Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Уландысы. Башы)

sh_duisheev_til

***
Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган. Сүйүү мени кат жаздырган, сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан, «Манас» айттырган, ыр жаздырган, сүйүү мени уктатпай, ысылатып, чабалактатып чыккан. Сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетмекмин. Мени сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн мен да сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан болгондуктан мен кийинки жылы суранып жатып, ошол короого сакманчы болуп баргам.

***
Мен эң жакшы тилегимди, эң таза каалоолорумду бала кездеги жазган каттарымда билдиргем. Тилекке каршы чын пейилден чыккан сөздөрүмдүн кудурет-күчү, касиети ал кыздарга жетпей калды. Анткени, алардын бири да менин жазган каттарымды окуган жок, окубай туруп эле тытып салып жатты. Ошол жазган каттарымдын четин эле окуганга мен аларды сүйгөндөй балким алар да мени сүйүп калат беле деп азыр да ойлой берем.

***
Атырга аябай өч элем. Студент кезде бирөөлөрдүн бөлмөсүнөн атыр көрсөм чап жабышып, алаканыма «төгүп» жиберип, ээси кирип келгиче мойну-башыма шыбап жиберип демимди басчумун. Айрыкча «Лаванда» менен «Шипр» көрсөм баса калчумун. Атыр себингенден кийин топтошуп турган кыздарды көздөй түз «качырып» барып, жандап өтүп, истребитель артына из калтырып учкандай, артыма атырдын жагымдуу «жытын» калтырып узап кетер элем.

***
Мен муну, мага кыздар көңүл бура тургандай эч нерсем жоктугунан эмес, жөн эле адам болгон соң өтүп кеткенден кийин артында бир жакшы нерсе кылыш керек да деген ой менен жасачумун.

***
Атырды «жакшы» себингеним менен атыр тандаганды да, өзүмө чак кийим тандаганды да өмүр бою үйрөнө албай койдум. Муну досум Нуралы жакшы айтып берет.

***
Азыр да «Дордой» базарына бара калганда базар аралап убара болгум келбеген жаным биринчи эле жолукканын барып «баса» калсам «кытайдыкы эле, кытайдыкы!» деп Зейне бакырып жиберет. Бакырып жүрүп эле бара-бара кытайдыкынан башканы кийбей калдык.

***
Бүгүн айыл менен мени туташтырган «жип-шуулардын» көбү үзүлүп, көбү эскирип бүттү. Ата-энемди көргөн адамдар улам азайган сайын айыл да менден улам алыстап барат.

***
Айылдын жаңы төрөгөн аялдай шапайып, аксаргыл тартып, өзүндөгү болгон жашылынын баарын үймөк чөптөрүнүн үстүнө жаап салып, өзү самандай саргарып, аңыз аралап кетип бараткан күзгү талааларын же кылайган ала калтырбай, аязы акактап, бороону боройлоп, асман-жердин чегин көрсөтпөй, ак кар, көк муз басып, тунуп жаткан кышкы талааларын эстегенде жол бойлоп «ырдап» бараткан ошол эки үндү эстейм. Ошол эки үн өмүр бою кулагымдан кетпей калды.

Бири – зымкарагайлардын үнү.

Бири – Торугарт жолундагы «SUнун” машиналарынын” үнү.

***
Ат-Башынын «кызыл көпүрөсү» аркылуу Бишкек-Торугарт жолунан Кытайды көздөй жүк тарткан машиналардын уңулдаган үнү аркы өйүз менен берки өйүздөгү ат-башылыктарга тынбай угулуп турчу. Айнегинде «SU» деген жазуусу бардан уламбы, биздин эл аларды «SUнун» машиналары деп койчу. Ак-Сай мен Арпага каттагандар да «SUнун» машинасы менен бардык», «SUнун» машинасы менен келдик» дешчү.

***
Кара-Суунун жолунда баратып Ой-Терскенге чейин шашпай угулуп турган ушул машиналардын үнү өзү менен кошо менин кыял-оюмду да алда кайда алып-учуп, жетелеп кетер эле. Машинаны айдап бараткан шоопур болобу, ичинде бараткан жүргүнчүсү болобу, кимиси болбосун ушул машинеге түшүп алып жомоктогу керемет жакты көздөй кетип бараткансып, ошол кабинанын ичинде мен болуп калбаганыма ичим бышып, өзүм түшүнбөгөн, өзүмө белгисиз, бирок дайыма ээликтирип, дайыма бир жактарды көздөй азгырып турган нерселерге кусаланып берер элем. Мага өзүм жашап жүргөн айыл эмес, башка айылдар, башка жерлер кызык сезиле баштаган эле.

***
Ошол Бишкек-Торугарт жолу менен тынбай каттап турган «SUнун» машиналары менин балалыгымдын бир барагы калган Казыбек айылынын тушуна жакындап барып, андан ары Ак-Сай, Арпага андан ары Кытайга кетчү, ким билет, мени сагынткан, мени кусаланткан, мени сырдуу жактарга жетелеген нерселер мүмкүн ошол жакта калган балалыгым беле, айталбайм.

***
Ал убакта Ат-Башы району Кытай менен чектешкен чегара район катары совет өлкөсүнүн өзгөчө көзөмөлүндө тургандыктан ат-башылыктардын паспортунда «ПЗ» — пограничная зона деген атайын белги болгон. Нарындан Ат-Башыга өтө турган кууш капчыгайдын оозун күндүр-түндүр жашыл фуражкачан орус чегарачылар күзөтүп турчу. Ошол жылдары мен жаш жазуучулардын Бүткүлсоюздук фестивалына катышу үчүн барганда да орустардын чек ара шаары болгон. Владивостокко «П3» деген белгиси бар «ат-башылык» паспортум менен оңой өткөм.

***
Комсомолдун Нарында өткөн облустук конференциясына жумгалдык делегатция менен келип катышып жаткан жеринен Зейнени Ат-Башыга «ала качып» кеткендеги окуясы эсимде. Биз классташым Жусуптукуна келип, Рыскүлдүн даярдай салган тамагын ичип, Жусуп жигулисин айдап, КГБда иштеген теңтушубуз Тимурдун жардамы менен чек арадан тоскоолсуз өттүк да Ат-Башыга зуу койдук. Тимур документтерибизди текшерткен жок. Анткени чегарачылар КГБга баш ийчү.

***
Кийин уксак, Зейненин «жоголгонуна» чуу түшкөн бир автобус жумгалдык «кайын-журтум» кууп барабыз деп эртеси Ат-Башыга жөнөп, бирок чек арадан өталбай, супсундары сууп кайткан экен.

 

ТЕНТИГЕН

Ат-Башынын Күн чыгышы аркылуу Ак-Сайга барчу жол боюнда менин дагы бир Өзгөрүш деген керемет айылым бар. 72-жылдары ошол айылдагы Тентиген деген кишинин «шпион» кармаган «эрдиги» элдин күбүр-шыбырынан түшпөй турган кези.

***
Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов бир жолу «эрдик» жөнүндө:

– Согушта кантип эрдик кылсам деп ойлодуңуз беле? -деген суроого:

– «Кантип эрдик кылам?» деп акмак эле ойлонбосо, антип эч ким ойлонбойт. Согушта «аман калсам экен» деп гана ойлонот, -деген эле.

***
Агезде темирдей тартип, чегара катуу кайтарыкта. Нарындан ат тезегин кургатпай «атайын» кишилер келип, жер-жерлерде чогулуш жасап, арабызда совет өлкөсүнө жакшылык каалабаган карасанатай күчтөр көп экенин, андыктан Ат-Башынын ар бир айылы, ар бир кишиси өзгөчө кыраакы, сак болушун, кандайдыр бир шектүү адамдар байкалары менен дароо чегара заставасына билдирүү керектигин кулакка куюп кетип турар эле.

***
Айрыкча 69-жылкы Даманск заставасындагы окуядан кийин Кытай-СССР алакасы мурдагыдан да бузулуп, ана согуш чыгат, мына согуш чыгат болуп, эки өлкөнүн мамилеси устаранын мизинде турган кези. Армия мылтык менен жатып, мылтык менен туруп калган.

***
Ошондой күндөрдүн биринде «Тентиген Ак-Сайдан «шпион» кармаптыр, шпион Кытайга барчу жолду таппай адашып калып, аябай курсагы ачып, таштын үстүндө олтурса өзгөрүштүк Тентиген көрүп калып: «жүрү, Кытайга барчу жолду мен көрсөтүп берем» деп алдап үйүнө алып барып, тамак жеп олтурганда аялы экөө баса калып, буту-колун байлап жиберип, солдаттарга кабар бериптир» деген сөз биринчи жаңылыкка айланды.

***
Ал окуя мындай болгон дешет.

1972-жыл. Жука кардын сөөгү жаткан февраль айынын каткалаң карын тепсеп, сарайын айланган Анапиянын алдын бейтааныш, өмүрүндө көрбөгөн орою суук орус тосту. Жанында шишимик көз, кыргыз кебетеленбеген дулдук кара бала. Кайыш куртка, шырымал шым, бутунда жүнү тышына аңтарылган тирукмуш өтүк, башында көчүгү желкесин жапкан башкача түлкү тумак, эңгезер бойлуу, эжигейдей эме экен.

***
Орусча бир ооз сөз билбеген, кокус орус жанына туруп калса «бирдеме деп орусча сүйлөп ийсе сүйлөй албай калып уят болом» деп «качып» барып башкалардын ийининен башын чыгарып карап турганда гана жаны жай алган Анапиянын жүрөгү кабынан мына-мына ыргыганы турду. Бул орус Ак-Сайдын заставаларынан күндө болбосо да күн алыс көрө калып жүрчү ак тончон, мылтыкчан, беш жылдыз куру, беш жылдыз тумагы бар, чегарачы орустарга такыр окшош эмес эле.

– Мен геолог. Ушу мага ат керек, — деди ал.

– Ат бар, ат бар, азыр, — деп шашып сүйлөп, ичинен титиреген Анапия атын басып баратып минген бойдон Күйгөн-Өтөктөгү Тентигенди көздөй чү койду. Шекшиди, кыштын күнү кайдагы геолог? Артын караса тигил экөө ээрчип алыптыр.

Анапия ансайын ылдамдады. «Дагы баягыдай болбосо экен» деп, анан баягы Жакен экөөнүн «шпион» кармаганын эстеп баратты.

***
Анда жай болчу. Анапия көңдүн тоборсуй түшкөндөрүн оодарып болуп, короодон жаңы эле сыртка чыкса:

Апсаям, сапсаям,
Ак-Саян! Ак-Саян!
Тара-там! Тара-там,
Ташты минип баратам!-
деп, олбуй-солбуй жулкунуп, оң-тетири теминип, ой келгендей кыйкырып, таштын үстүндө бийлеп аткан бирөөнү көрдү. Бети көрүнбөйт, башы жалаң чач. Өмүрү мындай балээни көрөлек эле. «Сөзсүз шпион» деди ичинен. Кудай жалгап «кульцентрдин» башчысы Жакен аке эки саат мурда келип, эс алып алайын деп үйдө жаткан. Чуркаган бойдон кирди.

– Жакен аке? Тур, айланайын! Шпион жүрөт! Болгондо да тирукмуш шпион! Таштын үстүндө туруп алып Кытай менен сүйлөшүп атат! Тезинен заставага кабар кылбасак болбойт.

Жакен табиятынан атка жеңил, тайга чак, чыканактай болгон кара киши эле.

– Ыя! Эмне дейсиң? Сүйлөшүп атат дейсиңби? — деп угуп бүтпөй эле уйкусу умачтай ачылып, жаткан жеринен секирип туруп өтүгүн кийди. Жарыша чыгып «шпионду» карашса, күрмөсүн чечип салып, жалаяктай ташка жайылып олтуруп, бирдемелерди чиймелеп аткан экен.

– Азыр эле бакылдап кытайча сүйлөп аткан, эми карачы күспүрүштүн, Ак-Сайды картага түшүрүп атканын,- деп шыбырады Анапия.

– Бул жакында кете койчу түрдөнбөйт. Атка мин да малчыларга чап. Мен алаксытып турайын,- деди Жакен.

Анапия атына минип чапкан бойдон кетти. Жакен «шпион багып» сарайда калды.

***
Чабандар тез эле жыйналды. Дагы кандай күн болуп кетет дегенби, кээ бири мылтык асынып, кээ бири такымына союл кысып алган экен. Баарын Жакен башкарып жатты.

– Ашыкча чуу кылбайлы. Кол кайтарбаса жөндөн жөн эле уруп-согуп ийбей кармайлы? -деди ал.

Чачы чакчелекей түшкөн эме экен. Чабандар ороп кирип барганда эле жайтаңдап тура калып:

– Атсаломалекумдар!- деп учурашты.

– Сен кимсиң?- деди Жакен.

– Акынмын.

– Текшергиле! — деди Жакен.

Куралы жок экен. Карандаш менен кагаздан бөлөк эчтекеси жок экен. «Шпиондордун карандашка окшогон мылтыктары болот, кнопкасын басаары менен ок атылып мээге тийет» дегенди угушкан ат-башылык малчылар тигинин акындыгына да, карандашына да, кагазына да ишенген жок. Карылуу немелер «кытай шпионунун» колу-бутун капшыра кармап, «чек ара кайтаргычтардын» жазылбаган мыйзамына ылайык заставага тапшырып, кыраакылыктары үчүн «ыракмат» угуп кайтып кетишти.

***
Комсомолдун Борбордук Комитетинин жанын койбой, Ак-Сай жөнүндө ыр жазчумун деп суранып барып, «шпион» деп кармалган ошол киши азыркы Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов экенин бүгүн саналуу эле кишилер билбесе эч ким билбейт.

***
Ат-Башынын малчылары жайкысын кыштоолорундагы жапсарды кашкулак ойгондой оюп жиберип, суур казгандай казып жиберип жер алдына кирип кетет. Катын-бала, казан-аяк, жууркан-төшөнчүсү кенен баткыдай үй жасап алып кышы бою былк этпей чыгат. Лепилдеп жылуулугун сураба.

***
Супаранын бетиндей тегиз жерден киши карааны көрүнө калып, кайра жок болуп кетип аткан жер Ак-Сайдын Күйгөн-Өтөк кыштоосундагы ирикчи Тентигендин жер кепеси. Тепкедей терезеси да бар. Төрдө бир кертим жүк. Төбөсүндө жалаң «Советтик Кыргызстан» менен «Ленинчил жаш» гезиттери чапталган. Эр жагында көрпөчөлүү ээр, эпчи жагында чий каланып, бакандын башы чыгып турат.

***
Тентиген Анапияны Корумдудагы заставага жөнөтүп, кошунасы Абдылда болуп «меймандарды» тосуп жер кепеге кийирди. Шарипа дастаркон жайды. Тентиген «меймандын» оң жагына олтуруп, бир-эки чыны чайдан кийин документ сурады. Орус коюн чөнтөгүнөн документ эмес эле тапанча сууруп келатканын байкап калган Тентиген буйдамга кетирбей баса калды. Тигил болбойле үстүндөгү Тентигенди иримдеги чамындыдай айлантты. Кармаган жерин өмүрү коё бербеген тентиген чыкпай жабышты. Көтөргөн бойдон туруп жөнөгөндө өтүгүнүн согончогу менен алаага тепти. Орус бүктөлүп баратып атып жибергенге үлгүрдү. Тапанчанын огу Шарипанын кулак түбүнөн учуп өтүп жеркепени тешип чыгып кетти. Үйгө топурак, кык, кар куюлуп, жанагыдан да беш бетер бырыксыды. Жанаарак шашып чыгып кеткен Абдылда үйүнөн апкеле калган огу жок мылтыгын оруска кезеп сүр көрсөтүп турду. Жаңы кашайган Шарипа эсине эми келди окшойт, темир табак менен орусту баштан ары басып-басып алды.

***
Бир сааттан кийин ити менен жер жайнаган чек арачы аскер келди. Келип эле «колго түшүрүлгөндөрдү» жер кепеден сыртка алып чыгып, колуна кишен салып кардын үстүнө көмкөрөсүнөн жаткырды. Ат-Башы районунун, Ак-Сай менен Арпанын картасы, пистолет, бычак чыкты. Жанындагысы дунган бала экен.

***
Тентигенди Нарынга апкетип «Отличник пограничной службы» деген төш белги, акчалай сыйлык менен сыйлады. Аялы Шарипага «сковородка» менен башка чапкан эрдиги үчүн япон жоолук берди.

***
Чегараны бузган «шпион» Ак-Сайлык малчылардын кыраакылыгын текшерүү үчүн атайы жөнөтүлгөн киши экенин чек ара кызматынын башчылары Тентигенге айткан жок.

***
О, анан Тентигендин доору башталды белем!

«Жигули» сатып алганга чейин кыргыздын илгерки №1-революционери Таабалды Жукеев-Пудовкин кызуу болгон сайын кыздан сууруп алган кылычын жалаңдатып, «Совет өлкөсүнө ким каршы болсо башын алып таштайм!» деп Нарындын жалгыз көчөсүнөн бир маал татырактатып ары-бери саап өтүп турган өңдүү Тентиген да Ак-Сайдан келе калган күндөрү Өзгөрүштүн көчөсүнөн чаап өтүп турду. Ат-Башыга барганда «Жеңиш жолу» гезитиндеги тең тушу Токтогулга жолугуп «шпионду» кантип кармаган эрдигин айтып мактанып алып кетчү. Ал Ак-Сай же Ат-Башы тараптан келатканда Өзгөрүштүн жолу как жарылып:

–Баягыл «жинди» келатат,- деп бир даары тескери бурулуп.

–Шпион кармаган акем келатат,- деп келин-кесектер шыбырап.

–Тентиген байке! Тентиген байке!- деп балдар үйлөрүнөн атып чыгып, жолдун боюна томолонуп чуркап, Тентигендин аркасынан жетпей бозала болуп самсаалап бараткан чаңды узатып карап калаар эле.

***
Тентиген Ак-Сайга баратып да Кызыл-Булактагы заставанын эшигин тээп кирип, «Жигулисинде» олтургандарга:

–Эмне жейсиңер? Котлетпи же балыкпы?- деп бакылдап, «котлет» деген эмне деген балээ экенин билбеген ат-башылыктар бирин-бири карап:

–Балык эле жейбиз,- балбылдаганда, Тентиген өз үйүндө жүргөнсүп бака-шака түшүп балык кууртуп берип кайрадан жолун улачу. Тентигенди Ак-Сайдын бардык заставасы өз кишисиндей тосуп алып узатты.

***
Анын оозунан эмнегедир:

–Чака-чука чайнек,
Бөтөлкөсү айнек,- деген ыр түшчү эмес.

***
Ат-Башылыктар Тентигенди чын эле жыргап жүргөндөй сезчү. Бирок анын эч кимге айтылбай турган, айтууга болбой турган арманы барын, анысы башы менен кошо кете турган жашыруун сыр экенин эч ким билчү эмес.

***
Апасы ыраматылык анын милийсада иштешин такыр каалаган эмес. Ууру кылганды, ушак айтканды жаман көргөн, чындык десе өлүп бергенден кайра тартпаган уулунун мизи так ошол чындык издеген жерден сынарын, бутакка тытылаарын ойлобогон шамалдай алып-учуп даалдаган неме акыйкаттыктын өзгөрмө өңүн, булганма жүзүн көргөндө ыйманы самандап, акыйкаттык деген акыйкаттыкты орнотом деген жерде жок болорун эне жүрөгү сезсе керек.

–«Кызмат деген колдун кири» деп тегин жерден айтыппы? Кызматка көнүп алган жаман болот, кызматка канча көнсөң ошончо кирдейсиң. Жети кишиге көз болгондон көрө жети жүз койго көз болгон артык, «Киши арыгын байласаң төбө каңдайт, мал арыгын байласаң ооз майлайт»,- деп атып эле койчу кылып, Ак-Сайга апкелип таштаган күндөн бери далай заман өтүптүр.

***
Үйлөндү. Анан бир короо ирик багып кой артынан кетти. Кандан-бектен кайра тартпаган эр мүнөзү, кайраты, жапайы күчү менен бат эле малчылардын башы болду. Кудайдан бөлөк эч ким жете албайт деген Ак-Сайга КГБ – Коопсуздук комитети жетти. Агезде КГБнын колу жетпеген жердин үстү да, асты да жок болчу. Тентигенди эки күн «алдейлеп» жүрүп, эркиндигине кишен салды. Заставага алып барып «түшүндүрүү» иштерин жүргүздү. Тил кат алып, «агентке» айлантты.

***
Ошондон тартып Нарындан келген киши каалаган маалда келип алып кетип, каалаган маалда апкелип жүрдү. Кээде чапаны дал-далынан сөгүлүп, ит талагандай таланып, буту-колун тарталбай келип сулар эле.

***
Кээде чегараны бузуп өткөн «шектүү киши» катары сайдан-сайга салып, таштан-ташка кубалап, чегара кайтарган совет аскерлеринин кыраакылыгы менен иттеринин алгырлыгын Тентиген менен сынады. Тентиген СССРдин чегарасын кайтарган киши катары өзүн катардагы малчылардан башкача жаралган адамдай сезчү. Бирок ичинде ошондой сезимдер менен бирге көкүрөгүн түпөйүл кылган, бирок анын эмне экенин өзү да жакшылап түшүнө бербеген башка да бир нерсе бар эле.

***
Сайдан сайды кечип, тикенек зымдарга тытылганын, «качып» баратып итке таланганын жан кишиге айтчу эмес эле. Айтууга болбойт болчу. Айтууга болбой турган нерселер барган сайын өлүк көмүлгөн бейиттей көңүлүнөн чоло жер калтырбай көбөйө берип, жүрөгү «мүрзөгө» айланып калганына чыдай албай кеткенде «жеңилдер бекемин» деп арак да ичип көрдү. Ага да болгон жок. Ат-башылыктардан далай аракеч чыкса дагы Тентигенден аракеч чыкпай койду.

***
Алаксыш үчүн кайыш да кармады. Кайкалатып камчы да өрдү. Көмөлдүрүк жасап, көңүлү түшкөн кишиге тартуулап да жүрдү.

***
Айрым бирөөлөр сатып алган машинасын дөөтү деп дөңгөлөгү менен кошо айланып, жели менен кирип, өөп-жыттап, аяп минсе Тентиген «Жигулисин» Өзгөрүштүн да, өмүрдүн да өөдө-ылдый жолунда өпкөгө «тепкилеп» минди. Ак-Сайдын ой-кыры менен кокту-колот, төрүндө да, дөңүндө да койду машина менен кайтарган жападан жалгыз «жинди» дүйнөдө бирөө болсо ошол Тентиген болду.

***
Бир кыялы кармаганда дүкөнгө ат-маты менен кирип барып, тизилип турган жеринен эки бөтөлкө аракты эңип алып чөнтөгүнө салып, Лениндин сүрөтү бар он сомдуктан экини таразанын табагына таштап коюп чыгып кетер эле.

***
Ак-Сайдан сый-урмат тапты. Бирок качан болсо кара таштай басып, көкүрөгүн мыкчып турган балээден арылтар айла таппай, аны «таштап» салчу жерди кайдан гана издеген жок. Аны тоодон, таштан, күндөн, амалы түгөнгөндө үндөн да издеди. Үнү жакшы эле. Ак-Сайдын киши буту басалек адырмак талааларын аралап озондоп ырдады. Бирок издегенин тапкан жок.

–Шаарда окусам Миңжылкиевди ээрчип кетет элем, — деп калчу.

–Ой ата, андан көрө Жакенди ээрчиген жакшы эмеспи, — дечү бир көзүнөн бир көзү начар көргөн Асанбай. Жакен дегени Фурунзе менен Нарындан келген чоңдордун баары адегенде ошонун үйүнө барып түшө турган Ак-Сай өрөөнүнүн «кульцентринин» башчысы болчу. Тентиген ойдо, тоодо, отурушта да ырдады. Бирок:

–Ырдап койчу? — деп суранган жан болбоду.

***
Шартылдатып комуз чертти.

–Филармонияда иштесем Шекербек Шеркуловду ээрчип кетет элем, — дечү.

Бирок «чертип койчу?» деп суранган жан болбоду.

***
Ак-Сайдын малчылары шерине жеген сайын андан:

–Баягы өнөрүңдү көрсөтчү?- деп суранып турчу.

Тентиген ошондо торпоктой ириктин кашкайта мүлжүлгөн жиликтерин майлыкка орой салып, балка менен жанчкандай жанчып, бир заматта сындырып салар эле. Чабандар дуулдап, кубаттап, өздөрү сындыргандай шерденип тарачу.

***
Кезбеген жерди кезгенден, кечпеген сууну кечкенден каниет алган Тентигендин кылган кылыктары кээде акыл-эси ордунда турган адамдарды да жанынан түңүлтчү. Бир жолу кеч күздө аталаш агасы каза болгонун Ак-Сайда жүрүп кеч угуп, кабар өлүк коёр күнү келип, Кында менен айланып барса топурак салалбай каларын ойлоп чыдай албай, атынын төрт бутуна кийизден «байпак жасап» кийгизип алып, ак кар, көк муз каптап, жолу бүтөлүп калган Үйүрмөнүн ашуусунан ашып келип өкүрүп түшүп, өзгөрүштүктөрдүн жакасын карматкан.

***
Алгач аны Ача-Кайыңдыдагы бирөөдөн көрүп эле жактырды. «Кулундуу бээ берейин, мага бер» деп ээсин көндүрө албай коюп арманда кеткен. Ошондо кайран Ак Боз жыгач дарбазалуу бийик коргондун төрт бурчунда айлан көчөк атып, бышкырган сайын таноосунан көк буу чыгып, отко түшкөндөй чимирилип, улам-улам кишенеп, ай-асманга түйүлүп тура калып, тура калган сайын жалын чачкан көздөрүнө талаа таянып кеткен адыр-жон тартылып, эркиндигине кишен салган бул тозоктон кантип кутулуп чыгаарын билбей айласы куруп турган кези экен.

***
«Баягы Ак Боз ээсин сүйрөп өлтүрүптүр», «Жок аялын тээп өлтүрүптүр» деген кабар жетери менен Тентиген Ак-Сайдан «учуп» жетип этсоюзга төгүп жок кылганы жаткан жеринен Ак Бозду сатып алып, Ак-Сайга алып кетти. Ошондо көптөн берки көңүл дартынан кутулгандай бир жеңилдеди. Көрсө азоого азоо керек болгон экен. Ошол бойдон Ак Бозду өмүрү өткөнчө минди. Жанында бара калсаң жамбашын солбуй калып, жанына жан жолотпой алачакмактап турган азоо Ак-Боз ээсин көрөрү менен окуранып алып тынчый түшчү. Тентиген да башкаларчылап атын байлачу эмес, чылбырын бош таштап, тизгинин ээрдин кашына илип салып кете берчү. Ак Боз Тентиген келгенче жылбай күтүп туруп, Тентиген минери менен алып-учкан бойдон жолго түшчү. Адамдын азоосу менен айбандын азоосу бир жерден кошулуп, биринин көксөөсүн бири басып, биринин бөксөсүн бири толтуруп, КГБ «уурдаган» эркиндигин Тентиген Ак Боздон тапкан сыяктуу эле Ак Боз да эркиндигин Тентигенден тапкандыгы да бир Кудайдын иши болгон бейм.

***
Мурда милийсада иштегенин ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, Ак-Сайга келери менен «өз кишисине» айлантып алган КГБнын эч кимге билгизбеген, жакшы санаалаш тургай жатындаштарына, жадагалса койнунда жаткан аялына да айтууга тыюу салган «азабынан» өмүр бою кутулбасын Тентиген билген эмес. Ар дайым көкүрөгүн мыкчып, көөдөнүн мыжып турган бул балээ колу менен апчып алып сала тургандай таш да эмес, так да эмес экенине көзү жеткен соң кирерге жер таппай айласы куруп, Ак Боз атын минген бойдон ошол «ташты», ошол «такты» көз көргүс, кулак уккус жакка барып биротоло таштап келчүдөн бетер жин ургандай чапкылап кетер эле.

***
Ошол бороону боздоп турган кыш Тентиген үчүн акыркы кыш болду. Беш-Белчирден кыйган жапжаш балатыларды жүктөп кетип бараткан браконьерлердин машинасын көрүп эле кошунанын кара айгырын минип чапты. –Акмактар, токтогула!- деп кыйкырган Тентиген кар тозоңун будалаган бурганакка кирип кетип жок болду.

***
Тентигендин өлүгүн ошол эле күнү таап, сөөгүн Өзгөрүшкө апкелишти. Ал болгону кырк экиде болчу.

***
Тентиген өлгөн күнү эмнегедир Ак Боз ачуу кишенеп алды да, сарайдын каалгасын сындыра тээп, Ак-Сайдын таш кайраган суугуна суурулган бойдон Асман тургай жердин бетин көргөзбөй жаап, кийиздей туташып, боз-чаңгыл болуп, тунуп жаткан Күнчыгышты көздөй салып-уруп жөнөп берди. Бирок чокусунан чор кайнап, этегинен бороон агып, астын муз, үстүн кар каптап жаткан Үйүрмөнүн ашуусунун баш-аягы кайдан башталып, кайдан бүтөрү билинбей Асман-Жердин ашташында калкылдаган закымына сиңип кеткен бойдон чыкпай калды.

***
Айрым бирөөлөр «Такай кышкысын Үйүрмөнүн ашуусунан Ак Боз ат минген Тентиген көрүнөт экен» деп айтып жүрүшөт. Бирок анын чын-бышыгына ушул күнгө дейре эч ким жете элек.

***
Ак-Сай жайлоосунун маданий борборун — «культцентр» дешчү. Ошол борбордо иштегендердин бири да жөн киши эмес, жок эле дегенде бирден шпион кармаган кишилер болот деп айтышчу. Ушуларды угуп алып эле «шпион деген кандай болот болду экен?» деп чабалактап, «шпион деген шапкесин көзүнө түшүрө кийип, жакасын типтик өйдө көтөрүп алган, сакал-муруту өскөн, улам артын кылчак-кылчак каранып коюп, бопорос чегип, бирөө-жарым көрүп калган жокпу деп ууру басыш менен басып, совхоздун дааратканасынын артынан акырын чыга калып, конторго же мектепке кирип бараткан киши болуш керек» деп, кыялымда шпиондун кинодон көргөн образын түзүп алып, «канткенде бир шпион кармайм? деп жатып уктар элем.

***
«Атаңгөрү ай, жок дегенде бир шпион кармап алсам», анан мени «шпион кармаган окуучу» деп мектептин дубал гезитине чыгарып, башка балдарга үлгү кылса, анан баягы мен кат жазганда катымды окубай туруп тытып салган кыз, улам-улам менден көзүн албай карап, мен болсом табам канып, аны байкамаксан болуп турсам деп кыялданып, «Кудай мага шпион кармата көр» деп тиленгенимди айтпа.

***
Таңатпай турганданбы же жумшак жүктүн ичинде термелип келатканданбы, уктап кеткен экенбиз, кобур-собурдан ойгонуп кетсек, жарыктык жап-жашыл болуп, тоодон толкуп турган желге жытын төгүп чайпалып жаткан Чекенди-Талаа деген жерде токтоп туруппуз. Көзүмдү ачып карасам жол жээгинде дагы дасторкон жайылып, сөз чабандын аялына келип калыптыр.

–Абдыке, тим эле самолёт айдаган эмедей айдап келатасың, мээнетиңди алайын. Өзүңдөй опуттуу шоопур эле жакшы турбайбы. Мындан жети жыл мурун, баягы эт бышырып атып боорун чыгарганда мага да ооз тийгизгиле деп, баласы чылага жыгылып, ошону соороткону чуркап кетип кайра келсе боор калтырбай жеп ташташып, «боор кана?» десе, «и-ий, унутуп калган турбайбызбы» деп Бообек мылжыйып, ошондон ушу күнгө чейин Бообекке таарынып жүз карашпай калган Матек жеткирип келчүмүн деп азабыбызды колубузга бергенин кантип унутайын. Ошо кара жерге кирсин, күйгөн челектей болгон! Абдыке, келегой эми, Кудай урул тегереткен колдоруңа кубат берип, бизди аман-эсен алпарып кел, башка айтар сөзүм деле жок, алып жибергиле, кагылып кетейиндер? — деди Сонун эже. «Агынан эле алсаң боло?» дегенди укпай Абдыгул бу жолу да, «азыр бололек» деп дагы бир «зом караны» түгөтө ичип, бет аарчысын алпчыгып, майы сыртына чыккан бетин сүрттү. Айылдагылар «Абдыгулдун башы беш бөтөлкө вино ичкенден кийин араң жазылат» деп айтышчу.

***
Биз жерге түшүп, ичибизди бошотуп келдик. Анан айран ичип, боорсок, эт жеп, момпосуйдан чөнтөккө салып алып кайрадан жүктүн арасынан орун алдык. Машинабыз ордунан жылды.

***
Большевиктен өтүп, 1-Майга жакындап калганда кабинадагы Сонун эженин үнү биз тарапка чыкты:

–Шааркан, келатасыңбы каралдым? — деген.

Биз-бирибизди тиктеп:

–Биякта Шааркан жок, — дедик.

–Ыя! Эмне дейт, кокуй! Э, абышка, Шааркан кана?

Машина токтоп, бир заматта будала түштүк.

Орозобай жулунуп чыгып:

–О, көзүң кашайган акмак! Кошо жарышып ичип атканыңда эле бир балээ болорун билгем. Кана Шааркан? Кайда жоготтуң, энеңдурайын! Шааркан жоголчу болсо эки көзүңдү оюп туруп ушул жерге таштап кетем! — деп ызырынып сөгүнгөн үнү ага аралаш Сонун эженин:

–Абдыгул, кайра бур машинеңди! Жанагы жерде эле калды. Жүрөгүм сезип турат, кагылайындар! Жанагы жерде эле калды! Кудай-ай! Кудай-ай! Кара көзүмдү кашайта көрбө?- деп чебелектеп, жанын коёрго жер таппай айлангөчөк атып жүргөнү, Орозобайдын бортту жөөлөп келип: «О жатыны жаман ашкеби! Силер каякты карап олтурдуңар?» деп менин жанымдагы эки баласын каарып өткөнү, алардын тултуюп унчукпай бөгүп калганы, ошондо биз тегеренип турган дүйнө, асман, тоо, жер, баары күнөөкөр немедей томсоруп, эки ортодо мен да жаман болуп, анан Абдыгулдун кара көк тартып, бурулуп алып жолду чаң ызгытып, келген жагыбызды көздөй айдап келатканы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.

***
Машина сызып баратты. Көзүм алысты укмуш көрчү эле, эки-жакты тынбай карап келаткан мен, биз бет алып жөнөгөн жолдун жээги менен чуркап келаткан эрбейген караанды көрө коюп, кабинанын үстүн койгулап жибердим.

–Орозобай аке, тигине Шааркан! Жакындап барып жабыла жерге түштүк. Чын эле ошол экен. Саамайлары самсаалап, терге чыланган көкүл чачы чекесине чапташып, көзүнүн жашы көкүрөк көйнөгүн суу кылып, өпкө-өпкөсүнө батпай, ботала болуп ыйлап келаткан Шааркандын эбак эле үнү чыкпай калган экен. Сонун эже далбактап барып кучагына орой калып, сөөмөйүн оозуна салып апаптап жиберди. Кызынын бети-башын жоолугу менен аарчып жан алакетке түшүп да атты, жалынып-жалбарып да атты.

–Мээнетиңди айлайын! Балекетиңди алайын! Болду эми, күчүгүм! Басыл. Мына атаң. Мына мен.

–Жүрөгүбүздү түшүрдүң го кызым, — деп солуктаганы дагы деле басылбай, эми ыктытып кирген Шааркандын башынан сылап турган Орозобай аке. Абдыгул ары жакта тамеки чегип турду. Көрсө, Шааркан жана биз Чекенди-Талаага токтогондо оң жактагы жашыл өтөктүн ичин бербей жайнап өскөн гүлдөргө кызыгып, чуркаган бойдон гүл терип кетип жоголуп, бир убакта эстей коюп серең этсе, машинанын алда кайда кетип бараткан караанын көрүп, ошондон «ап-ке-леп» бакырган бойдон жүгүрө берип, жүгүрө берип, ансыз да алы жок неме тим эле соругуп өлгөнү калган экен.

***
Арактын күүсү менен кызын эсинен чыгарып салган ата-эне бир маалда «кыз кана?» деп бири-биринен сурап анан балдар менен үстүндө келатат го деп ойлоп кете берип, «Май» колхозго жеткени калганда токтобогондо байкуш кыз эмне болот эле, ким билет?

***
Башка келген кайгыны бат унуткан, керек болсо белин сындыра чапкан азап-муңун да майрамга айлантып, асманы кулап түшсө да көтөрүп, көтөрмөк тургай «болору болду, өлгөндүн артынан өлөт белек» деп көкүрөк көксөөсүн көңүл чайкап басып, өлүмдү да, көмүрдү да өмүргө айлантып жиберген кыргыз өңдүү бир дагы элди дүйнө жүзүнөн издеп табуу мүмкүн эмес экендигине ошондо дагы бир жолу ынандым. Азыр эле бирин-бири жутуп жиберчүдөй болгон эрди-катын эчтеке болбогонсуп, кызы Шаарканды ортого алып, күлүп-жайнап машинаны көздөй келатты.

–Кудай сүйгөн адам экенсиң Ороз аке. Буюрса жолубуз ачык болгону калды. Шааркан табылып абийир жабылды. Муну белгилеп койбосок болбойт го жеңе. Жо, силер коё тургула, бу жолкусу менден болсун, -деп бөтөлкө арагын, тасмалга оролгон дагы бирдемкесин көтөргөн Абдыгул ары басты.

Жанагы буркан-шаркан түшкөн ачуунун бири да калбай жоголуп, бир маалда:

–Сары тал жердин жомогу,
Сагынат экен коногу.
Санаамдагы сары алтын,
Самасам сендей болобу? — деген ыр созолонуп, ага кайра:

–Ошол бир ошол, ошону,
Ошого Кудай кошобу?
Ошол бир, ошол деп жүрүп, ай,
Омуртка сөөгүм бошоду,- деген ыр жооп болуп түшүп, ыр, күлкү, тамаша басылбай, бөтөлкөнүн аягына чыккандан кийин, тасмал жыйналып, биз кайрадан жол улап бараттык.

***
1-Май, Талды-Суу, Өзгөрүш, Сары-Тал артта калып, түшкө таяп калганда кадимки Босогого жетип келдик. Абдыгул кабинадан Түшүп эле бизди карады да:

–Жоголбой келатасыңарбы? — деп койду.

Орозобай жерге түшүп карагайдын арасына барып бир топтон кийин келди. Анан кызы Шааркан менен Сонун эже жөнөдү.

–Эми Кындага чейин тынбай кетебиз. Бир сыйра жеңилдеп алгыла,- деди Абдыгул.

–Ыя, Абдыке, бу ата-бабабыздын ыйык жерине келип алып чычкан мурдун канатпай кетсек арбак кечирбейт го, — деп Ороз оолжуду.

–Ырас айтат, айланайын. Ичсеңер ичип алгыла? Менин башым өзүмкү болбой, тим эле эки чыкыйым жерге түшө калып жатат. Мен ичпей эле коёюн. О, кокуй, башым! — деп, Сонун эже эт-боорсогун алып чыгып тасмалын жайды.

–Кой, жеңе, ошо да болчу беле? Куттуу жердин топурагын басып туруп, аткез кылган болчу беле. Арактын да анты болот, — деди Абдыгул бутун сунуп, аттын жаагындай болгон жаагы менен бөтөлкөнүн оозун ачып жатып.

–Буюрса күн баталекте Кындадан ашып кетсек, андан ары Ак-Сайдын түз жолу менен зымырап кете беребиз. Кел эми, Кошой бабабыздын арбагы, ыйык мазарыбыз Чеч-Дөбө-Ата колдосун! Чабан Орозобай да, аялы Сонун да ичти. Абдыгулдун башы өзү айткандай аканчателно жазылды.

***
Кында ашуусу он жети серпантинден турарын уккан элем. Ат-Башынын чыгыш тарабы менен Ак-Сайга ашып өтчү бул ашуу аркылуу агезде машинаны жаңыдан айдап жүргөн шоопурлар даап жүрө алышчу эмес. Такымын жеп бүткөн «жанкечти» шоопурлар эле каттабаса баары эле «башым экөө эмес, учуп өлгүдөй алым жок» деп Торугарттын жолуна качып турчу. Далай машиналар жүгү менен кулап, ойго тоголонуп, бүтүндөй бир үй-бүлө жок болуп кеткен учурлар да болгон. Ат-Башыда Кында менен айдаган саналуу эле шоопурлар болсо, ошолордун бири ач-кайыңдылык Абдыгул эле.

***
Босогодон бир аз узай берерибиз менен эле бырпырап машинанын суусу кайнап чыкты. Каңкайтып капотун ачып салган Абдыгул:

–Эй молдолор, эми силердин кезегиңер келди. Барып суу алып келгиле? — деп колубузга чакасын карматты. «Жана эле куюп албайбы десең» деп, кежигебиз кер тартып жинибиз келген менен, тээ ылдый, төмөнгө түшүп барып, бир чака сууну өтүгүбүзгө төгүп-чачып, улам кезектешип олтуруп апкелип, андан ары узадык.

***
Ашуунун айлампасынан улам-улам ичибизден келме келтирип, көзүбүздү жуумп алып, канча серпантин калганын санап кетип бараттык. Кынданын ашып, биз жерге түшкөндө Күн кылкылдап батып бараткан экен.

–Э, Сонун, келе, Шаарканды, машинанын үстүнө жаткырып, жылуу жаап коёюн, уктай берсин, батыраак тасмалыңды жая сал, — деп кызын жаткырып кайра түштү да:

–Жарыктык Ак-Сайдын абасын карачы? Ат-Башыга бир жума жүрсөм жүдөп, жинди боло жаздап, кайра кеткенче шашам, — деп кере-кере дем алган Орозобай аке өз үйүнө келген кожоюндай сезип, колуна ачыла элек бөтөлкөнү кармап, толкуп турду.

***
Мектепке баратып да, келатып да зымдарын бубак басып, жол боюнда «ырдап» турган зымкарагайларга кулагымды төшөп алып тыңшай берер элем. Сүйүшкөн кыз-жигиттердин арзуу сезимдери бири-бирине ушул зымкарагайлар аркылуу жетип турат деп айтышчу. Буга мен аябай ишенчүмүн. Сүйүшкөн жаштардын бири-бирине айткан сөздөрүн уккум келе берчү. Бул үн да кулагымдан кетпей калды.

***
Балким менин айтылбай калган арман-кусам, Сары-Коонун талаасына келерим менен эле Күнчыгыштан Күнбатышка канатын жайып, туулган жерди курчап турган ак мөңгүлүү тоолору көзгө «жарк» дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай, толуп-ташып чыккан сагынычым, ошол сагынычтын арасынан тура калып, мага жеткирбей, чымын-куюн болуп чуркап бараткан балалыгым, ага эми эч качан, эч убакта жете албай турганымды түшүнгөн өксүгүм, баары, баары мени өмүр бою коштоп жүргөн ошол эки үндүн кайрыгында калды окшойт.

***
Бул кадимки Чеч-Дөбө. Ат-Башыны, анын эл жерин сактап келаткан касиеттүү Баба Мазар ушул. Мында кадимки Алмамбеттин сөөгү жатат. Бала кезимде Чеч-Дөбөнүн алдындагы сазга далай ирет кой, уй кайтарып келгем. Кечке кемирчек казып, балык уулап жүрүп, шалбырап суу болуп, күүгүмдө үйгө кайткан балалыгымдын дагы бир барагы ушул жерде.

***
Энем менен атамдын бейиттери жер менен жер болуп, дайыны такыр эле билинбей калды. Атам өлгөндөн он жылдан кийин энем өлдү. Сөөгү жанына коюлду. Анда бул жерде бейиттер аз эле. Бүгүн экөөнүн тең жаткан жайлары кайда экенин билбей калдым. Байкуштарыма эл катары кымбат таштан күмбөз салып, эстелик тургузганга да каруум жетпеди. Ошенте албаганыма аябай эле кыйналып, көпкө дейре жаман болуп жүрдүм. Бирок Алтайга барып, алтайлыктардын: «Биз адамдар аябай көппүз, Жер болсо жалгыз. Баарыбыз топурактан жаралганбыз, кайра топуракка барабыз, ошондуктан өлгөндөн соң күмбөздөргө айлана бербей, жер менен жер болуп кеткенибиз оң» дегендерин уккандан кийин кадимкидей соолугуп, жаным жай алып, тынчый түштүм.

***
Мен азыр да атасы жок Чоң Баламын.

***
Атасыз өскөндүктөнбү, көп нерсеге көзүм жетип турса да, билип турсам да оюмду озунуп айта албай, башкалар айтып салгандан кийин, «мен деле айтсам туура болмок турбайбы» деп өкүнгөн учурларым көп болду. Жулунуп тургандардын арасынан жулунуп чыга албадым. Шылуундарды, атасы, агасы, эжеси, аты, ити менен мактагандарды жинимдей жек көрчү элем. Биринчи болгусу келгендердин арасынан биринчи боло албадым. Бирок биринчи болгусу келген каалоом сыртымдан билинбегени менен ичимден кара жалын өрт болуп күйүп турду.

***
Арамдык менен жеткен нерселердин баары жалган жана жасалма болорун, өмүрү кыска болорун көрдүм. Маалымдан кечигип бышып, катарыман кечигип учтум. Балким ушунум туура болду.

***
Жыгылбай өскөн балдар урунбай сакталган буюмга окшош болот экен. Урунбаган буюмдарды серванттан, урунуп бүткөн буюмдарды музейден көрдүм. Биз да буюм өңдүү иштетилип, бир нерселерге керектелебиз, бир нерселерди жасайбыз же бизден бир нерселерди жасашат, анан эскирип, бузулуп, сынып, кетилип олтуруп керектен чыгабыз. Музейдеги буюмдардан бир гана айырмабыз керектен чыккандан кийин бизди музейге эмес, башка жакка коюшат.

***
Мени турмуш атчан да, жөөчөн да көп тепседи. Бырышкан, тырышкан, кыйрайган, мыйрайган жерлеримдин баары түзөлбөгөн бойдон калды. Түзөткөн да жокмун. Жаш кезде сыртым сулуу болбогонума ичим күйүп жүрүп, кийин сырткы сулуулук деген кереги тийгенде кийип чыгып, кереги жокто чечип салчу «баллон плащ» сыяктуу нерсе экенинин билгенден кийин кудай сулуулукту сыртыма бербегенине сүйүндүм.

***
Көрсө сырткы сулуулук деген көркү менен көрүүчүлөрдү алдагысы келген артисттерге, анын ичинен ырчыларга аябай керек экен. Азыр кайсыл каналды карабагын карындаштар эмес, боёгу сыртына чейин чыккан карандаштар олтурганын көрөсүң.

***
Жакшыны да, жаманды да биринчи жолу мектептен көрдүм. Мугалимдер деректир менен завучтун балдарын башка балдардан сөөм-сөөм, карыш-карыш өөдө көрүп мамиле кылчу. Деректир менен завучтун балдары сабак окубай келсе деле эч нерсе дечү эмес. Менин ушуга жиним келчү.

***
Жетинчи класстан көрүнгөн кружокко катышып, мектептин дубал гезитин чыгарып, Токтогулдун ырын айтып, башталгыч класстын мугалими Энтериев Жумабай агайдын республикага чейин атын чыгарган көрсөтмө куралынын сүрөттөрүн тартып берип жүрдүм. Ошондон тартып ботаникадан сабак берген Макан эже мага чөп-чар менен жалбырактардын сүрөттөрүн көп тарттырды.

(Уландысы бар)

27 июль — 3 август, «Де-Факто», Шайлобек Дүйшеев

 

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» китеби жарыкка чыккандан тартып эл ичинде кызуу талкуу жаратып, коомчулуктун кызыгуусун арттырып, китеп издеген окурмандардын саны арбыды. «Де-Факто» гезити дагы жыл башынан бери жогоруда аталган гезиттен ара-чолодо үзүндү басып келип, акыркы сандарынан бери үзүндүнү үзгүлтүксүз басуудабыз. Шайлообек агай кайсы күнү: «Болду, үзүндү басканыңарды токтоткула!» деп токтотуп коёт, белгисиз. Азырынча унчуга элек. Биз деле унчукпай берип жатабыз. Кокус токтотуп коё турган болсо, чаңкап келип суу ичкенде чаңкоосу канбай калган немедей болуп окурмандарыбыз суусап калат го… Андыктан китепти издеп таап, таппай жүргөндөр 0557 711878 номери аркылуу Дүйшеевдин өзүнө байланышып, китепти толук окуп койсоңуздар ашыкча болбос.
Соц тармактар:

Добавить комментарий