Атантай Акбаров. ЭКИ ЭНЕМ

“Аялдардын эки түрү бар. Бири бизди азапка салса, экинчиси биздин азабыбызды тартат.” — деп Эзоп айтмакчы бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, чоң турмушка аттандырган аруузат энелерибиз тууралуу жазуу чынында да сыймыктуу иш. Кээде агедил калемдештерим мага апаңыз тууралуу айтып берсеңиз деп кайрылып калышат. Шар жүрүп, ар кандай нерсеге шар аттанып түшчүү жаным негедир ушул суроодон буйдала да түшөм. Анткени, адамдын турмушунда өзү бир эле эне болот эмеспи. Меники экөө. Бири мени төрөп, ак сүтүн берген, кийин ооруп калган кезимде азапка баткан апам – Шааркан, экинчиси мени төрөлө элегимде эле өзүнө энчилеп алып, анан төрт айыман тартып өз колуна алып багып өстүрүп, тарбиялап эрезеге жеткирген чоң энем – Бүбүрайым.

Баса, В.Маяковский:
“Ленин, партия – эгиз,
Ленин деп биз айтсак,
партия деп билебиз.
” – деп айтат эмеспи. Анын сыңарындай мен жалаң гана энелерим тууралуу айтайын десем деле аталарым эрксизден кошулуп кетмей болуп турат.

Ошентип, мен жети айлык болуп төрөлгөндүктөн, чоң энем менен чоң атам – Абдылда ырымдашып кырк күн бою чоң атамдын тумагына салып туруп керегенин ар бир кулагына илип чыгышыптыр. Андан бир аз ирдене түшкөнүмдө чоң атам койнуна катып алып, чапанынын белин бууп коюп көтөрүп жүрчү экен. Дагы бир аз тороло түшкөнүмдө болсо чоң атам ат жалында чоңойсун деп алдына өңөрүп, анан бөктөрүнчөк байлап артына учкаштырып жүргөнү эсимде.

А чоң энем болсо төрт айыман тартып эле (апамын эмчеги сезгенип, ооруп калганына байланыштуу) биротоло колуна алып, эчкинин сүтү менен багыптыр. “Тамакка табитиң тартчы эмес.”-дечү чоң энем. Айрыкча ысык тамак ичким келбей чыргоолонгонумда: “Мейли эми, кант салып эле чай ичип ал…”-деп айтса тимеле жыргап калчумун. Балалык кылып кант кошуп коюлтулган сүттү ченебей иче берип, мурдумдан кара кан атып калган мезгил да болуптур. Ошондон баштап, чоң энем мага ичтейи ачылсын деп өзүнчө тамак даярдап, көбүнчө кордо аш (айран катыкталган күрүч аш) даярдап берээр эле. Жазгы баарда такай кымыздын кымыранын берчүү. Жайлоодо эртели-кеч суук болгондуктан, кечинде жатарда башымды чапан менен чүмкөп койчуу. Ошого көнүп калыптырмын, азыр деле суук жерде уктасам, дароо башыма бирдеме кийип жатмайым бар.

Бала кезимен тартып эле абышканы кертип койгондой болуп тапан болгон экем. Ошончүн чоң энем жарыктык мага өпкөкап тигип кийгизип, анан: “көз тийбесин”-деген тейде ошол өпкөкаптын далортосуна бүркүттүн тырмагын, карышкырдын тырмагын, көз мончок, айтоор эмне тапса ошонун баарын тагып салчы экен.

Айтоор, чоң энем мени “Же-ич!”-деп эле тапканын оозума белендеп кармап турчуу. Өзү кепке уста, жомокчу да, кошокчу да байбиче эле. Кээде түн бир оокумга чейин уктабай жомок угаар элем. Эми ойлосом чоң энем жомоктогу каармандарды да зерикпей туурап берчи экен. Кээде ошол жомоктогу каармандардын таасиринен чыга элек кезимде эшикке чыга калсам менин көзүмө бет алдымда турган аска – дөө болуп, арча болсо – аюу болуп көрүнөр эле.

Чоң энем мени чоңойгуча эле жуунтуп жүрдү. Жуунтуп бүткөндөн кийин башыма чачыкты (сүлгү) жаап туруп, ырымдап башымды үйлөп кирчүү: “Үф-үф-үф!..Мээң толо болсун! Ата-энеңе кайрымдуу, элге күйүмдүү бол!…” — деп. Ошол ырымдан улам мээм канчалык толгонун билбейм, бирок, кийин турмушта боюм, арыктыгым тууралуу өкүнсөм да мээм тууралуу Жаратканга да, чоң энеме да ыраазы эле болуп жүрдүм.

Табышмак, макал-ылакаптарды да чоң энем аркылуу үйрөндүм. Адатта көчмөндүн баласы: “Кырда кылыч жаркырайт, сайда төө бакырат” — деген табышмактын жандырмагын – “Ай менен суу” — деп, “Тептим, терекке чыктым” — деген табышмактын жандырмагын – “Үзөнгү” – деп, “Кыдырата таш койдум, кызыл өгүз бош койдум” – деген табышмактын жандырмагын – “Тиш менен тил” деп, “Асты-таш, үстү – таш, ортосунда бышкан аш” – деген табышмактын жандырмагын “Өрүктүн сөөгү менен данеги” – деп дароо эле табат эмеспи. Мен да ошондой болчумун.

Чоң атам мага атты жакшы күтүп, суутуп минип, жылкы кайтаргандан тартып, кар күрөп, чөп чаап, отун алып, отун артып, анан да адамдар менен сергек, чоң адамдарча мамиле кылганга үйрөтүп, кыскасы, эркек катары турмушка даярдап, эркимдин бекем болушуна кам көрсө, чоң энем мени күйүмдүүлүккө, боорукерликке, кечиримдүүлүккө тарбиялачуу. Чоң атам мени жамактатып ырдатканды жакшы көрсө, чоң энем шырдагына оюм-чийим салдырып, чийге оролгон кийиздерди бышыртып, аркан эштирип, үй актатып, эшик-терезе сырдатып, оокатка бүйрөлүккө үйрөтчү. Аны менен эле мен оокатка бүйрө болуп кетпесем да кийин мен мектепте “Тимурчулар” командасында жүргөнүмдө көп эле пайдасы тийди.

Өз атам менен апам болсо чоң атам менен чоң энемден тартынып, мени ачык эркелете да алышчу эмес. Атама “аке” — деп кайрылчуумун. Атам кой катырып жүрүп мага ар кандай жаныбарларга окшош таштарды таап келип берчү. Чүкө, томпойлорду боёп берер эле. Кийин отурукчу болгонубузда үйдүн жанына ордо жай кура салчуу. Өзү ат жабдыктарын жасаган усталык жайы бар болгондугу үчүн мага лыжа чаап бергени да эсимде калыптыр.

Чоң энем менен чоң атам кошуналарды чакырып, казанга этти салып коюп, мага “Манас” эпопэясын окутуп угушаар эле. Мен манасчылар сыяктуу күпүлдөп айта албасам да түшүнүктүү кылып окуп берчүүмүн. Ошонум үчүн алар мага эт, камыр тууратышчуу эмес. Баламын да кээде тиги угармандарыма байкатпай биртке кыскартып аттап кетчүмүн. Бирок, тигилер да “Манасты” небак жаттап бүтүшкөн эле.

-Ой, токто, сен аттап кетпедиңби?-деп дароо эле билип алышчуу.

— Ой мен уйкусурап кетпедимби, деп кызара түшчүмүн. Ошондо гана тигилер түн бир оокуму болуп калганын, мен эртеси эрте туруп сабакка барышым керек экенин эстешип: “Кой баланы чарчаткан турбайбызбы? Калганын эртең угалы.”-деп тарап кетишчүү. Ошентип, мен “Манас” баш болгон элдик оозеки чыгармачылыкка жаштайыман эле каныгып чоңойдум.

Он жашымда менин тирегим – чоң атам каза тапса, мен жигит куракка келген тапта чоң энем карый түштү. Ошондо мен сарык, ич келте, бруцеллёз сыяктуу оорулар менен ооруп, бейтапканага жатып, андан чыккан соң деле апам мени ар кайсы дарыгерлерге ээрчитип барып, дарыгерлер кырк күн сууктукка салып дартымды кубалап жүрдү. Апам деле мени жакшы көрөрүн ошондо баамдап калдым. Бирок, анда деле апам мени даап бетимен өбө алчу эмес. Анткени мен үйдө атамдын бир тууган иниси – Акжол акеме ини катары чоңоюп калгам. Кийин чоң эне, чоң атамын көзү өткөндөн кийин гана өз ата-энем мага үйрүлүп калышты. Аңгыча мен жогорку окуу жайга тапшырып, үйдөн биротоло алыстап кеткенсидим. Анан, ошондон баштап мен спортко жакындап, ден соолугумду кайра чыңдап алдым.

Ошол алгач ирет алыста жашап жүргөн студенттик курагымда айылда калган апам менен энемдин элесин туу тутуп “Энелер” деген ыр жазып, ага обон жаратканым да эсимде. Баса, ал ырдын сөзү мындай эле:

“Жанынан артык аздектеп,
Жашоого бизди төрөгөн,
Адамга жакын жан болбос,
Ак сүтүн берген энеден.
Азап күн түшсө башыңа,
Ападай ким бар жөлөгөн?

Ай-жылдап көрбөсөк дагы,
Ак нанын камдап күтүнгөн,
Оюңду окуп көзүңдөн,
Оорусаң көргөн түшүнөн,
Эмне бар ушул дүйнөдө,
Энеден кымбат түшүнсөң?..

Канынан бүткөн энеге,
Карыздар адам түбөлүк.
Мээнети чексиз эненин,
Мээрими эки дүйнөлүк.
Өткөрүп жүрөк төрүнө,
Энени сыйлап жүрөлүк!”

Илгери бирөө азезилдин кызын сүйүп калыптыр деген икая бар. Ашыктыкка чалдыккан жигиттен тиги азезилдин кызы: “Эгер сен мени чындап сүйсөң, анда мага энеңдин жүрөгүн алып кел!..” — деп өтүнөт. Жигит апасына кыздын өтүнүчүн айтканда энеси ага: “Ээ балам, эгер сен ошондон бактылуу болсоң, анда менин жүрөгүм сага тартуу. Көөдөнүмдү жар да, тезирээк арзыганына алып бар.” – дейт. Жигит жүрөктү алып кубанган бойдон ашыгына карай чуркап баратып чалынып жыгылып түшсө эненин жүрөгү ага карап: “Балам эч жериң ооруп калбадыбы?..” – деген экен. Анын сыңарындай энелер ар дайым балдарына жакшылык каалайт. Ошол энелердин ак тилегинен улам дүйнө улам жакшырып, жаңыланып келаткандай туюлат мага. Ушундан улам бир кезде:

“Ападай ким бар баласак?
Барында аны бааласак.
Апанын аруу тилеги,
Ааламды кайра жаратат!
— деп жаздым эле. Ошентсе да кийинчерээк мен Чаткалдагы чарбамы иним Саматка таштап, өзүм Бишкекте туруп калдым. Ата-энем да ошол инимдин колунда калды. Өзү да төгүп ырдай коюп, “Манас” да айта жүрчүү ал бир тууган иним тууралуу кийин мен:

“Көп ашмак менден атагың,
Калбаган болсоң айылда.
Агаңдан эстүү иш кылдың,
Апамды багып жанында.”
– деп жазганым эсимде. Анан менин балдарым да бой тартып чоңоюп, аларды окутуп-чокутуш керек болду, иштеген жерден да бир жылда бир эле маал өргүү алып калдык, айтоор көп эле нерселер менен кол байланып калды да, биз Чаткалга бир жылда бир, кээде эки жылда бир барып калдык. Акем өтүп кеткен соң апамды үйгө алып келип алсак, болгону сегиз ай араң чыдады. “Адамдар, мен силерди сүйөм. Сак болгула!” – деп Ю.Фучик айтмакчы апам айылдагы жакындарын такыр кыя алгыс болуп калыптыр. Өз аты Шааркан болгону менен ошентип шаарга көнө алган жок. Бирок, биз узак убакыт айылга барбай калсак бизди да сагынат экен. Бир жолу:

“Кең Чаткалдын багында,
Булбулдар сайрат шагында.
Булбулдар сайрар жайда экен.
Булбулум балам кайда экен?” – деп салам айтып жибериптир. Ырас, таятам Рыспай ырчы-чоорчу болгон экен, өзүмдүн бабам Сарымсактын бир тууган Өмүрзак ырчы болгон экен, анан Канбото деген абабыз Манастын кырк чоросун өз-өзүнчө 40 дастан кылып айткан манасчы болгон экен деп уккам. Ал түгүл атам Акбар жаш кезинде:

“Коюмду жайдым сыр ташка,
Козуларым сыргашка.
Барсаң салам айта бар,
Саада деген курдашка.”-деп ырдаганын да бирөөлөрдөн уккам. Бирок, апамдын жамакчылыгын деги эле уккан эмес экем. Ошентип апамдын тиги саламынан кийин кичи мекениме тез-тез каттай баштадым…

Кийинчерээк бала-бакырамды ээрчитип тез-тез каттап калганым деле дурус болгон экен. Анткени, адам дегениң өзү бир күн бар туруп эле, бир карасаң кайра табылбай калчуу ыйык зат турбайбы. Алдыда энелер күнү келип калганынан улам мен да көнгөн адат боюнча эле энелеримди куттуктап коёюн десем, “Жарк!”-деп күйүп туруп эле “Жалп!” өчкөн жылдыздай болуп эки энем тең бул ааламдан өтүп кетишиптир. Башыма таш тийгендей болуп, каңгырап олтуруп калдым. Деги өзү эненин ак сүтүн актаган жан бар болду бекен? Мен өзүм канчалык деңгээлде энелеримдин кадырына жете алдым экен? “Антсем болмок да…минтсем болмок да…” – деген көп эле өкүнүч калды менде. Эми ойлосом эки энем тууралуу менде эки сабак эле ыр калыптыр: (“Эне жөнүндө баллада”)

“Мен келген кезден дүйнөгө
мээнетим алып бүтүндөй,
“Башы эсен болсо болду!..”-деп
Багыпсыз колдон түшүрбөй.

“Оо Кудай, алсаң, мени ал!..”-деп
Оорусам канча боздодуң.
Маңдайда сансыз бырышың,
Мен басып өткөн жолдорум.

… Бала кез эле. Бир жолу
басынып турсаң кейишке,
Чын күлдүң, “Апа, тирүүндө
чыгарам — десем, бейишке…”

Тилегим жакшы болсо да,
Тийбеди жакшы жардамым.
“Алдейиң” өзүн чогултсам,
Ат көтөрө албас салмагын.

Жер өңдүү түтүп баарына,
Жешилбей, бирок, сабырың,
Чакада суудай турмушту
чайпалта ташып карыдың.

Өзүңдөн алып бир сабак,
Өкүрчүү кезде ырдадым.
Таңдайда даамы сүтүңдүн
тазартып келет ыйманым.

Жанын да берчү өзүңдөй
жакыным болбос жалганда, ай.
Бөксөмүн сенсиз, апаке,
Бөйрөгүм алып салгандай…

PS: Ошентип, мындан кийин да жыл сайын “Энелер” күнү келет. Мен ал күндү апам да, энем да жок тосом. “Бейиш энелердин таман астында!”-деп Мухаммед пайгамбар айтмакчы, апам менен энеме Жараткан бейишин берсин деп тилейм! Чоң ата, чоң энем менен ата-энем мени бейубак ажалдан, оорудан, ачкачылыктан жана башка ар кандай балакеттерден коргоп-корчолоп келгендей эле мен да өз балдарым менен неберелеримди, урпактарым менен жакындарымды ар кандай жамандыктардан коргоону өзүмдүн парызым деп билем. Анан да, өзү алакандай эле аз эл болсо да айкөлдүгү ченде жок кыргыз элиме эбегейсиз жакшылыктарды тилейм! Ылайым жалпы адамзаттан ичинде менин элим да бейпилдикте, ынтымак-ырашкерликте болуп, бай жашап, бакубат мамлекет куруп, түбөлүк жылдызы жана берсин!

Атантай АКБАРОВ

Соц тармактар:

Атантай Акбаров. ЭКИ ЭНЕМ: 1 комментарий

  • 20.08.2014 в 15:50
    Permalink

    Жүрөктүн бар экенин бир сездирген чыгарма! Бар бол, Атантай!
    Мусакун, жазуучу.

    Ответ

Добавить комментарий