Исакова: Көчмөн кыргызымдын жашоосун, аялзаттын турмушун чагылдырам

isakova1

Кагазга эмес, өрмөккө, болгондо да маңызы, сыры тереңге чөккөн, ойго батырган сүрөттөрдү түшүргөн, көптөгөн эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу Анара Искакова учурда С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында жана Кыргыз улуттук университетте окутуучу. 1961-жылы Нарындын Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын жана Москва шаарындагы А. Косыгин атындагы текстилдик академиянын прикладдык искусство факультетинен билим алып, Москвада бир топ жыл эмгектенген.

Анара Искакованын эмгектерине бир эле карап коюу менен түшүнө бербейсиң. Көпкө тигилесиң. Көз эмес, жүрөктөн өткөрөсүң. кубанасың. Улуу ойлорго жетеленесиң. Өрмөккө түшкөн сүрөттөрдүн жанында туруп, көпкө сүйлөштүк. «Секелек кезимен шырдак шырычумун, сайма сайчумун. Кичине кезибизде ала кийиз, шырдак жасаган апалар көп эле. Ошол апалардын шырдак кийиздерине оюм салып берчүмүн. Тамак жасап, башка оокаттарга алектенгенден көрө, көпкө дейре шырдак шырып олтурганды жактырчумун» — дейт уз сүрөтчү.

Сүрөтчүнүн жүрөгү, сезими башкача. Күүгүмдү айрыкча жактырышат. Күндүн чыгып келе жатканын же батып баратканын. Бүркөө асманды, муңдуу асманды. Адамдар көр тирлик деп жаратылыштын сулуугун сезе беришпейт. Сүрөтчүнүн жүрөгү ошол башкалар көрө билбеген ирмемди даңазалайт. Дааналап айтып берет. «Кыл калем менен эмес, терме, сайма, курак менен пейзаждык, абстракттуу жана натюрморт эмгектерди жаратам. Жаратылыш эле эмес, көчмөн кыргызымдын жашоосун, аялзаттын турмушун чагылдырам. Гобелен, панно жана бир канча түстөгү акварель менен кылдат чагылдырылчу графиканы да жакшы өздөштүрдүм.

Сүрөтчүлөр окуу жайынан жоон топ окуучуларым өсүп чыкты. «Жеке менчик ишкана ачып кетпейсиңби» дешет. Бирок баарыбыз эле жеке турмушубузду ойлоп кетсек, жаш муунга кимдин жарыгы тиет? Бизден билим алгандардын бири да жерде калбайт. Алды өз алдынча ишкана ачып, жеке көргөзмөлөрүн уюштурушууда. «Искакованын мектебинен чыккандар» деген жылуу сөздү эшитип жүрөк кубанат. Мындай учурда бардык кыйынчылык унутулуп, дагы-дагы булактардын көзүн ачкың келет», — деди сүрөтчү узатып жатып.

Сүрөттөрдүн сыры

Бир жолу тоо боорундагы туптунук булакка тигилип олтуруп, түркүн-түстүү таштарга көзүм түштү. Адамдын алаканына окшоп ар бир таш ар башкача саймаланган. Алардын тилин түшүнсөң, ар биринде катмарланган кылымдар, тагдырлар сыры катылып жаткансыйт.

Улуу жолго аттангандай эле, саймачылар узак күндүк иш башташат. Сайма сайып баштоо да бозоргон талаага жан киргизгендей, бир жазуучу жаңы чыгарма баштагандай эле иш. Узак күн, узак кеч кыйырсыз ойго чөгүп, сайма дүйнөсүнө аттанасың. Жети саймачы жана жети күн бул керемет саймалардын жаратуучулары.

Булутсуз асманда жыбыраган жылдыздар. Бышып турган буудай. Айдын нурун жамынган жалгыз аяк жол. Алыска арабасы менен узап кеткен Даниярдын обону угулат. Муңканган, сүйүүнү даңазалаган обон.

isakova2

isakova3

Нурманбетова Жамиля, «Кабар ордо». 26.07.14

Соц тармактар:

Добавить комментарий