Кыргыз калмактар… Калмак кыргыздар…

kyrgyzkalmak

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган 22 жылдан бери кыргыз-калмак маселеси ачык айтылбаган менен курч бойдон келатат. Шишиктей болуп, мына- мына жарылганы турган бул маселеге кайдыгер кароого же унчукпай коюуга эч мүмкүн эмес. Атүгүл айрым аттуу-баштуу эле адамдар кыргыз калмактарынын тизмесин түзүп алып, улам жаңы ысымдар менен толуктап келатышканы эч кимге жашырын эмес. Кокус, Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна баш багып калсаңыз, аерден кыргыз акын-жазуучуларынын жарымынан көбү, дээрлик бардык таланттуулары кыргыз калмактары экенин билесиз. Чү дегенде Аалы Токомбаевден башташат. Ыраматылык акын Абдрасул Токтомушев Үркүн тууралуу жазган эскерүүлөрүндө Аалынын ата-теги тууралуу жазып кеткен экен. Ошону бетке кармашып, дагы-дагы бир топ далилдерди келтиришет.

Кара тизме…

Көпчүлүккө жарыя кылынбаган кыргыз калмактарынын жашырын тизмесинде сынчы Салижан Жигитовдун да ысымы бар. Ырас, талаш жок, кыргызды кордогон сөздөрдү Салижан Жигитовдон көп айткан адам кыргызда болгон эмес. «Кыргыз да адамбы» дечү сөз арасында жарыктык киши. Арийне, ал кыргыздын чучугуна жете турган сөздөрдү канчалык көп айтпасын, анын өзү «Салижан Жигитов калмак, ошон үчүн ал кыргыздын сөөгүнө жете турган сөз айтып жатат» деген аргумент боло албайт. «Тууган күйдүрүп айтат» демекчи, ал киши антип кыргызды жаман көргөнүнөн улам эмес, кыргызга күйгөнүнөн улам айтып жатканы эч кимге жашырын эмес эле. «Баары бүтүп, эми Салижан Жигитовдун калмак болгону калдыбы» деп ошол тизмени көтөрүп жүргөн кишиден сурасак, ал «Сага далил керек болсо, кел Салижандын теңтуш достору менен ини достору кимдер экенин эстеп көрөлүчү» деп, бир топбир топ белгилүү ысымдарды айтып, өз сөзүн жүйөлүү аргументтеп келип, «калмактарды кебетекешпиринен жана азан чакырылып койгон атынан эле тааныса болот, мен аларды бир көргөндө эле тааныйм» деп компоюп койгон. Аттуу-баштуу, акыл-эстүү эле адамдын оозунан ушул сөз чыгып жатса, башка не дей аласың? Бизди кыжалат кылганы кыргыз калмактары тууралуу сөз – ошол тизмедеги адамдардын көзүнө айтылбай, алардын көзү жокто жана артынан айтылганы. Кыргыз калмактарынын тизмесинен Кыргыз эл баатырлыгын алган адамдардын ысымын окуганда, «тобо» деп аргасыз жакаңды кармайсың. Эл баатыры «калмак» болгону үчүн эмес, ичибизде ит өлүп, кыргыздар эле бири-бирибизден душман издеп, бирибирибизден калмакты көрүп жашап жатканыбыз үчүн. Кыргыз бийлиги акыркы 22 жылдан бери оппозициядан эл душмандарын издеп, коомчулукка аларды эл душманы катары көрсөтүп келаткандай, катардагы карапайым адамдар да кыргыздан калмактарды издеп сүрүштүрө берсе, анда эле кыргыз эл болуудан калары, эл бөлүнүпжарылып элдин элдүүлүгүнө, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө шек кетери шексиз. Демек, бул сөздүн артында ким турат (?) жана эмне максатты көздөйт (?) деген маселе күн тартибине кабыргасынан коюлууга тийиш. Кыргыздын душманы калмак эмес, кыргыздын душманы кыргыз. Манас атабыз кыргыздын туусун бийик көтөрүп, кыргыз дөөлөтүнүн даңазасын арттырып, элди эл кылганы кандай чындык болсо, анын бир туугандары Абыке менен Көбөш Манас түптөгөн мамлекеттин түндүгүн сындырып, Бакайдай акылманга төө кайтартканы да дал ошондой чындык.

Акаев «калмак» (?) экен, анын кадрлары да калмак беле?

Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарды. 15 жыл бою аны «Бу казактардан тентип келген кул калмак кыргызга жакшылык кылмак беле, Кыргызстанды талкалап, калмактын өчүн алып жатат» деп күбүңдөп-шыбыңдадык. Бирок, 15 жыл бою аны Кыргызстандын президенти кылып, «мамлекет башчылыгына Акаевден башка татыктуу киши жок» деп шайлап келген калмактар эмес, кыргыздар болду. Туура, Акаев Кыргызстанды катуудан казаны, жумшактан күлү калганча сапырганында талаш жок. Бирок, Кыргызстанды Акаев жалгыз өзү талкалаган жок да. Акаевдин тушунда 12-13пү премьер-министр алмашты. 100-200 министр, 500-600 губернатораким, 1000-2000 алардын орунбасарлары, 300-400 депутат алмашкандыр. Кыргызстанды талкалаганга иралды мына ошолордун да эбегейсиз чоң салымы болгон. Андай болгондо, ошол 45 миң тегерегиндеги жогорку рангадагы мамчиновниктин баары калмактар беле? Жок, арийне, жок, калмактар эмес, кыпкызыл эле кыргыздар болчу. Баары дунган. Азыр деле экинин бири бийликтегилердин улуту менен уруусун сүрүштүрүп, бирин калмак, бирин кашкарлык дегенде жандан түңүлөсүң. Атүгүл нукура калмактар түзгөн бирин-эки саясый партия бар экени жана ал саясый партия түшөт. бар.

Күлчоролор эмес, Канчоролор коркунучтуу…

Теги күчтүү, каны таза, кыйын эл башка элдерди «сен жатсың, сен бөлөксүң» деп кодулабай, өзүнө сиңирип, эл кылып алат экен. Алыс барбайлы, кошуна кытайлар канча элди өзүнө сиңирип алды. Бүгүн саны миллиарддан ашып, кылкылдап турат. Еврейлерди алалы. Байкуш еврейлерди ким гана тукум курут болгончо кырган жок. Күчтүү эл экен, аргасыз тан бересиң, өлгөн сайын өсүп, кырылган сайын көбөйүп жатат. Айталы, кыргызбы , оруспу же башка эле бир улутпу еврейден аял алып, бала төрөлсө, балдары еврей болуп жатпайбы. Анан да дүйнөдөгү мен акылдуу, мен миллиардер дегендерди карагылачы. Баары еврейлер. Кыргыздар болсо, кыйын чыкмасынан калмак издеп, кыргыздан кыргызга душман жасап жатышат. Эмне үчүн биз кытайга же еврейге окшоп күчтүү улут боло албай жатабыз? Бул ар бирибиз жана баарыбыз жооп издей турган суроо. Өзүнчө сөз. Талаш жок, биз Манастын эли эмнегедир өтө майдаланып кеттик. Кыргыздан калмак издөө акыл эске сыйбай турган нерсе. Болбосо, кыргыздардын ичинен калмак издебей, калмактарды өзүбүзгө сиңирип алышыбыз керек болчу. Манас атабыздын айкөлдүгү, көсөмдүгү, кайталангыстыгы эмнеде эле? Ал эч качан элди сен калмаксың, сен жедигерсиң, сен казаксың деп бөлүпжарган эмес. Баарына тең мамиле жасаган. Казактардын кан Көкчөсү Алманбетти батырбай койгондо, анын кытай элинен экенине карабай, кандай сыйурмат менен тосуп алганы эсибизден чыгып калдыбы? Манастын айкөлдүгү менен көсөмдүгү мына ушунда. Кыргызга кытай Алманбеттен артык кызмат кылган ким? Ошол эле эр Чубак менен салыштыралы. Алманбет Акбалтанын Чубагынан ашып түшкөн эр, андан бир сөөм өйдө акылман, айкөл да экени жалганбы? Кытайга Чоң Казатка аттанган кыргыздын колун Манас Алманбетке ишенип бергени да бекеринен эмес. Ошол эле жарыш сызыкты андан ары улайлы. Алманбеттен төрөлгөн Күлчоро менен Чубактан төрөлгөн Канчоронун айырмасы асман менен жердей. Улуту башка Каракандын кызы Каныкей апабыз Канчоро Семетейди сатып, Жедигер менен Кыяз тарапка өтө каччуда Күлчоро эмген эмчегинен сүт, Канчоро эмген эмчегинен кан акканын эстеп, каңыры түтөйт эмеспи. Канчорону айтпаганда, Манастын бир туугандары Абыке менен Көбөштү алалы. Бул экөө биригип, улуту кытай Алманбет, анын уулу Күлчоро кыргызга кыргызга кылган кызматтын бирин жасадыбы? Албетте, жок.

Манас – осуят

Манас дастаны – кыргыз турмушунун энциклопедиясы гана эмес, Манас – аян, Манас – кыргыз элинин келечегине карата айтылган эскертүү, осуят. Кыргыздар менен калмактардын түпкү теги бир экенин айтпаганда, XV кылымдан XIX кылымга чейин аралаш жашады. Калмактар кыргыздан кыз алса, кыргыздар калмактан кыз алды. Болгондо да, калмактар кыздарын кыргыздын баатырларына, акылмандарына берген. Айтылуу Манап бийдин укум-тукумун алсак, көбүнүн энеси калмак. Демек, кыргыз менен калмактын каны аралашып кеткен. Ушерден белгилеп кое турган дагы бир нерсе, калмак энеден төрөлгөн балдар баатыр болушкан, мыкты чыгып, эл башкарган. Манас дастаны – атадан балага, муундан муунга айтылган осуят дедик. Демек, кыргыздын кыргыздан душман издеп, кыргыздын кыргыздан калмак издегени жоболоң жорук. Бүгүн мындай бөлүнүп жарылуу уруунун деңгээлине келип жетти. Санжыра сүрүп, жети атасын билүү жакшы нерсе. Бирок, бардык нерсе чеги менен болууга тийиш. Айталы, атомду элдин жыргалчылыгы үчүн да иштетсе да болот, атомдон атом бомбасын да жасашат. Анысы кандай, уруучулук деңгээлде бөлүнүп жарылып, аны саясатташтыруунун аягы жакшылыкка алып келбейт. Кыргыздан калмак издеген бөлүнүп жарылууга чекит кое турган мезгил келип жетти.

Айтпай турган сөз эле…

Анда, 1990-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүргөн убагым. Күндөрдүн бир күнүндө эки жигит Кемел байке Белеков экөөбүз отурган кабинетке ээрчишип кирип келишти. Кирип, учурашкан соң, бири дубалда илинүү турган СССРдин картасына жакын келип, Байкалдан Орол тоолоруна чейинки мейкиндикти колу менен жаңсай көрсөтүп, «карагылачы, эмне деген зор каганатыбыз бар эле, бүгүн болсо, ошол Манас атабыз негиздеген, түптөгөн зор мамлекеттен алакандай гана жерибиз калды» деп көздөрүнөн от чачырап, бир топ күйүпбышкан сөздөрдү айтты. Ал гана сүйлөп, биз угуп жаттык. Кийин мен ага «Кыргыз Руху» гезитинде иштеп жүргөндө, редакция имаратынын эшик алдынан жолуктум. Учурашып, «Аалам кыргыздары» журналына ишке чакырып жатканын айтып, кыргыздар тууралуу, тагыраагы баягы өзү айткан Алтайдан Оролго чейин созулган кыргыз каганаты тууралуу жазып берүүсүн өтүндүм. Баамымда, ал айткандары эсинде жок экен. Мени бир топко үнсүз-сөзсүз тиктеп турду да, «Кыргызстандагы калмактардын өтүнүчү менен калмак элинин тарыхын жазганга, 510 жыл өмүрүм кетип калды. Азыр да бүтө элекмин. Калмактар тууралуу материал чогултуп жатып, кыргыздар тууралуу да маалымат чогултуп койдум. Аны отуруп жазуу үчүн дагы да толукташ керек. Телефон чалып тур» деп телефонун таштап, дагы бир аз сүйлөшүп туруп, анан чарчаңкы жолун улады. Мен бул жолу анын көздөрүнөн от көргөн жокмун. Анын айтымында, кыргыз калмактары ага калмак элинин тарыхын жазуу өтүнүчү менен кайрылып, аябагандай чоң эмгек акы төлөптүр. «Каалаган акчаңды сура, каалаган жагыңа бар. Болгону тарыхты бурмалабай, көбүртпөй да, жабыртпай да, кемитпей да жазып бер» дешти дейт. Бишкектин, Алматынын, Москванын, Новосибирскинин, Ташкенттин архивдеринде айлап-жылдап отуруп, калмактар тууралуу эмгегин эми гана жаңы бүтүп жаткан мезгили экен. Ырас, калмак элинин тарыхын жазганга кимдер өтүнүч кылганын, кыргыз калмактар кимдер экенин айткан жок, өзү айтпаган соң мен да кызыгып сураган жокмун. Мени ошондо кыргыз калмактарынын өз элинин чыныгы патриоттору экени суктандырып турса, бир эсе кыргыздан мына ошондой мекенчил, өз элинин тарыхы үчүн күйгөн колунда кызматы жана байлыгы бар азаматтар чыкпаганы ызалантып турду. Мүмкүн, бирөөлөр ал тарыхчыны «өзү кыргыз болуп туруп, эмне үчүн калмактардын тарыхын жазат» деп кине коюшу да ыктымал. Арийне, антип ал тарыхчыны күнөөлөнүн эч кандай кажети жок. Бүтүндөй мамлекет туруп, ошол мамлекеттин, ошол мамлекетти түптөгөн элдин тарыхын жаздырганга мамлекеттик деңгээлден мамиле жасабаса, эмне жөнүндө сөз кылууга болот? Анан калса, калмак элинин тарыхы менен кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы ажырагыс. Эгер, түпкү тарыхты айтсак, түбү бир элбиз. Тарыхтын кызыл кыргын, сары сапырыктарында эки элдин бирибири жоолашкан да, кудалашкан да учурлары көп болду. Анын баары тарых. Демек, ал калмак элинин тарыхын жазуу менен кыргыздар тууралуу да көп маалымат жыйнаганы талашсыз. Бул окуяны эмне үчүн эскердик? Кыргыздар арасындагы калмактар өз тарыхын изилдетип жаздырганга эч ким каршы эмес. Ар бир эл өз тарыхын билүүгө тийиш. Арийне, бул фактынын өзү каалайбызбы же жокпу кыргыз калмактары жүргүзүп жаткан тымызын иштерден каңкуулайт. Эмнеге алар, «мына биз калмак элинин тукумдары болобуз, биз да Кыргызстандагы башка улуттар сыяктуу эле эне тилибизди сактап, өз тарыхыбызды билгибиз келет» деп ачык айтышпайт? Эгер, алар ачыкка чыкса, бийлик каршы болобу? Эл каршы болобу? Маселе мына ушунда жатат. Мына ушундай тымызын иштерден улам, Акаев баш, калмак саясый партиялар, башкалары төш болуп, кыргыз деген атка жамынып, өлкөнүн кийинки президенттигине 4050нүн ортосундагы кеминдик калмакты даярдап жатышат деген сөз чыгып жатат.

P.S. Ашыке

Ыраматылык кара сөздүн устасы, жазуучу Ашым Жакыпбеков «Теңири Манасты» гана жазып бүтүп, Семетей менен Сейтекти жазып бүтпөй калганы көп ойлондурат. Кайран киши «Семетей менен Сейтек көкүрөгүмдө бышып турат. Отурсам эле жазып коер элем» дечү. Тилегине жеткен жок. Эмнеге? Ал тууралуу сөз кийинкиде болсун. Баса, Ч.Айтматов, Н.Исанов, Ч.Алиев, Р.Санатбаев, Р.Акматбаев, Т.Акматбаев, Б.Эркинбаев, Ч.Базарбаев ж.б.лардын табышмактуу өлүмдөрү, ага кимдер катышы болгону эртеби-кечпи айтыларында эч талаш жок.

(«Улутмандын» келерки санында кыргыз калмактарынын тизмесин толугу менен жарыялайбыз)

Болотбек Таштаналиев, «Улутман», 01.01.14 

Соц тармактар:

Кыргыз калмактар… Калмак кыргыздар…: 1 комментарий

  • 12.10.2015 в 09:25
    Permalink

    Өтө кызыктуу макала экен. Менин атым Гүлсара. Кесибим кыргыз тили мугалими. Өзүм түштүктүн калмак кызы болом. Атам биз Көлдөн келген калмакпыз деп айтат. Түштүккө ооп келген чоң атабыздын аты — Белек болгон дешет. Буга чейин кыргыздын калмак уруусунанбыз деп билчүмүн. Өзүмдү кыргыз деп сезем. Бирок, ошентсе да таржымалыбызды билгим келет. Мүмкүн кимдир-бирөө түштүккө ооп кеткен Белек чоң атабыз, деги эле түштүк калмактары боюнча маалымат билгендер бардыр. Менин ата-энем Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Калмак айылында турушат. Маалыматыңар болсо бөлүшсөңөр.

    Ответ

Добавить комментарий