Махабаттын ыйыктыгын даңазалаган

sooronbaeva

Махабаттын тазалыгын, аруулугун Ысык-Көлдүн көгүлтүр суусу менен салыштырчу

Бекер жеринен “Арман” романында айрыкча жаштарды карыларды кадырлоого, бекем достукка, эмгекти барктоого үндөгөн, сүйүүгө, турмуш курууга, үй-бүлө күтө билүүгө багытталган маселелерди камтып, “…Махабат деген керемет, ойдо жок жерден кош жүрөктөн от чачыша турган дабасы да, дарысы да жок өзүнчө бир айыкпас аты жок оору турбайбы”, –- деген эместир. Ал эми тууган жерине арналган алгачкы ырларынын биринде “Күлүңдөйт сансыз жылдыздар, гүлүңдү көрүп жылгадан” деп сансыз гүлдөргө болгон суктануусун жашырбайт.

Жазуучунун бардык чыгармаларында башкы орунда гүл менен махабат туруп, ошолорду башка нерсеге айырбаштаган жок, өмүр бою гүл менен махабатты жүрөгүнө аяр сактап келди.

Сыртта атактуу Чыңгыз Айтматов “Жамила” повестинде берилүү менен сүрөттөгөн август күндөрү. Баш-аягы чексиз, жыл айланып адашпай келер жай айларынын бири. Гүл жайнаган жайдын акыркы айынын кап ортосунда таланттуу жазуучу Зуура Сооронбаева жарык дүйнөгө келген. Ушул август айы мен үчүн жашоодо туу тутуп, алгачкы устатым, адамгерчиликтүү инсан, аялзатынан чыккан кара сөздүн чебери Зуура Сооронбаева үчүн эскерме жазыла турган ай болорун алдын ала туйган эмес экемин.

Аттиң дүйнө, адам баласынын туз-насиби чектелүү турбайбы, арсыз ажал сексенден ашык жаш берип, мынча болду токсонго чыгарбай, ал өмүрдү кызганып арабыздан алып кетерин ким сезиптир. Аттиң, дагы бир топ жугумдуу чыгармаларды бербейт беле. Тууган жери Жолголот томсоруп, Ысык-Көлдүн толкундары муңдуу шарпылдап, каралуу Каракол калды, өзү ырында “Көөдөнүң толгон ыр жалаң, көрөшөн жерим Жыргалаң” деп жазгандай жылгалуу Жыргалаңдын айдарым шамалы калды. Жоктоп сыздагандан гүл менен махабатты аздектешкен орошон окурмандары калды.

Жетимишинчи жылдардын башында кыргыз адабий майданында сандан сапатка көтөрүлгөн, окурмандардын ойлорун туткундап алган зор окуя болду

Зуура Сооронбаеванын “Астра гүлү” повести жарыяланган “Ала Тоо” журналын күркөлөрдөн көз ирмемде талап кетишип, китепканаларда ушул санды алып окуш үчүн кезек күткөндөр пайда болду. Бул повесть дароо эле студенттерден тартып, жумушчу, интеллигенциянын, айылдык окуучулардан тартып, карапайым колхозчулардын сүймөнчүлүгүнө айланып кетти. Ушуга чейин бул чыгарманы бир окусаң, дагы окугуң келет, экинчи ирет, үчүнчү ирет окуп кумарың канбайт. “Астра гүлү” махабаттын маани-маңызын даңазалап, турмуш туткасын ырас­тап турат.

Зуура эже менен таанышуум да ушул жылдары болду. Пржевальск (азыркы Каракол) педагогикалык институтуна окууга өтүп, окуу­нун биринчи эле күнүндө лекция бүтөр замат эки ырымды чөнтөккө салып, шаардык “Коммунисттик эмгек” гезитинин редакциясын издеп жөнөдүм. Редакциянын кеңсеси институттан анчалык деле алыс жайгашпаптыр, бат эле таап, Турар акындын “Редакцияга барганда” деген ырындагыдай болуп, жүрөксүнүп көпкө айланчыктап кире албай жүрдүм.

Акыры кирип, биринчи эле эшикти чертип ичкери кирдим. Бөлмө кенен экен, ай тегерек тартып үч-төрт киши үстөлгө өбөктөшүп, бир нерселерди жазуу менен алек. Чоңу ушул болуш керек деп түз эле төрдөгү кишиге барып, ырларымды сундум. Ал босогодо машинка басып жаткан аялга бер деп ишарат кылды. Кийин билсем, төрдөгүсү гезиттин жооптуу катчысы, Кыргыз эл акыны Эргешбай Узакбаев, ал эми босогодо машинка басып отурганы ошол кезде даңаза болуп жаткан “Астра гүлүнүн” автору, гезиттин кабарчысы Зуура эже экен. Жылуу кабыл алып, ырларымды алып калды. Бир-эки жума өтпөй эле курсташым менин эки ырымдын бири чыккан гезитти көтөрүп келиптир. Мына ошондон Зуура эже менен болгон тынымсыз байланышым башталды. Көп өтпөй эле жаңы ачылган облустук “Ысык-Көл правдасы” гезитине которулуп барды. Эми жаңы жазылган ырларымды, аңгемелеримди көтөрүп алып, ошол жакка тынымсыз каттай баштадым. Институтта окуган беш жыл ичинде баалуу кеп-кеңештерин айтып, телчиктирди, такшалтты.

Гүлдү жакшы көргөн Зуура Сооронбаевага акыркы жолу гүлдесте бергеним Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында болду

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры Бишкек шаарына гастролго келип, З.Сооронбаеванын “Сынган мазар” спектаклин да ала келишиптир. Бир жума мурун Зуура эже өзү редакцияга келип, чакыруу кагазын берип кеткен.

Ошондо зал көрүүчүлөргө жык толду. Карылар үйүндөгү турмушту дал өзүндөй көрсөткөн пьеса ийгиликтүү өттү. Оюн аяктаганда көрүүчүлөр өйдө турушуп, узакка алакан чабышып, сахнага авторду чакырышты. Көрөрмандар агылышып сахнага бет алышып, драматургка гүлдесте берип жатышты. Алардын арасында мен да бар элем. Кучагы толо гүлдесте эженин ажарын ачып турду. З.Сооронбаеванын чыныгы классикалык деңгээлде жазылган “Сынган мазардан” тышкары “Эркек колукту”, “Байлык жана махабат”, “Өрттүү таң” өңдүү пьесалары улуттук драматургиядагы эң мыкты чыгармалардын катарынан орун алары анык.

З.Зооронбаеванын “Чоочун киши” романына мурда кыргыз адабиятында болуп көрбөгөндөй тагдыр буйруду

Окурмандар “Астра гүлүн” талашып окушкандай эле “Чоочун кишини” да талашып окушуп, романдын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.

Чыгармачыл адамдын тагдыры ушундай экен, көзү өтсө да чыгармаларында экинчи өмүрүн уланта берет экен. З.Сооронбаеванын артында да гүлдү, махабатты даңазалаган романдары, повесттери, “Махабат баяны” аттуу аңгемелер жыйнагы калды. Демек, эженин чыгармаларын аздектеген китепкөйлөрү барында ал унутулбайт.

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 15.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий