Поэзия айдыңында…

m_makataev

Казактын көйкашка акыны Мукагали Макатаевди кимдер гана билбейт. Айрыкча казак поэзиясында жаркырап турган чолпон жылдыздардын бири.

«Кара саз кара чалгын шиберде өстүм,
Ыр жазсам тууган элим тилектешсиң.
Өлсө өлөөр Мукагали Мукатаев,
Өлөңдү өлтүрө албас өмүрдү эч ким» – деген саптары анын кандай акын болгонун өзү эле далилдеп турат. 41 жашында жүрөк оорунун азабынан догдурда каза болуп баратып:
«Не пайда, гүрсүнгөндөн, өкүнгөндөн?
Не пайда, бекер кубат кетиргенден?
Ушундай эмканада көз жумганча,
Дурус эле майдандын бетинде өлгөн» – деп акыркы демин чыгарган. Азыр ошол акындын айрым ырлары менен сиздерди тааныштырууну ылайык көрдүк. Аны кыргызчалап бизге сунуштаган акын, сатирик Жолочу Рысбаев.

 

СЕРГЕЙ ЕСЕНИНГЕ

Эй Сергей!
Сергей, Сергей, Сергей, Сергей!
Шоркелдеймин мен да сендей.
Жаа бою алыстадым, алыстадым,
Жаны ачып, акыл берген элге ишенбей.
Мен дагы ал жактанмын,
Айылданмын.
Айылдын оорусу менен кагынганмын.
Өзүңдү Москва кандай тоссо,
Алматыга мен да ошондой кабылганмын.

(Менин да өкүндүрөр өткөнүм көп)
Атка миндим, асманга теппедим топ.
Мен дагы малды сүйгөм, итти сүйгөм,
Бирөөнүн маңдайына черткеним жок.

Чарчаганда чамынамын шарап үчүн,
Саган окшоп менин да ысыйт ичим.
Кулагыма шыбырап «куран» окуп.
Имерчиктеп жүргөнсүйт «Кара кишиң».

Мен да сендей Серега бир адаммын,
Ыр азабын тартамын, тил азабын.
Тууган айыл, тууган журт элесимде,
Кайда барсам-карегимде Рязаным…

Эй Сергей!
Сергей, Сергей, Сергей, Сергей!
Бир айылдан экенмин мен да сендей.
Башым сынып баратат, башым сынып,
Бар го “опутуң”, батыраак келбейсиңби эй!

 

ФАРИЗАГА

Фариза!
Фаризажан Фариза кыз,
Өмүрдө акындардын баары жалгыз.
Чыдай, чыдай акыры жабыгаарбыз.
Бирибизден, бирибиз арыларбыз.
Биздерди жоктогон жан болсо эгер,
Дүкөндө том-том болуп турбасак да,
Чаң баскан архивдерден табыларбыз.

Сен мени билесиңби, билесиңби,
Жаралбаган жан экем күрөшүүгө.
Ыйлап туруп аргасыз күлөсүң де.
Бири түртүп көөдөн менен, бири чалып,
Таштагысы келишет күрөндүгө.
Фаризажан сен аны билесиң ээ?..

Жүзүмдү жакам менен тумчуладым,
Тумчукканда кантип мен унчугамын.
Жигитинен казактын дос табалбай,
Кыз да болсоң мен сага умтуламын.

Акын болуп эмнеге жаратылдым,
Арасында калып кетпей кара түндүн.
Касиетин сезем деп Ана тилдин,
Каруусу да талыды канатымдын.
Көртирликке кул болуп илкий басып,
Көйгөйүн кимге айтамын жаратымдын.

Момун элем, жакшы элем, уяң элем,
Күндөр өттү башыман эмне деген.
Ээ бербей албууттанган ачуулардын,
Эми мен тизгинин жыят элем, жыят элем,
Маңдайымдан сылаган бирөө болсо,
Өкүнүч жок өмүрдү да кыят элем.

Билбеймин, бузукмунбу, жиндиминби,
Дудукмунбу же тилдүүмүнбү.
Калган өмүр, кара жанды байлап кылга.
Өлтүрсө да көмбөймүн ырды кумга.
Нөл болот деп айтамын жолуксам, да мейли кимге,
Көбөйтсөң да канча жолу миңди-миңге.

Айланага түз карап жүргөн ардак,
(Түн кеткен соң күн чыгат күлүп-чардап)
Не тууралуу ырдасак да Фариза кыз,
Багыштайлы бардыгын калкка арнап.

 

УУЛУМА

Жүрө-жүрө мен өмүргө каныктым,
Өмүр сырын жаңы билип, жаңы уктум.
Кызгалдактай күндөрүмдү узатып,
Азыр мына ата болуп калыпмын.

Сен өмүрдө башкачараак бас кадам,
Атаң жүргөн аң-дөңдөрдөн кач балам!
Көңүл бургун аңдагын мен айтайын,
Жашоо жолун атаң мындай баштаган.

Атамдын мен тарбиясын көрбөдүм,
Апамдын да акылына көнбөдүм.
Тирмийген жаш окуучулук күндөрдө,
Тизгинимди эч бир жанга бербедим.

Өзгөлөргө эч ийилген эмесмин,
Өөдөсүнүп өткөн эмес али эч ким.
Боломун деп жалын жүрөк от көөдөн,
Боло албай кур кыялда мен өстүм.

Өпкөлөтүп көөдөнүмдү жаралап,
Өткүр кезим мага тике кадалат.
Көп каталык жибергеним моюндайм,
Кечир уулум жүрсөң болду саламат.

 

* * *

– Касың барбы?- дейсиң,
Кайдан билем…
Айтор, жүргөн жерим кымыз, шарап кызыл ирең.
Казактын кайсы үйүнө барсам дагы,
Алдымда ак дасторкон, жайган килем.

Кастарым жокко деймин түрү жаман,
(Кыязы бул жашоодо тирүү калам.)
Казактын кими менен жолуксам да,
Карабай кетишпеди бири маган.

Достоштум кичүү менен чоңу менен,
Дардактаган оңу менен солу менен.
Ата казак кай жерде той жасаса,
Асты менен тизмеге кирери мен.

Кайгырбаймын артымдан сөз атканда,
Билемин былгытаарын кошо айтканда
Айтор, жүздөрүндө жылуусу бар,
Казактын кимисине жолуксам да.

– Касың барбы?- дейсиң,
Кайдан билем…
Камаарабай арысында тойлоп жүрөм.
Сыягы… Мен бактылуу душманым жок,
Үйдөн чыксам сайрандап ойноп күлөм.

 

КАРЫШКЫРГА

О, Шайтан!
Алмаз азуу, арам тамак,
Кандуу изиң кыйма-чийме тээ жылгада.
Дагы да ант берип кутулдуңбу?
Тура-тур көрүшөөрбүз канжыгада.

Жатканда ойдо малым,
Сайда малым,
Эсимде ээн-эркин жайлаганың.
Мен сенден ошолордун кегин алам,
Алам да канжыгага байланамын.

Тоо-ташта, ойдо-кырда кылаңдаган,
Куу кекиртек кан ичпесе тура албаган.
Салаңдатып тилиңди таяк тийип,
Сага да келери чын ошол заман.

Тагдырыңды билип кой эсиң барда,
Талатып иттериме бийик жарда.
Үстүңдөгү тонуңду сыйрып алып,
Өлүгүңдү ыргытам кузгундарга.

Азырынча жүрө бер кыр-кырларда,
Канга батсаң, карын ток, ал жыргалда.
Казык куйрук, каргыш тийгир,
Көрүшөөргө күн жакын канжыгада.

«Де Факто», 12.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий