Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!

kyrgyzhorse

Кыргыз элин кылым кыйырынан, доорлордун бүктөмүнөн бүгүнкү күнгө жеткиргени — баарыдан мурда, алдындагы карабайыр аты болду окшойт. Астындагы тулпарын ушунчалык сүймөнчүлүк, көркөмдүк менен эпикалык деңгээлге жеткире ырдаган (Аккула, Тайтору ж.б.) кыргыздай эл барбы деп сыймыктанып да кетесиң. Кыргыздын “ат, аттан кийин жат”, “аттай арка, тоодой медер” деген ылакап сөзүнүн ар жагында “атка теңдеп алчу” улуу ойдун учугу жатпайбы.

Кыргыз тулпарынын тукуму кайда?

Бүгүнкү күндө деле кыргыз ат үстүндө. Дубанды бузган күлүк-жорголордон уучубуз кур эмес. Атургай айылдык аткаминерлерден тартып, Ак үй, Көк үйдүн төрүндөгү лөктөргө чейин алкынтып күлүк, жулкунтуп жорго күткөндү кадимкидей каада катары көрүп калган. Бирок, кыргыздардын туурасы жоон, бою пас, бир караганда көзгө комсоо көрүнгөн, жал куйругу төгүлгөн, тоого-түзгө бирдей жүргөн, көкүрөктүү, бука моюн, буура сан, бөкөн таноо, бедөө аттарыбызды минип жүрүп эле жоготуп коюптурбуз. Ата мурасын кадырлап, асылдын баркын билген элде мындай болбош керек эле. Али да болсо тоолуу айылдарда сакталып калган, “саяк” жылкы дешип айрымдар мурдун чүйрө караган, жапыз, маңызы пас аттар бар. Байыркы кыргыз атын издеп кыйла жылдан бери Кыргызстанда жүргөн француз чабандеси Жаклин Рипарддын аныктамасында, булар бар болгону кыргыз аты тибиндеги гана аттар болуп саналышат.

Жаклин Рипард кыргыз атына кызыккандардын алгачкысы эмес. Кыргыз кылычын колдон түшүрө элек жоокерчилик мезгилде, тагыраагы 1834-жылы кайдан-жайдан кыргыз атына көзү түшкөн доктор Л.Лимонов жана М.Ж.Моэр деген окумуштуулар минтип жазышыптыр: “Кыргыз жылкысынын сырткы келбети сулуу эмес. Ал күчтүүлүгү, ачка-токко чыдамдуулугу менен айырмаланат. Бир канча күн тамаксыз жашай алат. 75-106 чакырымды орто эсеп менен 8,5-16 саатта басып өтөт. Ал баардык климатка чыдап, мингич жана жүк ташыгыч аттын кызматын аткарат…”

Бул кишилер тегин жазбайт. Алар кыргыз жылкысынын мүмкүнчүлүгүн айтып жатышат. Ушуга байланыштуу легендарлуу кыргыз тулпарларынан бир-эки мисал келтирейин. Тулпардын соңу эсептелген кадимки Байтиктин «Керкашкасы» Канат хандын атасы Ыбыкенин ашында ыраак чыгып келген (Тоңдун Ак-Өлөңүнүн башындагы Кызыл-Белден Кочкордун Талаа-Булак айлынын Ийри-Суусуна чейинки аралык. Болжолу 80-100 чакырым). Белгилүү болгондой, бүтүндөй түрк журтунун соңку тарыхында байгеге миң жылкы сайылган эки аш өткөн. Бири алман казагы Кененсарынын ашы (хан Кене эмес), экинчиси, бугу Солтонкулдун ашы. Экөөндө тең аттар коного чабылып (орточо аралык 60-70 км), биринчисинде кадимки Кыдырдын «Тайкашкасы», экинчисинде Чыныбайдын «Торкашкасы» чыгып келген. Бул — тарыхый факт. Эми ушул тулпарлардын тукуму кайда?

Дагы бир Г.Денио деген француз “1889-жылы 4 миллион кыргыз жылкысы бар эле” деген маалымат калтырган. Капырай, мынча жылкынын түбүнө кантип жетип койдук? Же алардын курут болуп кетишине эмне себеп болду, кимдер себепкер болду?..

“Асылдандырам” деп аягына чыгуу

К.С.Дмитриев деген орус 1879-жылы Ысык-Көлдө эң алгачкы жылкы заводун уюштуруп, жергиликтүү жылкыларды асылдандыруу иштерин баштаптыр. Анын канчалык деңгээлде ийгиликке жетишкендигин биле албадык. Бирок, кийинки совет мезгилинде уюштурулган жылкы заводдору “асылдандырабыз” деп отуруп акыры кыргыз жылкысынын түбүнө жетип тынгандыгы анык. Натыйжада, 1919-1949-жылдардын аралыгында кыргыз жылкысынын бийиктиги 1,34 метрден 1,64 метрге, салмагы 200-225 кг.дан 500 килого чейин жетип, жергиликтүү шартка анча ылайыгы жок жаңы “монстр” келип чыккан. Мындай “монстрлар”, тагыраагы, келбети келишкен, буттары узун, сулуу кыздай “суйкайган” жаңы кыргыз аргымактары согуштун алдында Будённый келгенде көрсөтүлүп, ак таңдай акындарыбыз Калык, Осмонкулдар:

Жалпайган аттар жоголду,
Жалпы жылкы оңолду… — деп, же:

Күйпүйгөн аттар жоголду,
Күлүктүн баары оңолду, – деп жар салып ырдап чыгышкан. Бирок, алиги ай чапчыган аргымактар спорт мелдештерине эле жарабаса, күндөлүк турмушка, тоо-ташка ылайык эмес эле. Ошентип аргындаштырып, чабыштырып отуруп, акыры таза кандуу кыргыз жылкылары тыптыйпыл болду.

Эшек мингизген система

Баарыдан мурда кыргызга ат күттүрбөй, колунда болгон жалгыз бээсинин кулун, тайын жылда шыпырып алып этке төгүп турган советтик теңдемечилик саясаттын кесепети катуу тийген. Мындай саясат айрыкча Н.Хрущёвдун тушунда гүлдөп, аталарыбыздын атын тартып алып эшек мингизген (бул көрүнүш союз “согум” болгонго чейин эле улантылып турду). 40-50-жылдары кыргыз аттарынын тукуму үзүлө элек болчу. Бирок, кайран жылкыларды байыркы порода катары өстүрүп-өнүктүрмөк турсун, түз эле эт комбинаттарына айдап тукумун курутуп турушкан. Кыргыз атына күйгөн илимий мекеме, мамлекеттик жетекчилер болгон эмес. Аны сактап калууга улуттук маданиятыбыз, аң-сезимибиз жетпеди. Кайсы заманда болбосун “бөрк ал десе баш алган” жер-жерлердеги “ляппай” бийлик балтанын сабындай болуп кыргыз атынын тамырын кыйып турду.

Кыргыз атынын тамчы каны

Жаклин Рипард кыйла убакыттан бери карай нукура кыргыз атын таап чыгуу максатында ат чабыш (аралык 45-50 км) уюштуруп келет. Дүйнөлүк ат спортунда мындай узакка чабуу андрюнас ат чабышы деп аталат. Атайы барып жолукканымда Жаклин Рипард бир кызыктуу фактыны айтып берген эле: “2001-жылы 47 чакырым алыстыктан чыгып келген кыргыз атын текшерип көргөнүбүздө, чабылганга чейинки жүрөк кагымы секундасына 31ди көрсөтсө, чыгып келгенден кийинкиси 34тү көрсөттү. Адистин тили менен айтканда, бул кѳрүнүш, аттын жаңы кызыгандыгынын гана белгиси. Демек, бул аттардын дагы кыйла аралыкка чуркаганга мүмкүнчүлүгү бар”. Байкап атасыздарбы, бир тамчы болсо да байыркы кыргыз атынын каны бар, айыл-апаларда мингич катары колдонуп жүргөн боз жалпак тарткан, көзгө комсоо, бирок кең көөдөн, буттары чымыр аттарыбыздан али да болсо бирдеме чыкчудай көрүнүп турат.

Жоргону минген жолдо мас

Кыргызда ат күтүү азыр жайылып баратат. Ансыз айыл жеринде оокат өтүшү кыйын. Ал эми ак сөөктөрүбүз, айтылуу байларыбыз асыл тукум аргымак күтүү менен алек. Алар карапайым кыргызга карабагандай эле, карабайыр кыргыз жылкысына анчалык күйө беришпейт. Байыркы кыргыз породасын калыбына келтирүүнү француз Жаклин Рипардга жүктөп коюп карап тургандайбыз. Арабыздан орустун Орлову чыкпай жатат. Болгон дүнүйө-мүлкүн жылкы чарбасына жумшаган бул киши болбогондо, азыркы ааламга таанылган орлов рысагы (таскактуу) чыгат беле, ким билет? Тескерисинче, азыр жорго деп жүргөн буттары узун, келишкен аргымактар аныгында ушул таскактуу аттардын тукумдары. Бул аттар бизге жайылып баратат. Алардын жорголоп баратканы (таскагы) чаап баратканга окшоп, көзүң тойбойт. Ал эми анык кыргыз жорголорунун эки жакка термелип, куйрук жалы шамалга сапырылып, төрт аягын тең таштап, жер түтпөчүдөй бөжүп келатканын карап туруунун өзү канчалык ырахат! Чыгаан жоргону беттеп ат чыга албайт. Күүсү менен күмжам кылып кетиши мүмүкүн. Анткени буттары жоон, көкүрөктүү келип, өтө күчтүү. Мындай чаалыкпаган кыргыз жорголору алыскы аралыкка чабылса, алиги таскактуу жорголорду талаага таштаар эле. Азилинде жорго өтө сейрек учурайт. Кеминде жүз аттан бирөө чыкпаса, оңой менен колго тийбеген асыл мал. Атка караганда алдаканча баалуу. Ушундай кыргыз жорголорунун тукумун арттыруу учурдун улуттук маанидеги маселеси болуп турганын сезбей жатабыз.

Каректен учкан кайран ат

Ооба, кыргыз атын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик масштабда иш алпармайын майнап чыкпайт. Анткени колдо калган бирин-экин кыргыз аты тибиндеги аттарыбыз менен алыс бара албайбыз. Азыр айрым маалыматтарга таянсак, кыргыз аты тибиндеги жылкылардын саны республикада 7-9 миңге жакын. Таза кандуулары жокко эсе. Ушулардан тандап, иргеп алып атайын адистештирилген кыргыз жылкысы заводдорун уюштуруп, анык кыргыз жылкысын табууга неге болбосун. Ошону менен бирге эле атты айлампага чаппай, илгерки кыргыздардай түз, узакка чабууну (50-60 км) практикага киргизүү керек. Бул үчүн таштак эмес, жери түзөң жерлерди тандап алуу зарыл. Буга айтылуу жерлерден Каркыра, Суусамыр эң ылайыктуу болор эле. Түзөңдүгү, жайыктыгы, келген элдин жайгашышы, ат оюндарын карап турууга ылайыктуу дөбөлөрү, чөбү, суусу, айтор, мындай максатты ишке ашырууга Каркыра, Суусамырга теңдешер жер жок. Мамлекеттик масштабда өткөн мындай ат оюндары кыргыздын башка улуттук оюндарын (кыз куумай, тыйын эңмей, эр эңиш, көк бөрү ж.б.), ошондой эле улуттук өнөрүн (төкмөлүк, манасчылык, ырчы-аткаруучулук) өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошо алар эле. Демек, кылым кыргыз атын таап минбесек, анда ата мурас жылкыбыздан айрылганыбыз ошо, тарых катмарларынан кыргызды ушу күнгө жеткизген канатыбыздын (ат адамдын канаты да) кыркылганы ошо.

Жайлоодогу карыянын айтканы

1985-жылдары болуу керек. Ал кезде азыркы КТРКнын адабият, драматургия боюнча башкы редакциясында иштеп жүргөн учурум. «Асыл адамдар» деген телекөрсөтүү бар болчу. Ошого материал даярдап келесиң деп Нарын облусуна «айдап» жиберишкен. Жай мезгили. Солтон-Сары жайлоосундагы белгилүү саанчы, чабандарды тартканы барганбыз. Ара-чолодо жашы 80ди таяп калган бир карыянын үйүнө кирип кымыз ичтик. Боз үйдүн эшиги түрүлүү. Сырттагы боз айгыр мамысын кемирип, тегеренип турат. Үй ээси кемпирине «дагы бир аз суугандан кийин агыталы» деп коюп, «кымыздан ал балам, өңүң купкуу, алдагы жүзүңө кан жүгүрсүн» деп наркынан жазбай мандаш токунуп отурат. Айгырды байкасам, тимеле жанына адам жолочудай эмес. Жер чапчып, азынаганы-азынаган. Эсиме бир нерсе кылт этти да, жанымдагы карыяга кайрылдым: «Ата, бул кыргыз айгырбы?» десем, баятан нарк кармап, аркы-беркиден кеп салып отурган карыя «эмне дейт чунак бала» деп безге сайгандай чочуп кетти да: «-Алда балам ай, сен анык кыргыз жылкыларын көрбөй калбадыңбы. Эшиктеги айгырда каны жок эмес, бар. Деле азыркы жылкыларга көзүм тойбойт. Кыргыз жылкысынын жалы тизесине жете төгүлүп, куйругу кучак болоор эле. Көкүрөгү кенен, белинин жазылыгынан учкашкан адамдын чаты жетчү эмес. Буттары жоон, көкүрөктүү, бакайы жер чийген, туяктарычы… А кезде таканы ким билиптир. Кээде гана күндөп, айлап жол жүргөндө ашуу-белдин миз ташы жеп койбосун деп такалатып алчубуз. Азыркы аттар да атпы…»

Карыянын ошо сөзү эмнегедир эсимен чыкпай калыптыр. Бирок, менин да акыркы кыргыз атын көрүп калган жайым бар эле.

Мен кыргыз атын көрүп калдым

Айылыбызда (Кочкор району, Дөң-Алыш айылы) төөчү Тенти деген адам өттү. Эмнегедир биздин айылда төө бар болчу. 1965-70-жылдар болуу керек. Азыр ойлосом чарбанын жумушчуларына союп берүү үчүн эле бакса керек. Саны деле көп эмес. 25-30дай бар. Ар кайсы жерде жайылып жүргөнүн көрүп калчубуз. Ал кезде тестиер балабыз да, аябай коркоор элек. Ал төөлөрдү Тенти таяке багаар эле. Мингени болсо кишеней тургансып тумшугун тик көтөрүп, улам алдыга жүткүнүп баскан тору айгыр. Айылдыктар бир ооздон кыргыз айгыр деп койчу. Жалы тизесинен ылдый куюлган, кучак келген куйругу жер чийген, көкүрөгү жардай, бир калыпта шайбырлата баскан, топ аттардын жанына байлай койсо айлана-тегерегин тимеле жеп жиберген ажаан айгыр эле. Баспаган төөсүбү, буурасынбы, атырылып барып толорсугун үзүп алчу. Анан он эки чапсаң бир баспаган кашаң да боло турган эле менимче. Буура кекчил болот. Кышында киргенде буураны беттеп жан баралбайт. Ал эми Тенти аксакал тору айгыры менен баратканда кирген буурасы да кирерине жер таппай, айдаган жакка басчу. Кийин ошол кышында кирген бууралардын бири айылдын ферма башчысы Кубатбекти кубалап аз жерден чайнап кое`жаздаган экен, ачуусу менен болгон-бүткөн төөлөрдү этке төктүрүп тынган.

Төөлөрү этке төгүлгөндөн кийин Тентинин тору айгыры чабандарга өттү. Ар ким минип калды окшойт. Бир көргөнүм Тору айгырды Кыркаяк деген (азыр да бар, айылдын аксакалы) чабан минип калды. А кезде кер муруттуу, көздөрү күйүп турган жигит кези эле. Ийри-Суу жайлоосунда коңшу отуруп калдык. Бир топ бээ байлайт. Тору айгырды минип эки-жакка барып келип, эшигинин алдында суутуп койгондо, жал куйругу төгүлүп, үйүрүн карап жер чапчып токтоно албай азанап турган көркөмү азыр да көз алдымда.

Ошол маалда чарбанын жылкыларын асылдандырам дешкенби буттары узун, кол жеткистей бийик, айсарала айгырды кайдан-жайдан алдырып келишкен. Тимеле асман-айга түйүлүп ыргыштайт. Жылкычылар бизден өйдөрөөк жакта, төргө жакын отурукташкан. Баягы айдай суйкайган айсараланы айгыр салышты. Бир күнү эле эрте турсак, тегеректин баары эле жылкы, чыңырган кулундар. Көрсө, тору айгыр тиги чакчаңдаган, сыланган айгырды түн ичинде төрдөн «кармап» алып, каалашынча ийлеп, үйүрүн тартып алып, айдап келе бериптир. Муну уккан ферма башчы Кубатбек аксакал айсараланы алдырып бычтырып, ат кылып минип алганын көрүп эле жүрдүк. Анын үстүнө шыйрагы узун неме биздин тоолорго баса да албайт экен. Ал эми тору айгырдан ошо тегеректеги чабандардын баары сестенчү. Анткени, алардын зоот чалыш айгырларын жакындаса эле «жалмап» коерун билишчү. Ажаандыгында чек жок эле. Кыргыз айгыр эмеспи деп коюшчу. Кийин кайран тору айгырды этке төгүп жиберишти окшойт. Ошону менен айлыбызда акыркы кыргыз аты жок болду. Мүмкүн андан калган чалыш тукумдар азыр да жүргөндүр. Ичимден ошого шүгүр дейм. Мунун баарын эмнеге айтып отурам. Оо кийин Жаклин Рипарддан кыргыз атын кандай элестетээрин сураганымда, кудум баягы тору айгырдын турган турушун айтып бергенде оозумду ачып, маңдайында делдейип отуруп бергеним эсимде. Көрсө, таза кандуу кыргыз жылкысы кийин эле жоголуптур. Аттиң, кадырын билбей калыптырбыз.

Араб жылкысы кантип сакталып калган

Эл болгондон кийин ар бир элдин өзүнө таандык маданияты, каада-салты, көөнө тарыхы, тили болот. Ошон үчүн эл, улут аталабыз. Байыркы замандарда араб бедуиндеринде аттарын башка элге сатууга же аргындаштырып тукумун бузууга катуу тыюу салынган. Ал үчүн өлүм жазасына тартышчу. Араб аргымактарынан көзү күйгөн башка мамлекеттердин хандары алтынга да ала алышчу эмес. Ушунун өзү араб жылкысынын көп кылымдарга чейин таза кандуу калышына шарт түзгөн. Европага, оо кийин кресттүүлөрдүн бул өлкөлөргө болгон чабуулунан кийин гана жайылган. Азыркы англис тукумундагы жылкылардын атасы да ушул. Байкадыңарбы асылдын кадырын билген элдин салтын.

Ал эми түркмөндөр ахелтекин аргымагын бүгүнкү күнгө чейин жеткире алышты. Бул элдин алабай деген карышкыр басар иттери бар. Атайы мыйзам менен корголот. Ахелтекин аргымагын же алабайды сыртка чыгарышса, баштары кетиши мүмкүн. Ошондой эле азербайжандар карабайыр аталган жылкыларынын чекесине черттирген жок. Бул элдер деле советтик системаны баштан өткөрдү эле, бирок, байыртан бери кабыргасы менен тең бүткөн аргымактарын, карышкырды түлкүдөй алган алабайын сактап калышпадыбы.

Бизде ар-намыс барбы?

Ушундан улам суроо туулат. Бизде андай аттар жок беле? Легендарлуу “Керкашка”, “Нарбаш” баштаган тулпарларды эмне түркмөндөрдөн же арабдардан алып келдик беле? Алабайды айтабыз, аз жерден тайганыбызды жоготуп ала жаздабадыкпы. Бизде деле карышкырга чабар жүндөрү сапсайган, өңү жолборс темгил же капкара кыргыз дөбөттөрү бар эмес беле. 60-70-жылдарда чабандардын дээрлик баарында эле бар болчу. Күркүрөп үрүп чыкканда, коктунун ичи жаңырып, андай дөбөтү бар үйгө атчан киши бастырып бара алчу эмес. Ал кезде жылына бир-эки жолу үймө-үй кыдырып, итиңди байлап койгон жеринен атып кеткен ит атарларды уюштуруп турушчу. Тайган экенине, дөбөт экенине карабай кырып турушчу. Ошентип, асылдандырымыш болуп кыргыз атынын, атып жүрүп тайган-дөбөттөрүбүздүн түбүнө жеткиришпедиби.

Койгула, бул ата-мурас атыбыз эле, тигил тайган-дөбөтүбүз эле, таза тукуму сакталсын дешпей, интеллигенция ийне жутуп алгансып унчукпады. Көөнө маданиятты түшүнгөнгө көрөңгөсү жетпеди. Ушуга байланыштуу өткөн жылдарда “Манас” аэропортунан кармалган, араб өлкөсүнө алынып кетип бара жаткан ак шумкар эсиме түшүп жатат. Сыягы, андан кийин да жети ителги кармалды окшойт. Ошолор өздөрү кармап алышкан жок да. Анча-мынча теңгесине кызыккан биздин бака баштуу, айры буттуу атуулдар кармап берип жатат да. Атаңдын көрү, кыргыздын Ала-Тоосунун көркү болгон ак шумкардын куну жок экенин ал маңкурттар түшүнмөк беле. Араб шейхтери кыргыздан кемпир алат элем, 500 миң доллар берет элем десе, уктап жаткан энесин ала кийизге ороп чыгып, кармата бергенден кайтпаган айбандар булар. Башка не дейин. Кыргыз аты, тайганы, дөбөтү, асмандагы кушу, жердеги жан-жаныбарлары, тоо-токою канча кылымдар бою канын төгүп коргоп келген ата-бабаларыбыздын бизге калтырган ыйык мурасы экенин билишибиз керек, улуу журт!

Соңку сөз

Кыргыздар минип жүрүп алдындагы атынын кадырын билбей жоготуп алганы менен, анын кандай жылкы болгонун дүйнөлүк цивилизация жакшы эле билет экен. Ааламдык “Жылкылар” энциклопедиясында мындай деп эле бадырайып жазылып турат: “…Монгол аты тибиндеги жылкы. Өтө чыдамкай. Чарчап-чаалыкпайт. Тез жүрөт. Кыргыз аттарынын ичинен жорголор көп чыгат. Денеси келишкен көркөмдүү. Арка-мойну кыскараак. Бирок абдан чың. Жамбашы жазы, булчуңдуу. Буттарынын тарамыштары даана чыгып турат. Туягынын катуулугунан алыскы жолдо такалап да кереги жок. Чапканда 20-30 вёрст (болжолу 500-700 м) аралыктын ар бир вёрстун 1 минута, 36 секундда басып өтөт…”

Ушундай кыргызым. Ошентип, ааламга белгилүү таза кандуу аттарыбыздан айрылып калганбыз. Эл деген казына. Али да болсо андай тулпарларыбыз эл ичинде жүргөндүр. Ошондуктан чукул арада кыргыз аты мамлекеттик заводун, кыргыз тайганы, дөбөттөрү питомниктерин уюштурушубуз зарыл. Андан каражат аябоо керек. Учурда кыргыз тайгандарын баккандар арбып калды. Аларга да мамлекеттик колдоо керек болуп турат. Бир сөз менен айтканда, Аккуланын, Кумайыктын, Ак шумкардын тукумунан ажырап калууга акыбыз жок. Анда эл болгонубуз кайсы. Бул асылдарды калыбына келтирип алсак, бара-бара улуттук символубуз болуп берээрине көзүм жетим турат. Чамдайлы, кыргыздар. Баса, мурдагы жылдары биздеги айрым азаматтар Алтайдан (Акай Кинеден) Аккуланын тукумун алып келебиз деп барып да келишкен жайы бар. Атаңдын көрү, Манас атабыз эмне Алтайдан бул жакка Айманбоз, Аккула минбей жөө келди беле деп сурап койгон жан болгон жок. Аккуланын тукуму Алтайда эмес, бизде. Ошону биле жүрсөк…

Темирбек Алымбеков, «Кыргыз Кабар», 01.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий