Ата-Журттун жолун чалып кетиптир

alykulfond

Келерки жылдын март айында айтылуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Жакында акындын жердештеринин демилгеси менен мааракеге даярдык көрүү максатында Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд түзүлдү. Мына ошол даярдык көрүү иштеринин жүрүшү тууралуу коомдук фонддун теңтөрагасы, “Дордой-Капитал” майда кредит берүү уюмунун төрагасы, алыкул иликтөөчү Шаршенбай АЖЫБЕКОВ менен маектештик.

– Шаршенбай Үсөналиевич, түбү ат-башылык болуп туруп, анан эмне болуп Алыкул менен “ооруп” жүрөсүз?

– Алыкул менен жакындан “таанышып баарлашканым” сексенинчи жылдар болду. Жогорку окуу жайын аяктап, ошол кезде жаңыдан уюшулган Панфилов райондук банк­тын төрагасынын орун басары болуп иштеп калдым. Ошол жылдары Алыкул тууралуу көп уктум, акындын ысымын алып жүргөн адабий ийримге катыштым.

Алыкул акын эл арасында көп болгон. Ошондой сапар карыткан бир учурун, 1946-жылдын июль-сентябрь айларында Ат-Башы тарапта болгонун чагылдырган жазууларды “Арпа элес­тери” блокнотунан окууга болот. Акын Арпа жайлоосунда болуп, малчылар менен аралашып жашап, меймандостукка ыраазы болуп, чыгармачылык күч топтогон. Анын чыгармаларында Ат-Башынын жер, суу санжырасы, тарыхый мурастары жана инсандары жөнүндө өзгөчө көп камтылган. Акын атам Үсөналы менен кенен-кесири баарлашып, атүгүл анын үйүндө мейман болуп кеткен экен.

Жакында ошол күндү элестеткен сүрөт да табылды. Акын Ат-Башы өрөөнүнөн кылымдарды карытып эл оозунда айтылып келген жер-суу аттары жана тарыхый эстелик катары курулуп, сакталып келген чеп-коргондор жана күмбөздөр жөнүндө маалыматтарды кагазга түшүрүү менен, Ат-Башы өрөөнүндө жана Арпа жайлоосунда эл менен өткөргөн кызыктуу күндөрүнөн мазмундуу ыр саптарын калтырып кеткен. Алыкулду иликтей баштаганыма ушул да себеп болду көрүнөт. Ошентип, акын жөнүндө изилдөөчүлөрдүн, алыкул таануучулардын эмгектери менен таанышып жүрүп, Алыкулдун поэзия деңизине кандайча чүмкүп кирип кеткенимди өзүм да сезбей калдым. Алыкул таануучулар менен аралашып, алардын көптөгөн көйгөйлөрүн көрүп, аларга жардам кылууну алдыма максат койгондонбу, Алыкул дүйнөсүнө терең аралашып кеттим.

– Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд уюштурулуп, өз ишин баштабадыбы. Алдыга кандай пландарды койдуңуздар?

– Коомдук фонддун алдында “Алыкул–100” уюштуруу комитети түзүлүп, аткарылуучу иш-чаралардын долбоору бекитилди. Мааракени өткөрүү үчүн каражат топтоо максатында жакында марафон өткөргөнү жатабыз. Акын туулган Каптал-Арык айылындагы мемориалдык үй-музейин жаңылап, айланасына сейил бак куруп, азыркы турган эстелигин мектептин алдына көчүрүп, ал жерге жаңы эстелик курулат. Ага сынак жарыяладык. Акындын калтырып кеткен баа жеткис мурастарын дагы бир ирет тактап, толуктап басмадан чыгаруу иштери башталды.

А.Осмонов жашаган Бишкек шаарындагы үйдү оңдоо жана экспозицияларын жаңылоо, толуктоо иштери коомчулуктун колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин чечими менен Чолпон-Ата шаарынан, мурунку шаардык сейил бактын ичинен акындын айкелин коюп, жаштар үчүн поэзия борборун түзүүгө орун берилди. Ысык-Көлдүн жээгине акындын сейил багын куруу, эстелигин тургузуу боюнча кайрылып жатабыз. Акын тууралуу жаңы кинотасма тартуу боюнча кароо-сынак жарыяланат. Алыкулдун кыргыз, орус жана англис тилдеринде китептерин кайрадан басып чыгаруу, “Алыкул” энциклопедиясын, “Мезгил жана Алыкул” фото-альбомун чыгаруу планыбызда бар. Бул багытта алгачкы иштер башталды. Булар эң негизгилери гана. Булардан тышкары көптөгөн кароо-сынактар, адабий-музыкалык кечелер өткөрүлөт. Коомдук фонддун демилгеси менен Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак-мектепте Алыкул таануу адабий борборун ачып, журналист, жазуучу Жекшенбек Турусбековдун “Алыкулдун айылынан жолугалы” аталыштагы адабий-музыкалык кечесин өткөрдүк.

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 12.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий