Кыргызстандагы тарыхый жаңы табылгалар

Бишкектин борборунда орто кылымга таандык конуштун калдыктары табылды

Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн негизин салуу үчүн казылган чоң чуңкурда 2-3 метрлик маданий катмар табылган. Тарых илиминин доктору, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору Валентина Горячеванын айтымында, бул маданий катмар болжолу VI-XII кылымдарга таандык конуштун калдыктары болуп эсептелет.

“Бул жерде орто кылымдардагы Жул шаарынын четиндеги усадьбалар жайгашкан. Шаардын борбору шахристан азыркы Темир уста чебинде (Кузнечная крепость) болгон. Маданий катмардын калыңдыгына жана узундугуна караганда, бул жерде мурда жергиликтүү бир феодалдын хан сарайы же чакан конуш да болгон”, — дейт В.Горячева.

Профессордун айтымында, бул жерде тарыхый казууларды жүргүзүш керек. Ал шаарыбыз тууралуу катылып жаткан дагы көптөгөн маалыматтарды бериши мүмкүн. “Бирок бүгүн Бишкек турган жерде мындан 1500 жыл мурда эле шаардык жашоо кайнап турганы далилденди дей берсек болот”, — дейт тарыхчы.

Академик Плоских суу алдына чөгүп кеткен шаар тууралуу гипотеза далилденгенин билдирет

8 августта Ысык-Көлдөгү эл аралык тарыхый-археологиялык экспедициянын жетекчиси, Илимдердин улуттук академисяныны академиги Владимир Плоских тарыхтагы атактуу көчмөн Усун мамлекетинин суу алдына чөгүп кеткен борбору Чигу (же Чигучэн) шаарына таандык артефактар табылганын билдирген.

Анын айтымында издөөлөр, Күрмөнтү булуңунда жүргүзүлгөн.

“Табылгалар эң сонун сонун сакталып калган жана алар суу алдына чөгүп кеткен борбор тууралуу мурда айтылган гипотезаны тастыктайт”, — дейт академик.

Анын айтымында, ал археолог Владимир Мокрынин менен 1985-жылы Түп булуңунун чыгыш тарабында илгерки чоң шаардын калдыктарын таап алышкан. Тарыхый жазма булактарды талдап, алынган маалыматтарды суу алдынан көтөрүлгөн биздин доорго чейинки биринчи миң жылдыкка таандык табылгалар менен салыштырып, окумуштуулар бул шаар Усундардын жоголгон шаары болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

“Учурда суу алдындагы урандылар – бул карапалардын сыныктары ар кайсы жерде жаткан тайыз жерлер. Айрым учурларда бүтүн карапа идиштерди, болот жана темирден жасалган буюмдарды, тегирмен таштарын, бышкан кыштарды жана глазурь менен капталган чакан такталарды таап алса болот. Акыркылар бул жерде чоң маданий курулаштар жана хан сарайлар болгонун күбөлөйт”, — дешет окумуштулар.

Александр Тузов, “Вечерний Бишкек”, 08.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий