Балдар адабиятынын абалы мышык ыйлагыдай…

baldar_adabiyaty

Балдар адабияты деген түшүнүк термин катары кыргыз тилине совет бийлигинин жылдарында гана пайда болгону менен кыргыз эли тээ атам замандан бери эле жаш балдардын ой жүгүртүүсүн жакшыртып, логикасын өстүрүү үчүн табышмактарды, тилин жатык кылып, так сүйлөшү үчүн жаңылмачтарды, дүйнөгө болгон көз карашын, түшүнүгүн кеңейтүү, калыптандыруу максатында жөө жомокторду айтып келген. Бүгүнкү күндө балдарды компьютер, телефон оюндарына азгырылып, китеп окубайт деп күнөөлөп келебиз. Бирок, алар окуй турган китептер барбы, китеп окуу маданиятын калыптандырууга жасалган аракеттер жүргүзүлүп келеби деген суроого дайым эле жооп издей бербейбиз.

2012-жылы балдарга арналган 62 гана китеп чыккан

Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыковага ушул жылы канча китеп каттоодон өтүп, жарык көрдү жана анын канчасы балдарга арналган китептер деп  кайрылганыбызда, 2012-жылы 1080 китеп жарык көрүп, 198и көркөм адабияттан туруп, ошолордун ичинен эң өкүнүчтүүсү 62 гана китеп жаш балдарга арналган.

Баса белгилей кетчү нерсе, анын 38и гана кыргыз тилинде болуп, калганы башка орус, өзбек, англис жана башка тилдерде чыккан. Ал эми ушул 2014-жылдагы статистика келе жаткан жылдын 23-апрель эл аралык китеп күнүнө карата чыгарыларын айтты. Балдар адабиятынын ушундай кейиштүү абалын көрүп туруп, балдар китеп окубайт деп айтуунун өзү туура эмес чыгар. Ош облустук китепкананын башчысы Эльмира Доолотова да “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде балдардын көбү фантастика жанрындагы китептерди көп сурарын, тилекке каршы кыргыз тилиндеги балдар адабияты жокко эсе экенин белгилептир.

Өлкөнүн келечеги болгон балдарга арналып чыккан китептердин саны жалпы жарык көргөн окуулуктардын 10 пайызын да түзбөйт тура, кандай гана жан кейитерлик көрүнүш. Коомдун эртеңкиге болгон ишеничи, жаш курактагыларга кошкон салымы ушунчалыкпы?

Балдар окуй турган 100 китептин тизмеси

2013-жылы февраль-март айларында “Диалог Евразия” коомдук фонду тарабынан “Китеп – билим булагы” аттуу тегерек стол өткөрүлүп, ага катышуучулар тарабынан Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн сабактан тышкары окуй турган эне тилиндеги 100 китептин тизмесин түзүү сунушу түшкөн. Бул тууралуу www.kloop.kg сайты маалымдаган.

“Азаттык” үналгысынын журналисти Уланбек Эгизбаев: “Диалог Евразия” фонду түзгөн тизмеде менин да салымым бар. Аталган китептерди талкуулап, тандоого мен да жигердүү катышкам. Бул демилге колдоого аларлык. Анткени дүйнөлүк практикада жасалып эле келаткан иш. Маселен, Орусияда, Түркияда бул китептер мамлекет тарабынан эчак эле түзүлгөн. Кыргыздарда тигил жок, бул жок деген шылтоо көп да. Анан балдарга китеп жок болсо, кайсыны сатып бермек элем деген ата-энелерге аталган 100 китеп жол көрсөтөт”, – деген. Болгону ошол тизмени ата-энелердин баарына жеткиликтүү кылып, ошол жүздүккө кирген китептердин нускасын көбөйтүп, жеткиликтүү баада сатыш керек.

Балдарга арнап жазган калемгерлерди колдоо жок

Кыргыз Өкмөтү балдар адабияты боюнча сыйлык тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Сыйлыкка Сулайман Рысбаевдин “Айбийке сулуу” китеби, Каныбек Жунушевдин “Жашынмак”, “Бака, бака балчак”, “Бир орундуу самолёт”, “Бал курсак” китептери жана Жакыпбек Абдылдаевдин “Бал челек” жыйнагы татыктуу болгон. Ал эми эң мыкты котормолор сыйлыгына Салижан Жигитов которгон А.С.Пушкиндин “Алтын балык жөнүндө жомогу” жана Абдыкерим Муратов которгон “Чоң энемдин алтын сандыгы” аттуу түрк элдердин жомоктору болду.

Азыркы тапта Кыргызстандагы балдар адабиятынын жалпы абалы мышык ыйлагыдай. Дегеним дээрлик көңүл бурулбай калды. Жаш өспүрүмдөргө арналган китептер чыкса да аз санда. Анан эң негизгиси тил маселесинде. Шаарда басылган китептер өңчөй орус тилинде жана шаардык балдарга гана багытталган. Ал эми элеттеги балдар түстүү сүрөттөр менен берилген жомок китептерди көрө элек десек жаңылышпайбыз. Бул баланын калыптануу­сундагы эң чоң кемчилик. Анткени жомок –өзүнчө бир дүйнө. Элеттик кыргыз тилдүү балдар ошол дүйнөнүн сыртында эле калып жатат. Албетте, бул жаатта иш алып барган адамдар да жок эмес. Маселен мурдагы президент Роза Отунбаева өзүнүн фонду аркылуу балдар адабиятына салым кошуп жатат. «Бөбөк ыры» деген сынак өткөрдү. Балдар ырларын жазган акын-жазуучуларга демөөрчү болуп жатат.

Өлкө боюнча китеп сатуу иши жолго коюлбай келет

2010-жылдан баштап кыргызча китептерди, биринчи кезекте балдарга арналган китептерди таратууда байланыш түйүндөрү жигердүү роль ойной баштаган. Мисалы, “Кыргыз почтасы” китептерди өлкөнүн бардык почта түйүндөрүндө сатуу кызматын өз мойнуна алган. Бул ошо кездеги президент Роза Отунбаеванын макулдугу менен президенттик пландын алкагында китеп соодасын жөнгө салуу боюнча уюштурулган болчу.

Анткени облус, район борборлорунда, айылдарда китеп сатып алууга такыр мүмкүн эмес эле. Почта тармагы бул маселени чечүүдө жакшы жардам берип жаткан, 2 жыл ичинде белгилүү суммага ата мекендик китептер сатылган. Тилекке каршы, www.literatura.kg сайтында 2013-жылдан баштап “Кыргыз почтасы” бир тараптуу бул долбоордон баш тартууну чечкендиги кабарланды. Андай болсо абал дагы баягы таз кейпине түшөт экен да.

Жалгыз дарак токой болбойт

Жүздөн ашык аңгеме, ыр жазып, балдарга арналган 27 китептин автору, “Керемет көч”, “Жомок дүйнөсүнө саякат” теле берүүлөрүнүн жаралышына салымы бар болгон билингвист Бек Жылдыз учурда жазуучулар союзунда архивге үңүлүп, балдар адабияты бөлүмүн жандандырууда. Бирок “Жалгыз дарак токой болбойт” демекчи, балдар адабиятынын өнүгүүсү үчүн жалгыз адамдын жан үрөп иштөөсү менен чоң, канааттандырарлык ийгиликке жетише албай калуубуз айкын.

Айзирек УРМАТБЕКОВА, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти,
«Кыргыз туусу», 22.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий