Казыбек

Өмүрү кайгылуу өткөн Казыбек акындын тагдырын ойлогондо сөзсүз тоталитардык система, партдиктатура үстөмдүк кылып турганда, жок жерден жаманатты болгон Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын абалы, ак жерден атылган Касым Тыныстанов, Сыдык Карачевдин тагдыры, репрессияга дуушар болгон кыргыздын кыраан уулдарынын, чыгаан азаматтарынын тагдыры эске түшөт. Алар текке жаманатты болгону аз келгенсип, изилдеген окумуштуулар: Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор сүргүнгө айдалып, Карасаев, Шүкүров, Шаршенбек Үмөталиевдер куугунтукка алынганы, ал кездеги сокур саясатчылардын түркөйлүгүн ашкерелейт.

Сталиндик репрессиянын желдеттери эл тагдырын чечкен комиссарга же калк ичиндеги карапайым пендеге карабай, жалданган баканооздорго жалаа, чагым, жалган арыздар жаздырып, ким болбосун кара тизмеге киргендерди камап, атып, сүргүнгө айдап жок кылышкан. Ага дейре көрбөгөн азапты көзүнө көрсөтүп, кыйнап турушкан.

Түрмөнүн шордуу азабын,
Тирүүлөй тартып жатамын.
Теңдиги жок өкүмат,
Тескери сурак жасадың…

Терезеден карасам,
Теректин башы чайпалат.
Жашыл килем салынып,
Жаз келген түрү байкалат.
Алыста жүргөн шордууга,
Кандай куш кабар айта алат?..

Эзүүчү тап катары бай-манаптарды жоюуда, колунда бар адамдарды кулакка тартууда, сталиндик кандуу репрессияда Кыргызстанда гана кырк миң киши камалып, сүргүнгө айдалып, сегиз миңи атылган. Алардын арасында элден чыккан Казыбек, Боогачы, Молдо Багыш сыяктуу каражаак казалчы, актаңдай акындар болгон.

1928-жылдагы жер-суу реформасынан кийин элди отурукташтыруу, колхоздоштуруу, бирикме чарбага киргизүү кампаниясы башталат. Жүз жылкысы же бир жылкысы барбы, колунда болгонду ортолукка салбагандар эл-журтунан, ата мекенинен айдалган. Журттан журтка көчүргөн ботолуу төөсү, кулундуу бээси, саап ичээрге музоолуу ую, дан бастырууга өгүзү, ат-арабасы, он-чакты жандыгы бар жай чарбалуу адам кара тизмеге кирип, үй-жайы конфискацияланып, үй-бүлөсү менен алыскы Украинага, Сибирге, Омбуга, Орунбоорго сүргүндөлгөн.

Ошол калабанын капшабына калган Казыбек 1929-жылы үй-бүлөсү менен кулакка тартылып, Бишкек, Орунбоор, Ташкендин абактарында жаткан. Казыбек терең ой толгогон, азаттык, теңдикти эңсеген акын болгондуктан, адилетсиз суракты, абактагы арманды, сагыныч, күйүт кусасын казалдарында калтырып, ал эл оозуна тараган.

Чуркурап турат далай эл,
Бишкек шаары камакта.
Жабыла кирет карасаң,
Жайытта койдой тамакка.
Эсеп кылат эки убак,
Эртели-кеч санакта.

Башка-башка, айрыкча кыргыз баласы кара жанынын камы, керт башынын кызыкчылыгы үчүн мөртү келгенде өз жакынын, өз тууганын да сатып турган. Кыргыздагы ичи тардык, көрө албастык, атаандаштык, мансапкордук, паракордук, жик-жикке, уруу-урукка бөлүнүп, даңк талашып басташуу, ушактап жалаа жабуу, желкеден согуп калуу, касташуу алиге дейре өкүм сүрүп келатат. Бул зыяндуу көрүнүш эл үчүн туулган эр жигиттердин, далай ак ниет адамдардын, далай асылдардын башын жутпадыбы. Али кыргыз акындары жаза электе, Казыбек «Сталинге» деген ыр чыгарып, ошол уруучулук, кыргызчылык, чыккынчылык адатты ашкерелеген.

СТАЛИНГЕ

Туран деген партия,
Түбүндө бизде болбогон.
Түбү жок ишке кабылып,
Түрмөдө башым шордогон.
Эрктүү совет борбору,
Москвага орногон.
Элдин ээси Сталин,
Этегин өзүң оңдогун…

 

ӨКҮМ БОЛООРДО

Ак жеринен күйгөнүн,
Ар ким айтып даттанды.
Текшербеди трибунал,
Тергөөдө жалган айтканды.
Айыпкер киши жыйырма эле,
Араңдан бирөө акталды.

Кеңеш өкмөтү орногонго чейин уезддик башчыда писарь, тилмеч, регистратор болуп иштегендин бардыгы болуштар, жасоолдор, урядниктер, приставдар, жер ченегичтер буржуазиянын өкүлү катары сүргүнгө айдалды, каршылык кылгандар атылды. Максүт, Талканбай, Кашымбек, Маралбай, Тынаалы, Батыркан, Телтай, Баракан, Күрөңкөй-ажы, Чыңгыш-ажы, Чоко, Чормон, Дүр, Самсаалы, Жангарач менен Байтиктин тукумдары, Садыр-аке менен Кыдыр-акенин тукумдары, Мураталы менен Сарыбайдын тукумдары, Чыныбай менен Шабдандын тукумдары Самүдүн, Мөкүштөр тентип, тербип жок болду.

Казыбек үркүндө да, сүргүндө да кыргыз жерин, кыргыз элин, кыргыз салтын, жайкалган жашыл төрлөрүн, көгөргөн тунук көлдөрүн, шаркырап аккан сууларын, кыртыштуу кара-күрөң жерлерин, бетеге, тулаңдуу белдерин, ээн оттогон, эч кимден коркпогон эчки-теке, арка-кулжа, кайберендерин, илбээсин, кыраан куштарын булбулдай сайрап, торгойдой таңшып ырдаган.

Жылжытып жылкы айдаган,
Чыңыртып кулун байлаган.
Көк өзөн жайлоо, көк конуш,
Көркүнө чыгып жайнаган…
Ал жерден жамгыр үзүлбөйт,
Атылып турат чагылган…
Кымызын ичип, козу жеп,
Мырзалар ичик жамынган.

Бай-кедейи белгисиз,
Барган адам келгисиз.
Көп аймакты кыдырып,
Көрбөдүк сендей жерди биз…

Казыбек менен Боогачынын ырларындай кыргыз элине кеңири тараган ырлар, атадан балага мурас болуп калган казалдар сейрек кезигет. Боогачынын «Арпанын Ала-Тоосунан», «Үкөй», «Тору атым калды союлбай», Казыбектин «Ой, тообо», «Күрпөңдү союп шернеге», «Ат-Башы, Нарын жергеси», «Теректин башы чайпалат» деген арман ырлары ушул күндө да эл оозунда. Ар дайым отуруш, үлпөттөрдө, концерт, банкеттерде өтүнүч менен ырдалып жүргөн «Ой тообо» Казыбектин ыры экенин эч ким деле билбесе керек.

Жагалмай деген жапан куш,
Жарташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар сен курбум,
Жайлообуз бирге болгон жок.

Кыргыек деген кыраан куш,
Кырташка барып конгон жок.
Кызыгып ойноп жүрөөргө,
Кыштообуз бирге болгон жок.

Агарып аткан таң менен,
Аркарлар оттойт кумайда.
Алыска кетип калды деп,
Асылкеч курбум муңайба…

Бул айтылуу «Ой, тообо» деген ыр музыкага салынып, профессионал ырчылар тарабынан да адамдын моокумун кандырып, ырдалып жүргөнүнө күнү бүгүн күбөбүз.

Мен Казыбектин ырларын Алай-Кууда мугалим болуп жүргөндө биринчи жолу укканым эсимде. Биз Алай-Куунун башындагы Тар-Суудан кечип өтүп, атчан келатканбыз. Арабызда беш манжасы жок дүкөнчү Тезекбай, Сагындык колхозунун башкармасы Апытай, нооча бойлуу, шаа мурут, шляпачан Калпет деген олбурлуу чоң киши бар. Тянь-Шандын Арпа жайлоосу менен ашташып жаткандыктан, аларга каттап турган алайкуулуктар Казыбектин казалдарын жакшы билишчү. Калпеттин ага-туугандары да кулакка тартылып, өзү да айдалып келген. Кыргыз жерлерин, кыргыз элин, кыргыз салтын сүрөттөгөн Казыбектин ырлары Калпеттин айтуусунда ошондо эле жүрөккө уюган.
Казыбекти биринчи изилдеп, чоң адабиятка алып чыккан ак-талаалык акын Өмүрбек Дөлөев: «Ар бир Казыбекти айтуучу, казалды коё бергенде жан-жагын каранып, «суук көз жокпу, дагы ким эмне деп ийет?», — дегендей коркуп-үркүп, жалтанып айтаар эле» деп жазгандай, Казыбектин казалдарын Каплет да: «Казыбектей казалчы аз чыгат. Кайран киши ак жерден айдалып, түрмөдө кор болуп жүрүп, эрте көз жумуп кетти. Орунбоордогу абакта бирге жаттык эле. Жаман көз, жаман ооз жок болсо, ээн жерде Казыбектин казалдарынан айтып берейин, жолдо эрмек болсун, жол кыскарсын», — деп, бир үндүү аван менен айтып калды:

Бабабыз Кошой жердеген,
Башынан намыс бербеген.
Коңурбай менен Жолойду,
Кошойсуз Манас жеңбеген.
Алманбет жаткан Чечдөбө,
Абалтан ыйык жер деген.
Ар жылы жайлап Табылды,
Аргымак минген кермеден.
Арпада далай кыз Жаңыл,
Арбашка жоосун сермеген.
Жай-кышы бирдей токчулук,
Булоолоп кышта тердеген.
Кыз-келиндер өргөөдө,
Күлгөнү чыгып шыңкылдап,
Булгары тердик кундуздан,
Бурчуна чегээ жылдыздап,
Буластаган кыз-келин,
Бурала басып ыргыштап.

Казыбектин казалдарын эл оозунан жыйнап, китеп кылып чыгарып, гезит-журналдарга жарыялап, карыган жубайы Зуурабүбү менен маектешип, эскерүүлөрүн жазып алган акын Өмүрбек Дөлөевдин эмгеги ат көтөргүс. «Казыбекти, анын казалдарын калың эл баалап, барктаса да аны каралап салган бир кездеги партиянын өкүмү акындын эл жүрөгүнө өтүп кеткен ырларын да «түрмөгө» камап келген», — деп жазат Өмүрбек Дөлөев. — Казыбекке тийген капсалаңдын токмогу кыргыз элиндеги аны айтуучу, аны жактоочу ар бир адамга тийди десем жаңылышпайм. Алардын ичинде мен да бармын. Ак-Талаада эле андай адамдардын тизмеси мен билгенден ондон ашат.

Эсимде. Бир күнү партиянын райкомуна шашылыш чакырышты. Барсам, эшиктин алды автоунааларга толгон. Имараттын ичине, райондун жетекчисинин үстүнө кирдим. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги идеология бөлүмүнүн башчысы Медеткан Шеримкулов баштаган өкүлдөр, маркум тааныш курбум Аман Токтогулов, Нарын облусунун КГБсынын төрагасы отурушуптур. Учураштым. Отурдум. Шеримкулов колундагы кагазын кармалап, улам карап, мага көңүл буруп, жайдаңдап жакшы кабыл алды. Ал-ахыбалды сурап, чыгармачылык жайыма өттү. Ичимен Борбордук Комитет чыгармачыл жаштарга мынчалык көңүл бурганына кымылдап турдум. Ийримдин мүчөлөрүн, райгезиттин алдындагы мен жетектеген «Үмүт оттору» деген адабий ийримди жандантып иш жүргүзүп жатканымды, аларга дайым багыт берип жатканымды тактады.

Оюмда кылдай жамандык жок. Казыбек тууралуу сураганда казалчыга бала күндөн пикирим жакшы экенин, ал өз мезгилинин чыгаан ырчысы болгонун, элдин айтымында кыргыздын «мен кыйынмын» деген акындарынан эч калышпаган таланты бар экенин тастыктап, мен да акындан алыс эмес экенимди, апам Сейне да «Пограничник» колхозунан черик экенин, кичинемден бери анын казалдарын угуп, мезгил өткөн сайын огобетер баалап келатканымды жашырбай айттым.

— Чынында, Казыбекти эч кимге теңештирбей баалайт экенсиң сен. Эми, өзүң жат билген айрым ырларынан айтып көрчү, — деди.

Жаман пикир санабай эле жер көркүн жеткире айткан саптарынан эки-үч куплет айтып жибердим. Капысынан ок атылгандай бирдеме «тарс» дей түштү. Чоочуп кеттим. Ачуусу келип, чыдабай кетип, столду бир муштаган Шеримкулов туталанган бойдон тура калды.

— Сен кандай немесиң? Деги, Казыбектин ким экенин билесиңби? Ал совет бийлигине каршы ок аткан. Нечен адамдарды бейкүнөө өлтүрүүгө катышкан. Биз баррикаданын бул жагында болсок, Казыбек тигил жагында, душман тарабында турган. Сен ошондой мыкаачы банданын катышуучусу, карапайым калкты тескери үгүттөп, ырлары менен ууландырган Казыбекти жактайсың. Ийримдеги сени көргөн жаш талапкерлер эмне болот? Жолуң болсун! Сенин ким экениңди билдик. Партияда барсыңбы?

— Ооба…

— Ташта, партбилетиңди?!.

Жүрөк түшүп калды. Жоопсуз жер карадым. Аман Токтогулов гана мени аяп тургансыды. Ойлодум, Аман деле белги бергенге жетишпей калса керек деп.

— Казыбектин ким экенин билбейсиңби? Сен элге, айрыкча жаштарга аны пропагандалап жүргөнүңдү билесиңби?

— Жок, билген эмесмин…

Шеримкулов атырылып, огобетер баш көтөртпөдү. Иштин оңой эместигин түшүнүп, казалчынын ырынан башка тиги-мунусун билбегенимди айттым. Райондун жетекчисине көз кыйыгымды салсам, ал да ошону эле күтүп турган көрүнөт: «Дагы ошент, кечирим сура», — дегендей түр көрсөттү. Муунум калчылдап, Казыбек кармалгандагыдай жүрөгүм оозума тыгылды. Шеримкуловдор сөөккө жеткен сөздөрдү айтып, Казыбек ким болгонун, анын чыгармаларын жайылтуучулар эмне болоорун саймедирешти. «Акебайлап» атып, араң «жансоога» алдым окшойт.

Баары бир эгемендүүлүк заман туш келди да, Казыбек акталды. Изилдөөчү Өмүрбек Дөлөев жазгандай: «Кыргыз журтунун булуң-бурчунан казалдары көктөй жамырап, улам мезгил өткөн сайын терең ойлорду камтыган ал саптар огобетер адам өмүрүнүн жан азыгына айланып, зор рахат, канагаттануу берген Казыбек бүгүн ободогу чолпон жылдыздай жаркырап, жандүйнөдө жанып турат».

Күлүктү байлап кермеге,
Күрпөңдү союп шернеге.

Күүлөнүп ар ким өзүнчө,
Күн алыс кылып деңкене.

Күнүгө ойлоп жатуучу,
Күлпөттүү кыргыз эл беле?!

Күрдөөлдүү жерим Теңир Тоо,
Гүлдөбөй турган жер беле?!

Жылгасы жыпар Тянь-Шан,
Жыргабай турган жер беле?!

Эрнис ТУРСУНОВ, Кыргыз эл акыны, «Кыргыз туусу», 21-24.10.2008-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий