Кыргыз тилине илимий мамиле качан өзгөрөт?

ktil

Кыргыз же эне тилибиз боюнча илимий, окуу-методикалык эмгектер жаралып, аларды кандидаттык жана докторлук диссертациялардын деңгээлинде изилдөө жана коргоо ушул күнгө чейин улантылып келет. Теориялык жана практикалык максатты көздөгөн бул аракеттердин багыты, мазмуну жана жалпы деңгээли, айрыкча тил илими боюнча жазылган диссертациялар жана жеке авторлордун эмгектери негизинен кыргыз филологиясы коомчулугуна белгилүү, аларга бүгүн баа берүүдөн жана салмактап көрүүдөн алыспыз .

Бирок жакталып жана корголуп келе жаткан диссертациялардын сандык көрсөткүчүнө кайрылып көрөлү. Ар бир он жылдык боюнча алганда болжол менен төмөнкүдөй сандык көрсөткүчтөргө ээ болот экенбиз. ( экстраполяция 2-4 деген сандарды бериши мүмкүн айрыкча 2000–2010-жылдар үчүн).

1940-1950 – 8
1950-1960 – 24
1960-1970 – 31
1970-1980 – 32
1980-1990 – 26
1990-2000 – 27
2000-2010 – 43
2011-ж бери – 33

Бул маалыматтарга таянсак, 1950-жылдан 2000-жылга чейин орто эсеп менен ар бир он жылда 28 илимий диссертация жакталып турган. 2000–2010-жылдарда гана бул абал кескин өзгөрүп, кыргыз тили илиминен диссертация коргоо чукул прогресске жетип, акыркы он жылдыкта алардын саны 43кө жеткен. Бул көрсөткүчтү алга карай умтулуу деп билгенден качпас элек.

Кыргыз УАКтын мурунку төрагасы А.Бөрүбаевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда илимдин 900 доктору, 3900 кандидаты бар экендиги айтылган. (“Учур” 28.03.2013). Бул биз үчүн көппү же азбы? Алардын ичинен канчасы кыргыз тили илими боюнча болду экен?

Академик Ж.Шаршена­лиев­дин айтканы боюнча, КРнын 52 жогорку окуу жайында 14 миң окутуучу иштейт. Алардын ичинде илимдин докторлору — 850 , кандидаттары — 3500. Орточо эсеп менен бир ЖОЖго 16 илимдин доктору туура келет (Кутбилим, 9-май 2014-жыл).

Жетишкен өлкөлөрдө илимий табылгаларды , ачылыштарды, жаңылыктарды жарыялоонун, массага жеткирүүнүн жолдору да ар түрдүү жана көптөгөн басылмалар буга кызмат кылат. АКШда, Германияда 40–50 окумуштууга 1 журнал туура келет дешет. Албетте, биздин чама-чаркыбыз, кулачыбыз, шартыбыз башкача өңүттөн ченелиши жана түшүндүрүлүшү мүмкүн. Бирок биз бүгүнкү кыргыз тили илиминин абалына көз салып, аны өнүктүрүүнүн, идеалдуу жолго коюунун жана стагнация (токтоп калуу) жагдайынан качып, аны алга жылдыруунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылсак куп жарашчудай.

Илимдин кандидаты даражасына ээ болуу, аталышы эле айтып тургандай, илим дүйнөсүнө жасалган биринчи кадам деп аныгын айтсак туура болор. Илимге жаштарды тартуу, туура жана түпкүлүктүү багыттын мерчемин аныктоо жана буларды андан ары өрчүтүү милдети илимдин докторлоруна жүктөлгөн жана бул асыл максатты ошол докторлук даражаны алып жүргөн аалымдар туура түшүнүп, күндөлүк жана эртеңки вазипам деп түшүнөр деген ишенимди сактап туралы. Эмесе кыргыз тили илимин аздек тутуп, анын бүгүнкү абалына жаны кайышып, эртеңки тагдырына камкордук жасоо менен жаштардын илимге болгон ыкыласын кубаттап же буларга тийиштүү түрткү берген аалымдарыбыз кайда, кандай шартта жана кимдер менен окуу, илим, педагогикалык, усулдук ж.б. иш-аракеттерин аркалап келет?

Кыргыз тили боюнча илимдин докторлору бүгүн кайда иштешет?

1. Улуттук илимдер академиясы: Абдувалиев И.А., Токтоналиев К., Турсунов А.
2. Кыргыз улуттук университети: Маразыков Турусбек
3. И.Арабаев атындагы мамлекеттик университет: Жапаров Ш., Мусаев С.
4. Бишкек гуманитардык университети: Ормонбекова А., Садыков Т., Токоев Т., Эгембердиев Р., Ибрагимов С.
5. Ысык-Көл мамлекеттик университети: Абдуллаев С., Абдыкеримова А., Асаналиев У., Дунканаев А.Д., Осмонова Ж., Иманов А.
Төмөнкү университеттерде бирден гана илимдин докторлору иштеп келет.
Чүй университети (К.Саматов), Кыргыз-Кувейт университети (Б.Усу­балиев), ОШ университети (Л.Жусупакматов), Кыргыз-Түрк “Манас” университети (Б.Сагымбаева), Жалал-Абад университети (М.Мирза­хидова).

Мына ушул жерден дагы бир маалыматты эстей кетүү туура. 1949-жылдан 2004-жылга чейин (55 жыл ичинде) кыргыз тили илими боюнча 29 илимдин доктору болгон. Бүгүн алардын канчасы илимий-изилдөө аракетинин кызыгына батып жүрөт болду экен? Ал эми жогоруда аталып кеткен докторлук даражасы бар окумуштуулардын орточо курагы 64,5 жашты түзүп турат. Демек , кыргыз тили илиминин тагдырына күйгөн улутчул, мекенчил, илимге кайдыгер карабаган азаматтарды бул көрсөткүч дагы түйшөлтсө туура болор эле. Жөндөмдүү, ыкыласы бар, “бир нерсе чыга турган” жаштарды илимге тартып, кыргыз тили илиминин өкүлдөрүн “жашартуудан” өткөн мазмундуу маселе барбы? Биз жогоруда 10.02.01 кыргыз тили жана 10.02.06 түрк тилдери адистиктери боюнча докторлук диссертация коргогондор жөнүндө сөз таштап жатабыз. Баштапкы адистиги кыргыз тили эмес, бирок 10.02.20 адистиги боюнча (“Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана тектештирме тил илими”) докторлук даража алгандарды азырынча “көңүлдө калтырдык”.

Демек, бүгүнкү күнү кыргыз тили илими боюнча таяна турган же жол көрсөтө турган аалымдар Кыргызстандагы ЖОЖдор боюнча чачылып кеткен. Бирок кыргыз тили илиминин абалына көз салып, анын күндөлүк, учурдагы, эртеңки маселелерин козгоп, тийиштүү проблемаларын коомчулукка алып чыгып, сунуштап, керек болсо координация жасап турган борбор же коллективди, кафедраны тандап алуу керекпи? Улуттун рухун түптөгөн, кыргыз тили илиминин негиз салуучулары кызмат өтөгөн Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинен жалгыз илимдин доктору калды деген ачуу чындыкты кайсы капка катабыз? Же илимдин докторлору топтолгон Ысык-Көл университетинин илимпоздорунан консультация алып туруу үчүн жаш аспиранттарды, изилденүүчүлөрдү, талапкерлерди Караколго жөнөтүп турабызбы? Же аты менен заты, милдети жарашып турган Кыргыз Улуттук илимдер академия­сынын Тил институту жогоркудай күрдөөлдүү милдеттерди өз мойнуна алышы керекпи?..

Бүгүнкү кыргыз тилинин абалы, кыргыз тили илими өзүнүн урунттуу жана олуттуу маселелерин ачыкка чыгарууну күтүп турат. Кыргыз тилинин грамматикасын баяндап жазуу, анын категорияларын ажыратуу, лингвистикалык интерпретация берүү иштери боюнча бизге чейин көп иштер аткарылды жана мындай изилдөө, иликтөө иштери улантыла бермек.

Алар менен удаа жана катар изилдене турган “азыркы” проблемалардын катарын санап, изденүүчү жана аспиранттарга илимий иш же диссертация жазууну сунуш этсе болор эле. Маселен азыр тилдик эл таануу, маданият таануу “мода” болуп барат. Кыргыз тилинин уккулуктуу, маңыздуу, ийкемдүү экендигин элдик фольклордон издесек кантет? “Манастын” тили, анын өзгөчөлүктөрү түгөнбөс кенч. Улуу муундагы акындардын жана деги эле жазуучулардын тилин талдоо дың боюнча калууда. Ааламдашуу доорундагы тилдердин өз ара катышы жана тагдыры, Кыргызстандыгы тилдик жагдайдын динамикасы , тилдерди үйрөнүү жана прозалык, поэтикалык котормо маселелери өз кезегин күтүп турат. Тилдин, кыргыз тилинин прагматикалык, практикалык, поэтикалык, методикалык, тексттик ж.б. колдонуу­ларынын илимий-теориялык маселелери да эч качан өз маанисин жоготпойт.

Кыргыз тилинин келечегин, колдонуш чөйрөсүн өзүбүз чектебей, анын функционалдык мүмкүнчүлүгүнө жана келечегине жол ачалы.

Совет доорунда терминологиялык иликтөө маселелери КР УИАнын Тил, адабият институтунда жүргүзүлүп, ага дасыккан адистер менен илимдин тармактары боюнча илимпоздор тартылып, 70тен ашык сөздүктөр чыккандыгы коомчулукка белгилүү. Эгемен доордо бул иштер такыр көзөмөлгө алынбай, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы, Илимдер академиясы, ЖОЖдордун тийиштүү жамааттары, жеке жарандар ж.б. өз билгениндей терминдик сөздүктөрдү чыгарып баштады. А.Джапанов деген автор өзү түзгөн “Аскер терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүндө” (Б., 2013) “мурун 29 сөздүк ( илимдин бардык тармактары боюнча) түзгөнмүн, 5 энциклопедиянын авторумун ” деп жатат. Ал эми А.Бакаев деген автор “Мамлекеттик тилдин коомдук-саясый, укуктук, каржы-эгечарбалык, аскердик термин-атоорлордун орусча-кыргызча жаңы сөздүгүн ” (Б., 2013) чыгарып жиберген (4-5 тармак боюнча). Эң эле таң калыштуусу, бул эки сөздүккө аттуу-баштуу окумуштууларыбыз “дифирамб” ырдап жиберишкендигин караңыз . Ал эми үңүлүп караганда бул эки сөздүктөгү терминдик аталыштар, алардын орус тилинен котормосу толгон-токой талаштарды жана тактоону сурап турат. Маселен А.Джапанов айтып жатат: “Ой укмуш терминдер чыгып жатпайбы! Изилдеп, укмуш дарыяга киргендей болуп жатам. Атавизм деген медициналык термин бар экен. Жакшы атанын баласы акыры барып жакшы болуп чыгат, жаман атанын баласы жаман болот деген маа­нини берет. Уңгусу ата мааниси да кыргызча түшүнүктү берип жатат. Бул сөз грек, латын тилине бизден өткөн болсо керек. Кыргыз деген жазууну ачпай жатпайбызбы. Баары уктап жатышат. А мени ойготуп салышкан, төпөштөп атып”. (“Азия-Ньюс “ 27-июнь, 2013-жыл, №4) Илимдин кандидаты, профессор ушинтип шектүү деңгээлин, куржалак амбициясын билгизип жатса эмне дейбиз? Атавизм биологиялык термин (lat. atavus – предок), адамдын байыркы айбандык тегине тарткан адам баласынын кебетесиндеги жолуккан же сакталып калган күтүлбөгөн белгилер. Маселен эволюция тарыхында адамдын башы карышкырдыкына, арстанга же кайсы бир канаттуу­га окшошуп калган учурлар болгон. Айталык арстан баштуу Штефан Бибровский 1894-жылы Польшада төрөлгөн. Австралиянын 44 жаштагы тургуну Годфри Хиллдин ар бир колунда 7ден манжасы болгон. Аршида Али Хананын куйругу бар, 12 жашта, Индияда жашайт (Фабула, 8-октябрь, 2013-жыл). Атавизмди атаизм деп түшүнүп, кыргыздын салттуу сөзү деп түшүндүрмө берген А.Джапановго эмне дейбиз? Деги эле А.Джапановдун “авторлугу” менен тынбай чыгып жаткан сөздүктөрүнүн аталышы, баш сөздөрү, китептердин ичиндеги түшүндүрмөлөрү, орус тилине, кыргыз тилине шек келтирген стилис­тикасы китептин деңгээлин ашкере кылып жатпайбы.

А.Бакаевде орус тилинен алынган сөздөрдүн, терминдердин мурун кыргызча котормосу болгонбу же болбогонбу – аны менен иши жок. Бакаевдин сунуш кылган котормосуна, терминдерине назар таштап көрүңүз: термин – атоор, алфавит – арипет, аббревиатура – кыскара, банк – байнак, бюджет-каржыт, бизнес – соодач, гимн – даңазан, анекдот – күлмөт, документ – кужат, автор – жаракер, вакансия – ээленме, допинг – мангин, досуг – бошум, дубляж – жупуш, дифирамб – арзыматтык, ехидный – кыткыл ж.б.д.у.с.

Ошентип кийинки кездерде терминология маселесине жапырт кол сермеп, колубузду күйгүзүп, термин жараткандардын чарк-чамасын байкап, кол жайып отуруп калдык. “Бөдөнөнү да касап сойсун” деген накыл кептин маңызы бизге жетти окшойт. Эми бул маселенин атайын мекемеге – Кыргыз УИАнын Тил институтуна биротоло ыйгарылышы терминология иштериндеги мындай баш аламандыкка бөгөт коёруна ишенгибиз келет.

“Ар нерсени өз аты менен атагыла, ошондо ар балээден кутуласыңар“ деген экен байыркы грек философу Сенека. Анын сыңарындай, аты, аталышы чексиз амбицияга кол сермеген, бирок мазмуну көңүлдү иренжиткен макала, чыгарма гана эмес, диссертациялык деңгээлде сунушталып келген тематикалар да жок эмес.

С.ИБРАГИМОВ, Филология илимдеринин доктору, профессор,
К.Карасаев атындагы БГУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы,
«Кыргыз туусу», 08.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий