Элдар Аттокуров

“Адабият жана журналистика” боюнча Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты.

1977-жылы 21-июнда Талас районунун, Талды-Булак айылында туулган.

2002 – жылы БГУнун Маалымат, социалдык кызмат жана психология факультетин “Артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2001 – жылы “Ата-Мекен” жана “Эне” темасындагы Республикалык ырлар жарышынын жеңүүчүсү.

2003 – жылы Эл аралык Айтматов фонду тарабынан уюштурулган “Дебют – I” чыгармачылык конкурсунун лауреаты.

2007 — жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдындагы Коомдук билимдер институтунда “Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы таалим-тарбия идеялары” деген темадагы магистрлик диссертациясын жактаган.

 

Ырлар

“Сырдуу түш” китеби

 

ЫРДЫН ПИРИ – “ПЕГАСКА” 

Жетем деп айга желпинип
Сугарбай күндө желдирип
Канатын какпай жыгылды
Жөө жүрүп калдым энтигип.

Көөдөндө түнөп аргымак,
Көк жайык көлгө азгырат…
Өзөндүн суусун бургандай
Көзүмдөн ылдый жаш кулап.

Ай алыс, орто, жыл алыс
Өмүрдөн биз да жылабыз
Аргымак минип өткөндү
Тамшанып карап турабыз.

 

* * *

Токтобогон кадамдардай арыштап
Бара жатат өмүр бизден алыстап,
Келер күндүн чыгара албай эсебин
Өткөн күндөн неге издейсин  табышмак?

 

* * *

Падышалар баштап койду эрөөлдү,
Кылычташып күнөөсү жок – эр өлдү.
Ошолордун жолун улап кетүүчү.
Мүмкүн бүгүн, бир падыша төрөлдү?

 

КЫРГЫЗ КҮҮСҮ

Көөдөндү тешип аткылап,
Чертилсе күүлөр мас кылат.
Тынч уктап жаткан дүйнөңдү
Кылдары менен каккылап.

Көңүлдө жакшы ыр болуп,
Жан дүйнөң балкыйт нур толуп
Кыргыздын канча күүлөрү,
Ачылбай калды сыр болуп.

Кылымга тийген жарыгы,
Комузум – Кыргыз тарыхы…

 

* * *

«Улуу күчтү сезген да бар, сезбеген бар,
Жан дүйнөнүн аралын кезбеген бар
Жалдырап ички руху ач турса да
Кечээги ичкен ашын эстеген бар».

Кыялдарым ак канатка айланып,
Учат, учат бизден алыс сезилбей.
Жашайлычы кайгы муңду унутуп
Тумчуккан бир туман ойго эзилбей.

Күүгүм кирди кусалыкка окшошкон,
Жылдыздарды кучагына толтуруп.
Түндө келбей, бүгүн келди досторум
Чакырды элем кечээ жалгыз олтуруп.

Коңшу үйүмдүн шам чырагы өчпөдү,
Терезеси ким бирөөнү күтүүдө…
Үмүт өчпөй жана берет кайрадан
А шам чырак түгөнүүдө бүтүүдө.

 

* * *

«Чөлдө жаткан кумдардан көп ой менен
Ар күнүңдө, кылар ишиң чечилет.
Ошончо ой, акыл менен жашаган
Адам качан адам болуп жетилет».

Күбүлүп жалбырагы дарактардын…
Мезгил менден жаштыкты карактадың.
Мен дагы кем калышпай жазып жатам
Китебимдин баш сөзүн, барактарын.

Байлыкка, мансапка да берилбедим,
Даңкыма, таалайыма керилбедим.
Болгону “адам” болуп калгым келет
Мына ушул —  жашоодогу өңүм менин.

Жаңылган жолума эч кайрылбадым,
Анда да, бүтпөй келет жаңылганым.
Кыйналып, азап тарткан күндөр үчүн
Жазылып жатат окшойт жаңы ырларым.

 

* * *

“Акыл турса ичпей аны чөмүчтөп
Биздин акын шарабынан көп ичмек
Атак-даңкын миң жылдарга татыган
Бир күндө эле ичип бүтүп, төгүшмөк”.

Даарысы жок бул сыйкырдуу кеселдин!
Боло электе кейпинде мен – кечелдин…
Хикаясын окуп алып таң калгам
Сүйүү үчүн чуркап кеткен бечелдин.

Бүт ааламды ыры менен арбаган,
Омар Хаям көктөн түшө калбаган!
Сулуу көрсө, ичкен ашын таштаган
Омар кантип аялзатка барбаган?

Билбейм Омар кай тарапка табынган?
Сөздөрү көп тура жолдон жаңылган.
Сол тараптын — осуятын көп айтып,
Оң тараптын — жайнамазын салынган.

Адаштырып канча адамды акылдан,
Орто жолдо жүрүп болду акылман.
Бирок, Омар ойлорундай дап-даана
Көрө элекмин, эч бир ырды жазылган.

 

* * *

Бүгүн дагы буйрубады алтын так,
Мезгил билбейм, кайда кетет заакымдап.
Жаратканым жазмышынан сыр бербейт
Эртең мага, кандай буйрук жазылмак?

Өткөндөрдү эске салып отуруп,
Жазгым келди ак баракты толтуруп.
Сезе албадым мезгил берген бакытты
Чөнтөгүмдө сокур тыйын жок туруп.

Келген беле тагдырыман оор сынак,
Колу бутту тушап алган тор сымак
Кыйнап жаткан ооруу менен бошотпой
Колумдагы калемим да оорсунат.

Дары таппай көкүрөктө тактарга
Кетким келет кайдадыр бир жактарга
Кирпигимдин учтарында шүүдүрүм
Ырлар менен түшүп жатты саптарга.

 

* * *

“Кыйма чийме базар ичи ызы чуу
Шаар ичине келе жатат кеч кирип
Такылдаган така менен бул дүйнө
Ар кадамда бара жатат эскирип”.

Бул сапар да ачылбаган төлгөдүр?
А жолдорум кесилишет кай жерден?
Кайда барат, кайда кетет белгисиз?
Көз каранды болот эми кимдерден?

Алыс жолдор, татаал жолдор азаптуу,
Бүтпөйт өңдүү көзүң тирүү турганда.
Биз кетербиз аягына чыга албай,
Кол куушуруп Жаратканым кылганга.

Ар бир күнүң түйүнгө окшоп чечилбей.
Кала берээр түшүнүксүз артыңда
Ал түйүндөр түрмөктөшүп чогулуп,
Акыр бир күн, күчүн салат тагдырга.

Казылбаган алтынга окшош ойлоруң,
Изденбесең кумга айланып жок болор.
Ойлонулбай текке кеткен убакыт,
Арман кылар күнүң үчүн топтолор.

 

* * *

Мээрим көрдүм жумшак жылуу колдордон
Азап көрдүм таштак тайгак жолдордон
Сен башкадан миң акылдуу болсоң да
Учур келет акылсызга кордолгон.

Сен акылман – тандап тамак ичпеген,
Сен акылман – жаман жолго түшпөгөн.
Сен акылман – бийик болуп турсаң да
Басынтышат бийлик менен күч менен.

Мейли жашоо мыйзамына көнбөгүн,
Акылыңа салгын бийик өрдөгүн.
Болгон кезде калың журтка даанышман
Акылсыздын бир огунан өлбөгүн?

Соц тармактар:

Добавить комментарий