Анатай Өмүркановдун жаңы ырларынан

a_omurkanov

СЕН КӨРҮНСӨҢ

Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Сен жуунсаң – суу мас болот, жылалбайт.
Тамган тамчы кайра сени өбөм – деп
Бууга айланып буулуккансып улам жаайт…

Сага жоолук болсок дешет булуттар,
Сени мактап сайрайт бакта бүт куштар.
Көлдөн көккө бир секирип өзүңдү
Көрүп жыргап кайра чумкуйт балыктар.

Табияттай эң жөнөкөй, эң татаал,
Сыйкыры көп, сырлар арбын аялда ар,
«Кош!» айтышып кай тарапка баспасын,
Бардык тарап күтүп турат аны аяр.

Ким көрбөсүн бул аялды баскан жай,
Кубанышат жоготконун тапкандай.
Үйдөн чыгып үйгө баткан ал бир Күн,
Арзуу анда аягы жок асмандай…

Ай-ааламдын бетиндеги кызылы,
Карт дүйнөнүн кайталангыз кызыгы.
Кыска өмүрдүн кыскалыгын билдирбес
Ал керемет көргүң келген утуру…

… Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Көрүнбөсөң көңүл түтөйт, ылаңдайт.
Уланышы мүмкүн ушул дайранын,
Бирок ушул дүйнө ушундай уланбайт.

КЕРЕМЕТСИҢ СЫРТ ЖАЙЛОО КАРА-САЗДА
Акын иним Керимбекке

Бабам көзү – бал-бал жанган асманда Айың,
Агып жаткан алтынга окшош ар бир сайың.
Дем алганда дене бойум балкып барат,
Дегдеңдетип кайда апкелдиң айланайын…

Жел аргыңдан жети атамдын жытын туйам,
Булутуңдан мурункунун ырын угам.
Көк тиреген көк аскаңдын ар бир ташын
Көз ачкандан көргөн окшоп сүйүп турам.

Жайнаган чөп гүлүн ачат мени таанып,
Суудан ыргып, кайра сууга чумкуйт балык.
Ушул тоолор жаным менен бир бүткөндөй
Кайсы жагын карабайын кумар канып…

Мурун мында келбесем да келгендеймин,
Көрбөсөм да Кара-Сазды көргөндөймүн.
Чок кармаган чоң атамдын калпагындай
Таң нурун өөп тамылжыган аппак мөңгүң.

Эшигине ким келбесин иттери үрбөйт,
Үйдүн ээси ким болбосун «Үйгө кир…» дейт.
Пейилиңден айланайын кайран кыргыз,
Өзү билбейт, боз үйү да кулпу билбейт.

Чалкайгандан чалкайасың Кара-Сазым,
Көркүн ачып көркөм жайлоо Кең Балгарттын.
Көңүл көлкүп көккө жетти көргөнүмдө
Жылуу-Сууң, Айколуңдун ай-талаасын…

Жаралганы кандай болсо так ошондой,
Аба, сууң, пейлиң таза аруу ойдой.
Саамал ичип сайрандаган ушул күндөр
Саат санап сагындырар сайран тойдой…

Ак жолумду ачкан окшойт Теңир менин,
Же жактыбы жүрөгүмө сенин кебиң…
Жайлоого окшоп мен жайылып жыргап турам
Көкүрөккө тартып Сырттын көз ирмемин.

… Кетким келбейт. Бирок кетем. Эртең кетем,
Эч эскирбес элесиңди эркелетем.
Кут конгон жер кулпуна бер… Кудай Таала
Насип этсин көрүшүүнү аман-эсен…

 

КУЛУН

Жек көрүп караба…
Күн чырай бу кулун,
Кыргыздын жана да
Күлкүсү тоолордун.

Жылт учуп кайыптан,
Жылдызга баратып,–
Таң атып капыстан
Калгандай адашып.

Шыйрагы упузун,
Анан да ипичке.
Укмушу укмуштун
Кишенеп жиберсе…

Суу акпай, булут да
Ордунан жылалбай,–
Токтолот саамга
Тоо демин чыгарбай.

Шыбырайт тоо тоого,
Болгонун шыбырайт.
Боз үйлөр жайлоодо
Куруттай жыбырайт.

Тык токтойт, чуркайт да,
Тикчийтет кулагын.
Ойлоном: «Кайакта,
Ушундай убагым»…

Жетсем деп куйунга,
Желпинет дердеңдей.
Балалык кулунга
Айланып келгенби эй…

Жүрөктөн кол эмес,
Жүрөктөн сылаймын.
Сендейлер көп эмес
Астында Күн, Айдын…

Көз, сөздүн жаманы,
Тийбесин кулунга.
Көргөндө мен аны,
Унтулат муңум да…

 

БАЛГАРТ ЖАЙЛОО

Койлор, уйлар короосунан чыгат, чыкпайт,
Он метрдей оолактайт да оттойт, жуушайт.
Кере тойуп кепшегенди унтуп салган,
«Ити, куштан сак бол» деген ити да укпайт.

Кулак, мурун кескенге окшоп айлана тынч,
Боз үй жактан серең этет секелек кыз.
Жер экенсиң малың эмес, элиң эмес,
Чөбүң дагы, ташың дагы эстен чыккыз.

Түндү жарган түнкү дайра обон созбой,
Желаргы эмес бир желп эткен жел да сокпой…
Кара аскадан бала барчын канат күүлөп
Шаңшып койот эч ким менен иши жоктой.

Билбей калдым кайак Батыш, кайак Чыгыш,
Сабаа жарып сапырылат саамал кымыз.
Интернеттен мультфильм көрүп бапырашкан
Балдар менен кошо күлөт Бакыт, Ырыс.

Балгарт жайлоо шаңкайасың балкып, чалкып,
Жер каймагы сыйактанып калкып, аңкып…
Көркүң жанды көлкүлдөттү… олтурамын,
Демим тышка чыгара албай ичке тартып.

Ушул ууз сулуулугуң, улуулугуң,
Өөп-жыттап өтсүн уулуң, бардык муун.
Бир көрдүм да бир кылымга жашардым мен,
Билбей калдым кайда кетти кайгы-муңум.

Бул жашоого канааттанган калды сезим,
Мындан шаңдуу өтөт эми эрте-кечим.
Бүт жайлоонун ханына окшоп жатканың ай,
Көргөнмүн… деп мактана айтчу жер экенсиң…

 

ЖАЙЛООДО

Бир угулуп бир эзген,
Миң угулуп миң эзген.
Кызыл көз бука жер чапчыйт
Өкүрө берип үнү өчкөн.

Аркан бой жерде чөптү аймап,
Тойгондон онтоп уй уктайт.
Булутту шамал кетти айдап
Ал келчү жолун унутпайт.

Адырдан айгыр кишенейт,
Желеде кулун желге ойнойт.
Алышат, анан тизелейт,
А балдар: «Кимди ким койбойт?..»

Чыйылдайт: «Тиште! Төшкө теп!..»
Ачуу үн, жаш көз алаңдайт.
Жаныбар жаалы көзгө өтөт,
Чаарга тору чабалдайт.

Кайыптан бүткөн сыр бардыр,
Жылкычы жигит үнүндө.
Кош колу көктө эки айгыр
Жалт бурулат үйүргө.

Кара көк туман тарап аз,
Жарк эте түшөт күн күлүп.
Мелмилдейт чиркин Кара-Саз,
Мемирейт кайра мал, жан бүт…

Чокуда мөңгү кышты улайт,
Жылуулук жылат таштардан.
Аккан суу, чөп да ныксырайт,
Эринет киши баскандан.

Мөндүрдү айтпа ыр жаасын,
Каалгып учсун арман жай…
Жайлоого эмес бул башым
Бейишке келип калгандай,‒
Желпинем, учам, асмандайм,
Насиптен болчу түңүлбөйм.
Тагдырга ушу мактанбайм,
Шыбырап көккө: ‒ Шүгүр…дейм.

Көк көйнөк кыздын мойнунан,
Көк чөпкө түшкөн чынжырдай.
Мөл булак ийри нугунда
Кысылып, кээде кысылбай

Көйкөлөт, анан ийреңдейт,
Көк адыр ылдый тызылдай…
Айтылуу Нарын дайранын
Адашып калган кызындай.

Туура келбей турганын көр жаштын жашка,
Карындаш ай, кашы башка, назы башка.
Кымыз сунсаң… ой курусун окторулат,
Кара каман суусундай… таштан ташка.

Каректериң кандай карек балбылдаган,
Жаштарды кой, мендей карган эстен танган.
Кыркалакей тоону кантип тегиздеймин?
Тоодон келген сууну кантип тоого агызам?

Чагылганым чартылдатпайм, жаркылдатпайм,
Садагасы сага ылайык сөздү таппайм.
Качырбайт дейт калтар көрсө кыраан бүркүт
Туура сөздү туура деймин ооз ачпайм…

Кымыз жуттум… Эмне жуттум, билбейм өзүм,
Жан жагым бүт бал-бал жанган сенин көзүң…
Карап калуу күнөө эмес карындаштай,
Сулуулардан издейт ар ким жаштык кезин…

Карарган туман жылат жай,
Шамал: «Бас!» деген тарапка.
Туманга туман улатпай
Күркүрөйт асман заматта.

Үйүрлүү жылкы жылбастан,
Көздөрүн жумуп дөңдө көк,
Шатырап жааган жамгырдан
Күү тыңшап турган өңдөнөт.

Дүрбүдөн карап дөң жакты,
Койлорун койчу чой-чойлойт.
Басаңдап жамгыр ак тамчы
Куйрук, жал ылдый шорголойт.

Булутта болбойт жөн жүргөн,
Илинбейт алар уйкашка.
Сабаган катуу мөндүрдөн
Зоңкоңдоп чуркайт уй паска.

Теңебей жанды өзүнө,
Телмире тиктеп жаанга.
Жабышып койнок этине
Жаш келин келет саанга.

Титирейт кулун желеде,
Тикчие тиктеп шарт туруп.
Жеңилдей түшатакбоз бээ
Желинин шар-шар тарттырып.

 

БУЛУТТАР

Көр турмуштун көкөй кескен тардыгына,
Тобокел деп булут жылат тагдырына.
Кайдан келди? Кайда барат? Максаты эмне?
Эч ким билбейт, бүлөйт кайра жанды ырына.

Кылымдардан кылымдарга учуп барар,
Кучагында Кудуреттин кубаты бар.
Таңда ак да, түштө буурул, кечте кызгылт,
Саат сайын көйнөктөрүн которот ал.

Табийгаттын жан билбеген тилин билет,
Үмүт издеп үңкүрлөрдөн үңкүр кирет.
Сууну көрсө чоң атасын көргөн окшоп
Сүйүнгөндөн чагылганын чагып ийет.

Боор оорутпай боз түшүрүп бороон айдайт,
Жамгырыңды тамчы кылып ким дайардайт?
Тийген жерин тыйпыл кылган чагылганды
Күйүп кетпей кантип алып жүрөсүң айт?..

Чагылганды кантип издеп, алдың кайдан?
Ал эмне үчүн учуп кетпейт канатыңдан?
Сен эмнесиң? Же кимсиңби? Ачык айтчы
Сыйкырсыңбы акыл жетпей эс тандырган?

Эмнегедир сени көрсөм ич элжиреп,
Кылым кырккан сапарлашың болгум келет.
Кокус солуп бара жаткан чөптү көрсөм,
Жерди көрсөм, мен да сендей жамгырым сээп…

Бабалардай аста барып атып албайм,
Тике тиктеп тирүүлүктөн тилек арнайм.
Көрбөй калсам көңүл чөгүп капа болом,
Сенсиз өткөн өмүрүмө канааттанбайм.

Максатың не? Тобокел деп чыккандагы?
Учуп жүргөн жансыңбы же чыккан жаңы?
Чындан эле сен жан болсоң учуп барып,
Бизди билдир боордошторго ааламдагы…

 

ЖАЙЛООНУН ТҮНҮ

Жайлоонун түнү күндөй,
Жайлоонун чөбү гүлдөй.
Жайлоодо өткөн бир күн
Бейиштин миң күнүндөй…

Кайырма: Сүттөн таза, суудан тунук,
Күн нурунан күүлөрдү угуп.
Жайы-кышы жүрсөм гана
Жайыгында сайран куруп.

Жайлоонун тумары окшоп,
Ай турат жылбай токтоп.
Жылдыздар шыбырашып,
Жыбырайт жыргал коштоп.

Уктасам түштөн кетпес,
Четтесем эстен кетпес.
Жайлоонун кереметин
Өзүмдөй бир жан сезбес.

Бабамдын куту бардай,
Жети атам жыты бардай.
Жан менен бирге бүткөн
Жапжашыл жайлоом ай…

Кайырма: Сүттөн таза, суудан тунук,
Күн нурунан күүлөрдү угуп.
Жайы-кышы жүрсөм гана
Жайыгында сайран куруп.

 

ЖЫЛУУ СУУДАГЫ КӨПҮРӨДӨН УЛАМ

Шаңшыйт бүркүт, үнү аскадан жаңырат,
Ач илбирстей чакчырылат Жылуу-Суу.
Таштан ташка тийген сайын күч алат
Ушул тоонун эзелки ээси сыяктуу.

«Куралы – деп көлөмүнө жараша»,
Чакан сууга чак көпүрө курду алар.
Көпүрөсү көккө ыргыды жазында
Мындай кызык көрүшпөптүр мурда алар.

Кайра курду жалаң темир, цементтен,
Мурункудан кыйла бийик, кыйла бек.
Келген, кеткен азоо аттай кемээчтеп
Азоо сууну көндүргөндү көрсүн деп.

А Жылуу-Суу күз, кыш акты жайма-жай,
Көптөр айтты: «Муну алчу суу кайда?..»
Жаз келгенде кайра кирип дайрадай
Көпүрөнү быт-чыт кылды заматта.

Калмак, Кокон канча чардап жыргады,
Турду кыргыз туу көтөрүп жеңилбей.
Көпүрөгө көнбөйт кыргыз суулары,
Колго кишен салдырбаган элиндей…

 “Де-Факто”, 17.08.2014-ж.

Анатай Өмүркановдун башка ырлары
Соц тармактар:

Добавить комментарий