Манасчынын сырдуу феномени: Улан Исмаилов

ulan

«Манас» эпосун, биз кыргыз элинин чыныгы көөнө тарыхынын көркөм чагылдырылышы катары карасак болот. Себеби анда кыргыз элинин көчмөн философиясы, этнографиясы, дүйнө таанымы, дегеле материалдык жана руханий маданиятынын жалпы көрүнүштөрүнүн бардыгы татаал сюжеттүү, чоң көлөмдөгү чыгармага бириктирилген. «Манас» эпосу көчмөндөр цивилизациясынын уникалдуу энциклопедиясы жана кыргыз улутунун сыймыгы катары бүгүн дагы кызмат кылып келе жатат. Анткени кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон улуу эпосту жаратып, аны өчүрбөй, өздөрүнүн көөдөнүндө сактап, укумдан-тукумга өткөрүп келе жаткан элдик импровизаторлордун — «манасчылардын» аягы дагы деле куру эмес. Алар элибиздин өткөндөгү улуу баянын улантып айтып, аны менен бирге көркөмдүгүн арттырып, мазмунун байытып, калайык-журтубузга жеткирүүдө зор эмгек сиңирип келишет.

Манасты айтуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Андагы сан миңдеген саптарды жаттап алып, сюжеттик мазмунун өзгөртпөстөн, күнү-түнү бою оргуштап, тынымсыз айтуунун өзү-жөнөкөй пенделердин күч-дарамети жете турган иш эмес. Нукура манасчылардын башкалардан өзгөчөлөнүп турган башкы касиети — алардын кандайдыр бир жогорку күчтүн таасиринен аян алып, эпосту айтып калгандыгында. Өткөн кылымдарда жашап өтүшкөн Тыныбек Жапый уулу, Мамбет Чокмор уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу ж.б.у.с. улуу манасчылар өзүлөрүнүн «Манасты» айтып калган жайын «түшүндө келген аян» менен байланыштырышкан. Ал эми Советтик доордо калыптанган манастаануу илими буга окшогон укмуштуу көрүнүштөрдү кабылдабай, аны материалисттик багыттан гана түшүндүрүүгө умтулган. Чынында, «Манасчылык» — бул өзүнчө феномен. Анын купуя сырлары бүгүнкү күнгө чейин толук ачыла элек.

Соңку убактарда жаш муундардын арасында «Манаска» болгон кызыгуу кыйла деңгээлде өстү. Ошону менен бирге «Айкөл Манас» баянын унутта калтырбай, илгерки «жомокчулардын» жолун татыктуу уланткан, айрыкча сырдуу касиетке ээ болгон жаңы муундагы манасчылар өсүп чыкты.

Жогоруда макаланын темасынан көрүнүп тургандай, биздин ушул жерде сөз кыла турган манасчы – азыркы манасчылардын катарында өзгөчө бөлүнүп турган Улан Исмаилов жөнүндө. Азыркы күндө манасчы Улан Исмаилов кыргыз элинин салт сыйлаган көпчүлүгүнө таанымал. Бирок, анын сырдуу «Манас» дүйнөсү менен болгон байланышы, кандайча касиет ыроолоп «Манасты» айтып калганы көпчүлүккө толук жете элек.

Андыктан мен манасчы Улан Исмаиловду жакындан көрүп-билип жүргөн адам катары, өзүмдүн көз алдымда өткөн чындыкты, калайык-журтубуз менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. Көрүп-билгенди болгонун болгондой кылып ачыкка чыгаруу, менимче, калкка керек жана этнографиялык дагы мааниси бар.

Кереметтүү Ысык-Көл жергеси эзелтеден эле кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал улуу инсандардын уюткулуу жергеси, атагы алыска угулган залкар таланттардын уясы катары даңазаланып келгени белгилүү.

Ушул касиеттүү өрөөндүн ажайып кооз бир чекесинен орун алган Кичи- Жаргылчак айылы, биз сөз кылчу Улан манасчынын киндик каны тамган кичи мекени. Айылдын өзү чакан болгону менен, кезинде, ушул чөлкөмдө тарыхта ысымдары жазылып калган Бугу уруусунун аттуу-баштуу инсандары Жапалак бий Куттукожо уулу, анын уулу Алымбек бий, Ыман бий Нияз уулу, Акбото, Эр Далдай, Акидей баатырлар, «баатыр ырчы» атыккан Солтобай Токтоболот (чынында Мамыр уулу) уулу сыяктуу жашап өтүшкөн. Ал эми тарыхый булактарда ысымдары сакталып жетпесе да, эл оозунан түшпөй айтылып келе жаткандары андан арбын. Ошол бабалар өткөн жердин суусунан ичип, абасынан дем алып, алардан мурас калган эл-жердин түпкү дүмүрүнөн өнүп чыккан Улан абанын кыргызга таанымал манасчы аталышына, ыйык көл өрөөнүнүн асыл топурагы, жогортодон кут даарыган өзгөчө касиет түрткү болду деген ой келет.

Мен өзүм манасчы Улан Исмаиловдун айылдашы, туугандарынан болом. Эми белгилүү болгондой кыргыздын ар бир айылында жашагандардын баары тууган-урук болуп саналат. Улан манасчынын чоң атасы, ыраматылык Иманбек ата кыргыздын элдик санжырасын, уламыш баяндарын жакшы билген адам эле. Манасчы Улан аба чоң атасынан уккандарын эшитип алып, жайкысын экөөбүз дыйкан чарбанын өрүк багында кездешип калган учурларда, мага төкпөй- чачпай айтып берип калчу. Ал мага кыргыз урууларынын келип чыгышын, тарамдалып бөлүнүшүн, айрыкча Көлдөгү Бугу уруусунун өткөн-кеткен тарыхына байланыштуу ар кыл уламыштарды кызыктуу кылып баяндап берип, мени, кыргыздын уулу катары, айтылгандардын баардыгын унутпай, эсиме түйүп алуумду суранчу.

Бирок, ошондогу бала кезинде анын бир айтканы мени азыркыга чейин таң калтырат. Азыркыга чейин эсимде, бир жолу өрүк данегин чагып отуруп, мага:

— «….Биздин арабыздан да, буюрса, төбөсү көрүнгөн, эл керегине жарагандар чыгышы керек… Өзүм жакын арада элге таанымал болот экемин… Ашып кетсе 3-4 жылдын ары- бери жагы…», — деди. Эч эбеп-себеби жок эле.

Мен ал учурда анын бул сөздөрүнө эч маани берген эмесмин. Эмне айтып жатканы дагы көп түшүнүктүү эмес эле. Кийин гана элге манасчы катары аты угулганда, анын айткандары жөн жерден эмес экен деген түшүнүккө келдим. Мен эле эмес, ушундай учурларды эске албаганда, биздин айылыбызда Улан Исмаиловдун келечекте Манас айтып, чын эле таанымал инсан, белгилүү «манасчы» атыгат деп эч ким ойлобосо керек. Улан Исмаиловдун өзү да, андан укканыма караганда, манасчы болом деп эч ойлогон эмес. Ал өзү деле элге таанымал манасчы болом деп элестете алчу эмес экен. «Манасты» болсо жөн гана жомок катары кабылдап жүргөн. Болгону бала кезде сыналгыдан манасчы Саякбай жөнүндө тартылган документалдуу тасманы көрүп жатып, анын көзгө жаш алып, колун жаңсап, бапылдап Манасты айтып жатканына таасирленип, мен да ушундай болсом деп кыялданчу. Менимче, мындай кыял ар кимде болсо керек. Болгону ошол гана.

Анан капыстан эле «Манас» дүйнөсүнө баш оту менен берилип кетти. Биз эч күтпөгөн иш болду.

«Баардыгы жогортон жиберилген аяндан башталды», — дейт бул жөнүндө Улан Исмаилов. Бул сырдуу кубулушка ал жайлоодо жүргөн кезинде кабылып, ошондон тарта Манастын керемет дүйнөсүнө аралашып жашап калыптыр… Биздин айылдын жогору жагындагы тоо арасында Эшперди жайлоосу орун алган. Ушул жайлоодо Улан Исмаилов бой тартканга чейин чоң атасынын колунда өсүп чоңойгон. Жайлоо керемет жер. Ошол жерде арбак жылоолоп, көзөмөлдөп, Уланга манасчылык касиет беришкен. Бул жөнүндө дагы такталып, өзүнчө сөз болоор.

Мен өз көзүм менен көрүп-билгенимди кабар кылайын. Ал учурда айылдагы орто мектепте, жаңылбасам 7- 8 класстарда окуп жүргөн кезим болчу. Үйгө келген-кеткен туугандардан: «Ой, тиги, биздин Жумабектин Уланы Манас айтат турбайбы», — деген кептер угулуп калган… Анан күндөрдүн биринде эле Мыктыбек аба (Улан Исмаиловдун агасы) биздикине келип: «Силерде Манас боюнча китептер болсо кайрылышып тургулачы. Уланга Саякбай манасчы көрүнүп, Манасты айттырып жатыптыр. Кээде өзүн жоготуп коюп да, күн кечке Манас айткан учурлары болду. Өзүн Манасты окутуп көрөйүн десем, үйүндө ыр түрүндө жазылган бир дагы Манас китеп жок экен. Саякбайдын «Манасы» болсо жакшы болот эле», — деп айтып калды. Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» бизде жок эле. Бирок, бизде болгон Сагымбай Орозбаковдун төрт томдук «Манасын» алып, муну окутуп көргүлөчү деп, колуна бергенбиз. Бирок, көп өтпөй эле Сагымбайдын «Манас» китептерин кайрып берди.

Ошондон көп улабай мен анын Манас айтканына өзүм күбө болдум. Ал мындайча болгон. Күн жылып калган мезгил болчу. Мен жаны эле мектептен келип, үйгө кирсем, атам ыраматылык (аты Асанкадыр, элдер Чүкү дечү) дагы артымдан кирип калды. Анан эле мага карап:

— «Азыр кийимиңди алмаштырбай коё тур. Биз Иманбек атаңдыкынан малга бата кылып коюп келатабыз. Улан абаңды билесиң да, элден бата алып коёлу деп, түлөө кылып мал союп, туугандарды чакырышыптыр. Улан өзү: эгер уруксаат берсеңер баштай берейин деп, мындан эки-үч саат мурдараак эле Манасты айтып баштаган, андан бери канча болду, дагы деле токтой элек. Чын эле Манас айтат турбайбы. Эми жолу ачылсын. Жакында эл алдына чыгайын, «Манас» айтайын деп жаткан турбайбы», — деди. Анан сөзүн улай: «Мен бир жакка барышым керек эле, ал жерде кармалып калат окшойм. Сен тарыхка кызыгып жүрөсүң, энең менен барып, Улан абаңдын манасын угуп кел, ал дагы өзүнчө зор тарых эмеспи. Өздөрү да сени келсе жакшы болот эле дешти», — деп мага айтты.

Иманбек аталардын үйү деле чукул эле жерде. Мен көп өтпөй эле ал жакка жетип бардым. Босогодон башбагып кирсем Улан аба ички үйдө, керебеттин үстүндө отуруп, колдорун ары-бери жаңсап Манасты айтып, кызуусуна кирип алыптыр. Улан абанын оң жак капталында атасы Жумабек аба, андан көзүн албай жакын турганын байкадым. Жерге узатасынан салынган жер төшөк, көлдөлөңдөрдө биздин туугандар отурушуптур. Тегеректеги кошуналарынан да бирин-экин келгендери бар экен. Мага ортодон орун беришти. Андыктан мен Улан абанын бет маңдайында отуруп калыптырмын. Уланды карасам, ал келген- кеткендерге деле көңүл бөлбөй, көздөрү менен кандайдыр бир сырткаркы дүйнөнү көрүп жаткандай, өзүнчө эле бир башка дүйнөдө жүргөндөй туюлуп турду. Ал эпостогу каармандар менен аралашып жүргөн сыяктуудай, уруш-чабыш окуяларына келгенде, үнү бийик чыгып, ал тургай ордунан опурулуп, алар менен кошо чабуулга аттанып, кыл чайнашка түшчүдөй жулкунуп жатты. Кээ бир учурда айтышы жайлап, үнү каргылданып кетсе, кээде жанардай оргуштап, көөдөндөн ылдам атырылып чыккандай сезим калтырды. Анын айткандары жалаң ыр түрүндө куюлушуп төгүлүп, кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн күч менен тегерете отургандардын назарын өзүнө арбап тургансыды.

Ошол жолкусунда Улан аба эт бышканга чейин айтып, эт тартылып, биз жакшы тилектерди айтып бата кылган кезде, сол жагындагы жаздыкка сулк жыгылган. Угуп отургандардын ичинен айрымдарыбыз эмне болуп кетти экен деп, аз кабатырлана түшкөнбүз. Жумабек аба жанында турган ичикти, анын үстүнө жаап, кымтылап жатканда, «азыр мени эс ал деп жатышат, эртең күн чыга электе кайра улантам..» дегенин укканбыз. Эртеси өзү айткандай эле таң эрте туруп Манас айтууну улантты.

Ошентип журт арасында арбак сыр берип, «Манас» айта баштаган бала чыгыптыр деген кабар кетти. «Манастын» ары касиеттүү, ары сырдуу дүйнөсүнө арбалган Улан агам байыркынын сөзүн элге жеткире баштады.

Ошол окуядан соң Улан абанын түшүнө дагы аян кирип: «Таласка барып Манас айтып, Айкөлдүн батасын алып кел», — деген талап коюптур. Ушундан улам анын жакындары атайын даярданып, жол камын көрүштү. Айкөл Манас өзү жердеген Талас жергесине, «Манас Ордого» барышып, ал жерден жети күн удаасы менен Манасты айтты. Таласта Улан аба Манас айтып жатканда анын өнөрүнө күбө болгон жергиликтүү элдер жогору баалап, баталарын беришиптир.

Ошондон кийин Улан Исмаилов кыргыз арасына манасчы катары таанымал болду.

Бекжан Бейшенбаев, КУУнун окутуучусу, аспирант,
Баракелде

Соц тармактар:

Добавить комментарий