Кердегейден кептеркана: Кубатбек Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» деди

zhusubaliev

Кайсы бир чыгыш даанышманы «улуу кишинин көлөкөсү да жылуу» дептир. Кыргызда Кубат акедей жылуу пенделер аз. Азыркы алай-дүлөй заманда бирибиз көртирликтин, бирибиз атактын, акчанын, байлык, бийликтин артынан сая кууп жүрүбүз. Бир эле жалгыз киши К.Жусубалиев калды. Ал эмненин артынан түшүп жүрдү экен? Ыраматылык Мелис Эшимканов Кубат акенин даанышмандыгын өлкө башкаргандар баалабаганына кейип, адашкан коом, адашкан цивилизация кайда барарына жалгыз Кубат акеден башка баш ооруткан киши жоктугун көп какшар эле. Мүмкүн эл башыларыбыз ушул кишини кеңешчи кылып алса, көчүбүз эртерек түзөлөрүн айтып үшкүрүнүп, Кубат акени колдоп-таяп жүрчү эле. А бүгүн Кубат акени колдогон ким бар?.. Ким? Ал киши бүгүн эч кимге жүгүн артпай, датын айтпай, мамлекеттен 5 миң сом (!) пенсия алса да неге Алайдан жакага түшпөй, Заратустрадан бетер элден безип жүргөнүн түшүнүү үчүн Алайга аттандым. Жаныма Ош жергесинен кошулган Адылбек үкөм (Байтемиров) кошулуп, дагы бир шеригибиз Данияр Кеңешов үчөөбүз Кубат акенин акылынан тамган шоолага жылынып, өзүбүз гана эмес жалпы окурман көңүлүн жылытарлык маек курдук деп ойлойм… Бүгүнкү туңгуюк заманда мүмкүн көңүл жылытарлык сөз керектир баарыбызга…

«Кубат аке, арыбаңыз…» деген үнүбүздү алыстан эшиткен жазуучу «Ээ кембагалдар, келгиле. Эл-журт аманбы?» деп тарбайган кучагын жайып тосуп алды. Кучагы да башкача. Ал-акыбалды сурашып эле диктофонду иштетип койдум. Мурдум кычышып, тамеки чекким келип, анымды Кубат аке жактырбай калса келген жолума кайра салбасын деп, чылымды чычайта тиштечү оозуман мамындай суроо өзүнөн-өзү чыгып кетти.

— Кубат аке, канча аракет кылбайын тамекини таштаганга көп жылдан бери эрким жетпеди. А сиздин шаарды таштап, элден четтеп, жашоонун канча жыргалчылыгынан өзүңүздү чектеп койгонго кантип эркиңиз жетти?

— Эрктүү болууга адам өзү даярданыш керек да. Баардык нерсени жеңүүгө биринчи кезекте эркиңди бышырышың керек.

— Сизди буга түрткөн турмуштук себептер болдубу же бул рухий талап беле?

— Рухий талап да, эй. Мен муну текеберчилик менен айтканым жок. Мен адамдарды жаман көргөнүм же чанганым үчүн өзүнчө кетип калганым жок, мен адамдарды жакшы көргөнүм үчүн ушинтип жүрөм да. Адам эмне үчүн жаралган, ал каяктан келген? Каякка баратат? Бул эмне менен бүтөт? Ушуну түшүнүш үчүн элден обочо жашоо керек экен. Ансыз болгудай эмес, бир адам мага окшоп өзүн «жертва» кылбаса, башкалар эмнени түшүнөт? Бул иш да… көп иш. Адам болгондон кийин ушул нерсени түшүнүш керек дейм. Мен элден бөлүнүп жалгыздап кеткенден эле элдин саны азайып калабы? Мүмкүн мендей бирөө- жарым чыгып галдир болуш керектир. Бирдеңкени түшүнүп, башкаларга бул дүйнөгө адам эмнеге келгенин түшүндүрүшү керектир…

— Демек, сиз деле устадан бетер өзүңүз менен өзүңүз узанып иштейт көрүнөсүз?

— Андай эмес, таптакыр андай эмес.

— Биз сизди ким деп кабыл алышыбыз керек? Жазуучу деппи, календер же пайгамбар деппи?

— Өзүн-өзү тааныган жанды адам дешибиз керек. Адам өзүн таанууга аракет кылышы керек. Бул күнү да, түнү да бүтпөй улана берген иш экен. Тынымы жок изденүү бул. Адам өзүн-өзү тааныганда барып кудайды билет экен. Ошондо барып адамдын эмне үчүн жаралганын, кайдан келгенин, кайда барарын, азыркы абалы эмне менен бүтөрүн аңдайт. Негизги максат ушунда. Бул максат жеке эле меники эмес экен, бул бүтүндөй адамзатка тиешелүү генийлердин, даанышмандардын улуу адамдардын максаты болуптур илгертен эле, карасаң…

— Даанышмандардын кээси деле адам өзүн-өзү тааныганда өзүнө кускусу келет, атүгүл өз жанынан деле кечкиси келет дептир…

— Ошону да өтүш керек да эй, жолуң болгур. Андан өтүш керек. Мунуң жакшы суроо. Демек, андай даанышмандар мен айткан нерсеге жакындагандар, өтө жакындагандар… Албетте, өз жанынан кечкендердики бул алсыздык. Чыдабагандык. Бирок, ал өзүн таанууга абыдан жакындаган киши. Көрсө, дүйнөдөгү эң кыйын нерсе өзүңдү таануу тура. Ал эми эң жеңил нерсе көнүмүш адаттарың экен. Сенин жанагы эмне үчүн элден обочолоп кеткеним туурасында сураганыңа мүмкүн ушул кебим жооп болор. Мен ошо жеңил жашоодон качтым да эй, үка. Элден четтөө абыдан кыйын, себеби сөзгө каласың. Ушундан өттүм да мен. Түшүнбөгөндөр мени акылынан ажыраган галдир деп жүрөт да. Бир жолу жаны жок Мелис Эшимканов мен шаарга барсам айтат: «Кубат аке, сизди Кубанычбек Жумалиевдин (ошол кезде ал өкмөт башчы, агасы болсо кайсы бир окуу жайда ректор болуп турган К.Ж.) бир тууган агасы, анан дагы бир Иляз деген шаар комитетинин секретары экөө «Жусубалиевди атыш керек» дептир. Себеби Жусубалиев адам өлгөн жерге барбайт, коомдон качат, элден чыгып калган. Мындай киши адам эмес, андайларды жок кылып койсо боло берет дептир. Мен ошол жерден отура албай качып келдим деди. Себеби Мелис ага чейин «Кубат аке Кердегейден келди» деп коюптур аларга. Анан ал жерде отуралбай койдум деп келгендегиси экен мага. Андан көп өтпөй эле менин айланамда жагымсыз ар нерсе башталды. Ал эмес ыраматылык көр болгон апама чейин келишиптир, «балаңыз эмнеге эл безер, ага айтып коюңуз, адам өлгөн жерлерге топурак салып жүрсүн» дешип. Анан апам кургурга эмне демек элем, айттым: «Кубат өлүмдү жек көрөт деп айтып коюңуз, өлүм ага душман экен, анан ошол жек көргөн душманына баргысы келбейт» деп айттырып кутулдум. Ошондо бир ушундай «дүрт» эткендей атмосфера пайда болгон, мен ошондой атмосферада жашап калгам. Мени тааныган, тааныбагандары деле жек көрүп баштаган. Көрсө мен башкалардай эт жебегеним, жамандык, жакшылыктарга барбаганым көптөргө жакпай, алардын өтө терс реакцияларын жаратат экен… Эгер ошондо өздөрүнө жараша каяша айтчу болсом, мени жетелеп барып эле талга асып өлтүрүп салгандай кырдаал түзүлгөн.

— Адамзаада эмнеге ушундай? Тээ алмуздактан эле сиздей адамдарды түгүл пайгамбарларды деле эл жабалактап ташбараңга алып, же крестке асып өлтүрүп, даанышманына уу ичирип өлтүрүп келген?

— Көрдүңбү, мен ушуну түшүнүп көрөйүн дедим. Себебин түшүнүш керек да… Эмне үчүн мындай, ыя!? Туурабы?.. Демек, бир улуу жүйөсү болсо керек дейм. Адам баласы эмнеге мындай эки лагерге бөлүнүп калган? Мен дүйнөнүн түшүнүксүз нерсесин түшүнөр бекемин деп ушуга келатам да. Жүрөгүмдө баардык адамды сүйөм. Мени жек көргөн, мени өлүмгө кыйгысы келген бечараларды да сүйөм анын ичинде… Себеби көп нерселерден галдирап жүрүп өттүм, жыйырма жыл убакыттын аркы-берки жагында. Жалгыз жашаганга да чоң кайрат керек экен. Кара жанымды кыйнап келдим… Бирок ошо жалгыз жашамайын көп нерсени түшүнбөйбүз. 40 жашыма чейин диндерди жаман көрчүмүн. Дин түшүмө да кирчү эмес, түшүнчү эмесмин. Анткени тигиниси деле кудай дейт, мунусу деле кудай дейт, бирок кудай бирөө эле болуш керек да. Ар кимдин кудайы ар башка болбош керек го.

— Негизи эле адамзат тарыхында диндеги көз караштардан улам кырчылдашкан согуштар көп болуп келген эмеспи, канчалаган адам каны диндеги кагылыштардан төгүлгөн, туурабы?

— Мен да ошо дин дегендин баары бирин-бири өлтүрүп атса, бул эмне дечүмүн. Мен тиги жагына да тартпай, бу жагына да тартпай, жазуучу болом дегенден башканы билчү эмесмин. Бара-бара ушул сен экөөбүз айтканды түшүнгүм келди. Кыргыз тээ илгери эле эмне үчүн кой үстүнө торгой жумурткалаган заманды айткан? Бул жөн эле айтылган кеп эмес, жөн эле түшүнүк эмес, демек ал нерсе болууга тийиш. Себеби адамзатынын максаты илгертен ошол. Демек, койдун үстүнө торгой жумурткалап атса, карасаң эй… ошол жерде балапан чыгарып, ошол жерден балапан «пыр» этип учуп чыгып сайрайт. Анан кайра койдун үстүнө келет. Бул эмне деген сөз. Бул — улуу бейкуттук, улуу тынчтык, улуу заман деген кеп да! Бул деген адамзаттын илгертен берки көздөп жеталбай келаткан максаты. Заман анан эмне үчүн азыркыдай болуп кетти? Атаңдын гөр-иий! Адам бирин-бири атып коёт, мууздап салат. Тонойт. Ушул да цивилизациябы эми?! Мына, Жамбынын арты менен эки жактарга чыгып келдим, акыры жададым… Аэропорттордон алааңды аңтарышат, чочогуңдан өйдө шимшилешет. Это что за… Адам ушинтип да саякаттайбы, ушул да цивилизациябы?! Мен Индияны көрдүм, эми эч жакты көргүм жок. Ошондо Чыгыш элинен экениме сыймыктандым. Себеби индустар илгертен «жаман кепеңдин бурчунан чыкпай отуруп деле бүтүндөй ааламды таанысаң болот» деген. Азыр андан бетер бардыгы колуңда, дүйнө алаканыңда. Интернет, техника турат. А бирок индустар гана азыркы адамзаттын цивилизацияга түшкөн жолу туура эместигин билди. Себеби булар өзүн-өзү тааныган, материалдык дүйнөгө байланбаган эл. Дүйнөдө булардан башка өзүн аруу сактаган, рухий бийиктиктеги эл жок азыр. Буларды байкасаң, цивилизациядан четте турат. Себеби кедей жашашат. А биздикилер жанталашып, көрдүйнөнүн артынан түшүп алды, пай-пай-па-ай… Башка элдер, анын ичинде биз дагы арам өлгөн малдын тарпын талашкан кузгундан эмне айырмабыз бар? Байлык, акча үчүн адамдык касиеттен айрылып калышты канчалары. Ушубу биз аздектеген, ардактаган цивилизация? Анан мен ошол тарп аңдыган адамдарга кошулуп кетейинби? Жок, мен өзүмдү, дүйнөнү таанышым керек. Анткени өмүр деген кыска, ал чексиздиктеги кенедей эле көз ирмем. Кембагал Гёте ошон үчүн «Фаустта» туура айткан экен: «өмүр — кирпик кагым» деп.

— Мен билгенден сиз дайыма медитация кылган адамсыз. А негизинен медитациядан эс аласызбы же уйкуданбы? 

— Албетте, баардык адамдар сыяктуу эле уйкудан эс алам, бирок, мен үчүн жашоонун өзү медитация. Адам физикалык жактан уйкусуз эс ала албайт. Адам эгер улуу сапарга чыккан болсо жашоонун өзү медитацияга айланып кетет, эй. Мисалга суфийлер эмне үчүн Мисирден Кашкарга чейин жөө келишкен? Алардын басканынын өзү медитация болбосо чарчайт эле да. Ошол эле Саади келген, Ош менен… туурабы? Саади бечара дервиш болгон да. Ал кездеги суфийлер телпийип эшектин, төөнүн куйругун кармап алып жер кесип жүрө беришкен.

— Демек медитация жасоо сөзсүз эле лотоско отуруу эмес экен да?

— Бул эми адам баласы өзүнүн аң-сезимин туура багытка буруу деген кеп. Медитация ошондо өзүнөн өзү келет сага. Мен ушунчадан бери эмнеге келдим? Эч бир кайтпас жолго. Адамдарга бир гана жакшылык каалап, адамдарды сүйүүгө үйрөндүм, ал эмес кээси төбөмдөн ылдый кусуп же чычып ийсе да кечиргенге көндүм. Болбосо адам бири-биринен кантип кеңпейилдикти үйрөнөт, ия? Кантип сабырдуу бол дей аласың аларды, эгер аларга өзүң сабырдуу боло албасаң…

— Ушул боюнча Сократ да жакшы айткан экен: “Эшек сени тепсе да, сен эшекти теппе” деп. 

— Во-во-во. Минтип Сократтай даанышман гана айтат, жөнөкөй кембагал антпейт да. Башкалар сенин кылганыңды көрүп гана үйрөнөт, адамга канча айткан менен сөз анчалык таасир этпейт. Ү-үх… Адам турмушу ушундай тегирмен, ал татаал.

— Баса, Алайга аттанаарымда Бишкектен бир таксист сизге дубай салам айттырып, анан Кубат акеге бир суроом бар, жооп ала кел деди эле. Анысы мындай: Илгери бир сүрөтчүнүн картинасына сиз тема коюп берипсиз. Ал сүрөттө үч калпак тартылган экен. Анан ошого сиз “Көтөрүлүш” деген тема коюптурсуз. А таксисттин бүгүнкү күнгө чейин таңгалганы – Кубат аке ошондо “калпакчан үч кыргыз көтөрүлүш же козголоңдун белгиси” дегени көзү ачыктыктай туюлат, себеби, биз революция артынан революция кылганыбызды бу киши алдын ала билгенби деди эле…

— Ал таксист менин кебимди бираз туура эмес түшүнүптүр. Мен Образцов деген сүрөтчүнүн 20-30-жылдары Кыргызстанга келгендеги бир эмгегине таңгалдым. Анын жалгыз эле ошол картинасы бар экен. Ал картинада 5-6 эле кыргыз турат, калпак кийген. Картинанын темасы “Көтөрүлүш” экен. Анан кийин бул боюнча абдан көпкө ойлонуп жүрдүм, себеби сүрөттөгү 5-6 кыргыз эч нерсе деле кылган жери жок, жөн эле турушат. Бирөөнү өлтүрүп же бычак менен сайып жаткан деле балээлери жок. Баш катырган себебим, картинанын “Көтөрүлүш” деп аталышына кайсы деталь түрткү болду дедим да, бир жыйынтыкка келдим, демек кеп калпакта… Калпак көрсө өтө мафиозный баш кийим экен. Кыргыз эмне үчүн тойдо же бирөөлөрдү чабаарда сөзсүз калпак кийип алышат. Калпак көп нерсени символдоштурат.

— Сөзүңүз оозуңузда… Анан бизде соңку жылдары калпак майрамын даңазалагандар да күчөдү…

— Негизи калпак болгон жер “опасный” бизде, что-то пахнит, что-то не понятно… Көрсө, илгертен бери кыргызың калпагын таштабаганынын бир себеби бар экен деп калдым. Калпак кыргыздарды дайыма бириктирип, бирдеңкеге үндөп турат, болгондо да билгизбей. Кандайдыр бир сыры бар…

— Бүгүнкү күндө ак калпакчан кыргыз эли өтө улутчул болуп бараткан жокпу, бул кооптуу эмеспи, Кубат аке?

— Бүгүнкү коомго бир карасаң түкүргүң келет, бир карасаң өтө ойлондурар кырдаалдабыз…Чирип баратабыз го дейм. Эгерде үрөн чирибесе, андан эч нерсе өнбөйт. Үрөн чиригенде гана бир нерсе өнүп чыгат, туурабы. Демек коом деле, улут деле ошол. Ал адегенде чирийт, анан барып тамырлайт. Биздин эл азыр өтө оор кырдаалда, өткөөл кыйынчылыкта жашап жатат. Эгер өзүбүздү таануу жолуна түшпөсөк, бул багыт жакшылыкка алпарбайт, эй! Сен айткандай, эл азыр материалдык жактан абыдан эле байып кетти, бирок рухий жардылык мынабул желкебизден басып турса, көрдүйнөңдүн не пайдасы бар? Эл кыйынчылыкты көрмөйүн өнүгүү жолун таппайт, канча карайлаган менен.

— Эгерде улуу депрессияга, өтө оор кыйынчылыктарга тушукпаса Батыш өлкөлөрү бүгүнкү гүлдөп өнүккөн деңгээлге жетпейт эле, Кубат аке, кандай дейсиз?

— Адам баласы кыйынчылык көрмөйүн сокур. Кыйынчылык тарткан адам гана гумандуулукту түшүнөт. Ошонүчүн не деген даанышмандар, улуу адамдар жеңил, оңой жашоодон качып, кыйынчылыкты карай беттеген, себеби алар ошол жолдон гана улуулукту издешкен. Мухамед пайгамбардын да жакшы сөзү бар: “Кедейчилик – менин байлыгым”. Көрчү… Эчким муну түшүнбөйт, бирок, жөнөкөй эле сөз. Эмне үчүн минтип айткан? Демек кедейчилик турмуштан коркпогон адам баардык кыйынчылыкты көтөрө билет. Азыркы адамдар муну таптакыр түшүнбөйт, себеби аларга материалдык дүйнө гана баарынан бийик. Кедейчиликти эчким азыр духовность деп түшүнбөйт, ишенип кой.

Адылбек Байтемиров: Мен да суроо берсем болобу, Кубат аке?

— Болбогондочу.

А.Б: — Азыр адамдардын баары эле шашат десеңиз… Иши бүткөнү деле шашат, бүтпөгөнү деле. Автобуска түшкөнү, дүкөнгө киргени, айтор, шашкалактаган эле адамдар. Деги ушул шашмалык эмнеден деп ойлойсуз, бул каякка алпарат?

— Менин карындашымдын эң улуу бир баласы бар, аны бир күнү мага жиберишиптир. Анан мен аны бир жакка жумшайын дегем, кыргыз баланы жумшаганды жакшы көрөт эмеспизби. Бала чоңдорго чуркаган телефон да. Балдар бизге мынабу силердин колуңардагы телефондон да тез, бир жакка жумшасаң…Тыз коёт тимелеби. Анан бечаралар сен чакырып кел деген адам үйүнөн чыкмайын кыйкырып тура беришет эшигинин алдында. Ушундай кыйкырышат, паландай аке-е дешип. Булар сонун телефон, жандуу… Ошол баланы бирөөнө жөнөттүм, бирок ал кыбыраап, жерди карап шылкыйы-ып баратат, артынан карасам. Анан минтип айттым, “эй, бала, сен алдагинтип баргыча күн батат, чуркабайсыңбы” деп. Ал мага кайрылып, “шайтан шашат” дейт, оозумду ачып эле калдым. Туура айтат. Көрдүңбү? Ал сөздү чоңдордун оозунан укса керек да. “Шашмалык шайтандын иши” деп кыргыз бекер айткан эмес, ал жакшылыкка алпарбайт. Бул бир. Экинчи нерсе, мен илгери кайсы бир эски китепти, өтө эски китепти окуп отуруп, ыйлап ийдим, эй. Ушундай ыйладым… Мындай дептир: “адам биринчиден – чарчагандан, экинчиден – түйшүктөн, көр оокаттын азабынан карайлайт”. Даа бирдеңке, даа бирдеңке дептир болчу, азыр эсте жок… Көрсө, биз азыр ошол карайлаган заманга жетип, ошол замандын так өзүндө жашап жатканыбызга ыйлапмын. Адылбек, мындай да эми: адамдардын шашкан себеби – оор түйшүккө түшкөнү, биринин артынан экинчи көйгөйгө көмүлүп калгандагысы. Бул ошо духовностту түшүнбөгөндөн.

О.Ш: — Кубат аке, азыр ооруган адамдардын саны абыдан көбөйдү. Шаарда квартал сайын дарыкана жайнайт, оорукана, бейтапкана дегендери андан көп. Адам баласына мынча дарт кайдан келди деп ойлойсуз? Ооруканага кезектешкендердин саны көбөйгөнүнө эмне себеп?

— Себеби эле адамзаттын жаратылыш менен мамилеси үзүлүп калганында. Жер өзү чо-оң бир храм. Адамдын денсоолугунун, акылынын ээси да табият. А биз табиятка жырткычтык мамиле кылганыбыз үчүн ушуга жеттик. Эгерде муну түшүнбөсө, адам баласын мындан жаман нерселер күтүп турат.

— Өзүңүз дарыканадан акыркы жолу качан дары алганыңыз эсиңиздеби?

— Мен таптакыр аптеканын босогосун аттаган киши эмесмин. Себеби, башкаларга окшоп алдыга келген тамактын баарын эле ашай бербейм. Дарттын көбүн кекиртегине алы жетпегендер өздөрү пайда кылып алат. Биздин энебиз — жер, бизди жер тойгузат. А биз энебизге ушунчалык жаман мамиле кылат экенбиз, түкүрүп…Булгап! Азыр биз билбеген оорулар эмнеге чыгып жатат? Тамакты ылгабай жегенден. Бок чокуган короозго окшоп, капкайдагынын баарын жей беришет, жей беришет, анан ооруйт да андай адам.

— Азыр улут саламаттыгы үчүн эмне кылуу зарыл? Себеби азыр энелер арасында оорулар көбөйдү, наристелердин өлүмү күчөдү, төрөөт саны мурдагы мезгилден кыйла кыскарды… Кыргыз эли этнос катары келечекте тукум улап кеталабы, себеби саныбыз өтө аз элбиз деп добулбас каккандар көбөйдү, улутту кантип сактап калабыз дешип… 

— (Кубат аке бул суроого жер чукуп көпкө ойлонду). Элди сактап калуудан мурда арким өзүн кантип сактап калууну ойлонсо эле, улут өзүн сактап калат дейм. Жанагы улутту сактап калчууларың өздөрүн адам катары сактап калсынчы биринчи, улут жоголбойт. Элди азыр эчким оңой албайт, эй. Ишенесиңби? Атамбаев, сатамбаев, матанбавиң болобу… Ал эмес мага окшоп галдирбай болгондун далайы чыккан, элди оңойм деп. Элди эч качан экономика, мекономика да оңдой албайт. Арбир адамдын колуна аттын башындай алтын берип да элди оңдой албайсың, анда огош бетер көтүнө кетет. Ар бир дубанда кен казылаар Кумтөрдөй бирден өндүрүштүк ишкана болсо да эл оңолуп кетпейт, кайра ач көздүгү күчөнөт. Элди ким оңойт? Өзүн өзү оңойт.

— А Платон эмне үчүн айткан анда “Элди философдор башкарыш керек” деп, эл анда да оңолбойбу?   

— Коё тур эй, аныңды. Алар айта берет да. Эл өзүнүн абалын түшүнгөндөн кийин гана бир балээ болушу мүмкүн, ага чейин бир жыйынтыкка келбейт. Эл “добровольный бедностко” келгенден кийин гана өзүн өзү коргоп жашайт, ага чейин тарпты айланган кузгундай болуп азыркы абалында жүрө берет самсаалап. Качан гана жакырчылыкка жетип, духовность эмне экенин түшүнгөндө, ошондо барып сен айткан философду президент кылып алышат. Мына, улут ошондо сакталат. Ошондо барып улут өзүнүн үрп-адат жолуна, адабият, маданият жолуна түшөт. Анткени, эл деген кудай деген эле сөз. Эл – ыйык, эл – мазар, эл улуу болот, элден өткөн даанышман болбойт. Ошондо барып табиятка жасаган мамиле оңолот. А азыркы тарп талаштырган турмуш элди бир күнү эле эсине келтирип коёт, саясатчы-маясатчыларсыз эле. Ал эми сага окшогон, мага окшогон Актанга (Арым Кубат), Садык (Шер-Нияз) досуңа окшогондордун милдети – искусство, адабиятты жаратыш. Себеби, улутту улут катары таанытаар, улуттун улуулугун сактачуулар ушул сыяктуу кембагалдар. Ушул жерден чыныгы искусствонун күчүн Феллининин “Ночи Кабири” аттуу фильминен түшүнсө болот. Фильм өз денесин сатып оокат кылган аял жөнүндө. Ал аял элден чыгып калган бечара. Түнкү кумардан тапкан акчасын чогултуп жүрүп, бир киши менен таанышып калат. Анысы “мен сени сүйүп калдым” деп койсо ишенип калат. Акыры ал эркеги Кабиринин тапкан-терген акчасынын баарын уурдап, качып кетет. Ошонтип фильмдин аягында Римдин көчөлөрүндө чогулган элдин арасында Кабира баратат десең,  турмуштун соккусу анын ушунчалык жанына батып турса да, күлүп баратат, бирок көзүндө жаш. Ооба, жаш куюлуп тургандай… Күлгөндө да камерадагы көрүүчүлөрдүн арбирине күлүп бараткандай… Мына, карачы, чыныгы искусство кандай жаралат. Ал жөпжөнөкөй эле, бирок, улуу. Фильм ошону менен бүтөт. Щы-щы-щы-щы… вот настоящий искусство. Биздин милдет – элге рухий колдоо берип, рухий тирөөч болуу. Биз Кабирадай каармандардын образы аркылуу эл өзүн өзү түшүнөр искусствону жаратышыбыз керек. Эл ошондо барып эл болуп сакталат, искусствону түшүнгөндө…Өзүн өзү колго алат. Элди арак ичип, самсаалап эле жөн жүрөт деп ойлобо. Эл ошентип самсаалап жүрүп оңолот. Мен буга терең ишенем. Акыры тээ илгерки салт келет, орду ордуна. Ошондо азыркы кабат-кабат кансарайдай үй куруп аткандар мынабул кадимки бозүйдүн чыныгы храм экенин баалайт. Бозүйдө жайы да, кышы да жашай бересиң, өлүп калбай, болбосо кыргыз ушул күнгө чейин кантип келмек. Бозүй ушундай сонун храм да, эй. Жанагы 5 этаж, 10 этаж үйлөрүң ушу бозүйдөн айланып кетсин.

— Мунуңузду уккан прогрессчил көзкараштагы адамдар Кубат аке кыргызды таза эле артка тармай болуптур дебес бекен?

— Десе дей беришсин, билген богун жей беришсин.

(Уландысы бар)

mesh

Кубат акенин турмушунан бир шиңгил

Жазуучунун бөлмөлөрүн кыдырып жүрүп, береги орустун таш меши көрүнгөн бөлмө аркылуу сыртка чыкчу экинчи эшик бар экен. Ошол эшик аркылуу тоо тарапка чыгып баратсак, үйдүн жогору жагында Кубат акенин бозүйү көрүндү. Меймандарын ошол бозүйгө ээрчитип бараткан Кубат акебиз бир убакта ойдолоктоп, шаштысы кеткендей үн катты: “Балдар, силерди бул жакка бекер ээрчитипмин, тигил жагынан айланып келсек болмок экен. Кысыталак… бу жерде жаңы келген келиним бар эмес беле… А мен анын кайнатасындаймын. Экөөбүз бирибизден-бирибиз качабыз ушинтип” деп калды күтүүсүздөн. “Кубат акенин үйүндө кайдагы келин” дедим өзүмчө. Көрсө ошол биз чыга берер жерге чымчык уя салып, чын эле Кубат акени көргөн чымчык да кудум эле кайнатасынын алдынан карпа-күрп чыга калгансып “пырпырап” качса, Кубат акебиз да андан бешбетер “келининен” качат экен…

ЭКМЕТ

Эл – мээкайык, өтүп канча закымдар,
ага калак болчу жалгыз акылман.

Калагы жок кайыкты ким башкарат?
Калктан чыккан баштар жалаң ашкабак.

Төрөлөр көр, ыйлап жатса мискиндер,
а кудайда күч жок муну тизгиндээр.

Жаш кезинен бирге өскөн досу Сатар Айтиев менен
Жаш кезинен бирге өскөн досу Сатар Айтиев менен
Философ Эмил Шүкүров менен
Философ Эмил Шүкүров менен
Кубат аке (Венеция)
Кубат аке (Венеция)

Кубат акенин турмушунан бир шиңгил

Алайдан мен, Адылбек, Данияр үчөөбүздүн бир таңгалганыбыз, Кубат аке дайыма жылаңайлак жүргөндөгүсү болду. Иисус Христос, Сократ да өз убагында дайыма жылаңайлак жүргөндөгүсүн айткан чор таман жазуучубуз, адам баласына жылаңайлак жүрүү эң пайдалуу экенин айтат. Анан калса таңкы шүүдүрүмдө да жылаңайлак басып, кышкысын бут кийимсиз кар малтап жылаңайлак көп жүрөрүн кобурап отурду. Береги сүрөттөгү жалама таштын боорунан жылаңайлак түшүп, кайра жылаңайлак чыккан Кубат акени туурайбыз деп биз да жылаңайлак артынан жөнөп, бирок мыйтылыңдап, тайгаланып, жер таянып сүрүлүп, Кубат акенин жалама аскасынан ылдыйга да, жогоруга да баса албадык. А киши болсо устундай боюн кайкайтып түзөп түшүп, бизге караандатаар эмес… Бул жалама таш менен ал күнүгө үйүнөн жогору жагындагы бозүйгө каттайт экен, кайра түшүп келет…

tashjol

Олжобай ШАКИР, Алай, Кердегей айылы,
«Жаңы Агым», 09-16.07.2014-ж.
http://inter.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий