Ш.Дүйшеев. «Агындылар»

sh_duisheev_til
«Де-факто» гезити Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин былтыр жарыкка чыккан «Агындылар» китебинен ара-чолодо үзүндү басып келебиз. Андай учурда «эмне себептен «Агындыларды» ар бир саныңарда бербейсиңер» — деп окурман журтчулугунан тил угабыз. Бул жолу да окурман журтчулугунун суранычы менен аталган китептен үзүндү басууну туура кɵрдүк. Аталган китеп коомчулуктун кызыгуусун жаратып, китепке колу жетпей жүргɵн окурмандар четтен чыгат. Эгерде сиз дагы «Агындыларга» жетпей жүргɵн болсоңуз 0557711878 телефон номери аркылуу Шайлообек агайга байланышсаңыз болот.

* * *
Мектепте «тазалык» дегендердин баары таптаза кийинген, колунда сызгычы бар, тыкылдаган, аксаргыл же кара тору сулуу кыздардан болор эле. Кокус колуң сыя болуп же тырмагың алынбай келди дегиче сызгыч менен колго чаап, класска киргизбей акмагыңды кетирчү. Айына эки жолу бит текшерчү. Анда коррупция деген сөздүн атын укмак тургай түшүбүзгө да кирчү эмес, бирок ошого окшогон бирдемкеси бар болучу. Анткени тазалык кыз бит карап баратып деректирдин баласын, завучтун баласын, сельсоветтин баласын, парторгдун баласын текшербей аттап өтүп кетчү. Эң жаманы, текшерүү бүткөндөн кийин кимден канча бит чыкканын бүт класска жарыя кылып угузгандагысы эле.

– Сарыбаев 1 бит!

– Абдыралиев 2 бит!

– Дүйшеев 2 бит, 3 сирке!..

5-класс боюнча бардыгы беш бит, үч сирке. Өткөндөгүдөн 1 бит, 2 сиркеге көп…

Ошондо менден алдыңкы партага олтурган, бүгүн эртең менен эле портфелин башка балага көтөртпөй мага көтөртүп келген, мен жаңыдан эле жакшы көрө баштаган кызга болгон сүйүүмдүн ойрону чыгып, бар дүйнөм астын-үстүн болуп талкаланып, балалык махабатым кыйрап түшөр эле.

Ошол кыз ошол менден чыккандан кийин такыр карабай, жанына бара калсам:

– Бар ары, «эки бит, үч сирке!» , «Эки бит, үч сирке!»- деп жакын жолотпой калчу.

* * *
Эне менден бит чыкты.

– Канча?

– Эки бит, үч сирке.

– Дагыбы?

– Дагы.

– Э балам, ит менен биттин жүрбөгөн жери жок эмеспи.

* * *
Бүгүн дем алыш. Энем от калап коюп, тышка чыгып кетти. Сабоонун үнү угулду. Тигине, ал менин түнү бою аяз «кактап», аппак болуп кыроо басып калган көйнөгүм менен турсамды сабап жатат. Сабап бүткөндөн кийин алып кирип отко кактайт. Ошондо өлбөй калган биттер ысык мешке кулап түшүп куйкаланып аткан биттерди санап: «Сооп болот! Тазалыкка гана көрүнөсүңөр, э? Ушуну көрмөксүңөр!» деп табам канып жыргайм. Энем өткөндө ушинтип турсамды мешке кактаган. Бит чыккан сайын ушинтет. Бирок бити өлгөнү менен сирке деген такыр өлбөгөн неме болот экен.

* * *
Бүгүн мен шашпай турам. Анткени бир эле турсам бар.

* * *
Энем 13 рубль пенсия алат. Ошол акча жетим кемпир менен жетим баланын жашоосуна жетет. Байлардын балдарыныкындай эле менин чанам да, коньким да, лыжам да бар. Конькини жагалмайдай кайкып-учуп, көчөдөн көчөгө зуулдап, укмуш тебем.

* * *
Экөөбүздүн турмушубузду кийин энем Канымгүлдүн элесине арналган «Карагайчы кемпир» деген автобиографиялык поэмамда жаздым.

* * *
Курган энем ийигин тизесине жанып коюп, жибин ийрип, эртели-кеч кудайга, анан ага жалынып олтурар эле.

– О, Кудай, ушул жамандын башын таштан жарата көр!- дечү.

Чырагыбыз өчпөй көпкө күйдү. Ошол чырактын жарыгы электр жарыгы менен алмашкан жылы энемден ажырадым.

* * *
Жай чилдеси. Жездем мени учкаштырып алып райондун борборунда бир айдан бери ооруканада жаткан энемди көрүп келгени учкаштырып жөнөдү. Анда Ат-Башыдан Ача-Кайыңдыга көпүрө салыналек. Ошондо тоо чокуларындагы аппак мөңгүлөрдүн өңү боз киргил тартып, Ат-Башынын көк кашка дайрасы адам тааныгыстай кылкылдап, кайда урунарын билбей, жээкке батпай токойду жайпап, кызыл-жаян болуп кирип турган чагы болчу. Көрөрүм менен «кантип кече-биз?» деп жүрөгүм шуу дей түштү.

– Жарыктык, кирип аткан турбайбы. Белимден бекем карма. Коркпо кудайым бар, өтүп кетебиз, деп жездем мени жоошутуп алып чамынып жаткан сууга кирди. Биз кирген жерден отуз метрдей арыда кабинасынан башкасы көмүлүп-көмүлүп эч нерсеси көрүнбөй чокусу гана калган «Беларусь» трактору турат, андан да араакта бирин-серин атчан кишилердин карааны көрүнөт. Ат суунун терең жерине кирип кетти окшойт, көчүгүм муздай түшүп, акырын көөлбүп, өзүмөн өзүм эле көтөрүлө баштадым. Сууну тиктей калдым эле башым айлангөчөк атып, кулап баратам.

– Коркпо айланайын, бекем карма, сууну караба, карасаң жаман болосуң, чү жаныбарым чү!-деп жездем атын минбей эле, чылбырын тартып сүйрөп бараткансып обдулуп, ичинен бирдемелерди күбүрөнүп жанталашып баратты. Ат жээкке мүргүй түшүп, оңолуп чыгып кетти. Аттан да, өзүбүздөн да суу шорголоп куюлуп жатты. Ат-Башынын дайрасы ошондо оңбогондой эле кириптир, көрпөчөдөн бери чоло калбай, сыгып алма суу болдук.

* * *
Жездем кайненеси менен учурашып, ал-жай сурашкандан кийин сыртка чыгып кетти.

* * *
Энем мени бооруна кысты. Маңдайымдан, мойнумдан, көкүрөгүмдөн жыттады. Мен да сагынып калыпмын, дары жыттанган көкүрөгүнө башымды жөлөдүм. Мурдагыга караганда арыктай түшкөнү болбосо аябай эле оңолуп калыптыр. «Сойгон жери такыр эле бүтпөй койду» деп эжемдин айтканына такыр эле ишенбей турдум. Сүйлөгөнү тың. «Өлбөйт экен» деп ичимден сүйүндүм. Ал менин оюмду билгенсип.

– Мен эми өлбөй калдым, алдыңа кетейин. Сени бөлөк бирөөгө таштап салып кантип өлөйүн. Эртеңден баштап, кой-эчкилериңди жездеңкине айдап барып ал. Үйдү кулптап, өзүң да жездеңкине көчүп барып жашап тур. Бир жумадан кийин чыгып барам. Быйылча жездеңкинде болуп, биротоло тыңыгандан кийин үйүбүзгө көчүп кетебиз. Кел эми, бир жыттап алайын, мээнетиңди алайын, Шакенбайым, жакшы оку, жакшы жүр?- деп кайта-кайта жыттап, кайта-кайта бетимден өпкүлөп жатып коё берди. Мен чыгып кеткенче күлүмсүрөп карап турду.

– Энем айыгыптыр, «бир жумадан кийин чыгам деди»,- деп толуп-ташып, жер-сууга батпай дардаңдап, сүйүнүп бардым айылга.

* * *
Көрсө энем экөөбүздүн эң акыркы көрүшкөн күнүбүз ошол болуптур. Курган энем ошондо өлүп бараткан жеринен мен үчүн тирилип, мен үчүн боюн түзөп, мени Кудайга тапшырып коюп ажалынан атайылап «суранып» келген экен. «Мен эми киши болбой калдым, Шакенди чочутуп албай апкелип, көзүмө көрсөтүп кеткиле, коштошуп калайын» дегенин мага көп жылдар өткөндөн кийин айтышты.

* * *
Ошондон эки күндөн кийин мен уктап жаткан бөлмөгө Бакас акемдин келинчеги Бейшек жеңем кирип келип эле, анда жаңыдан келин болуп келген кези болчу:

– Ай бала, тур, энең өлүп калыптыр!- деди.

Жээним Ажар ойгонуп кетип:

– Кимдин энеси? Менин энемби же таякемдин энесиби?- деп сурап жиберди.

Мен тура калып, сыртка чыксам бир топ киши боз үй тигип жаткан экен.

Мурдагүнү эле «мен өлбөй калдым» дебеди беле?- деп жер-сууну бузуп, өңгүрөп ыйлап жибердим.

Бирөө сооротоюн деди эле, Касый аке:

– Жөн койгула, өпкөсү соолуккуча ыйлап алсын, болбосо ыза муңу ичине түшүп кетип оорукчан болуп калат,- деп токтотту.

Мен бурчка олтуруп алып көпкө ыйладым.

* * *
Энелүү жетим болуп 10 жыл гана жашапмын. Кудай мага өзүмдүн апам менен чогуу жашоо бактысын ыраа көрбөгөнү аз келгенсип, эми чоң энем менен чогуу жашоо бактысын да ыраа көргөн жок.

* * *
Топурак салып кайта берерде ким экенин билбейм, бир киши атка миңгизип: «катуу чап, өкүрүп ыйлап түш!» деп тизгин карматканы, аттын оозун коё берип ыйлап келатканымда:

– Эй, алдыга баласын коё бергиле? Баласы биринчи өкүрүп түшсүн. Силер артынан өкүрүп баргыла?- дегени, анан менден озуп чаап бараткандар тизгин ка-гып кала берип, мен биринчи өкүрүп түшкөнүм эсимде. Көрсө өлүккө өкүрүүнүн да өзүнчө салты болгон экен. Кийин бул эреже да бузулду.

* * *
Ошентип күтпөгөн жерден эки эчки, эки кой, анан 13 жаштагы жетим бала — мен томолонгон бойдон жалгыз калдык. Жетилигинен кийин мени «кой-эчкилерим» менен бир көчө ары жашаган жездем келип көчүрүп кетти.

* * *
Куласам энем таяр эле. Жыгылсам энем жөлөр эле. Кулагандан да, жыгылгандан да коркчу эмес элем. Энем барда деги эле эч кимден, коркчу эмесмин. Эми куласам ким таяйт? Жыгылсам ким жөлөйт? Атасы барлардын атасы кечирет. Энеси барлардын энеси кечирет. Мени эми кудайдан башка ким кечирет?

* * *
Энем өлүп, жездемкине келгенден кийинки жылдарым ушул үч бир тууган Өмүрзаковдордун мага кылган мамилелеринде, Гүлнар кудачанын, Салкын эжем менен Бейшек жеңемдин мээриминде, бириникине барганда бири талашып, сүрөт тартып бер деп, кагаздары менен карандашын ала чуркап, чөмөлөнүн үстүнө чыгып алып тоголонуп ойногондой, үстүмө чыгып алып, чачымды тарап, өрүп, кагаздан «бантик байлап, томолонуп ойногон жээндеримдин күлкүсүндө, ушул үч үй-бүлөнүн мен кирип барганда кабагым-кашым дебей, жадырап-жайнап тосуп алган мээриминде калды.

* * *
Бирок кайда жүрбөйүн мага баары бир энем жетпей турду. Эң жаман күндөрүм энесиз жашаган күндөр болду. Бирок ага да көндүм. Бир кездеги карегим менен тең айланган энемдин ордун эми Тукан эжем басты. Жездем дегеле кымындай чунак кыялы жок, кой оозунан чөп албаган, дүйнөдө жок момун киши эле. Энеси Батма кудагыйым андан бетер. Жээндеримдин баары менден кичүү. Үйдүн эң улуусу да, «кол тийгис» кадырлуусу да баягы эле мен болдум.

* * *
Жездем чарбанын жумушунда өмүрү өткөнчө кажынып иштеди. Жумуштан келгенден кийин да жөн олтурбай, көр оокат менен алек болуп, малдын чөп-чарын тейлеп, алдын тазалап, жүгөндүн сөгүлүп кеткен жерин көктөп, кылаарга иши жок калса жаман тамдагы эч ким кийбеген эски өтүктөрдү жамап-жаскап олтура берчү.

– Атаңарды чай ич десеңер боло, муздап калмай болду. Чөп корукта жок болсо, эски тамдан кара, дагы баягы эч кимге кереги жок жаман өтүгүн жамап олтургандыр,- деп жездемдин энеси Батма кудагый күндө бир небересин жумшап коюп олтурчу.

* * *
Бирдемке болсо эле бригадири деле учетчиги деле чапкылап жездеме келчү.

– Касым аке, бүгүн сугатка барыңыз? Касым аке, бүгүн чөпкө барыңыз?- деп.

Жездем бирине да каш кагып каяша кылбайт, чоңдор кайда жумшаса ошол жакка башмалдак атып жөнөп берет.

Эсимде…

Бир жолу демейдеги элдин баары эс алып жаткан жекшемби күндөрдүн биринде үйдүн тушуна кара түтүнүн бурулдатып, күркүрөп келип, селитра жүктөгөн эки «МАЗ» токтоп, артынан жаман атын чапкылап Сукан аке жетип:

– Касым аке, айылда өзүңдөн бөлөк жан калбай калыптыр. Бул машинелер көчүгүн өзү көтөрүп төгө албайт экен. Чоң короого барып түшүрүп келиңиз, кайда түшүрөөрдө кампанын кароолчусу айтып берет, — деп бакылдап турганы, жездем ошол бойдон кетип, көчүгү көтөрүлбөгөн эки «МАЗды» өзү жалгыз түшүрүп, кара күүгүмдө селитра жыттанып үйгө келгени.

– Эмгек күнүңдү жаздырдыңбы анан?- деген эжемдин суроосуна.

– Аны эми чоңдор өздөрү билет да,- деп тим болгонун эстейм.

* * *
Кудай акы, жездемдин айлык алам деп контордун, буюм-тайым алам деп дүкөндүн босогосун аттаганын бир да жолу көргөн жокмун. Алтургай чабарманын жибере берип тажаганда совхоздун парторгу Наркеев Имангазы аке өзү келип:

– Касым аке, көп эле кежирлене бербей эртең келип сүрөткө түшүп кетиңиз?- дегенин укпай, совхоздун «Ардак тактасына» илингенди каалабай, таң ата электе туруп, эшегин минип алып талаага «качып» кеткенин билем.

– Атам жадагалса дүкөн кай жакта экенин эмдигиче билбейт,- деп жээним Жаныбек каткырчу.

* * *
Телевизордон согуш кинолорду көрүп калган кездери:

– Согуш мындай болгон эмес,-деп сыртка чыгып кетчү. Кокус кино болуп Сталин менен Жуковду көргөзүп калса дым чыгарбай, көзүн албай олтуруп алып көрөөр эле.

Мойну-башына суу куюп берип атып далысындагы ок тийген үч тырыктардын тарыхы жөнүндө кеп кылганын бир да жолу уккан жокмун, сураган да жокмун.

* * *
Тукан эжем эне ордуна эне болгон менен жездем өмүрү өткөнчө мага үнүн жогору көтөрбөгөн боюнча өттү. Мен энем өлгөнгө чейин же он эки жашыма чейин энемдин ээлигиндеги бала болсом, эжем менен жездемкине келгенден кийин ого бетер түлкүсү түштө улуган «кудай аткырга» айландым.

* * *
Эгемендиктин алгачкы жылдарынын биринде КМШнын үч президенти «мамлекетибиз качан оңолот?» — деп сурап келиш үчүн Кудайга барышат. Биринчи Путин кирип «5-10 жылда оңолот» деди деп чыгат. Андан кийин Назарбаев кирип, «10-15 жылда оңолосуңар» деди деп чыгат. Анан Акаев кирип кетип «ана чыгат» жок, «мына чыгат» жок. Жарым саат өтөт, эки саат өтөт. Күтүп атып чыдабай кеткен Путин менен Назарбаев акырын шыкааласа Кудай Акаевдин жылтыраган башын кучактап алып:

– Айланайын кыргыздар, силер оңолгуча мен өлүп калам го, -деп буркурап ыйлап аткан экен дейт.

* * *
Бир аз күлүп алып жеңилдей түштүк. Эми кайра жолго чыгалы.

* * *
Баарынан да «Аликсай» деген аңгеме жазамын деп чамынганымды сураба. Башкы каарманым кан күйгөн  согушка кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, согуш бүткөндөн бир топ жылдан кийин тирүү кайтып келген киши болуш керек эле. Таптакыр соо кайтса ишенимсиз болуп калышы мүмкүн деп, бир бутунан аксатып, бети-башын шрам кылып, таяк таянтып койгонумду кантесиң.

* * *
Жаз келип күн жылый баштады. Бастырманын үстүндөгү чөптө жатам. Колумда «Аликсай» деп боёлуп жазылган жазуусу бар дептер, жанымда Айтматовдун «Саманчынын жолу» китеби.

– Шакең дагы каякка жоксон алып жоголду, чай ичип алса болбойбу,- деген Тукан эжемдин үнү таттуу оюмду бузуп жиберди.

– Бирдеме жазып атат окшойт, мышайт этпесеңчи, чайын каалаганда ичер,- деген үн угулду.

Жездемдин ушул сөзүнө муюп кеттим. Жазуучулук түйшүгүмдү анын түшүнүп турганы мага аябай жакты Айтматов менен «Аликсайды» бастырмадагы чөптүн үстүнө калтырып, түшүп келаттым.

– Жаңыдан жаза баштадым эле, чайга чакырганда ойлорумдун баары башымдан учуп кетпедиби,- дедим.

– Айтпадым беле, жазып атканда Шакеңдин тынчын албай жүргүн деп.

Жездем чындап кейиди. Мен ансайын ыргыштап, чоң жазуучудан бетер эжем сунган чайды баадыланып, араң дегенде колума алдым.

* * *
…Согуштун бүткөнүнө беш жылга аяк баскан жаздын көз байланып калган күндөрүнүн биринде аябай эле чарчап- чаалыккан, жүдөп какаган, канчадан бери бутунан түшпөй, өзү менен кошо келаткан өтүгү да оң-алеттен кетип, эмне кийип келатканы таанылбай калган, сол ыптасын таягына таштап аксаңдап, оң жак чыкыйынан сол жак ээгине чейин түшкөн тырыгы  ушунчалык орой тигилип айыккан, оң кашынын жарымынын шылынып барып томолоктошкон эти көзүнүн кычыгында салаңдап калган, Көк-Жондун астындагы калмак арыкка окшогон ошол тырык мурдунун дал ортосунан өтүп, ээгине жетип моюнунан жоголгон, бир көргөн киши жөн карай албай бакырып жибере жаздап араң токтогон орто бойлуу киши келип айылга кирди. Чырагы бар үйлөр чырак жагып, чырагы жок үйлөр жиптен эшип жасаган май шам жандырып, такыр эле эч нерсеси жоктор очоктогу оттун жарыгын тегеректеп, ошону амал кылып, кечки оокаттын камын көрүп жаткандыктан бул адамдын ким экенин, кайдан келип, кайда баратканын деле элес албады.

* * *
Анын ким экени айылга эртеси дүң болду.

– Итибайдын уулу согуштан келиптир,- деген сөз шибеңдеп айыл ичин аралап чыккан соң тез эле желдей тарап, ар бир үйдүн эшигинен кирип-чыгып жүрдү.

– Акем келди! Акем келди! – деп кичинекей Табылдыны жетелеген Шоңур айыл аралап сүйүнчүлөп кетти.

Аскерден кайткандардын аягы эбак сууп, дайынсыз жоголгондордун эсебинде жүргөн жоокердин ойдо жок жерден келип калганы жакшылыктын белгисине ыроолонуп, тилеги соолуп калган далайдын үмүтүн тутантып, өзгөчө Ормо деген уулун күтүп жүргөн Канымгүл кемпирдин өчкөн отун кайрадан тамызып койду.

* * *
Осмон чал айылга түлөө берди. Дасторкон жыйналып колго суу куюлган соң, мындан бир жума мурда ушул айылга кандай кийим менен келип кирсе так эле ошондой шинелчен, жылаңбаш, чачы өскүлөң, жакшы ултарылган аскер өтүкчөн киши элдин алдында турду. Анын бетиндеги тырыгы эми даана байкалды. Бул тырык бир караган кишиге эки башка кишинин башын бир баш кылып бириктирип салгансыган, бир жак көзүнүн эти кыпкызыл болуп сыртын карай аңтарылып, ачылып-жумулуп  акшыңдап турган, бир жак таноосу  ордунда турса, бир жак таноосу шылый чабылган, оңой менен адам баласы дит багып карай албай турган адам эле. Кудай согуштун өңү ушундай адам баласы карай алгыс суук болорун көргөзгөнү атайылап ушул биздин айылга таштап кеткенсиген бул адамды араң тааныган кемпир:

– Олда согушуң менен соолуп кал ай-э, ботом, ченебеген сулуу бала болсочу, карачы эмне кылып салганын!- деп шыпшынып атты.

Жоокер сүйлөдү.

– Туугандар! Силерди бул жерге чакырганымдын себеби мындай. Мен эми баарын айтып олтурбайын. Баарын айтып олтурсам сөз көп. Аны шашпай айтармын. Силерди азан чакыртып койгон атымды өзгөртүп бергиле деп чогултуп олтурам. Коё тургула, туугандар, коё тургула? Чуулдабай уккула? Орустун бир баласы мени ажалдан алып калбаганда алдыңарда минтип сүйлөп турат белем, турбайт белем, аны бир кудай билет эле. Мени сактап калам деп өзү өлүп кете берди, бейиши болгур. Аты Алексей болчу. Менин силерден жалгыз өтүнөрүм, мындан ары мени Алексей деп жүргүлө дейин деп атам. Күлбөгүлө, күлө турган иш эмес бул. Мен чындап эле атымды Алексей деп өзгөртөйүн деп атам. Мына согушту бүткөнүбүзгө беш жыл болду. Беш жылдан бери мен Алексейдин Россиядагы туулуп өскөн «Лесное» деген айылында жашаган ата-энесинин кашында жүрдүм. Мени сактап калам деп өлгөн уулун угуздум. «Эгер уруксат берсеңер мындан ары мен Алексей болоюн, досумдун атын өчүрбөй, өлгөнгө дейре өзүм менен ала жүрөйүн» деп Алексейдин ата-энесинин да ыраазылыгын алып кайттым,- деди.

– Беш жыл орустун үйүндө жүрсөң, чочконун этин жедиң да,- деди бирөө.

– Чочконун эмес согушта биринин этин бири жегендер болгон!- деди Аликсай кыжыры келип.

Эл бир топко дымыды. Анан Бозгун карыя топ жарды.

– Жок жосунду баштаба Мааметөмүр! Сенин атыңдын жарымы Мухаммед пайгамбардын атына коюлган. Азан чакырып ат бергенде эл чогулуп Кудай алдында сага батасын берген. Ошол батада мен да болгом. Батанын аркасы менен, Мааметөмүр деген атыңдын аркасы менен ажалдын оозунан кудай колдоп, минтип согуштан алты саның аман соо кайтып олтурасың. Болбойт балам, ата-бабаңда жок жорукту баштабагының! Атыңды өзгөртпөгүнүң!- деди.

– Тарайлык, дагы ойлоносуң,- деп Бозгун карыя этегин күбүп ордунан турду эле, араң турган эл камыштай көтөрүлдү.

* * *
Рота токойдон эки жүз метрдей узап чыгары менен бомба жарылганын, жанында келаткан Алексей «ложись» деп кыйкырып, алп денеси менен алакандай кыргыз досун кучагына басып жыгылганын, анан эле жер астын-үстүн түшүп сапырылып, көзүн ачары менен бетине кум аралаш кан чачырап, топурак-тоздун арасынан Алексейдин денесинен жулунуп чыгып учуп бараткан кызыл-жаян башы көрүнүп, кулактары тунуп, эси эңгиреп, акыл-эсинен танып баратканын эстеди ал. Көптөн кийин эсине келди. Көрүнгөн жакты сыйпалап баратып колдору былжыраган жумшак бирдемеге тийгенде денеси бүркүп, коркуп кетти. Алай-дүлөйдүн алааматында башсыз денеси менен өзүн басып жаткан Алексейди үстүнөн оодарып сала албай далбастап жатты. Корккондонбу же өлгөндөн кийин адам оор болуп калабы, болгон күчүн үрөп атып жансыз денени ордунан козгой албай койду. Жанталашып алдындагы кум-ташты шиледи. Ошентип ширеп олтуруп, бир нукумдан жылып олтуруп өлүктүн алдынан араң дегенде өзүн сууруп чыкты…

* * *
Андан аркысы уланбаптыр. Менин кырк жылдан кийин таап алган көк дептеримдеги бүтпөй калган аңгеме сөрөйүм ушул экен.

* * *
«Аликсай» аттуу аңгемемди мен аны андан ары орус айылындагы досу Алексейдикине алпарып, досунун өлгөнүн карыган ата-энесине угуздуруп, Алексейдин гимнастеркасынан кесип алган беш жылдыз жез топчуну энесине бергенин, энеси баласын көргөн немедей топчуну өөп-жыттап, көкүрөгүнө басып ыйлап-боздогонун, анан Мааметөмүр мындан ары өз атын өзгөртүп, Алексейдин ата-энеси аябай ыраазы болуп, аны чиркөөгө алып барып атын өзгөрткөнүн, анан беш жыл бою ошол орус айылында жашап, Алексейдин сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, Алексейдин ата-энеси дүйнөдөн кайткандан кийин гана өз айылына келгенин, анан Аликсай биздин айылга барып башкарма болуп, аялы орус тил мугалими болуп куунап-жыргап жатып калганын жазгым келген эле.

* * *
Чынында эле биздин Ача-Кайыңдылык Аликсайдын азан чакырып койгон аты Мааметөмүр болчу. Ата Мекендик Улуу согушка да катышкан эмес. Армияга 1953-жылы кетип 1956-жылы келген. Бирок анын Мааметөмүр деген аты эмне себептен Аликсай болуп калганын сурамжыласам, айылдагылар тургай жакын тууган-туушкандары да билбейт экен. Болгону бала кезде иниси Табылды бизге агасы өлөр өлгөнчө жонунан түшүрбөй кийип жүргөн шинелинин коюн чөнтөгүнүн үстүндө көк сыя менен жазылган «Алексей» деген жазуу бар болчу деп айтканын укканбыз. Болгону ушул.

* * *
Эми ойлосом ошол ойдон чыгарылып, өмүрү согушка барбаган Аликсайды согушка барды кылып, кудай алдында күнөөсүн көтөрүп, болбогонду болду кылып койгулаштырып калпты жазбаганым ырас эле болуптур деп ойлоп коём азыр.

* * *
Бала кезде күүгүмдөгү мүрзөлөрдөн коркчумун. Бир жолу уй издеп жүрүп күүгүм кирип кетти. Коркконум Терек-Суу менен Ой-Терскендин чегиндеги калың чий каптаган бейиттер. Бастырсам атым да кошкуруп, токтой калып үркүп сала берчүдөй жүрөктү ого бетер түшүрөт. «Эптеп эле ушу жерден өтүп кетсем экен» деп чый-пыйым чыгып, калың мүрзөнүн чети көрүнөөрү менен камчы бастым. Артымды карагандан корком, ансыз да туш-тушумдан караңдаган чийлер бейиттерин көтөрө чуркап жабалактап «кубалап» келатат. Эбак чөбү жыйналып алынып, какшып жаткан талаанын таш жолуна чыкканда гана эсимди жыйып, тизгин кагып, ал тургай каңылдап ырдап да жибердим.

* * *
Айылдын босогосун аттаардан мурда эң алгач мүрзөлөргө жолугасың. Тирүү жүргөндө өлбөчүдөй болуп, кудайын тааныбай калгандар кудайын таанысын деп, эсирип кеткендер эсине келсин деп, бу дүйнөдө өлүм бар экенин эстеп турушу үчүн кыргыз көзү өткөн адамдарын ушинтип айылга жакын жерлерге жашырган турбайбы деп да ойлоп кетем. Айыл элестегенде эле адегенде анын боз шыбак баскан бейиттери, анда жаткан  адамдарым эсиме түшө берет.

* * *
Көрсө төрөлгөндөн баштап эле ар кимибиз, өз мүрзөбүздү көздөй келатыппыз. Тирүүлүгүң да, минтип турган атың да, тийип турган Күнүң да бир тыйынга арзыбаган кезиң келет. Көрүстөнгө жакындаган сайын «Акыры ушул үчүн жашадым беле?» деп колу-бутуң байланган койдой тыбырап, тапкан-тергениң, дүйнө-мүлкүң, атак-даңкың, аялың, балдарың дагы алып кала албасын билген соң, болгону бул жалган дүйнө бир кийип чечип таштай турган, көйнөккө окшош экендигин билген соң, акыры мына ушул бейиттерди жамынып жаткан ата-энеңдин, жакындарыңдын жанына барып жатаарыңды моюнга аласың.

* * *
“Үнү” жок сөз болбойт. Сөздөн мурда үн жаралган. Капкагына колуң тийери менен “үн” чыгарып турган жакшы комузга окшоп кара сөз менен жазылган жакшы чыгарма да эне тилдин сөйкөдөй болгон ар бир сөзүнөн куралып, ар бир сөзүнөн агып келип бүтүндөй бир “күүгө” айланат. Окуп баштаганда эле ошол “үндү”, ошол “күүнү” угуп, китеп менен “сүйлөшө” баштайсың. Кара сөзгө “жан” салып, кара сөздү “сүйлөткөн” жазуучу тегин жазуучу эмес. Бизде тултуюп сүйлөбөгөн, “кесип алса кан чыкпаган”, башынан аягына чейин барактасаң да эчтеке айтып бералбаган китептер көп. “Сүйлөбөгөн” китеп – окулбаган китеп. “Сүйлөбөгөн” китеп “дудук” китеп. Бир окурман айтып атпайбы: “Шайлообектин “Агындыларын” окуганда куйкалаган аптаптан жаныңды ала качып баратып “Супарадагы” таш үйлөргө кирип кетип эс алгандай боло түшөсүң. Жаның жыргап, сагынып жетпей жүргөн ата-энеңдин үйүндө олтургансып, жаның жай алып, кадимкидей ыракатка батасың. “Супаранын” таш үйлөрү “элитный” үйлөрчүлөп жасанып-жаланбай жупуну болгон менен көзгө ушунчалык жылуу көрүнүп, качанкы бир бала кезиңди, өсүп-өнгөн айылыңды, айылыңдын адамдарын эсиңе салат, “Агындыларга” бир “кирип” алгандан кийин чыккың келбей калат” деп. Анда биз дагы ушул ойго кошулуп, Шайлоо агайдын окурмандар “суусап” күткөн “Агындыларынан” жаңы үзүндүлөрдү дагы бир аз улантып, элдин суроо-талабы боюнча жарыялап жатабыз.

* * *
Мени айылдагылар Шакен дешет.

-Жеңе, Шакениңди берип тур, -деп, унутса унутуп кетип, унутпаса эстеп ала кетчү буюмдан бетер Мария апам кээ бир күндөрү мени энемден сурап кетер эле.

-Мейлиң кагылайын, сага бербегенде кимге бермек элем, алагой, -деп энем мени Мария апама кошуп берчү. Бул аялдын сөзүн жетим кемпир тургай, айылдагы жерге-жээктүү деген, аттуу-баштуу деген аксакалдар да эки кылчу эмес. Көрсө Мария апам мени жорого барганда жанына караан кылыш үчүн сурап алчу экен. Айылдагы ага-жеңелер согуштан кийинки оор жылдардын түйшүгүн ушинтип кечкисин ыр менен, тамаша менен басчу турбайбы.

* * *
50-жылдардын саргайган барагында калган “жоро ырлары” булар.

Таш түлкү качат түз менен,
Тайгандар кууйт из менен.
Татына келин экенсиз,
Таанышкым келди сиз менен.

* * *
Секетпайлап ырдаттың,
Секетим көөнүң кыйбасмын.
Сени менен бир жатсам,
Сел алса дагы турбасмын.

* * *
Аярлай баскан сеңселип,
Айлымда жоктур сенчелик.
Кер мурут жигит ойлоп кой,
Келиндер күйбөс менчелик,- деп кайгы менен кубанычтарын, арзуу менен армандарын ырдашчу.

* * *
Мен анда кичине кезим. Жородогулардын ыры менен тамашасын түшүнө турган куракта эмес элем. Мария апам биздин айыл тегиз уйкуга чөмүлүп, Кайыңды тоолорунун баладай кидиңдеген жели көчө-көчөнү аралап кетип, кайтып келатканда аныбызды таппай калып, алакандай асманыбызга толуп чыккан жылдызыбыз ушунчалык жакын болгондуктан кокус менден узунураак эле акелеримдин биринин төбөсү тийип кетсе “шар” этип төгүлүп келип бут алдыма түшө тургансыган түндүн бир оокумунда үйүмө жеткирип, устуканым менен кошо энеме тапшырчу.

-О, балакетиңди алайын жылдызым! Келдиңби? -деп энем тосуп алчу.

* * *
Адегенде чоң балдардын жазган каттарын кыздарга ташыган “почтальон” болуп жүрүп, кийин мен да өзүмдөн кийинки балдарды “почтальон” кыла баштадым. Менин сүйүү каттарымды башкаларга караганда Турсуналы менен Асыкбек көп ташыды. Экөө тең мен жазган каттардын жообун апкелмейин көгөрүп келишчү эмес. Сайга барып алып сүйүү жөнүндө, кыздар жөнүндө сүйлөшөр элек.

* * *
Агезде айылда ашып кетсе бир же эки гана каттын үлгүсү болор эле. Жакшы көргөн кыздарына кат жазгысы келгендер ошол каттардын үлгүсү кимде экенин сураштырып жүрүп, кимдердин колунда болсо ошолорго барып, асты-үстүнө түшүп, “аке-жакелеп” атып бир-эки саатка араң сурап келишчү. Ушундай каттардын бири менин эсимде али күнгө чейин сакталуу. Алтургай аталышынан бери билем. “Булбулдан Кызыл гүлгө” деп аталчу. Кат колдон колго өтүп, айылдын кыз сүйгөн куракка жеткен жигиттерин бир сыйра кыдырып жүрүп, жедеп эскирип, бүктөөлөрү жыртылып, өчүп, бүктөөлөрүндөгү жазуулардын бири окулса, бири окулбай калган абалда колубузга тийер эле.

* * *
Биз анан каттын үлгүсүн маңдайыбызга жайып алып, андагы ар бир сөзүн калтырбай “өз катыбызга” көчүрүп чыкчубуз. Азыр ойлосом ошол каттагы ырлар Боогачынын эл оозундагы секетпайларынан, Алыкулдун “Жолборс терисин жамынган баатырындагы” ашыктык ырларынан алынчу экен. Кызык жери, биз дагы катка жакшы көргөн кызыбыздын атын жазбастан “Булбулдан Кызыл гүлгө” деп жазчубуз. “Булбулу-каттын ээси, Кызыл гүлү-кыз” болчу. Каттагы сөздөр, ырлар өзүбүздүкү болбосо дагы өзүбүздүкүндөй сезип, жообу келгиче санаага батып, сарсанаа болор элек. Каттын кайсыл кызга багышталганын каттын ээси менен кат ташыган “почтальон” гана билчү.

* * *
Өмүрү Көлдү, Фрунзе, Сокулук менен Кара-Балтаны көрбөгөн биздин каттарда төмөнкүдөй ырлар болор эле.

Кара-Балта, Сокулук,
Кат жаздым сага отуруп.

* * *
Фрунзенин калаасы,
Ысык бир болот абасы.
Окуп билим албаса,
Оңолбойт адам баласы.

* * *
Телефондун кулагын,
Оңго-солго бурадым.
Эстелик кылып жүргөнгө
Сүрөтүңдү сурадым.

* * *
Ат-Башы биздин калаабыз,
Автобус менен барабыз.
Жаш кезде ойноп күлүп ал,
Бир күнү өлүп калабыз.

* * *

Рыбачы көлдүн аягы,
Ручка колдун таягы.
Капа болбой окуп кой
Катымдын ушул аягы…

* * *
Кийин биз “көчүрүлгөн” катты эмес, өз катыбызды жаза баштадык. Бул да өзүнчө жүрөктөгү “кичинекей революция болду”. Айлыбызда биз биринчилерден болуп сүйгөн кызыбызга китептерден же эл оозунан чогулткан бирөөлөрдүн “чоочун ой-санааларын” эмес, өзүбүздүн жүрөгүбүздөн чыккан ой-тилегибизди айтууга жол салганбыз.

Мен сырттан караганда болбураган “жоош сары” бала болгон менен “жооштон жоон чыгат” болуп, жетинчи класстан тартып тири шумдуктай кат жазгыч болуп кеттим. Мага алтургай сүйгөн кыздарына чоң класстын балдары да келип кат жаздырып кетчү болду. Кадыр-баркымдын өскөнүн айтпа..

* * *
Сүйүү каттарын биз таза пейил, таза ниет менен, андан да жөн сыя эмес, кызыл сыя менен жазар элек. Мен “кызыл сыяны” энемдин жүн боёгон кызыл боёгунан “сурап алып”, пенициллиндин бөтөлкөсүнө чылап келчүмүн. Анан катты баштаганда эле жакшы көргөн кызыбызга: “Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил!!!” деп, аягына үч илеп белгини коюп туруп баштар элек. Ошондо чындап эле катты сыя менен эмес, жүрөктүн каны менен жазып аткансып жазчубуз. Каттын аягына жаанын жебеси же канжар сайылган жүрөктүн сүрөтүн тартып, анын учунан шорголотуп кан тамчылатып койгонубузду кантесиң.

* * *
Кудай Таала мага өңдөн бак айтпады. Өңдөн бак айтпаганына карабай делбектеп, болгондо да кыздардын өңчөй өңдүү-түстүүлөрүн, эң эле сулууларын сүйгөнүмдү айтпайсыңбы. Өчөшкөнсүп мен сүйгөн кыздардын баары мендей болбураган жоош сарыны эмес, өздөрүндөй өңдүү-түстүү, ичи-коюнга кирип кеткен шылуун, жулунган спортсмен балдарды жактырчу. Ошондо өңдүү-түстүү болалбаганым менен, ичи-коюнга кирип кетме шылуун болалбаганым менен спортсмен болгум келип, жеңил атлетикага катышып, жүз метрге чуркоодон айылдан алдыма адам салбай, “спортивный формам” жоктугуна карабай, жалгыз кара турсам менен райондогу чемпионатка катышып, аз жерден чемпион боло жаздап барып токтогом. Бирок мен сүйгөн кыздар менин “чемпиондугума” түкүрүп да койгон жок. Ошондон кийин спортсмендикти да таштадым.

* * *
Анан жетпей калган сүйүүлөрүмдүн ызасын ырдан чыгардым. Ыр деген жакшы экен. Ыр менен кайгы-муңуңду, арзуу-арманыңды азап тартпай туруп эле, үйгө жатып алып эле каалагандай кайгы-муңга батып, каалагандай жаза берет экенсиң. Баарынан да жазган ырыңды сен сүйгөн кыз окуп алып, сен кайгырсаң бүк түшүп кошо кайгырып, сен санаа тартсаң ал да саргарып кошо санаа тартып, шолоктоп ыйлап, ыза болуп жаткансып сезгениңчи. Мени сүйбөгөн кыздардан ошентип өч алып атам деп ойлогон сайын табам канып жыргаар элем.

* * *
Сүйүү жөнүндөгү ырларымдын көбү ошол жетпей калган сүйүүлөрдүн ызасы, мени сүйбөгөндүктөрү менин айтып-бүткүс арманым, сүйгөнүмдү билбей калганы — алардын бактысы болду.

* * *
Сабактан тарап кетип баратып, жакшы көргөн кызымдын артынан ээрчип алып, ага жакшы көрөрүмдү айталмак тургай жанына жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан анын көлөкөсүнө көлөкөмдү тийиштирип басканыма төбөм көккө жетип, өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу жан катары сезер элем.

* * *
Биздин учурда сүйүү деген акактай таза эле. Кыздар да, балдар да таза эле. Биз кыздарды сүйсөк да жамандык ойлобой сүйчүбүз, азыркы балдар адегенде жамандык ойлоп алып анан сүйөт экен.

* * *
Бала кезимде өзүмдөн беш класс улуу пионер вожатый эжемди жакшы көрүп калып, наристе сүйүүмдү эч кимге айтпай, ичимде сактап жүрүп чоңойгом. Кийин кыздар менен кат жазышып жүргөн кезде аларды дайыма ошол мен жакшы көргөн эжекеме салыштырчумун.

* * *
Биздин учурда суу да, аба да таза эле. Көчөдө тердеп-кургап ойноп жүрүп чаңкаганда арыктын боюна жата калып, аккан суудан кымыз жуткандай жутуп алып кайра ойноп кетчүбүз.

* * *
Сүйүү деген укмуш болот экен. Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да энемден кийин эле ушул сүйүү адам кылган. Мен сүйүү келгенге дейре эчкимдин көзүнө толбогон, тартынчаак, бирдемеге эби-сыны жок копол бала болчумун. Сүйүү келери менен мени “жонуп-тазалап”, “кагып-силкип”, бир сыйра “күбүп” туруп бир заматта киши катарына кошуп жиберген. Кыздарга кат жаздырган сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан. Кружокторго катыштырып “Манас” айттырган, ыр жаздырган. Сүйүү мени уктатпай, кыштын күнү ысылатып, чабалактатып чыккан. Эгер сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетет болчумун. Мени көп кырсыктардан сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз безилдеп жакшы ырдагандыктан сахнада аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшөйүн деп мен да көгөрүп сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан болгондуктан мен бир жылдары атайы эле суранып алып ошол короого сакманчы болуп баргам.

* * *
Мен дүйнөдөгү эң таза тилегимди, эң таза каалоолорумду бала кездеги жазган каттарымда билдиргем. Тилекке каршы ошондогу чын пейилимден чыккан сөздөрүмдүн кудурети, касиети ошол кыздарга жетпей калды. Анткени кыздардын бири дагы жазган каттарымды окуган жок. Окубай туруп эле тытып салып жатты. Аттиң-ай, ошол жазган каттардагы сөздөрдүн четин эле окуп калганда мен аларды сүйгөндөй балким алар да мени сүйүп калат беле деп азыр да ойлой берем.

* * *
Классташым Жумалы менин 7-класста жазган “Бойдоктордун монологу” деген ырымдын бир сабын ушул кезге дейре эстеп жүрүптүр.

– Ал ыр такыр эсимде жок, кандай эле? -десем.

– Энем жапкан боз төшөктү айра тээп, -деген эле бир сабы эсимде калыптыр,-деп күлдү.

Ошондон кийин эсиме түшөр бекен деп көпкө олтурдум. Анан:
Кайыңдынын кышы карды сайга сээп,
… А мен үйдө өзүңдү эстеп уктай албай жатамын,
Энем жапкан боз төшөктү айра тээп,
Кайра жапса кайра тээп, -деген саптар, ошол балалык кыштын бир жаап кеткен карына окшоп себелеп келип, кайра бат эле эрип кетти…

* * *
Мектепке баратып да, келатып да зымдарын бубак басып, жол боюнда “ырдап” турган зымкаргайларга кулагымды төшөп алып тыңшай берер элем. Сүйүшкөн кыз-жигиттердин арзуу сезимдери бири-бирине ушул зымкарагайлар аркылуу жетип турат экен деп айтышчу. Буга мен аябай ишенчүмүн. Сүйүшкөн жаштардын бири-бирине айткан сөздөрүн уккум келе берчү. Бул үн да кулагымдан өмүр бою кетпей калды.

* * *
Балким менин айтылбай калган арман-кусам, Сары-Коонун талаасына келерим менен эле Күнчыгыштан Күнбатышка канатын жайып, туулган жерди курчап турган ак мөңгүлүү тоолору көзгө “жарк” дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай, толуп-ташып чыккан сагынычым, ошол сагынычтын арасынан тура калып, мага жеткирбей, чымын-куюн болуп чуркап бараткан балалыгым, ага эми эч качан, эч убакта жете албай турганымды түшүнгөн өксүгүм, баары, баары мени өмүр бою коштоп жүргөн ошол эки үндүн – бири зымкаргайлардын, бири Кытай-Торугарт жолу аркылуу күндүр-түндүр тынбай каттап турган “SUнун” машиналарынын үнүндө калды…

* * *
Агезде биз азыркыдай башында шариги бар ручкалар менен эмес, шариги да, башы да жок беш жылдыздуу уч менен жазар элек. Ар бирибиздин сыя челегибиз болор эле. Эмнегедир кыздардын баары сыя челектерин таптаза кармап, качан көрсөң эле апакай тор баштыктарына салып жүрчү. Биз ойноп баратып, китеп-дептерибизге төгүп алганыбыз аз келгенсип, колу-башыбызга дейре сыя болуп кетер элек. Партада такай бир кыз, бир бала болуп олтурчубуз. Сыя челегибизди унутуп келген күндөрү:

– Бир эле малдырып койчу? -деп жалдырар элек.

* * *
Жамандыктан баары качат. Кудай жамандыкка жолотпосо экен деп тилейт. Анткен менен жамандыктын да жакшы жактары бар. Жамандык жалпы журт башына түшкөндө андан ар ким өз-өзүнчө кутулбасын билип, азабын да, тозогун да бүтүндөй эл менен чогуу тартып, эл менен чогуу көрүп калат экен. Жакшылыкта бирикпеген эл жамандыкта биригерин көрдүм.

* * *
Жамандыкты көп көргөн эл деле бара-бара анысын унутуп, пендечилиги кармап, жакшылыкка жетери менен ачкөздүгү тирилип, ар кимиси андан көбүрөөк пайда таап алгысы келип, ар ким өзүн гана ойлоп, өз жакындарын гана ойлоп жашап калат экен. Жакшылыгың түгөнгүр адегенде адамды ошол эңсеген жакшылыгына карк кылып, бүлүнгөнүн бүтөп, жыртылганын жамап, ичинтип, кийинтип, кардын тойгузуп, телегейин тегиздеп туруп, анан кайрадан пейилин карартып, алкын агытып, өзүмчүл кылып, арамдык менен көралбастыктын сазына тыгып, көр дүйнөдөн бөлөктү көзүнө көргөзбөй, жалтылдаган жарга, көлкүлдөгөн көргө сүйрөп кетет экен.

* * *
Айылдын жолдорун асфальтташ керек дегендерин көп угам. Асфальттын эмне кереги бар? Жамгырда ылайынан, күн ысыкта чаңынан арылыш үчүнбү? Сыланып, сыйпанып, колу-буттарынын тырмагына чейин боёп алган шаардык кыздарга окшогон айыл да айылбы? Мен айылды көкүлү желге уйпаланып, чамбылала болуп ойноп жүргөн балага окшотуп, жетерим менен боорума кысып-кысып, күн жыттанган бети-башынан өпкүлөп жиберип сагынычымды жазгым келет.

* * *
Жайдын толуп турган маалында этек-жеңи жапжашыл бак-дарактарга чулганып, чоочун көздөргө токой болуп көрүнгөн тоонун этегиндеги биздин айыл күз келип кеткенден кийин жаманын да, жакшысын да жаап-жашыралбай калган кедейдин кейпине келе түшөт. Ошондо жалбырагы тонолгон бака-теректери арбайып-тарбайып, чөптөн бөлөк эчтеке эгилбей куурай басып жаткан агороттору, туш келди кыйрайып жыгылып жаткан зым жыгачтары, атчан, жөөчөн адамдары, чатырлуу да, чатырсыз да тамдары, куйругун каалгасына такап алып үрүп турган иттери, “балдакчан зымкарагайлары менен жыртык бастырмалары, өңү кара-күрөң тартып эскирип, былтыркы кыштан артып калган үймөк чөптөрү, машина өтсө эле Батма энемдин эски талпагындай болуп чаңы асманга сапырылып тура калган көчөлөрү, эки фляг суу артынып кыбыңдап келаткан балакайы, кыдыңдап келаткан эшеги, курт-кумурска кубалап бараткан тоогу, тоогун кубалап бараткан корозу, ысыктан качып барып бактын түбүнө жата калган көлөкөсү, ошол көлөкөдө бирдемкесин жамап-жаскап олтурган кемпири, эчтемке менен иши жок, киндигине жетпеген көйнөк кийип, кара шалтак болуп, көтөнү көлчүктө, өзү баткакта ойноп олтурган наристелери көзүмө тартыла берет.

* * *
Айылдын ак чаңгыл жолдорун тыным алдырбай тыткылап араба, чийне дегендер аркы-терки дем албай каттап турар эле анда. Жездем мени чөпкө көп ээрчитти. Таңдан кечке дейре совхоздун жумушун иштеп, өз агоротун караганга такыр эле чолосу тийбей, тийе калса совхоз уруксат бербей, колундагы бирин-экин майда жандыгы үчүн чоңдордон суранып жүрүп чаап алган чөбүн тартып алалбай, “Кудай жамгырды кечинен бергей эле?” деп күнүгө асманды тиктеп, айласы куруганда жанына мени огожо кылып, чөбүн ташып келүүгө түнү менен аттанчу. Ал атына минип, мен чийнеге олтурар элем.

* * *
– Түн бакырдыкы дейт эмеспи. Ай да сонун тийип бербедиби, кудай жалгап. Түнкүсүн иштеген жумуш жакшы болот, өзү бүткөнсүп. Кантип бүткөнү билинбей калат, -деп кобуранып, көп сүйлөбөгөн жездем көп сүйлөп койгонсуп, андан кийин такыр эле унчукпай, дымып, атын айдын жарыгына салып жүрүп олтурчу. Төрт-беш чакырым жерге экиден, кээде үчтөн каттайбыз. Тартып келген чөптөрдү чөп корукка Тукан эжем жыят, жээндерим агезде кичик.

* * *
Түнкү талаа салкын. Тээ арыда чардаган бакалар, шыраалжын, жалбыз жыттуу арыктар. Ай мунарын жетелеп аккан суулар, сууну кечип баратсаң айды кечип бараткансып, туш-тушка суу чачырбайле ай чачырап, адашкан чымчыктардын андан-мындан “пырр” дей түшүп, уча качып конгону, чегирткелердин бирде алдыңан, бирде артыңан безенип сайраганы, солидол менен жаңы эле майланганына болбой жолду ката жинди кыздын башындай шылкылдап, ойкуп-кайкып келаткан эски чийненин темир дөңгөлөктөрү, аттын тарпылдаган туягынан ойгонуп кетип, боорун өөдө көтөрүп, басар-басмаксан, жылар-жылмаксан болуп, сени боз ала болуп карап туруп анан аңыз аралай жөөлүп жыгылган уйкулуу чаң, сүйлөбөгөн бойдон ат үстүндө үңкүйүп, далысын түнгө салып, ары карап кетип бараткан жездем, сүйлөбөгөн бойдон чийненин үстүндө бери карап бараткан мен, биз менен кошо жарышкан Ай, асман толо сызыктай кайнаган жылдыздар, Жел-Тегирмендин мөңгү баскан агылжым күүгүм чокусу, тоонун белинен түшө калгансыган Көк-Жон, андан берээктеги Эки-Чаттын карарган койну, Кайыңдынын адыр-жондору, калдаңдаган караган-чийлер, бирн-экин мал, үстү түшүп калган Ысабектин күмбөзү, айлана-тегерегибиздин баары жездеме окшоп үн катпастан ээрчип жүрүп олтурар эле…

* * *
Жездемдей момун кишини чыгармалардан да, турмуштан да издеп таппадым. Маркум жездем тун кызы Ажар күйөөгө чыкканда кан кудасы болгон, атагы союзга чейин кеткен биздин совхоздун күркүрөп турган парторгу Боогачы акенин кыстоосу менен жарты ууртам коньякты араң дегенде жутуп, ошол бойдон ичкилик менен чылымды оозуна алган жан эмес эле. Анан калса өмүрү ырдабаган, өмүрү сүйлөбөгөн кишинин ырдаганын, сүйлөгөнүн уккуң эле келе берет экен. Унчукпагандан, сүйлөбөгөндөн тажабаган да киши болот турбайбы деп таңкалганымды айтпа. Деги эле бул турмушта баарын сүйлөп бүтүп, баарын ырдап бүтүпкойгонсуп, жездемдин ыры да, сөзү да, өмүргө болгон өксүгү да жок болчу. Көрсө мына ушул тирүү дүйнөнүн асылдыгын, кымбаттыгын, ошол эле маалда бирөөнүн опуртал колу тийип кетсе бычырап сынып кетчү морттугун согушта кан кечип келген гана киши түшүнүп, кан кечип келген киши гана аяп, эптеп сактап калган ушул жашоону сүйлөп жатып бузуп албайын деп жашап калат окшобойбу деп ойлодум.

* * *
Айылдын келиндери жездемди “момун аке” деп тергешчү.

* * *
Менин жеңелерим:

– Турнабай аке,-деп тергечү айылдагы көзү алысты көралбай көзүнө такай томпок көз айнек тагынып жүргөн кишини.

– Чоң мурун аке,-деп тергешчү бетинде чымчып алар мурду жок акебизди. Тескерисинче мурду чоң акебизди: – Бучук аке,-дешчү.

– Кийин заманына жараша орусчадан которулуп тергеген аттар пайда болду.

– Спасиба аке,-деп тергеп жүрдү Ырахмат деген акебизди.

– Контромарка аке, -дешчү дайыма кара шабра тон кийген, сельсовет, ферма башчы болуп жүргөн кишини.

– Гестапо аке, -дешет бүгүн ача-Кайыңдынын келиндери Абдылда акесин. Абдылда немистей так, чынчыл, айткан-дегенине тарамыштай тырышып, бекем турганы үчүн ушинтип атап алган.

Адам аттарын тергеген боюнча Ат-Башынын келиндерине теңдеш табалбай келем.

– Базарбайдыкына дагы кимдер келиптир, балам?-деп кайненеси сурады эле, келини келген кишилерди санап келатып:

– Марадона аке да жүрөт, -деп калды.

– О, кудай албагыр, ага эмне жок, -деди кемпир.

– Марадонаңар ким? -деп сурадым.

Көрсө ошол көчөдө бирдемке болсо эле катынын баса калып, топтой тепкилеп жатып калган бирөө бар экен, ошону ошентип тергейт экен.

«Де-Факто», 20.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий