Атантай Акбаров

Чаткал районунун Жаңы базар айылында 1960-жылы 27-майда туулган.

1977-жылы Чаткал орто мектебин аяктап, 1977-1979-жж. айылдык клубда методист болуп иштеген.

1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.

1983-жылы Оштогу тарых-край таануу музейинде экскурсия жетекчиси,

1984-жылдан Чаткал райондунун «Чаткал оттору» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орунбасары,

1989–2000-жж. «Адабият» басмасында редактор, «Бишкек шамы», «Асаба», «Нуска», «Ак-Бата», «Аалам» гезиттеринде кабарчы, баяндамачы, редактордун орунбасары кызматтарын аткарып, «Ак калпак» менчик гезитинин редактору,

2000-2001-жж. Кыргыз Республикасысынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда редактор,

2001-жылдын октябрь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант, улук консультант болуп иштеп келет.

Өзүнүн сөзүнө жазылган “Көзүңдү сүйдүм” аттуу обону Кыргыз Республикасынан сырткары Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдө ырдалып келет. Обондорунун сөзүн көбүнчө өзү жазган.

Ал поэтикалык чыгармалары үчүн 2000-жылы Молдо Нияз, 2001-жылы Алыкул Осмонов атындагы республикалык-адабий сыйлыктарга, 2008-жылы Түркияда өткөн түрк тилдүү акындардын Бүткүл дүйнөлүк 1-жыйынына катышып, Жалалиддин Руми (Мавлана) атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон.

1987-жылдан СССР Журналисттер, 1993-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Уикипедиядан алынды

 

Атантай Акбаров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Атантай Акбаров. ЭКИ ЭНЕМ

Ырлар

ОШ ТҮНҮ

Чарчагандай ай жамбаштап,
Сулаймандын кырына,
Тоону боорго кысат да
Ошум, Уктап кетет тынымга.

Уктайт үйлөр, уктайт гүлдөр,
Ак-Буура уктайт мемиреп,
Мажүрүм тал сууга ийилип,
Бирок жетпейт эрини эч!..

Элесиңди көзгө тартам,
Суу жээгинде олтура,
Ой-санаамды багындырат
Тээ качанкы окуя.

Ал окуя эсиңде го…
Ээн үйдө түн үрккөн
Эрдиңди аста өбөөрүмдө
Ай шыкаалап түндүктөн,

Каным мээге дүрдүккөн,
Караңкалгыр сырттан да ал кез
ат дүбүртү жакындап,
Кийин билсем ал ат эмес
жүрөк экен лакылдап…

Ошондогу мен өңдөнүп,
(Көрчү ай турмуш кемирээк!)
Мажүрүм тал сууга ийилип,
Бирок жетпейт эрини эч…

А экөөбүз алыстабыз,
Кол жетпеген алыста.
Өмүр болсо агып жатат
сууга эрегиш калыпта.
Ушул азыр кимдер кетип,
Ким келди экен жарыкка?..

 

КЕЧИРГИН МЕНИ, ТАБИЯТ!

Акчадай сейфке камалган
айланып кызмат — ордума,
Кечиргин мени, табият,
келбедим көпкө койнуңа.

Бук болуп калган көөдөнгө
булбулуң күүсүн толтурдум.
Карагат менен жытташып,
Кана албай турду моокумум.

Териси жука бутума
тепчилди эле тикениң,
Чындыкты дайым бетке айткан
чыныгы достой тиктедим.

Жүдөгөн кыял жейрендей
жүгүрүп тиги коктуңан,
Жүзүмдү тигип дайраңа,
Жүрөгүм чайкап олтурам.

 

УБАКЫТКА ЖУУРУЛУУ

Мыкаачылык жерди куйкалайт,
Адамдардын ашып көзүнөн.
Арбактар да кайдан тынч алат,
Октор тепчип турса сөөгүнөн.

Ууланышкан чөптөр эндиреп,
Уулуп-уңшуйт аба жалында.
Кыяматтан качып безилдеп,
Кыйкырышат суулар канымда.

Атом заман чийип сени эстен,
Атам заман келет жасагым.
Атантайдан кээде келет мен
От Антейге өтүп жашагым.

Каршыксаңар түшпөйм убайга,
Карегиме арман толтуруп.
Ыйман мөлбү, жетем Кудайга
Ырдан шаты жасап олтуруп.

Ташбоордукту тактан кулатып,
Таппасак дейм жерден кара так.
Башым менен ойлоп убакыт,
Бутум менен басып баратат.

 

ЧАТКАЛ

Чаткал, Чаткал, чай чыныга баткан жер,
Чалкарлыгы чексиз бирок бу жайдын.
Коен сымал суу жүгүргөн коктуда
Колдорунун изи калган Кудайдын.

Пайгамбарым Ыдырыс да Чаткалды
паана кылып, Акка моюн сунарда
Аскар тоонун өңүрүнөн өпкөн да,
Андан ары аттап кеткен Кудайга.

Шылдың кылып турат мында пастыкты,
Зыңгыраган бийик тоолор, дабандар.
Олимп тоодо жашагандай Кудайлар,
Жашайт мында ыйык, бийик адамдар.

Гүлдөрүндөй кайсы гүл жыт себелеп?
Булбулундай кайсы булбул безенет?
Чаткал деген чамгарагы дүйнөнүн,
Чаткал деген бейиште жок керемет!

Кыргыз жери-Жер шарынын жүрөгү,
Эгер аны сактабасак, Жер өлөт.
Чаткал болсо ал жүрөктүн толтосу,
Мындай жерде кыргыз жылдыз өңөрөт.

 

СУЛУУЛУК ПИРИ

Азабынан сүйүүнүн,
Алма болуп күбүлдүм.
Ширин эрдиң азгырат
Шиңгилиндей жүзүмдүн.

Көңүл музун эритип,
Көкүрөктү тирилттиң.
Жүз кылымда бир келчүү
Сен сулуулук пирисиң.

Баарын кечип, өмүрдө
сени сүйгөн айбыма,
Сан жылдарды жылкыдай
салып берем алдыңа.

Күкүкмүн да, сүтакмын,
Күйүп-сыздап турамын.
Дубанда жок сен үчүн
Дубана болду кыялым.

Жарылуучу бомбага
жалгап койгон сааттай,
«Чык-чык!..» этип жүрөгүм,
Чыдамы өчүп барат ай!..

Каккан мыксың сезимге,
Кантем сенин айыңды!?..
Суктандырып дидарың,
Сууруп барат жанымды.

Төгүлчүүдөй карегиң,
Мөлтүрөйсүң периштем.
Камай берсең сүйүүнү,
Өлтүрөрсүң периштем!..

 

МАХАБАТ ТҮНҮ

Канча болду көрбөдүм,
Кайгырсам да өлбөдүм.
Кайра өзүңдү көргөнгө,
Каткырат о-ов көздөрүм!

Келчи, алыска кетели,
Кетсин жүрөк кесели!
Жаман көз, сөз жетпеген,
Жапан бакка жетеби?..

Кайык кылып санааны,
Каалап жүргөн баягы,
Мыйзамы жок, жүрөк-хан!
Мына сүйүү аралы!..

Кучагыма кел эми,
Кулап түшчү, ардагым!
Куп гана бир берели,
Кусалыктын сазайын!

Жаш жытыңа мас болуп,
Жалын жутуп барамын.
Туйлап балык-мамагың,
Туткун-эрдиң камадым…

Махабатсыз, жарыгым,
Сен да, мен да жартыбыз.
Сен экөөбүз бириксек,
Бүтүн биздин бактыбыз.

Караңгылык бул түнү
Кароол бизге, карагым.
Жаның жанды кысканда,
Жалбара эстен танамын.

Өрттөп ийгим келет мен,
Сүйүүсү жок Ааламды.
Махабатсыз бул дүйнөң
көрдөн дагы караңгы!..

 

БАМБУК

Өз-өзүнчө дароо өспөйт бамбуктар,
Шашылышпайт шамалга бой кергенге.
Бек кармашкан кол өңдөнүп эң алгач
тамырларын сүңгүтүшөт тереңге.

Жер алдында тамырлары алардын
айкалышып, тордой болуп чырмашат.
Бир максаттуу улут окшоп бамбуктар,
Биримдиктин улуу ырын ырдашат.

Тамырлары жетилгенде тарсайып,
Асманга аткан фонтандардай зуулдап,
Ар күн сайын бир кулачтан өсөт да,
Токой болуп толкуп чыгат шуулдап.

Көралбастык, саткындык жок аларда,
Оо алардын жол-мыйзамы башкараак.
«Өзүм гана өссөм» деген ой болбойт,
Алар такыр бирин-бири таштабайт.

Тамыры да, тагдыры бир бамбуктар,
Биримдиктин символу окшоп турушар.
Адам туруп өсүмдүктөн бир өрнөк
алса болот өсөм деген улуттар.

 

ТЕСКЕРИ ӨМҮР

Мен алсызмын, алым жетпейт ажалга,
Музоосу өлгөн бодо болуп өкүрөм.
Кимдир бирөө каза тапса, ошону
Мен өлтүрүп алган өңдүү өкүнөм.

Кызык сезим болот кээде ар кимде,
Андай ойду Сиз да ойлоорсуз кай бирде.
Адам чиркин алгач өлүп көрсө да,
Кайгы, түйшүк тык токтосо ал күндө.

Тирилүүнүн кайра аргасы табылып,
Андан кийин болуп көрсө карылык.
Адам чиркин карылыкка бой бербей,
Жашарууга турса күндө кам уруп.

Кайран жаштык келип анан буралып,
Ак сүйүүгө турсак жанды сугарып.
«Өлдү!»-дешип өкүрүшпөй эч кимге,
«Жашарды!»-деп турса баары кубанып.

Кайкып сүзүп бак-таалайдын көлүндө,
Калсак бүт ээ тирүүлүктө-өмүрдө…
Менин антип ойлогонум себеби,
Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!

 

КЕРЕМЕТ ЖАН

Керемет жан, керемет жан, керемет!..
Сендей мага эч ким илхам бере элек.
Клеопатра, Ак мөөрлөр өтсө да,
Сендей пери бул жарыкка келе элек.

Бул дүйнөңбү, а дүйнөңбү, баарыбир,
Сүйөм сени! Эч маанисиз калганы.
Сени сүйгөн жүрөгүм миң бактылуу!
Сени көргөн көзүмдүн жок арманы.

Мен колума калем алгам, а балким,
Маңдайыңа сенин таалай жазышка,
Мейли, мейли өмүр сен деп агылса,
Мейли, мейли, жүрөк сен деп жарылса.

Ай болом да, терезеңдин түбүнөн
Түнү бою кетпей коём көшөрүп.
Кайып болуп кетким келет дүйнөдөн,
Жалжал көзүм, жалгыз сени көтөрүп.

 

ТҮНКҮ ЖОЛ

Уктабаган көздөрүнүн кызылын
уяң катса караңгыга алчалар,
Сайда калган сакалы окшоп кыргыздын
сапырылат түнкү желге арчалар.

Ай көлчүктө сызгырылып май болуп,
А кашка суу күйүп жатат биликтей.
Канатына калган түндү жай конуп,
Каркыралар алып учат бийиктей.

Азгырат да белгисиз бир тарапка,
Алка-шалка тердеп жорго — жол барат.
Улутунган жетим — чөп баш салат да,
Умай эне олтургансыйт ой жамап.

“Адамзатты алдыда не күтөт?”— деп
айтсам ыйлайт жооп бербей бабырган.
Улуу тоону таянганга түтөктөп…
Учу менен “саят” боорду кабыргам.

 

ЖАЙЛОО

Жайлоо. Көк чөп-көрпөчө
жая-жая салынган.
Жылкы жаштай төгүлөт,
жылгалардан сагынган.

Өпкөн өңдүү тун сүйүү,
Өрөпкүйсүң ушу тап.
Көтөрүлгөн көңүлдөй
көпөлөктөр учушат.

Карегиңе карегин
кадаса мөл булактар,
Демин алып ичине
делдейет аткулактар.

Жорго чоктой көз өрттөп,
Жол түтөсө чылымдай,
Тездейт жүрөк кагышы
терген комуз кылындай.

Салса булут өкүрөң
сайгактаган уйлардай,
Айланчыктайт а мезгил
аркандалган кунандай.

Кийик оттоор кыраңда
кийик оттор буркурап,
Эрин тийген май өңдүү
Ээрип кеткен тулкуңу айт…

Кирсиз бойдон ушундай
кирип келген койнуңа,
Кыскың келет дүйнөнү
кызың өңдүү бооруңа!..

Соц тармактар:

Добавить комментарий