Жусуп Баласагын менен Баласагын шаары тууралуу

Сүрөтчү К.Маленов
Сүрөтчү К.Маленов

Жусуп Баласагын менен Баласагын шаарынын аталышы эки башка нерсе. Ж.Баласагын Карахандар доорунда 11-кылымда жашап өткөн илимпоз акын, философ.Бизге белгилүү “Кутадгу Билиг” дастаны аркылуу таанылган.

Өзүнүн жеринин аталышы боюнча ал башка Баласагын. Элдик айтылган маалыматтарга караганда Карахандар династиясына чейин эл арасында акылман таанылган. Өзүнүн аты Сагын экен. Бирок эл арасында көп нерсени айтып, адилеттүү иштерди ылайыктуу чечип келген учурда, өзүнүн атын билбей, баягы бала, деп аталып жүрүп, Баласагын болуп аталып кеткен. Мунун тарыхы өзүнчө бир изилдөө. Бул жөнүндө Такырбашев деген киши жазган. Ал тарыхчы да, филолог да болгон эмес, кесиби военный болгон. Атам менен темир жолдо чогуу иштеп жүргөндө китебин бирден таратыптыр. Ошол китептен окуп калгам.

Жусуп Баласагын болуп аталып калышынын себеби ал кезде өзүнүн фамилиясы айтылчу эмес. Жашаган шаары менен аталчу. Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө XI кылымга чейин жалпы түрк элдеринде бала туулганда жашаган шаарын жана аты аталчу деген пикирлери дал келет.

Жусуп Баласагын болсо “Кутадгу билиг” дастанында өзүн чигил уруусунанмын деп атайт. Ал эми чигил уруусун тарыхчы Өмүркул Караев кыргыздарга кийирип жүрөт. Ал убакта улуттун алдыңкы өкүлдөрүнүн көпчүлүгү арабча, фарсыча сүйлөшкөн. Себеби ал убакта окуунун баары диний мүнөздө болгон. Бул туурасында Махмуд Кашгари – “Түрк сөздөрүнүн жыйнагында” жакшы чечмелеп жазып кеткен. Эң таза түркчө сүйлөгөн уруулардан онду санаган: эң биринчи Чигил, анан жарук, ябаку, кыргыз, татар деп андан ары улап кетет.

Турдубаева Назгүл, философия илимдеринин талапкери,
Жазып алган Мураскер, “Санжыра”, 14.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Жусуп Баласагын менен Баласагын шаары тууралуу: 1 комментарий

Добавить комментарий