таланты, эрудициясы бар болгон. А, экинчи, үчүнчү, онунчу манасчылар кимдер эле? Албетте, алардын баары ошол кырк уруу кыргыздан калган он эки уруунун Манасты көрүп, билип калган эрен чыгармачыл таланттары болушу толук мүмкүн.

Эпос боюнча Ырамандын Ырчы уулу — казак. Бул дагы бир ирет казактын Кыргыз федерациясындагы ишенимдүү бир уруу болгондугун ырастамакчы. Манастын кырк чоросунда кырк уруу кыргыздын ар биринен бирден өкүл болгон деп ойлоого негиз бар. Маселен, кырк чоро башы Кыргыл каракалпак, элчи-жарчы эр Ажыбай аргын, эр Көкчө казак, эр Үрбү кыпчак, Жамгырчы эштек (ногой), Музбурчак калча, Акымбек нойгут, Акбай кыргыз, эр Чубак нойгут ж.б. (Балким, кырк чоронун бири болуп жүргөн манжурдук калмак Шакум-Мажиктин уруусу бир кезде кырк уруу кыргыздын бири болгон беле деген суроо да туулушу мүмкүн. Же кытай (кыдан) Алманбет туулганда ага Кыргыз деген думана ат койгондугу, алгач казак Көкчөгө эл болуп келгендиги, кийин Манаска келип кошулгандыгы да бекеринен болбосо керек). Демек, Манас о дүйнөгө сапар тарткандан кийин ошол Ырчы уулдан кийин эле кыргыз журту менен Манастын тарыхын айткан манасчылар кыргыз, кыпчак, казак, ногой, эштек, нойгут, каракалпак, үйшүн, катаган, аргын ж.б. уруулардын өкүлдөрүнөн болгон деп айтууга толук негиз бар. Мына ушул этностор монгол-татар чапкынына чейин “Манасты” кыргыздын атынан айтып келгендей.

“МАНАС” ЭПОСУ – КЫРГЫЗДЫН ГАНА ЭПОСУ

Чынгызхандын баскынынан кийин дүйнөнүн саясый картасы кескин өзгөрүп, кыргыз журтунун ыдыроосу дагы күчөгөндөй. Кыргызды унуткан, Евразия континентинин түрдүү аймактарына чачыраган мурунку кыргыз уруулары (казак, кыпчак, ногой, каракалпак, эштек, найман, түрк ж.б.) эми өзүнчө эл-мамлекет болуп, уруулук тенденция үстөмдүк кылып кыргыздын “Манасын” элдик эс-тутумдан чыгарышкан кыязы. (“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”). Ошондуктан да башка боордош элдердеги кийинки “Эр Төштүк”, “Алпамыш”, “Көр уулу” өңдүү орток дастандарга окшоп “Манас” эпосу кыргыздан башка эч бир элде айтылбай, кырк уруу кыргыз журтунун уюткусун сактап келген кыргыз урууларында гана айтылып бизге жеткен болууда. Алар бүгүнкү күндө Манастын кыргыз журтунун кызыл туусун көтөргөн Кыргыз Республикасы деп расмий ат алган эгемендүү мамлекетти түзгөн бир бүтүн кыргыз улуту болуп саналат.

КЫРГЫЗДЫН БИРИНЧИ ООЗЕКИ ТАРЫХЫ

Бул ой-тыянактар VIII-IX кк. Борбордук Азия чөлкөмүндө болуп өткөн тарыхый окуялардын, б.а. тарыхый кан Манастын кырк чоросунун бири болгон, баарын өз көзү менен көргөн, көрбөгөнүн көргөндөрдөн өз кулагы менен уккан, кут даарыган, чыгармачыл сейрек талант, интеллектуал эрудит, биринчи оозеки тарыхчы Ырамандын Ырчы уулунун көркөм айтуусунан калыптанган “Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаков тарабынан айтылган версиясынын негизинде жаралды. Ооба, “Манас” эпосу кыргыздын биринчи оозеки тарыхы. Санжыра да эмес, көркөм чыгарма да эмес. Угарман массага салттуу жети-сегиз муунда ырдап айтылган көркөм тарых. Калайык-калк эпосту, же дастанды эмес, кыргыздын байыркы (трагедиялуу да, оптимисттик да) тарыхын угуп-тыңдоого, аңдап-туюуга, эс-тутумда сактоого, үйрөнүп-үйрөтүүгө агылган. Кырк уруу кыргыз журтунун, Манастын тарыхы эл-журтка айкөлдүн ак таңдай баатыр чоросу Ырчы уулдан баштап “кыргыз Гомери” Саякбай Каралаевге чейин мына ушундай оозеки түрүндө жетип келген.

Асылбек ЭШИЕВ, филология илимдеринин доктору,
«Кыргыз туусу», 15.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Манастын Кыргыз журту (же «Уруучул болбой, кыргыз бол!» идеологиясы): 1 комментарий

  • 25.07.2014 в 22:47
    Permalink

    kereket kunduu mazmun eken , ooba kyrgyzym emi bul kvndo ech chachyluunun , birimdiginin ydyrashuusunuin nukura keregi jok . kairadan birimdikke kvch aluusu kerek . makala mazmunun okup aiabai tolkundandym .

    Ответ

Добавить комментарий