«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү

akbolot

Советтик учурда адабиятчыларда кайсыл элдин жана жазуучунун роман жанрындагы чыгармалары көп болсо, ошолор баарынан кыйын, ошолор баарынан бай деп эсептелчү да, адабий баймана роман жанры менен таразалануучу. Кыргыз калемгерлери да адегенде аңгеме жазып, анан повесть жазууга өтүп, белгилүү бир жазуучулук чеберчиликке жана басма тармагына сөзү өтүмдүү чекке жеткенден кийин гана романга «кол салчу». Роман жазган авторлор башкаларга караганда өйдө саналчу жана өздөрүн да адабият дүйнөсүнүн төрүнө келгендей сезишчү. Ошентип өткөн кылымда роман – жетилүүнүн жана мактанычтын чен-өлчөмү, символу катары кабыл алынып калган.

Ал эми бул адабий жанрдын кыргыздар тарабынан өздөштүрүлүүсү да, өркүндөп-өсүшү да XX кылым менен тыгыз байланышат. Алгачкы романдар 30-жылдарда пайда болуп, автобиографиялык жана биографиялык мазмунда турмуш көрүнүштөрүн, баштан өткөндөрдү баяндоо формасына көбүрөөк ык койсо («Узак жол», «Кең-Суу», «Каныбек»), бара-бара 60-жылдарда романдар татаалдашып, анын психологизми («Майдан») алдыңкы планга чыгып, 70–80-жылдарда жанрда тарыхый турмушту жана каармандарды ар тараптуу көрсөтүүгө басым жасалып («Сынган кылыч», «Келкел»), кылым соңуна барып акыры масштабдуу философиялык ой айтууга чейин көтөрүлүп жетти («Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Тоолор кулаганда»). Албетте, дүңүнөн айтылган бул пикирлердин ичинде жанрды өздөштүрүүнүн татаал жана оош-кыйыш жолу, далай авторлордун тагдыры жатат. Деген менен роман турмушту ар тараптуу чагылдырып, адам мүнөздөрүн терең ачуу жагынан өзүнчө артыкчылыктарга ээ. Өткөн кылымда кыргыз романынын дарканы Түгөлбай Сыдыкбеков жашады жана анын элибиздин байыркы замандагы тиричилигин чагылдырган «Көк асаба» романынан тартып, балдар адабиятыбыздагы ушул күнгө чейинки жападан жалгыз роман «Тоо балдары», XX кылымдын кыйчалыш учурларындагы эл турмушун масштабдуу сүрөттөгөн «Кең-Суу», «Биздин замандын кишилери», «Темир», «Тоо арасында», «Жол», «Белбелес» ж.б. романдары улуттук маданиятыбыздын баалуу мурастарына айланды. Роман жанрында Т.Сыдыкбековдон тышкары М.Элебаев, К.Жантөшев, К.Баялинов, М.Абдукаримов, У.Абдукаимов, Н.Байтемиров, А.Айтбаева, Т.Касымбеков, С.Өмүрбаев, Ш.Садыбакасов, К.Осмоналиев, Ш.Бейшеналиев, К.Каимов, Ш.Абдыраманов, Ө.Даникеев, К.Акматов, Э.Турсунов, М.Мураталиев, А.Жакыпбеков, М.Борбугулов, К.Жусубалиев, Ш.Эсенгулов, С.Станалиев, М.Мекенбаев, К.Өгөбаев, Э.Отунчиев, М.Үсөн, А.Койчиев ж.б. авторлордун чоң тобу иштеди жана кыргыз адабиятынын роман текчесин ар кимиси өз табылгалары менен байытты. Дүйнөлүк адабиятты таң калтыра турган нерсе – кыргыздарда ыр менен роман жазуу салты өнүктү (А.Токомбаев, А.Токтомушев, С.Жусуев, О.Султанов, Э.Эрматов).

XXI кылымга келгенде роман жанры басаңдап, ага болгон окурмандык кызыгуу да анча болбой, жазуучулар да көлөмдүү чыгармаларды жазуудан жалтанып калгандай, романдын доору бүткөндөй элес калтырды.

Ошентип, кыргыз романынын бийиктигин келечектен эмес, өткөндөн көрүп турган убакта Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» романынын жаралышы, мисалы, мага, өзүнчө кубаныч тартуулады. Жогорудагы романдардын дээрлик көпчүлүгү салттуу кыргыз романы, б.а. алардын жанрдык-стилдик башкы белгиси – эпикалуулугу, окуянын өзөгүнө бир же бир нече каарманды коюп алып, алардын жашоо-турмушун, башкалар менен мамилесин жайма-жай сүрөттөп берүү. Мына ушул салттуулук соңку учурда К.Акматовдун «Архат», С.Раевдин «Жанжаза» романдарында гана бузулуп, алар модернисттик, инновациялык кыргыз романын жаратып ийгендерин эске албаганда, биздин роман негизинен өзүнүн советтик учурдагы салтын сактап жана улантып келет.

А.Рыскуловдун чыгармачылыгынын башталышынан тартып эле анын окурманы гана эмес, сынчысы да болуп келем, бул багытта макалаларым да (Бир жыйнактан улам… Акын А.Рыскуловдун жаңы китеби тууралуу – поэзия изденүү жана мазмун “Кыргызстан маданияты”. – 1979. – №47. – 22-ноя. – 10-б.) жарыяланган. Ырасында ал –- акын А.Рыскулов болчу. Бул жолу прозачы, болгондо да кара сөздүн паашасы-романчы А.Рыскулов менен жаңы майданда, жаңы форматта кездешип отурабыз. Акын А.Рыскулов бир катар поэмаларды («Дүйнөлүк жүк», «Кийиз коңгуроо») эпикалык формада жазганы менен табиятынан лирик болчу, анын эпикалык поэмалары канчалык эпикалык дегенибиз менен лирикалык текке жакындап, эң эле жок дегенде лиро-эпикалык поэманын кебин кийип турчу. Анан эле минтип үч бөлүктөн (үчилтик) турган таза эпикалык роман жазып таштап атпайбы.

Бир жолу постсоветтик адабият тууралуу конференция­да жазуучу Виктор Астафьев айтты эле: «Азыркы адабият, улуу орус адабиятынын традицияларына негизденүү менен жаңыдан башталып жатат. Ага, жаамы журтка берилген эркиндиктей эле эркиндик берилди». Бул эмне традиция да, эмне эркиндик? Мына ушул В.Астафьев айткан ой А.Рыскуловдун «Атакенин Акболот» романында толук чагылдырылган. Биринчиси, Борбор Азия, андан чыгып, жалпы советтик прозанын таасир-таалими, биринчи кезекте, М.Ауэзовдун «Абай жолу», Б.Кербабаевдин, Ж.Иркаминин, С.Мукановдун, анан биздин «Сынган кылычтын» (Т.Касымбеков), «Көчмөндөр кагылышынын» (К.Осмоналиев) сабактары. Экинчиси, ошол эле «Сынган кылычта», «Келкелде» Т.Касымбеков, «Көчмөндөр кагылышында» К.Осмоналиев, «Турмуш тузагында» Ш.Үмөталиев, «Кызыл жалында» Э.Медербеков айткысы, жазгысы келсе да, партиялык токтомдордон коркуп айта албай, жаза албай койгон нерселерди А.Рыскулов каалагандай айтууга, каалагандай жазууга мүмкүнчүлүк да түзүлдү, кыйла материалдар колго да тийди. Ал замандарга салыштырмалуу архивдерге кирүүгө да оңой болуп калды. Эгер Т.Сыдыкбеков 30-жылдарда тарыхый темада Токтогул тууралуу роман жаза баштап, эки аңгемесин жазып, жарыялап, анан согушка шылтап, токтотуп койсо, ошондой кадыр-баркы (Сталиндик сыйлык, академик) менен «Көк асабасын» чыгара албай көп жыл азап тартса, А.Токомбаев «Токтогул» романын аябай арышты кенен таштап 250 бет жазып келип, анан таштап салса, Т.Касымбеков тарыхый темада роман жазып, анысы партиялык бюродо сындалып, акыры каткан нан жеп, айы­лына «сүргүнгө» айдалса, К.Осмоналиев биз угуп-билген эле тарыхый адамдардын аттарын башкача атап жазса, К.Маликовдун «Балбай» поэмасы колдонулуудан алынып салынса, Ш.Үмөталиев, Э.Медербеков тарыхый темада жаза коёбуз деп сындарга кабылса, а түгүл ааламдык даңкы бар Ч.Айтматов да байыркы Оркон-Эне-Сай доору тууралуу «Кайрылып куштар келгенче…» деген роман жазып жатамын деп, анысын бүтүрбөй калса, Чоң-Чүй каналынын курулушу тууралуу чыгармасы бар экенин өмүрү өткөнчө оозун ачып айтпай келсе… Анан кантип советтик учурда тарыхый тема иштелди деп айтууга ооз барсын… Анан ушундай коомдо, ушундай мамиледе ким эле тарыхый темада чыгарма жазамын деп киришип, ким эле андай темага аралашып кетсин. Көп, абдан көп чыгармалар тарыхый темада болуш керек болсо да, авторлор аларды корккондон улам тарыхый чыгарма деп аташкан эмес. А түгүл кыргыз адабиятындагы ушуга чейин тарыхый теманын бийик үлгүлөрү, эталону деп келе жаткан «Сынган кылыч» менен «Келкелде» да тарыхый окуялардагы, каармандардагы чаташуулар, тарыхты жаап-жашыруулар четинен чыгат. Андыктан биз тарыхый теманы өздөштүрүүгө эми чындап келдик эле… Аттиңай, анан ошол кезде китеп басып чыгаруу тармагынын «өлүп отурушу», жазуучулардын окурмансыз калышы эмне деген өксүгүбүз, эмне деген арманыбыз болуп калды…

2010-жылы Орусиянын «Букер» сыйлыгын 1960-жылы туулган Елена Колядина деген автор «Цветочный крест» деген романы үчүн алды. Анан ойлойсуң, орустарда айтылбаган, жазылбаган нерсе калбаса керек деп. Көрсө бар экен: жаза албай жүргөн нерсе бар экен: Роман-катавасиянын өзөгүн 1672-жылы Тотьеми деген жерде Феодосья деген кыз сыйкырчылыктан (колдовство) айыпталып, чиркөө кызматкерлеринин саткынчылыгынан тирүүлөй өрттөлүп кетет экен, ошол окуя архивде калыптыр, ошону жазып чыгыптыр жазуучу. А бизде болсо тарыхый тема баш-аягы жок чубалып жатат, четинен ал да, жаза бер! Бирок, албетте, кокту-колоттун жылкы тийгичтерин улуттук баатыр кылып салбай!

Адегенде эле айта турган маалымат – «Атакенин Акболот» романы үч китептен турат, алар «Алмагайып», «Атакенин Акболот», «Элчилер» деп аталат. Негизги окуя кыргыз элинин, ал гана эмес Борбор Азиянын XVIII кылымдагы тарыхы, ошол тарых Тынай бий уулу Атакенин айланасына топтолот. Биз 1916-жылдагы Чүйдүн жарымынын, Ысык-Көлдүн дээрлик бүт элинин Чыгышка – Кытайга качкан окуясын – Үркүндү улуу трагедия, кыргыздын кырылышы деп атап келсек, XVIII кылымдагы аркалык кыргыздардын Батышка, Түштүккө – Анжианга, Ысар, Көлөпкө, азыркы Тоолуу Бадахшанга, Памирге качып кетиши трагедиялуулугунун масштабы жагынан да, качуу мөөнөтүнүн узактыгы жагынан да 16-жылдагы Үркүндөн алда канча кайгылуу да, алда канча азаптуу да болгон. Бул тарыхый доор жунгар-ойрот согушунун учуру деп аталат. Эгер элибиз XVII кылымдын башында кыргыз-казак ханы Эр Эшимдин доорунда Манап бий, Жарбаң баа­тыр, Чаа, Көкүм бий ж.б. эр азаматтардын эрдиги менен тышкы баскынчыларга каршы тура алса, кийин дайым эле андай каршы тура алган эмес. 1643-жылы Эрдени Батур коңтайшынын 50 миң колун казак султаны Жаңгир менен Самарканд акими Жалаңтөш баатыр биригип кол топтоп, кыйла сүрүп чыгат. Болбой эле алар кете койбой атканда 1658-жылы 38 миң кол менен өзбек ханы Абдышүкүр Талас­тын Кулан-Жыланында ойроттор менен катуу согушат. Бул да ийгиликсиз болот. Бийликке 1670-жылы Коңтайшы Галдан Бошок келет да, ал азыркы Борбор Азияны басып алат. Ошол Жуңгар хандыгынан башында Цеван Рабдан (1697-1727-жылдарда) жана Галдан Церен (1727-1745-жылдарда) турган жарым кылымдай мезгилде кыргыз-казак өтө оор күндөрдү башынан өткөрөт. Өзгөчө алар 1727-жылдагы 60 миң колу менен келгенде «Казак кайың саап, кыргыз Ысар, Көлөпкө кире» качат. Баягы азыркы Шыңжандын Лобнор көлүн жердеген Жаңыл Мырзанын нойгуттарынын адам буту басып бара албас Баткендин Зардалысына кирип кетиши да ошондо болгон. Бирок кыргыздарда «партизандык согуш» боло берген. 1747-жылы Акмат бий он миң колу менен Кашкарды ээлеген калмактарды талкаласа, 1748-1749-жылдарда Зайсан Доржи, Лама Доржи жетектеген 27 миң жуңгар колун кашкарлык кыргыздар жеңип алган, бирок согуш токтогон эмес, жуңгарлар толук бийлигин жүргүзө берген. Түрк тилдүү калктар аларды мусулман эместер, б.а. «калмактар» десе, кытайлар «элюттар», өздөрү өздөрүн «ойроттор» дешкен жана жалпы Жуңгар хандыгына бириккен.

Мына ушул тарыхый окуялар кыргыз санжыраларында (Сайф ад-Дин Аксикенди «Мажму ат- Таварих», Тоголок Молдо, Талип Молдо, А.Тыныбеков, Бала Айылчы, Б.Солтоноев, О.Сыдыков, Үсөйүн ажы, С.Аттокуров, С.Закиров, Т.Султанов ж.б.) бир кыйла айтылат. Ал мезгил тууралуу орус жана кыргыз тарыхчылары да жазган (Н.Бичурин, В.Бартольд, П.Рычков, А.Позднеев, Т.Бейшеналиев, Ө.Осмонов). Бирок булардын баары адабий чыгарма аркылуу А.Стамовдун «Жайыл баатырынан» кийин кеңири чагылдырылган эмес болчу.

Автор катары А.Рыскуловдун жыйырма жылдай материал издеши, элчилик кызматта жүрүп, казак тарыхы, санжыралары менен таанышуусу, биринчи кыргыз элчилеринин изи менен Омск, Санкт-Петербург шаарларына экспедицияга барышы – романга көптөгөн маалыматтарды берген. Бирок алар маалыматтар гана, ал образга жетүү үчүн тарыхый тема тарыхчынын гана эмес, жазуучунун интерпретациясына түшүү керек. Бул жагынан автор тарыхый романчылардын традициясына таянат. 1972-жылы ноябр­да А.Н.Яковлевдин «Литературная газетага» «Против антиисторизма» деген макаласы чыгат эмеспи, анан ал КПСС БКнын пропаганда бөлүмүндө иштесе, улутчулдукка каршы, «эскини эңсөөчүлөргө» каршы макала жазып жатса деп эле Кыргызстандын басылмалары да кыргызча которуп, жарыя­лап, «ошол макаладан келип чыккан милдеттер» деп эле жатып калышат. Ошондо бир «эскини эңсебей», «тарыхый адамдарды жазбай калдык». Кудай жалгап, Москванын өзүндө жанагы макала чоң сөзгө алынып, М.Шолохов баш болуп, ал макаланын идеяларына каршы чыгып, анан бир аз тарыхый темага жол ачылып кетпедиби. Ошол сыяктуу эски советтик идеология менен карап көргөндө «Атакенин Акболот» романында «феодалдык доор», «эски эзүүчү тап» көрсөтүлөт. Андай кылбаса, тарыхый чыгарма болбойт, тарыхты жайыттагы койчу, же жылкычы эмес, бул же тигил уруунун, уруктун башчылары, баатырлар түзөт. Андыктан да тарыхый чыгарманын тулку бою ошондой каармандардын айланасына топтолот.

Романдын башталышында чү деген жерден эле ордо оюну сүрөттөлөт. Автор ал оюндун майда-чүйдөсүнө чейин жакшы билет жана таасирдүү айта алат. Ордо – бул символ, кыргыздын оюну гана эмес, саясат талаасы, XVIII кылымда болуп келген жана азыр да уланып жаткан оюн, ал оюнда кыраакылар, амалдуулар жеңишке жетет. Романда сүрөттөлгөндөй азыр да «келме кезекти күтүп» балдар ордо ойношууда. «Ошол ордо бузмак, кан чертмектин айынан ушул балдардын түп бабалары Адигине, Тагай араздашып, араларына зак кетип, бири Анжиан-Намангенди, бири Ат-Башы-Нарынды жердеп, айрылышып калганы тарыхтан маалым».

(Уландысы бар)

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз туусу», 22.07.2014-ж.

Соц тармактар:

«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү: 1 комментарий

Добавить комментарий