Улутчул платформа

Сүрөт Однклассниктеги "Мен Кыргызмын" (http://www.odnoklassniki.ru/group/52122770604096) тобунан алынды
Сүрөт Однклассниктеги «Мен Кыргызмын» (http://www.odnoklassniki.ru/group/52122770604096) тобунан алынды

Эл жана мамлекет

Кыргызстан – унитардуу, эч кимге баш ийбеген, өз алдынча мамлекет. Кыргыз эли – Кыргызстандын негиздөөчүсү жана анын мындан ары өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликти өзүнө алган түпкү улут. Кыргызстандын эли – анын жеринин, байлыгынын, жетишкендиктеринин ээси.

Мамлекеттик тил – жалпы улутту калыптандыруунун орток платформасы

Кыргыз тили – КРдагы бирден-бир мамлекеттик тил жана КРдагы элдин улут аралык тили. Кыргыз Республикасында бардык иш кагаздары, эл аралык сүйлөшүүлөр, менчик формасына карабастан КРнын бардык аймагында жана бардык чөйрөлөрдө жарандарды тейлөө, окутуу, сүйлөшүү, кабыл алуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик тилди билмейинче эч ким мамлекеттик кызматка, мамлекеттик жетекчи кызматка, менчиктин формасына карабастан адамдарды тейлөө менен байланышкан башка да кызматтарга алынбайт. КРнын жарандарына жана КРда иштеген, окуган ж.б. меймандарга мамлекеттик тилди үйрөтүүгө бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Ушул талаптарга карама-каршы келбеген шартта өлкөдөгү бардык башка улуттардын өз тилинин, маданиятынын өнүгүшүнө толук эркиндик берилет.

Чет өлкөлүк кыргыздарда кыргыз тилинин өнүгүшүнө Кыргызстан мамлекети бардык зарыш шарттарды түзөт.

Мамлекеттик символдору – герб (улуттук негизде), гимн (Манастын негизинде), туу (улуттук белгилер менен көк түстө).

“Манас” деген сөз ыйык сөз болуп саналат

Кыргыз Республикасында жеке адамдарга, мекеме-ишканаларга жана менчик объектилерине Манас деген ат коюуга жол берилбейт, буга чейин коюлгандары алмаштырылат. “Манас” эпосу жана “Манас” аталыштары мамлекеттик символ катары эсептелет. Мамлекеттик символдор мамлекет жана эл тарабынан корголот.

Мамлекеттик түзүлүш принциптери

Кыргызстандагы негизги мамлекеттик түзүлүш принциптери элдин эркине негизделген ачык шайлоо механизмдери менен шайлоо аркылуу камсыз кылынат. Бийлик бутактарынын ортосунда, ыйгарым укук менен жоопкерчиликтин ортосунда тең салмак камсыз кылынат жана алар жалпы элге көз каранды болот. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү ушул принциптердин алкагында жалпы элдин эркине ылайык чечилет. Бийлик өкүлдөрү эл алдында кылган иштери үчүн керт башы менен жооп беришет.

Кыргыз Республикасын башка мамлекеттерге, эл аралык субъектилерге көзкаранды кылууга, анын унитардык түзүлүшүн, мамлекеттик символикасын жоюуга, кыргыз элинин мамлекеттеги жетектөөчү ролун кемитүүгө багытталган уюмдардын түзүлүшүнө тыюу салынат. Мамлекет динге көз каранды эмес. Мамлекеттик кызыкчылыктар диний, саясий, жеке жана башка бардык кызыкчылыктардан жогору турат. Кыргыз Республикасындагы чет элдик субъектилердин баары толук бойдон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет жана Кыргызстандын юрисдикциясына карайт. Аткаруу бийлигинен башка бардык бийлик бутактары эл тарабынан шайланат жана көзөмөлдөнөт. Шайлоо иштерине бийлик органдарынын кийлигишүүсү мамлекеттик төңкөрүш катары бааланат жана жазаланат.

Кыргыз Республикасында улуттук, уруулук, жердешчилик, диний, жыныстык жана жаш курактык негизде саясий уюмдардын түзүлүшүнө жол берилбейт. КРнын өз алдынчалыгына, мамлекеттик түзүлүшүнө, мыйзамдарына каршы багытталган саясий уюмдардын түзүлүшүнө жол берилбейт.

Кыргыз улутундагы кыргыз тилин билген бардык адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары башка өлкөлөрдүн жарандары менен нике мамилесинде болууга жол берилбейт. Кош жарандуулукка жол берилбейт.

Экономикалык принциптери

Кыргыз Республикасында жер ресурстары, ошондой эле энергетика тармагына, транспорт, кен байлыктарга байланышкан ишканалар жеке менчикке берилбейт. Жер ресурстары КРнын жарандарына убактылуу пайдаланууга ички мыйзамдардын негизинде бекер берилет, менчик укугу мамлекетте калтырылат. Айыл жергесинде зоналдык айыл чарба кооперациясынын өнүгүшүнө бардык зарыл болгон мыйзамдык жана башка шарттар түзүлөт.

Энергетика, жолдор жана кен байлыктары мамлекеттин менчигинде гана болот. Мындан тышкары, мамлекет өзү маанилүү деп эсептеген, жалпы эл менен макулдашылган тармактарда көзөмөл пакети мамлекеттин колунда болот. Аталган тармактардын өнүгүшүн жалпы коом көзөмөлдөйт. Бул жоболорду өзгөртүүгө багытталган аракеттер мамлекеттик чыккынчылык катары бааланат жана жазаланат.

Аталган стратегиялык менчиктерди эске албаганда, Кыргыз Республикасында мамлекеттин өз жарандарына жана юридикалык тараптарына менчиктин бардык түрлөрүнө ээ болууга уруксат берилет. Чет элдик жарандар жана юридикалык тараптар, башка мамлекеттер жана эл аралык субъектилер Кыргыз Республикасындагы менчик объектилеринин тагдырын чечишине уруксат берилбейт.

Кыргыз Республикасында менчиктин коомдук, жамааттык жана корпоративдик формаларынын өнүгүшүнө мамлекет бардык зарыл шарттарды түзөт.

Салык саясаты бардык бийлик бутактары менен бирдикте жана коомчулуктун көзөмөлү астында аныкталат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер тиешелүү түрдө жалпы улуттук жана жергиликтүү бийлик бутактарынын көзөмөлү астында болот. Ал көзөмөлдүн жол-жобосун мыйзам аныктайт.

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк юридикалык тараптар көпчүлүккө ээ болгон ишканаларды түзүүгө жол берилбейт. Мамлекет атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө кам көрүү милдетин моюнга алат жана аны аткаруунун жолдорун коомчулук менен кошо аныктайт.

Жалпылап айтканда мамлекеттин экономикалык саясаты: а) өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгына жана коопсуздугуна; б) тарыхый жактан кыргыз элинин табиятына туура келген, менчиктин коомдук жана жамааттык формаларынын өнүгүшүнө; в) атамекендик өндүрүштүн өнүгүшүнө; г) өлкөдө иштелип жаткан акчанын өлкөнүн өзүндө калышына – багытталат.

Социалдык саясат

Кыргыз Республикасынын жарандары баштапкы медициналык жардам алууга, тиешелүү жөндөмү, каалоосу болгон шартта бекер орто билим алууга укуктуу. Балдарга жарандык, мыйзамдык жана этикалык тарбия берүү ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин жана жалпы коомдун милдети болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын бардык жарандары тиешелүү жашка келгенде социалдык жактан камсыз болушат. Кыргыз Республикасында кыргыз элинин маданий мурастары мамлекет тарабынан биринчи иретте корголот.

Маалымат саясаты

Кыргызстандагы бардык электрондук маалымат каражаттарына мамлекет төмөнкүдөй талаптарды коюу менен жыштыктарды бекер берет: 1) Эфир убактысынын 70% ашыгы кыргыз тилинде болушу керек; 2) ММКнын маалымат саясаты эл аралык стандарттардын алкагында болууга тийиш; 3) Мамлекеттин маалымат саясатына бир сааттан убакыт берилип турушу зарыл.

ММКда КРнын жеринин бүтүндүгүнө, өлкөнүн өз алдынчалыгына, улут аралык жана дин аралык ынтымакка, мамлекеттик символикага жана улуттук мурастарга каршы багытталган материлдарга жол берилбейт жана андай материалдарды чыгаруу аракеттери жазаланат. Улуттук асыл нарк мурастарын жайылткан, жарандарга туура багыт берген, патриоттукка тарбиялаган маалымат каражаттары мамлекет жана коом тарабынан колдоого алынат.

Тышкы саясат

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты улуттук кызыкчылыктарга, улуттук арнамыска жана жалпы элдин эркине жараша аныкталат. Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты анын ички саясатынын уландысы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын өз алдынчалыгына, коопсуздугуна, өнүгүшүнө салым кошкон өлкөлөр — Кыргыз Республикасынын шериктештери болуп саналат. КРнын тышкы саясаты бардык бийлик бутактары жана коом тарабынан көзөмөлдөнөт.

Жазанын түрлөрү

Кыргыз Республикасында жазанын оордугу жоопкерчиликке жараша болот. Бийлик укуктарынан пайдаланган адамдарга жөнөкөй адамдардыкына салыштырмалуу алда канча оор жаза чегерилет.

Кыргыз Республикасында жаза аткаруу мекемелеринде жаза өтөп жаткан жарандар коом үчүн зарыл болгон стратегиялык долбоорлорду аткарууга тартылат. Анын тартиби мыйзам менен аныкталат жана коомчулук тарабынын көзөмөлдөнөт.

Кыргыз Республикасында өлүм жазасына жол берилет. Өлүм жазасына өкүм кылуунун себептери жана анын аткарылышы коомчулук тарабынан көзөмөлдөнөт. Мамлекеттик кызыкчылыкка, мамлекеттик символикага каршы келген иш-аракеттер, киши өлтүрүү, зордуктоо, мамлекетке жана коомго каршы багытталган коркунучтуу иш-аракеттер, эл арасына сойкулук, баңгилик, бачабаздык сыяктуу терс көрүнүштөрдү жайылтуу өлүм жазасы менен жазаланат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш-аракеттер үчүн соттолгон адамдарга чыгарылган өкүм мөөнөтсүз жана ал өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелбейт.

Салттарга мамиле

Кыргыз Республикасында кыргыз элинин руханий, маданий, интеллектуалдык жана медициналык өнүгүшүнө салым кошкон элдик салттарга мамлекет кам көрөт. Адамдын укугун кемсинткен, улутту уят кылган салттар мыйзам чегинде жазаланат жана алардын жоюлушуна бардык шарттар түзүлөт.

Куралдуу күчтөрү

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү КРнын аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттин коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылышат. КРнын аймактык бүтүндүгүн бузган бардык мамлекеттер жана уюмдар КРнын душмандары болуп эсептелет. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн ички маселелерин чечүүгө пайдаланылбайт. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө даярдоо мектеп жашынан бери жынысына карабай жүргүзүлөт жана ал үчүн эр өнөрдүн бардык ылайыктуу түрлөрү мектеп окуучуларына милдеттүү түрдө үйрөтүлөт. Өлкөнүн жеринин бүтүндүгүнө, мамлекеттик түзүлүшүнө, стратегиялык тармактарына жана мамлекеттик кызыкчылыктарга коркунуч келген шартта, ошондой эле согуш абалында Кыргызстандын ар бир жараны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн милдеттүү аскери катары эсептелет жана ошого жараша колунан келишинче аракет көрүүгө милдеттүү.

«Улутман» атуулдар кыймылы,
Фейсбуктагы “Кыргыз улуттук кыймылы” баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий