Бейшенбек МАМБЕТАКУНОВ, КРнын эл артисти: “Көчтүн жаңы этабы башталды”

koch

Эки жылдан бери кыргызстандык «Көч” аттуу даректүү тасма өлкөнүн сыртында өтүүчү кино фестивалдарга катышып, чет элдик кино ышкыбоздорун таң калтырып, бир канча гран-прилерди, номинацияларды жеңип алууда. Быйыл “Көч” өзүбүздүн мамлекетте улуттук “Ак илбирс” аттуу киносыйлыктын он эки номинациясынын алтоосун жеңип алды. Учурда аталган тасма мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка көрсөтүлүп жатат. Бул тасманын тартылуу тарыхы, таржымалы тууралуу чыгарманын үч авторунун бири – КРнын эл артисти, режиссёр жана сценарист Бейшенбек Мамбетакуновго кайрылдык

– Бейшенбек ага, тасманын өзөгүндө жаткан негизги ой, аны тартуудагы негизги максат эмне?

– Дүйнөлүк цивилизациянын оозунда турган кыргыз эли, кыргыз маданияты, кыргыз менталитети. “Ал ошол Европанын таасирине биротоло сорулуп, түп тамырынан бери кирип кетсе эмне болот? Башканын маданияты басымдуулук кылып алып, биз өзүбүздө бар баалуулуктарды жоготуп койбойбузбу? Кыргыздын рухун, духун таппай калбайбызбы? Ушундан кыргызды сактап кала турган ким жана эмне? Тасмада мына ушулар тууралуу сөз болот.

– Эмне үчүн тасманын атын “Көч?” деп атадыңыздар?

– Анткени, азыр да кыргыз эли бир жерге отурукташып, орун ала элек. Мисалы, ал экономикалык жактан, маданий жана саясый жактан туруктуу ордун таба албай жатат. Мурун совет доорунда отурукташып калганбыз. Ал эми эгемендүүлүктү алгандан бери көчтүн кайра бир жаңы этабы башталды. Конуш ала албай: “Кайсы жерге барып түнөк таап, отурукташсак бактылуу болобуз? Кайсы жерге барсак өсүп-өнүгүп кете алабыз? Кайсы жерге отурукташсак, келечегибиз жакшы болот?” – деп издеп, изденип жүрөбүз азыр. “Көч” – демек, символикалык салыштыруу.

– Укмуштуудай салыштыруу таапсыздар. Эми кинонун авторлору тууралуу да сөз кыла кетели?

– Режиссёрлор – Кыргыз Рес­публикасынын эмгек сиңирген ишмери Артык Сүйүндүков, мен. Үчүнчүсүсү – оператор-коюучу – Стамбулбек Мамбеталиев. Бизден сырткары да айлана-тегерегибизде жардам берген адамдар бар. Мисалы, ишибизди карап чыгып: “Мындай кылсаңар дурус болчудай,” – деп жакшы идеяларын кошкон, пикирлерин билдирген белгилүү сценарист Талип Ибраимовду айта кетер элем.

– Тасма Ат-Башынын Таш-Рабатында тартылыптыр. Эмне үчүн ушул жерди тандадыңыздар?

– Тасманы тартуу тууралуу идея болгондон тартып, ошол оюмду ишке ашырууга төп келе турган, талаптарыңа жооп бере турган жерди издейсиң да. Анан, жайдын саратанында чыгармачыл топ менен кеңештим да, Ат-Башынын Таш-Рабатына бардык. Ал жердеги малчылар, топозчулар менен жолугуштук, элдин жашоо-шарты, мүдөө-максаттары менен тааныштык, пикир алыштык. Нарынбек уулу Жыргалбек деген жигит бар экен, анын да идеяларын уктук. Ошентип, кышында келип, кино тартууну макулдашып кеттик. Келгенден кийин отуруп алып сценарийин иштедик. “Жанагы ойлорду кандай кылып чагылдырабыз? Сюжеттик линия кандай болот?” Анан февраль айында чыгармачыл топ Таш-Рабатка бардык. Мен өзүм деле ошол Ата-Башынын кулунумун, бирок, чындыкты айтыш керек, Таш-Рабатта жашоо өтө кыйын экен. Элдин жашоосу бизди таң калтырды. Кайратман калк кабагым-кашым дебей, канчалаган кыйынчылыктарга карабай, өзүнүн чакан мамлекетинин – үй бүлөсүнүн экономикасын көтөрүү үчүн жанталашып иштеп, эл катары турмушта жашайлы деп, бала-бакыраларын багып, окутуп, өзү менен өзү болуп, тирликтерин кылып жатышат.

Мына ушуларды көрүп: “Ушул кайратман адамдардын мүнөзүн ачалы. Батыштын цивилизациясы канчалык күркүрөп кирип келген күндө дагы кайратман калк өзүнүн кыргыз экенин, өзүнүн салт-санаасын эч убакта унутпайт. Мына ушул адамдар аркылуу, алардын эмгеги аркылуу биз темабызды ача алат экенбиз…”, – деген үмүт пайда болду. Ошентип тарта баштадык. Ошол тартуу убагында мен Түгөлбай Сыдыкбековдун бир кезде телеге берген маегин, ошондо тоонун чокусунда жашап, тоонун чокусунда оттоп, тоонун чокусунда өзүн эркин сезген топоз тууралуу бир айтканын эстедим.

– Эмне деди эле?

– Союз убагында борбордогу азыркы Эркиндик паркында Тургунбай Садыков топоз минген кыргыздардын эстелигин жасаган. Ошондо көп кыргыздар: “Садыков кыргызды шылдыңдап, топоз мингизип коюптур”, – деген ойлорун айтышканда кадырлуу карыбыз, Түгөлбай Сыдыкбеков: “Булар жаңылышат, – деген кыргыз телеберүүсүнө берген маегинде. – Бу топоз деген бийик жерде жашайт. Топоз деген чөптүн мыктысын оттойт. Топоз деген салкын жерде, эң бийик жерде жашаган бийик жаныбар. Мына, скульптор кыргыздарды ошончолук бийиктикке алып чыгыптыр. Муну менен кыргыздардын даңазасын көтөрүптүр”.

Мен топоздордун бийиктикте жашаганын көрүп, аралашкандан кийин ушул сөзгө маани бердим. Демек, бул киши жөн адам эмес да, ушуну билип, баамдап, кадыр-баркына жете билип туруп айткан экен.

– Ошол бийиктикке чыгып, бийик жерде жаткан топоздор тууралуу, топозчу тууралуу тартыш деле оңойго турбагандыр?

– Албетте. Ошол бийиктикке чыгыш үчүн оператор, режиссёрлор ат минип алып, кээде жөө-жалаңдап чокуга чыгууга туура келди. Жылгаяк муз. Аттар тайгаланып кулашат. Аттар менен кошо биз да кулап… ошолор менен кошо томолонуп-жумаланып атып, акыры чыктык.

– Эмне үчүн жайында эмес, кышында тарттыңыздар?

– Фильмде атмосфера деген бар. Эгер биз жай маалында барсак, ошол малчылардын кыйынчылыктарын көрсөтө алмак эмеспиз. Экинчиден, кыш – бизге келип жаткан цивилизация.

– Окуя кандайча уланды анан?

– Топозун жоготкон топозчунун ошону издеп табам деген аракети, азап-тозогу менен башталат. Бул – биринчи проблема. Бул – руханий баалуулугун жоготуп, ошону издеген кыргыздын символу. Акыры адам жеңет. Топозун таап келет. Ошондон кийин да кайра дагы бир көйгөй башталат – кар көчкү деген! Жаратылыштын дагы бир сыноосу. Ошол тоонун башында жашаган малчылар үчүн кыйынчылык, тагдырдын чоң сыноосу бул да бир.

– Кечиресиз, көчкү тууралуу сценарийинде күн мурун жазылган беле?

– Болжолдонгон, ойлонгон нерселер деталдар бар эле. Анан көчкү түшүп, эл кыйналып жатса, ойдон барган куткаруучулар, жардамчылар, камкордук көргөн адамдар: “Эй, тоодо жүрүп өлөсүңөрбү? Ылдый көчкүлө, ылдый түшүп жашагыла”, – деп жакшы, оңой жашоого аларды чакырып жатышпайбы.

– Булар – цивилдүү болууга, дүйнөлөшүүгө чакырган мамлекеттер окшойт.

– Ошентип, чокудан ылдыйды карай көчүүгө туура келет.

Эми топоз жаныбарга таң бердим. Туяктары көк жалтаң муздан тайгаланбай, тик ылдый кете берет экен. Бирок, көчкү тууралуу сурап калбадыңызбы, бизге Кудайдын боору ооругандай болуп, так тоонун башына чыкканыбыздан кийин көчкү жүрүп кетип жатпайбы. Топоздун баары ылдыйды карай тим эле суудай агып жатат. Ошондо топозчу: “Байке, кеминде 50 топоз өлөт бу жерден. Төлөйсүз”, – деп атпайбы. Мен Кудайлап турдум. Бирок, бир да топоз өлгөн жок. Ал эми тартып жаткан оператор көчкү алып кетип бараткан топоздун куйругунан кармап алып, кошо агылып кетип баратат! Ошондо да камера кармаган бир колун соройтуп көтөрүп алып, тартып баратат! Бери жакта мен кыйкырып атам: “Ой, өлөсүң эле өлөсүң! Топозду коё бер!” – деп.

– Бул да тасмада камтылып калдыбы?

– Жок. Өзүбүз үчүн бар, тасмада көрсөткөн жокпуз. Ушул сыяктуу эки-үч эпизодду көргөндө чет элдиктер ордуларынан тура калып кол чаап ийип жатышты. Көп мамлекеттерде, мисалы Катар шаарында, Казань шаарында гран-при алып келдик. Мындан сырткары Грецияда “Мыкты фильм үчүн” деген сыйлык алдык, дагы бир фестивалда “Мыкты операторлук үчүн”, ал эми биздин “Ак илбирсте” “Мыкты режиссёрдук иш үчүн”, “Мыкты монтаж үчүн”, “Мыкты сценарий үчүн”, “Мыкты оператордук иш үчүн” деп, баш-аягы алты номинацияны жеңип алдык.

– Азыр бул чыгарма Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан экен, ийгилик каалайбыз. Чыгарма өзүнүн калыс баасын аларына ишенебиз.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 25.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий