Мусаев Манасбек, оператор: «Мен тарткан ар бир кино мага жагат”

m_musaev
–Балалык өзүнчө аалам эмеспи. Ошол ааламга көз чаптырып кетсеңиз?

–Менин бала чагым Кочкордо өттү. Онунчу класска чейин таятамдар менен бирге жашап, биринчи классты Кочкордо окудум, төртүнчү класстан онунчу класска чейин Беловодский деген айылда №2 мектепте окуп калдым. Онунчу класста окуп жүргөндө таенем кайтыш болуп, таятам экөөбүз калдык. Кыйынчылыктар болгондуктан  таятам “Баягы эжеңдикине бар, онунчу классты ошол жактан бүтүр” деп, онунчу класстын жарымын өз ата-энемдин жанында “Чкалов” атындагы мектепте окуп, аяктагам.

–Оператордук кесипти тандооңузга эмне себеп болду?

–Опера жана балет кызматкерлери гастролдоп чыгышчу. Артисттер “айылга келебиз”  деп айтышса эле, элдин көбү  чогулуп калчу. Машина жок болгондуктан ат арабаларга олтуруп барчубуз. Ошондо биринчи жолу кинооператорлорду көргөм. Булгаары костюм кийген, баштарында беретка. Аппараттын тегерегинде бир нерсе кылып жүрүштү, көрсө  плёнка менен аппаратты заряддап жатышыптыр. Анан плёнканы үзүп туруп мага беришти. Ушундай кесип бар экенин ошондо биринчи жолу плёнканы,  операторлорду көрүп билгем. Мен төртүнчү класста окуп жүргөндө ата-энем Фрунзеден  фотоаппарат алып, аны Кочкорго салып жиберишти. Ал жакта сүрөткө  тарткыч эч кимде жок болгондуктан  колдонгонду билбейт элек.  Базардын жанында дядя Миша бар эле, болгону ошол кишиде бар болчу.  Ал үйүнөн паспортко ар кандай документтерге сүрөткө тартчу, үй-бүлөбүз менен барып, сүрөткө түшкөн күндөрүбүз болгон . Ага көрсөтсөм  айтып берген, бирок жакшы түшүнбөй калгам. Ошол учурда Россия, Украинадан мугалимдер келип сабак беришчү. Ошондо Таран деген мугалимге айтсам, “Алып кел” деп сүрөткө тартканды үйрөткөн. Ошентип сүрөткө  тартууга кызыгып, кинооператор болом деп калгам.  Азыр айылда илгери мен тарткан карыялардын сүрөттөрүн карасам, чоңойтуп үйлөрүнө  илип коюшкан экен.

–Кайсы жерден жогорку билим алдыңыз?

–Мектепти 1959-жылы бүтүрдүм. 60-жылдары Хрущёв окуу жайлардын кинооператордук факультеттеринде эки жылдык практика болсун деген өзгөртүү киргизген. Окууга тапшыруудан мурун Кыргыз киностудиясына келип, операторлордун окуучусу, жардамчысы болуп эки жыл иштеп калдым. Ал кезде Кыргыз киносу “Фрунзенская студия комуникальных документальных фильмов” деп аталчу. Ошол убакта бир топ кино тарттык. Бир күнү Москвадан профессорлор иш сапары менен келип, биротоло жаштардын арасында конкурс жарыялап калышты. Элүүдөн ашык бала катышып, бешөөбүздү Москвадан экзамен бергенге тандап алышты. Алардын арасында Нуртай Борбиев учурда КРнын белгилүү эл артисти,  Абдыкулов Кариел ал да КРнын эл артисти болгон жана мен бар болчумун. Бизди операторлукка алышкан. Режиссёрдук орунга болсо Динара Оксанова жана Марина Урматованы тандашкан. Экөө тең белгилүү адамдар. Ошентип, Бүткүл Союздук кинематографисттердин институтунун студенти болуп калдым.

–Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз?

–Мен кеч үйлөндүм. Жубайым менен Москвада жүргөндө таанышкам. Мосфильм тарабынан “Жамиля” аттуу фильм тартылып, анын ачылыш аземи болмок. Фильмдин оператору: “Москвада окуп жаткан кыргыз жаштарын чакырып кел, алар да көрүшсүн” деп калды. Мен көп кишилерди чакырдым. Алардын арасында болочок аялым да бар эле. Ошол кезде Ломоносов атындагы университетте окуп жүргөн экен. Мен отуз жашка чыгып калганда үйлөндүк. Кеч үйлөндүм деп өкүнүп калчумун. Азыр кудайга шүгүр неберелерим бар.

–Кино тармагында иштегендер иш убагында айлап-жылдап алыс жактарга кетишет эмеспи, жубайыңыз кандай кабыл алчу?

–Албетте, кино тартуу учурунда эки, үч ай башка жерге кетебиз. Ошондо жубайым үйдө калып, түшүнүү менен мамиле кылчу.  “Ак-кеме” тасмасы тартылып жатканда, улуу кызым жөргөлөп жүргөн эле. Мен иш менен алек болуп жүрүп, кызымдын кантип басканын көрбөй калдым. Кызым бир жашка чыкканда, дагы эле тасманы тартып жүргөм. Кызымдын туулган күнү болуп жатса кантип барбай коём деп, дем алыш күнү суранып, түнкү автобус менен үйгө бардым. Эртең менен саат төрттө үйгө келсем, келинчегим шолоктоп ыйлап жиберди. Кызым уктап жаткан экен, биздин үнүбүздү угуп, ойгонуп кетиптир. Эшик акырын ачылып кызым басып келатат. Чачын алдырып, чыптама кийгизип коюптур. “Кызым, келчи!” десем акырын басып келди. Көзүмдөн жаш агып кеткен эле.

–Сиз үчүн бакыт?

–Бакыт бул – үй-бүлө. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алган байбичемдин, уул-кыздарымдын, неберелеримдин жана жакындарымдын ар дайым ден соолукта, кубанычта болуусу мен үчүн эң чоң бакыт. Жакын адамдарың сени колдоп жаныңда болсо, мындан өткөн бакыт жок. Мындан сырткары кесипти туура тандасак да бакыт болуп саналат. Мен ушул оператордук кесипти тандап алганыма абдан бактылуумун. Өзүң  жакшы көргөн ишти ырахат алып, чын жүрөктөн жасайт экенсиң. Мен тарткан ар бир кино мага жагат. Ошон үчүн да мен бактылуумун.

–Тарткан тасмаларыңыздын эң эрке тайы жана көңүлүңүздүн өзөгүнөн орун алган фильм?

–Ар бир фильмди жан дүйнөң менен тартасың. Бирок кээ бири элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болот, кээ бири сындалат дегендей. Ар бир фильм мен үчүн өзгөчө. “Ак-Кемени” тартканыбызга отуз жылдан ашып калды, өткөн жылы неберем телефон чалып, таята деп эле ыйлайт. Телефонду  кызым алып айтып жатпайбы. Неберем биринчи жолу “Ак- кеме” фильмин көрүп, кичинекей бала таасирленип,  айталбай ыйлап жаткан экен.

 –Искусстводо сиз сыйлап, баа берген адамыңыз?

–“Кыргызфильм” интернационалдуу студия болчу, ар кайсы улуттагы актёрлор тартылышчу. Коллективдүү иштечүбүз. Жалгыз бир кишинин колунан келбеген иш. Мисал келтирсек, режиссёр баягы дирижёр сыяктуу жалгыз өзү үн чыгара албайт, оркестр болуш керек, бирөө скрипкада, бирөө барабанда дегендей, анын баарынын башын кошуп, бир күүнү чыгарыш үчүн дирижёр керек. Ал эми кинодо дирижёр – бул режиссёр. Мен бир топ режиссёр менен иштедим. Эң биринчиси Болот Шамшиев.  Ал киши менен көп фильм жараттык. Менин оюмча Болоттой режиссёр жок. Кыргызстанда, деги эле Орто Азияда таланттуу, өз ишин мыкты билген, кылдаттык менен мамиле кылган киши. Киносунда “фальш” деген нерсе жок. Кичинекей деталдардан өйдө карайт.

–Кино тартып жатканда сизге чоң таасир берип, эпизодго кирип кеткен учуруңуз болду беле?

–Болгон, бир эпизодду айта кетейин, “Ак-кемеде” баягы бала ооруп жатып, кайберенге “Орозкулдун  баласы болгондо мындай мыкаачы болбойт эле” деп кайрылып, ыйлаган жери бар. Оператор камера аркылуу башкаларга салыштырмалуу баардыгын даана, жакын көрүп турат. Баланы чоң план менен тартып жатканда экөөбүз көздөрүбүздү тике карайбыз. Нургазы сөзүн айтып жатып көздөрүнөн жаш акканда менин да көздөрүмдөн мөлт-мөлт жаш куюлуп кеткен.

–Камера артындагы эстен кеткис окуялар болду беле?

–Ооба, “Ак-Кеме” тасмасын тартып жатканда бир кызыктуу, эстен кеткис окуя болгон. Көлдүн Чоң-Жаргылчак деген жеринде тартканбыз, саналуу гана үй бар эле. Тоонун арасы болгондуктан, ылдый эңкейиш жер. Машиналарды токтотуп, жылып кетпеши үчүн дөңгөлөктүн астына таш коюп койчубуз. Аппараттарды атайын машине менен ташычубуз, камерлайн деп коёт. Анын ичинде бүт аппараттар, плёнкаларды даярдаган кара бөлмөсү бар болчу. Анан түшкү маал болуп, тамак ичип отурабыз. Күн ысык, машинелер жол боюнда турушкан. Тамактанып отурсак бир маалда “камерлайн, камерлайн” деп кыйкырып калышты,  карасак машине жүрүп баратат. Шопурлар болсо биз менен отурган. Ошол учурда режиссёр кыздуу болгон, актриса Айтурган Темирова баланы жанына алып жүргөн эле. Актриса эс алып алсын деп баласын алып администратор келин машинанын ичинде экен. Рулда болсо Нургазы отуруптур. Ал “дыр-дыр” деп ойноп отуруп сцеплениени басканда тормоздон чыгып кетиптир, жол эңкейиш болгондуктан  машина жылып баратат. Биз аркасынан чуркап алганбыз. Нургазы машинадан ыргып түштү, келин да кичинекей бала менен ыргып түштү. Машина, токтобой кетип баратып, бир ташка тийип айдоо жерге бурулуп кетти. Ал жерде картошка эгилген жер экен. Машина дүңкүлдөп баратат. Алдыда бир даараткана турган экен, аны сүзүп, машина  коңторулуп калды, биз чуркап жеттик, машинада аппараттар бар эле. Жер жумшак болгондуктан, бактыга жараша аппараттар эч нерсе болбоптур. Машиненин караңгы бөлмөсүндө плёнкаларды даярдаган жигит олтуруптур, ал сөгүнүп чыкты. Дааратканада да киши бар экен, аларды көрүп күлдүк. Ушундай кызыктуу күндөр өткөн.

–Азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыз?

–Сүймөнкул Чокморов айтып калчу: “Менин эки канатым бар. Биринчиси живопись, экинчиси кино” деп. Ошондой эле менин да эки канатым бар: кино жана мугалимдик кесип. Мугалим болом деп ойлогон эмесмин. Советтер Союзу таркаганда кино токтоп калган. Кесиптештерим башка кесиптерди аркалап кетишти. Мен болсо үч жыл үйдө олтуруп калдым. Байбичем болсо профессионал педагог.Ошол кезде жубайым «фулбрайт» деген программаны утуп алып, программа боюнча Американын Лоуренс шаарында жайгашкан белгилүү университет менен келишим түзүп, жарым жылга кетмей болду. Үй-бүлөсүн да ала барса болот экен.  Байбичем айтып калды: «Чогуу баралы, башка турмушту да көрүп келели» деп. Кичүү кызыбызды алып,үчөөбүз бардык. Ошол Америкадагыуниверситетинин журналистика факультетинин деканы Кыргызстанга келген киши экен. Аны менен таанышып калдык. Бири-бирибизди конокко чакырдык. Ал биздикине келгенде ак калпак кийип келиптир. Анан бир күнү айтып калды: “Силерге сюрприз болот, үйгө келип, тамак ичип кеткиле”деп. Үйүнө бардык, бир аздан кийин эки кыргыз келин келди. Алардын бири Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканы экен. Ошол жактан таанышып калдык. Кыргызстанга келгенибизде, телефон чалып мугалим болууга сунуш киргизген. Мен буга чейин сабак берип көрбөгөнүмдү айтсам, “Билип жүргөн операторлук мастерствону үйрөтүңүз” деп калды. Мен даярданып, программа түзүп, иштеп калдым. Ошентип, менин биринчи мугалимчилигим Улуттук университете башталган. Ошол убакта профессор Салижан Жигитов да иштечү.  С. Жигитов «Манас» университетине иштеп кеткенде, анын ордуна мен профессор болуп калдым. Бир канча жылдан кийин эле «Манас» университетинде коммуникация факультети ачылат деп калышты. Белгилүү киночуларды чакырышыптыр. Он чактыдай киши барып, катышып тарап кеттик. Көп өтпөй төртөбүздү  кайра чакырышты. Алар Артык Суюндуков, сүрөтчү Вячеслав Белов, белгилүү жазуучу Мырза Гапаров жана мен болчумун. Мен 2000-жылдан бери иштеп жатам. «Фотография» деген сабак берем. Эки жылдын жүзү болуп калды, Болот Шамшиев кино тарталы деп чакырды. Университеттен үч айга суранып, Жалал-Абадга жөнөп кеттик. Мен биринчи фильмди Шамшиев менен тарткам, акыркысын да Шамшиев менен тартсам деп кыялданчумун. Тилекке каршы, ал фильмибиз жарык көрбөй калды. Аталышы «Призраки орехового леса». Көптөгөн кыйынчылык менен оорчундуу эпизоддорун тартып алдык. Ага карабастан плёнкабыз кыялыбызды ташка чапкандай компьютерден окулбай койду. Плёнканы Алматыга жөнөттүк. Ал жерден да ачпай койду. Менимче Шамшиевдин кино тартуусуна бир каршылыктар болгон. Ушундан улам эч бир техника биздин плёнкаларды ача албай койду. Кайтып келип мугалимдик кесибимди улантуудамын. 2011-жылы «Кинокадры моей памяти» деген аталыштагы китебимди чыгардым.

Маалымат үчүн:

Мусаев Манасбек Керимбекович 1942-жылдын 24-апрелинде Нарын шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Исабаев Керимбек партиялык кызматкер, райкомдун биринчи секретары жана Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты. Апасы бир үйдүн жалгыз кызы болгондуктан кичинекей Манасты тайлары багат. Ошол себептен болочоктогу оператордун фамилиясы таятасы Муса Байгараевдин атына жазылган.“Мен такыр “ата”, “апа” деп айта албай койдум, эже, жезде дечү элем. Досторго тааныштырганда эле орусча “папа, мама” деп койчумун. Бөбөктөрүм болсо мени “таеке” дешет. Ошондуктан жаштарга айтарым, балдарыңарды өзүңөр эле тарбиялагыла. Ата-энеңердин колунда өссө, кийин силерди көнгөн ат менен айтып, кыйналат”, -дейт Манасбек мырза. Башынан өткөн кеткенди айтып, өзүнүн  тамашакөй мүнөзүн дагы агай жашырган жок.

Жүмагүл Өмүрзакова, «Де-Факто», 09.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий