Жыпар ИСАБАЕВА, акын: “Мекендин сыртында жүргөн мекендештерим, эмнегедир, поэзиянын күйөрмандары сыяктуу”

j_isabaevadf

Жыпара айым, деги эле акын ырды ким үчүн жана эмне үчүн жазат? Андан кандайдыр ала турган пайдасы барбы?

– Менден да кээде: «Ыр, китеп жазып, демөөрчү издеп, сага эмне азап? Кимге кереги бар анын? Ким окуйт? Андан көрө убактыңды пайда берер, киреше берер ишке жумшабайсыңбы» деп кеңеш беришет. Бирок, чын эле эмне үчүн жана ким үчүн жазып жатканыңды өзүң деле аңдабай, ага кызыкпай деле, тек гана “көкүрөк-көңүлүңдө көзүн жылтыратып» турган бир аялуу, аруу, айыпсыз саптарды көшөрүп отуруп кагазга түшүрүп, бирок ошону менен ошо саам өзүңдү бактылуу сезип, канат бүтүп жашай бересиң.

Бирок, мен жанагы «ким үчүн?» деген суроонун жообун таптым. Окурмандар бар экен, көрсө. Артыңдан издеп, социалдык торчолордон таап: «Эмнеге ыр жазбай калдың?» деген суроолор, тээ качанкы жазып коюп унуткан саптарыңды жаттап жүрүп, кайра эске салган окурмандарыбыз бар экен. Айрымдар, ыр менен жан дүйнөсүн тазалап, жакшы бир таасир, дем, кубат алып калганын айтышат. Атүгүл ыр аркылуу жашоо-тагдырын, оюн, көз карашын башка нукка буруп алгандар бар экенин айтышат… Ошондо, бекер эле калем кармап жүрбөгөнүңө каниет кыласың. Адам андайда кадимкидей бактылуу болот экен.

– Жаңы китеп чыгарып жатканыңыз тууралуу кабарыбыз бар. Жаңы китепти качан чыгарайын деп турасыз жана демөөрчүңүз ким дегендей…

– Демөөрчүм – окурмандарым. Бир күнү эле «Фейсбук» аркылуу сүйлөшүп калышыптыр: «Келгиле, акчасын күн мурун чогултуп берели, ошого китеп чыгарып берсин» деп талкуу кылып жатышыптыр. Адегенде уялдым элден. Карыздар сезилип кеттим. Акыры, банктан эсеп ачтык. Эми бирден-экиден китептин акчасын салып атышат. Айрыкча, мекендин сыртында жүргөн мекендештерим, эмнегедир, поэзиянын күйөрмандары сыяктуу…

 

* * *

Чайпалдым – турмуш
Оң-тетир чайкаганда,
Чаңкадым бир аз,
Чаң жутуп, байкаганга.
Ансайын бирок,
Арышым таштайм, анткени,
Акым жок билем,
Мен азыр чарчаганга!

Жаз дүйнөм тооруп,
Кыш чилде басса кычырап,
Жандүйнөм ооруп,
жүрөгүм аста кысылат.
Ансайын күчөп,
жомокко кетем айланып,
Азынап келсе,
Пегасым менин – кызыл ат.

 

ЧОҢ ЭНЕ

Бүктүшүп,
ыйлап жатып сени эстедим…
Күз түшүп,
көңүлүм жаз эмес менин!
Ансайын,
эреркеймин, Энекебай,
Айланып,
чебеленсе элестериң…

Санаалар
тынч уйкумду бузат дагын,
Талаалар,
тоолорду ашып учат жаным…
Мынакей –
бала чагым, биздин айыл,
Анан да
мени шаарга узатканың.

Ошондо,
апакемдин көздөрү ай –
Ишеним,
үмүт, мээрим толуп турган!
Күлүмүш
болгон менен жүрөгүнүн,
учунда
бир убайым конуп турган!

Колдору!..
Апакемдин колдору ай!
Нан жапкан,
мал да баккан, очок жаккан!
Шуудурап
туруучу эле алаканы,
Тынымсыз
тарткан түйшүк, ысык-сууктан!

Уядан
учуп чыгып ошол күнү,
Карааным
карегиңден үзүлдү эле!
Жашоонун
жалгандыгын апакебай,
Ал кезде
кызың кайдан түшүндү эле?!.

Жарышып,
мезгил деген күлүк менен,
Күлүк бол! —
дечү элең күйүкпөгөн!
Кусалуу
карачусуң эртеңиме,
Каректе
мелт-калт толгон үмүт менен!

Жашоо — жол!
Жашоо — турмуш, түмөндөгөн!
Кубаныч,
кайгысы да түгөнбөгөн!
Бүгүн сен…
жоксуң апа! А мен сендей —
Энемин,
жөжөлөрүн түгөлдөгөн!..

 

ЫЙЛА, ЖҮРӨК

Туталанбай, тунжурабай, тумчукпай,
Ыйла жүрөк, не турасың унчукпай?!
Азабыңды жамгыр кылып төгүп сал,
Асманыңда калбаш үчүн күн чыкпай!

Өксүк менен өрттөй бербей жанды бу,
Өткүнгө айлан – өтсүн, кетсин бардыгы!
Өкүнүчтү көз жаш менен жууп сал,
Өзөгүңдөн өчсүн күйүт алдыгы!

Мистейбечи, таштай катып турбачы?
Чачыраба, бырчаланба, сынбачы?!
Билемин, оор! Бирок сенден суранам,
Оорубачы, андан көрө ыйлачы!

Ушунча жыл жер үстүндө думана,
Болдум эле, болдум канча убара?
Аруулукту мына таптым деп турсам,
Ылай сүртүп кетишиптир буга да…

 

АТА-ЭНЕ

Кубанып, а кай бирде убайым жеп:
“Балдарга жакшылык бер, Кудайым, — деп,
Ушулар орун-очок алгычакты,
Чарчабай, чымыркана турайын”, — деп,

Ичкени, жегени өтпөй тамагынан,
Жарымын бөлүп алып табагынан,
Жөнөшөт шаарды карай көтөрүнүп,
Балдары өтсө да эчак баралынан…

Көөдөнүн калган кезде санаа козгоп,
Көз жашы тегеренип балага окшоп…
Деген кеп: “Кайнененин камырынан”,
Чын окшойт, мен да сизге барам окшоп…

Атаке, Апакебай, акылманым,
Айтылып бүтпөс дастан, асылдарым,
“Адашпа, алсыраба, айланайын
Балам”, — деп аруулукка чакырганым.

Кай бирде кайкып учуп кетким келет,
Айланып, айлыңарга жетким келет.
Чаалыгып, чарчап турган кездеримде,
Эркелеп, мээриңерди сезгим келет…

Дем берип өйдө-төмөн кезде силер,
Кубаныч күндөрдө да эстесиңер!
Тилегим – бар түйшүктөн кутулгула,
Балпайып чөбүрө өпкөн кездесиңер!

 

СҮЙҮП КАЛЫП БАШКАНЫ…

“Ойлуу тартып кеттиң го?” — дейт алганым,
“Апа, неге күлбөйсүң?” — дейт балдарым.
Кыйпычыктап, жооп таба албай калп эле –
кайсалактап карайм ар жак, бер жагым.

Кечиргиле, бырчаланып жүрөгүм,
Эки ортодо өзүм дагы жүдөдүм.
Сүйүп калып силерден да башканы,
Ырды сүйүп, азабым жеп жүрөмүн.

Жүрөгүмдө жашайт – ырдын үйү бар,
Жан дүйнөмдө сагыныч бар, сүйүү бар.
Таппай калып жакшы ырымды жоготтум,
Таарынды экен, билбейм кайсыл күнү ал.

Кечире алсаң кечир мени түгөйүм,
Бүгүн дагы ыр дүйнөмдө түнөйүн,
Таппасам да жолун тосуп ырлардын,
Таң атканча дербиш болуп жүрөйүн.

Кечир кызым, боло албасам жакшы эне,
Апам мени жомок айтып бакты эле.
Куудураган колдор менен жапкан нан,
Куурма чайы ушунчалык жакшы эле.

Эртең сөзсүз ошентемин мен дагы,
Бирок акын болом дебе сен дагы.
Бүгүн болсо кечириле балдарым,
Жакшы ыр жазып алайынчы, ээ жаңы?..

 

ЖОЛ

Түндөсү
жолдор тып-тынч… Суналышат!..
Баладай турган жерде куланышат!..
Эс алсын, чүш-ш акырын, баспагыла,
Алар да чарчайт, уктайт, уга алышат!

Бул жолдор
ана-ан төшөп көкүрөгүн,
Аярлап алаканга салышат да,
Алыска, же жакынга – ,
жетелеп алып бизди барышат да…

Андыктан,
жолдорду кор тутпагыла,
Жонун жор кылып, боорун тытпагыла!
Адамдар, жол салгыла! Жолдор узак
болсунчу! Жолдорду тек бузбагыла…

 

МИҢ-БУЛАКТА БИР БУЛАК

Айылымда – мен сыйынган булак бар,
Балалыкка бир кылчайтып каратчу,
Бир мезгилде жээгинде желбиреп,
Жакшынакай мажүрүм тал жарашчу.

Мен барганда кубанычтан “селт” этип,
Бариктерин жерге ыргап алышат.
Кетээримде үн чыгарбай кош айтып,
Жар артында жашырынып калышат.

Шылтоо кылып, апаларды жазгырып,
Суу алганы булакка ойноп барчу элек.
Апкөч калып, чака кулап жар ылдый,
Муз тепкенде үйдү унутуп калчу элек.

Чыпылдаган чыбык кармап колуна,
Тээ күүгүмдө издеп келчү энелер,
“Ойносом” деп жүрөктөрү ээленип,
Кыңырылып араң турчу жеңелер.

Ошол балдар, ошол кыздар бой жетип,
Ошол булак күбө болгон сүйүүгө,
Уяң кыздын чакаларын калтырып,
Сүйгөн жигит алып кеткен үйүнө.

 

А СЕН БОЛСОҢ…

Азартым бул —
азаптыр же бактыдыр?
Адатым бул –
жамандыр же жакшыдыр?..
Быркыранып –
сынып, кайра биригип,
Сен жөнүндө
жазгым келип жакшы ыр..!

Мен өзүмдү
өзгөлөрдөн катам да,
Мезгилдин бир
чекитине батам да,
Мелмилдеген
жымжырттыкты жамынып,
Аалам тордун
терезесин ачам да…

Дүйнөм түгөл
болуучудай сен менен…
кабарыңды
издейм, табам, термелем!
А сен бакыт,
сүйүү издеп башкадан,
Баратасың,
аралашып эл менен…

 

СҮЙҮНЧҮ, АТА БОЛДУҢ!

Төрөлүүдө —
Сен жыттанган ырларым!
Кубангандан…
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө
окшош куюп койгондой —
Катар, бирок
кайчы өтүшкөн жолдордой!

Кудум сендей —
Жүрөгүнүн кагышы,
Сүйлөгөнү,
күлгөнү да, дабышы!
(Алда нелер удургууда ичимде,
Дагы калып
калган окшойт, ай ушу!)

Мына-мына,
Таптым да бир перизент!
О, Кудурет,
Экөө экен — эгиз, эх!
Эч кимде жок,
эч ким бербес бакытты,
Эми мага
мына ушулар беришет!

Жыттанышкан –
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!
Жүрөгүмдөн ырдап,
ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн
жыты келет алардан!

Башкаларга
жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча
калбаат кагылайыным,
кудум мендей
романтик бирөөсү!
Ушакчылар
балким эми сөз кылаар:
“Ушу ырына окшобойт, — деп, —
күйөөсү…”

6 июль 20:51

Каныбек Иманалиев, «Де факто», 06.07.2014-ж.

Жыпара Исабаеванын дагы башка чыгармалары менен акындын биздин сайттагы баракчасынан тааныша аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий