Токтогулдун «Алымкан» ырынын өз обону

 toktogul

Кыргыз элинин музыкалуу-поэтикалык көркөм өнөр маданиятында Токтогулдун “Алымкан” ыры Бектемир Эгинчиевдин обону менен кеңири тарап угуучунун сезими менен оюна аябай сиңип алгандай баалуулукта. Бул талашсыз. Бирок, Токтогулдун бүгүнкү күндөгү бийик даражалуу салтанаты өтүп жатканда автордук обону менен ырдалбай жатканы улуу Токтогулга жасап жаткан мамиленин жетишсиздигинин бири. Токтогулдун “Алымкан” ырын автордук аткаруусунда Коргол шакирти бир кездерде, өзгөчө, Токтогулдун “көзү өткөн” соң, устатын кадырлап сыйлоо, эскерүү иретинде эл арасына кеп сала ырдап жүрүп, кийин ал обонго “Ак бакай” деген өз акындык тексттин чыгарып алып, ал ыры тамашалуусунан элдин кызыгуусуна улам артып отуруп “Ак Бакай” күүсүнө чейин айланып кеткени Токтогулдун “Алымкан” ырынын нукура музыкалуу-поэтикалык чыгарма экенинен алыстатып өтө өкүнүчтүү окуяга айланды. Музыка таануу адистери мындай маселеге дегеле кызыкпагандай сезилет. Же алардын алдына биздин коюп жаткан күнөөбүз туура эместир? Өзүбүздүн ишенимде Корголдун аткаруусундагы “Алымкан” кереметтүү обон. Бул обон Токтогулдун өзүнө гана таандык чыгармачылык өзгөчөлүгүндөгү күү менен обондун биримдигинде оболойт. Ырдын күү менен коштолоорун нотага түшүрүлгөн түрү көрсөтүп турат. Ошондуктан, бул жолу, чыгарманын нотасын сиздерге тартууладык. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо кунт коюп окуп чыгыңыз, кымбаттуу окурман. Биз мурда “Алымкан” тууралуу жарыялаган макалабызда чыгарманын эволюциясы тууралуу жана анын себептери жөнүндө чечмелеп билдиргенбиз. Байкасаңыздар, чындыгында, Токтогулдун Алымканга арзуу ырларынын куплеттери да арбын, окуу китебиндеги эле эмес, улуу ырчы Мыскал ырдаганындай эле чектелүү эмес.

Баса, Токтогулдун өз обону “Токтогул” деген операда да пайдаланылып, убагында угуучу-көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, улуу инсандын образын ачык чагылдырган. Эми операнын коюлбай калганы да кейиш жаратат. Токтогулдун бул ыры Абдылас Малдыбаевдин аткаруусу боюнча 1980-инчи жылдардагы Жаңылануу дооруна чейин патефон аркалуу да үймө-үй угулуп турса, радио эфиринен кезек-кезек берилип туруучу. Анда да улуу Токтогул элге өз образы менен жакын болуучу. Ырас, ырдын бул түрүн композитор А.Аманбаев фортепианонун коштоосуна ылайыктап иштеп чыккан. Мында поэтикалык текстти окуу китебине чыккандар эмес, башкасы, Токтогулдун Алымканга арзуусунун дагы бир жалындаган түрү. Бул чыгарманын аты: “Засмейся хоть раз” (“Жаш кыял”) – деп турат. Орус тилге котормочу А. Аронов: “Музыка и слова Токтогула Сатылганова”-дептир. Кызыккандар патефон табагынан (№10753) жана Абдылас Малдыбаев түзгөн “Песни Токтогула Сатылганова” деген жыйнактан ( Советский композитор, Москва, 1963. стр. 34-36.) карап көрсө болот.

Токтогулдун Алымканга арнаган ырларынын тексттери да илим тарабынан текстологиялык иликтөөгө алынышы керек экенин алиге чейин ар кайсы жерде жолуккан материалдар өз суроосун коёт.

Кымбаттуу окурман! Сиздерге сунуш этилип жаткан нотадагы “Алымкан” кадимки сезимге түнөп калган “Ак Бакай” күүсү деп жүргөндүн таанымал кайрыктары. Аны музыкалык аспапка салып окусаңыз даана эле угулат. Ал эми обону дал ошол күүнүн кыялданган кайрыктары.

Демек, “Ак Бакай” деген күүнү жокко чыгарып, анын музыкалык угулушунун негизин кадимки Токтогулдун “Жаш кыял” деген күүсү менен коштолгон “Алымкан” ырынын обону деп билүүбүз керек. Ушундай десек Токтогулдун чыгармачылык өнөрүндөгү айтылуу “Чоң кербез” ырынын аткарылыш жанрдык өзгөчөлүгүнө салыштыра туура түшүнө алабыз.

Дагы бир көңүлгө ала турган нерсе – Болуш Мадазимов “Корголдун “Ак Бакайы”” деп атап радио фондуна өткөзүп салышы да туура эмес, анткени улуу талант Коргол өз алдынча “Ак Бакай” деп күү чертпеген, ырдаган. Андыктан маданиятыбызда ойнолуп жаткан күүнү Токтогулдун Алымканга арнаган “Жаш кыял” күүсү деп, ал эми “Ак Бакай” деп ырдалып жатса Токтогулдун “Алымкан” ырынын обону менен жаралган Корголдун ыры деп кабыл алуубуз керек.

«Дем» сайты

Соц тармактар:

Добавить комментарий