Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы

jusup_mamai1

Кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» атактуу Жусуп Мамай атабыз 96 жаш курагында 2014-жылдын 1-июнунда дүйнө салды… Бүткүл дене-турпаты менен жашоо ыстыкооматы Манастын руху менен сугарылган Жусуп абабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анын чыгармачылыгы көөнөрбөс булак катары ар бир кыргыздын акылына кыттай уюп, жашоосуна багыт берип кете берсин…!

2013-жылдын 30-апрелинде КР Президенти А.Атамбаев «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» жарлыкка кол койгондугу маалым. Жарлыкта «Улуу эпос Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Шапак, Жаңыбай, Сагынбай, Молдобасан, Саякбай сыяктуу залкар «Манас» айтуучулардын талантынын жана күч-аракетинин аркасында кылымдарды карытып келген биздин замандашыбыз, Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунда жашаган залкар манасчы Жусуп Мамай алардын даңазалуу салтын улантуучусу болуп саналат» деп белгиленген. Андан ары Жусуп Мамайдын көрүнүктүү салымын, ошондой эле Кыргызстан элинин руханий кайра жаралуу ишине анын сиңирген эмгегин эске алуу менен КР Президентинин алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана изилдөө боюнча «Мурас» Фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында «Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында илимий-практикалык конференция уюштурсун жана өткөрсүн» деген тапшырма коюлган.

Ошого байланыштуу 2014-жылы Таласта Талас мамлекеттик университетинин жана Манас Ордо музей-комплекстинин базасында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий конференция өткөн. Тилекке каршы бул конференция улуу манасчынын көзү тирүү кезинде башталган Кыргызстандагы эл аралык илимий иш чаранын алгачкысы да акыркысы да болуп калды. Аталган илимий жыйынга, кыргызстандык манас таануучулар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер гана эмес, Кытайдын СУАРнын келген жоон топ манас таануучулар да катышты. Ал жерде залкар манасчы Жусуп абабыздын Манасы, анын өмүрү жана чыгармачылыгы, руханий баалуулуктары, өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири сөз болду. Манас эпосун жана манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу иликтөө элибиздин улуу мурасынын өзгөчөлүгүн, кыргыздардын коомдук аң-сезими менен дүйнө таанымынын тереңдигин баамдоо максаты да коюлду.

Макаланын автору мен да Жусуп абабыздын Манасын алатоолук улуу манасчылар Сагымбай жана Саякбай аталардын манасчылыгы, алардын варианттары менен тарыхый-салыштырлуу аркылуу изилдөөнүн натыйжасында гана тигил же бул илимий жыйынтык чыгарууга болот деген максатта «С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин жана Ж.Мамайдын варианттарын тарыхый-салыштырмалык аңдоо» деген илимий баяндама жасадык.

Баяндамага аталган үч улуу манасчынын варианттарынын мазмунун салыштыруу аркылуу кыргыздардын коомдук аң-сезиминин деңгээлин жана тереңдигин аныктоо, кылымдар бою көксөгөн азаттык идеясынын, мамлекеттүүлүккө умтулган аракет-мүдөөсүнүн, мекенчилдигинин курчтугун, азыркы ааламдашуу шартына төп келген интернационалдуугунун багытын, ошондой эле азыркы замандагы Кыргыз мамлекетинин көп вектордуу тышкы саясатынын тууралыгын аңдоо максаты коюлган.

Баяндамада манасчылардын теги, кыскача өмүр жолу, коомго болгон көз караштары, алар айткан жана жазып калтырган “Манас” эпосунун өзөктүү окуясы, ар бир манасчынын айтуусундагы хронологиялык чектер, алардын ой-чабытынын географиялык, этно-топонимикалык ареалы, мазмундук сюжети, эпосто чагылган мамлекеттүүлүк, мекенчилдик жана интернационалдуулук идеяларынын тереңдиги белгиленген. Аталган критерийлердин аркасында ар бир манасчынын өзгөчөлүгүн жана окшоштугун аңдоо аркылуу илимий жыйынтык чыгарууга аракет болгон.

Төмөндө баяндаманы негиз кылуу менен улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылыгына тийешелүү бир катар маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө аракет кылып көрөлү.

Жусуп Мамай 1918-жылы 4-майда Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч (айрым маалыматтарда Кара-Булак) айылынынын Ат-Жайлоо конушунда туулган. Ал Сагымбайдан 51 жаш, Саякбайдан 24 жаш кичүү болгон. Сагымбай каза болгондо Жусуп Мамай болгону 12 жашта эле. Ал эми Саякбай каза болгон 1971-жылы 53 жашта болсо да аны көргөн эмес.

Жусуп Мамай кыргыздын черик уруусунан болуп, анын ата-бабалары Кыргызстандан баргандыгын өзү айтып берген. «Биздин үчүнчү атабыздан мурункулары ушул эле Ала-Тоо боюн жандап, Наманган, үстү Боз-Бел, Кырк-Мойнокту жердеп жүргөн экен. Ошерден жылышып отуруп Ошко келип, аерден батыша албай, Ат-Башыга барып, бир теңи Ат-Башыда калыптыр, бир теңи андан ары ээн экен, Какшаал бети кара болот экен, мобу кадимки Кочкор тараптай. Ошоякка оошуп барып отуруп калыптыр. Ошоякка барган жылы анык, 1704-жылы барган экен. (Жусуп Мамай: «Бар бололу агайын журт!» «Ала-Тоо» журналы №3 март, 1990. 138-б.).

Жусуптун атасы Мамай колунда бар, эл аралаган, көптү көргөн адам болгон. Ал көркөм өнөр ээлери менен тааныш, атүгүл тыгыз байланышта болуп жүргөн. Айрыкча ата жолун карманган Жусуптун улуу агасы Балбай (1896-1937-жж.) эл арасындагы жомокчу, казалчы, айрыкча манасчыларды угуп, кат билген жигит болгондуктан атүгүл манасчылардын айткандарын байма-бай жазып да алчу экен. Балбай иниси Жусупка 1916-жылкы Үркүндө келген кыргыздардан «Манасты» канча билем десе ошончо жазып алып жүргөндүгүн, кай биринде кол жазма болсо, аны сатып алгандыгын айтып берген. Натыйжада түрдүү жолдор менен Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балыкооз, Найманбай, Мамыркан молдо сыяктуу манасчылардын түрдүү үзүл-кезил варианттарын топтогон. Атүгүл Балбай 1925-жылы Кара-Кыргыз илим комиссиясы тарабынан даярдалып, араб ариби менен Москвадан «СССР элдеринин борбордук басмаканасынан» жарык көргөн 184 беттен турган «Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку» деген китепти Тыныбектин баласы Актандан сатып алгандыгын да айтып берген. Жусуп Мамайдын өз оозунан алынган маалымат боюнча агасы Балбай Сагымбайдын, Ыбырай Абдрахмановдун Манасынын үзүндүлөрүн да алдырган экен. Мисалы, 1917-жылы Балбай, Жусуптардын чоң энесинин иниси болгон Ыбырайым таганы (Ыбрай Абдрахманов) көчүрүп келип, анын айткандарын жайдын күнү киши жок жерде жазып алгандыгы, Ыбырайым Манастын жарымын кеп, жарымын ыр менен айтса, аны Балбай кайрадан ырга айландыргандыгы эскерилген. Какшаалда Жусупакун Апай деген да манасчы болуп, 1917-жылы Арзыкан бийдин айылында Кара-Чийде Сагымбай менен Манас айтышкан мезгилинде аны уккан Балбай Жусупакундун айткан вариантын да кагазга жазып алыптыр. Кыргыздардын Энесай боюндагы тарыхы, Манастын ата-бабалары жөнүндө айткандарын Балбай Жусупакун Апай уулунун өз колунан алгандыгы маалым. (Жусуп Мамай. «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).

Кызыл-Сууда Ыбырайым Саламбай манасчы (1887-1938) Төлөгөн манасчы деген ат менен белгилүү экен. Ал эпосту «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим»,«Асылбача, Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» деп сегиз бөлүккө бөлүп айткан. Балбай Мамай аны атайы үйүнө чакырып, Манас айттырып, толугу менен кагаз бетине түшүргөн экен. (2008-жылдын 4-июлунда тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн даярдалган диссертациясын коргогон Абдалиева Гульзада Кошоевнанын «Кытайлык кыргыздардын руханий маданияты 1949-2004-жж. (Кызылсуу Кыргыз автономиялык областында жашаган кыргыздардын мисалында)» деген диссертациясынан).

Ошентип, Балбай 1934-жылы Жусуп 16 жашка келгенде кара булгаары кайыш куржунду ачып: «Мына, сегиз урпак «Манас». Мындан мурун сага бирден китеп берип жүрдүм эле. Бүгүн баарын сага берейин” деп Манас жыйноо ишин инисине тапшыргандыгын Жусуп Мамай өз оозу менен эскерет. (Жусуп Мамай. «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).

Демек, Балбай иниси Жусупка он беш жылга жакын мээнет кылып жыйнаган «Манас»эпосунун сегиз бөлүмүн ырааттуу түрдө үйрөтө баштаган. Бул Кытайдагы «Манас» эпосунун негизги варианты болгон. Натыйжада Жусуп Мамай жаш кезинде кадимки эле чоң манасчы катары манас айта баштаган.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт. Ал 10 жашар кезинде бир күнү түшкө жакындаганда атасы менен апасына адаттагыдай эле «Манас» окуп берип жатып, үргүлөп кетип кызыктуу түш көрөт. Түшүндө күүгүм кирип бараткан кез болуп, алдында жайдак тору ат минген, өңү кара-тору келген, калың эриндүү киши пайда болот. Жусуп аттын тизгинин кармай калат. Ошондо жанагы киши алды жакты көрсөтүп, «ой балам, эсиңди бекем тут, тигилерди карачы» дейт. Бала көрсөткөн жакты караса, боз атчан эки баатыр соот кийип, батышка карап турган экен. Алардын артында бирөө жерде, бирөө сарала ат минген эки баатыр турган имиш. Дал ошол кезде киши аларды Жусупка тааныштырып, эң алдыда турган эки кишинин бирөө Манас, бирөө Бакай, алардын артындагы экөөнүн бири Алмамбет, бири Чубак, мен Ырчы уулмун, Ажыбай дагы артыбызда дейт. Бала артын карап Ажыбайды издейин дегенде ойгонуп кетет. Ошондо жанында отурган энеси Бурул байбиче кара тер басып кеткен баласына таң калып, «Эмне болду, балам?» деп сурайт. Уулунун түшүн уккан соң, Мамай карыя козу сойдуруп, айылдагыларды чакырып түлөө берет. (Жаңыл Жусупжан. Биз билип, билбеген Жусуп Мамай).

Бул окуядан кийин Жусуптун атасы Мамай менен агасы Балбай Жусупка 40 жашка чыкмайын ашкере Манас айтпа деп табыштайт. Себеби, ал кездеги кырдаалдан чочулаган агасы Балбай Манас бул бир тирүү олуя, адам жаш кезде түркүн-түстүү иштерге жолугат, жеңилдик кылып кээ бир иштерден сактануу керек. Жашың кырктан ашмайынча «Манас» айтып жүрбө, болбосо олуянын ойлогонуна кайчы өзүң балее таап аласың» деп айткан экен. (Осмон уулу Н.Ала тоодон аттаган доомат).

Атасы менен агасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, Жусуп уктап жатканда түнү бою Манас айтып чыккан учурлары да болгон делет. 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берген. Ал кезде Жусуп 14 жашка экен. Ал эми 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайткан.

Балбай Мамай өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөндүктөн, 1937-жылы Шын-шысей өкмөтү тарабынан кармалып, Кашкар түрмөсүнө камалат. Ал Гоминдан түрмөсүнө камалаарда ошол жердеги Үсөнакун Шания аттуу айыл башчысы кол жазмаларды үйүнөн алып чыгып өрттөтүп жиберген. Бул 1938-жыл болучу. Ошентип, эң кымбат кол жазмалардын түп нускасы жок кылынган. Балбай Мамайды тирүүлөй көөмп өлтүргөндүгү жөнүндө үч жылдан кийин кербендер кабар берет. (Абдалиева Гульзада Кошоевнанын жогоруда аталган диссертациясынан).

Жусуп Мамай 1940-жылы 22 жаш курагында Манасты эл алдында биринчи жолу айткан. Бедел ашуусунда жол салып жаткан 500 киши күндүзү оор эмгек кылып, кечте чарчаганда, ошол кездеги манасчы Жумакун Мамбетакун менен Жунус Алыбайга Манас айттырышчу экен. Буулугуп жүргөн Жүсүп күндө эле бир мазмунду кайталаган бул манасчылардын айтканын угуп, дүүлүгүп Манас айтып кирет да, токтоно албай 3 түн айтат, ошондон тарта элге чоң манасчы катары белгилүү болот. (Осмон уулу Н. Ала тоодон аттаган доомат)

Ошентип, Жусуп Мамай алгач Ак-Чий Какшаалда, кийинчерээк бүтүндөй Кызыл-Суу, Шиң-Жанда манасчы катары белгилүү болуп, эл оозуна гана эмес, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө да байкоого алынган.

1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот. Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

1984-1995-жылга чейин, анын айткан варианты боюнча «Манастын» сегиз бөлүмү 22 китеп болуп жарык көргөн жана кытай тилинде эки китеби басылып чыккан.

2004-жылы 18 томдук кол жазманын жыйнакталган нускасы кирилл кыргыз тамгасы жана арап кыргыз тамгасы менен бир томго бириктирилип кайра басылып чыгып, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык торколуу тоюна арналып жарык көргөн. Кытайдан чыккан. 7 кг салмактагы бул чоң китеп азыр Кыргызстанда белгилүү. Ал китептин нускалары ушул жылдын 24-майындагы Таластагы конференциянын алдында эле дагы алынып келинип, ири окуу жайларына, китепканаларга жана илимий мекемелерге “Мурас” коому тарабынан таратылды.

2009-жылы болсо эпостун биринчи бөлүм үчилтиги ханзу тилине которулуп басылып чыккан.

Жусуп Мамай акыркы күндөргө чейин кызылсуулук кытай кыргыздарынын гана эмес, бүтүндөй аалам кыргыздарынын улуу манасчыларынын бири, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси болуп келген. Жусуп абанын дүйнө салышынан 2 күн мурун, тагыраак айтканда 30-май күнү КР Президентинын Жарлыгы менен ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры»деген эң улуу сыйлык айгыралып, «Ак Шумкар» белгиси берилген.

Эми Жусуп абабыздын чыгармачылыгыны урунттуу жерлерин айта кетели. Жусуп Мамай динди катуу карманган такыба үй-бүлөдө туулгандыктан 7 жашынан эле кат тааныган. Демек, анын коомго болгон көз карашы диний идеологиянын мазмуну менен чагылып берилген. Демек, бул өзгөчөлүк анын манасчылыгына таасирин тийгизбей койгон эмес. Ал көз караш манасчынын вариантында тикеден-тике чагылып турат.

Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын коммунисттик партиясынын идеологиясы менен да сугарылууга да мажбур болгон. Анын үстүнө 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Кытайдагы маданий революциянын капшабы менен куугунтукта да жүргөн. Демек, анын коомго болгон көз карашы кандайдыр бир идеологиялык рамканын ичинде турган абалды да элестетет. Бирок, канткен менен да Жусуп Мамайдын Манасындагы ой-пикирлер, манасчынын коомдук көз карашы, идеологиясы жана анын чыгармаларындагы жетишкендиктер Жунго кыргыздарынын таанымал окумуштуусу жана коомдук ишмери Макелек Өмүрбайдын “Жусуп Мамайдын “Манасы” — кыргыз акылынын түйүнчөгү” деп айтуусуна негиз болгон чыгар. Ал кыргыздын акылы, ою, салт-санаасы, каадасы, жалпы эле адамзат кантип киши болуу, ушул кишилик сапатты кандай көтөрүү боюнча өтө чоң билимдер Жусуп Мамайдын айтымында түйүнчөк катары түйүлүп келе жатат деп белгилейт (Макелек Өмүрбай. Жусуп Мамайдын “Манасы” — кыргыз акылынын түйүнчөгү).

Жусуп Мамай өз эскерүүлөрүндө: кээде өзүмө-өзүм ыраазы болбой, өзүмдү-өзүм тилдеген күндөрүм болот. Атам мага кырк жашыңа чейин “Манас” айтпа деген. Бирок мен ага болбой эле эрте айтып коюп, көп кол жазмалардын “Маданият көңтөрүшү” кезинде өрттөлүп кетишине себеп болду окшойт. Экинчи күйүнгөнүм, 1984-жылы эс алууга чыктым, ошондон кийин эч нерсе кылбай, “кыйраттым” деп жатып алыпмын. Эсимде көп нерсе бар эле. Азыр анын бирин эстесем, бирин эстей албайым. Эч болбогондо «Алтымыш алаш менен кырк урууну» (казак-кыргыз урууларынын санжырасы) жазып койсом жакшы болмок экен!- деген экен аксакал. (Жүсүп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун). Ушул жерде анын Кытай мамлекетинин XX кылымдын орто ченинде туш болгон катаал жана татаал турмуш шартында калыптанган көп кырдуу өмүр жолу жана карама-каршылыктуу коомго болгон көз карашы чагылып тургансыйт.

Шинжаңдык атактуу уйгур сүрөтчү Ахмед Газы: Азыр бүтүн кыргыздын ичинде бирден бир «Манас» эпосун башынан аягына чейин окуп чыккан [айткан] киши — Жусуп Мамай. Ошондуктан бул кишини «мамлекеттин каухар ташы» деп атоого татыктуу дегени Жусуп Мамайдын адамдык олуттуу касиетин белгилеп турат. (Маек: Жусуп Мамай дүйнөнүн каухар ташы)

Kызыл-Суу кыргыз автономиялуу облустук саясый кеңештин орунбасар баш катчысы, облустук бейзаттык маданий мурастар борбору жана «Манас» изилдөө борборунунун мүдүрү, адис редактор Aмантур Aбдырасул Жоңго-Шиңжаң Кызыл-Суу автоном облусунун Артыш шаарында 2012-жылдын 13-14-ноябрында өткөн Манас боюнча эл аралык жыйындагы “Mанасчылык—бөтөнчө маданияттык кубулуш” аттуу баяндамасында “Жүсүп Мамайдын уарыянты окуясы эң толук, мазмуну эң бай, көлөмү эң кең, композициясы эң көркөм уарыянт катары белгилүү болуп, «Манас» изилдөө салаасында өзүнчө туу тиктеди,» деп белгилөөдө.

Ушул жерден Кытайлык жаш акын, туулгандан эле эки колу ийнинен жок төрөлгөн, катты буту менен кашкайта кооз жазган Жаныбек Мааданбек уулунун залкарга арнаган “Замандын залкар ырчы уулу” аттуу ырынан бир үзүм келтире кетели. Анда:“ Тарыхтын болгон сырдашы, Таланттын болгон курдашы. Таң калтырат деңиздей, Тарыхты тактап ырдашы. Жүз Гомерге барабар, Жүсүптүн жалгыз бир башы. Тартпаса деле Навайды, Тартпаса деле Абайды, Тирүүдөй Бакай акылман, Таң калтырды далайды. Көргөнсүйм Ырчы уул акынды, Көргөндө Жүсүп Мамайды”, деп жазат. (Жусуп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун)

Жусуп Мамайдан Манас эпосун жазып алуу 1961-жылы жазда башталган. Ошол жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлгөн болучу. 6 айга жакын убакыт ичинде «Манастын» беш урпагынан 110000 сапка жакын айтып берип, жыйноочулар кагазга түшүрөт.

Экинчи жазуу 1964-65-жылдары болгон. Анда Жусуп Мамай Манастын 6 урпагын айтып, көлөмүн 196500 сапка жеткирет. Бирок, Жуңгодогу 10 жылдык маданий көңтөрүш башталаары менен манасчы жалган жалаага кабылып, мурунку жазмага түшүрүлгөн саптардын жоголгону жоголуп, чачылганы чачылып, ар кимдин колуна түшүп кетет. Жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калган.

1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет. Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштаган.

Манасты үчүнчү жолку жазуу 1978-жылы башталган. Бул сапар Жүсүп Мамай Пекинге чакыртылган. Анда манасчы Манастын 7-урпагы болгон «Сомбилектен» 14800 сап, 8-урпагы «Чигитайдан» 12300 сап айтып, Сакен Өмүр жазып алган.

1980-жылдын башында Жүсүп Мамай Шинжаң Уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин төрагасынын орунбасары болуп иштеп, Үрүмчүгө көчүп келет да, мурун жоголуп кеткен ваианттарды толуктоо үчүн өзү айтып, өзү жаза баштайт. Бул Жусуп Мамайдын Манасты 4-жолу кагазга түшүрүшү болучу. 1983-жылга чейин Манастын 8 урпактан турган варианты бүтүндөй кагаз бетине түшүп аяктаган. (Осмон уулу Н. Ала тоодон аттаган доомат). Ошентип, Жусуп Мамайдын 230000 сап ашуун варианты Кытайда жашаган улуттардын оозекичыгармачылыгындагы эң көлөмдүү чыгарма болуп эсептет.

Жусуп Мамайдын вариантында «Манас» эпосунун биринин бөлүгү төмөнкүдөй окуялардан турат. 1) Кыргыз элинин келип чыгышы. 2) Алоокенин кыргыздарга кол салышы. 3) Манастын бала чагы. 4)Манастын алгачкы эрдиктери. 5)Манастын хан болуп көтөрүлүшү. 6)Көкөтөйдүн ашы, аштын салтанаты. 7) Алманбеттин аңгемеси. 8) Чоң казат. 9) Чоң согуш. 10)Акыркы согуш. Коңурбай менен Манастын акыркы тирешүүсү жана Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы менен окуя жыйынтыкталат. Бул бөлүк кыргыз тилинде араб ариби менен 1984-89-жылдары 4 китеп болуп жарык көргөн. Бул басылма Жусуп Мамайдын Манасынын басылмаларынын алгачкыларынан болуп эсептелет. (Эл-Сөздүк, 2012)

Экинчи бөлүктө Манас өлгөндөн кийин уулу Семетейдин ата жолун улап, сырткы душман калмактар менен болгон согуштагы эрдиктери айтылат. Чоросу Канчоронун өз элине чыккынчылык кылып, Семетейди өлтүрүп, кыргыз элин кайрадан калмактаргакаратып бергени сүрөттөлөт.

Үчүнчү бөлүк «Сейтек». Көлөмү 21 миң ыр сабынан турат. Мында Сейтектин ичтен чыккан чыккынчыларды жазалашы, сырткы душманды кууп чыгуудагы эрдиктери,кыргыз элин кайрадан боштондукка жеткирген баатырдыгы баяндалат.

Төртүнчү бөлүк — «Кененим». 32,3 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин ички жана сырткы чапкынчылардын жолун бууп, зулум баскынчыларды жазалап, кыргыз элине бейпил турмуш куруу үчүн жасаган аракеттери баяндалат.

Бешинчи бөлүк «Сейит», 118 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин уулу Сейиттин жети баштуу желмогуз менен согушканы, аларды жок кылган эрдиктери сүрөттөлөт. Сейит 22 жашында дүйнөдөн кайтат. Аялы Кылжике эгиз уул төрөп аттарын Асылбача, Бекбача коет.

Алтынчы бөлүктө Асылбача, Бекбачалардын абалы жөнүндө айтылат. Көлөмү 30 миң ыр сабынан турат. Асылбача эртерээк каза болуп, Бекбача ата-бабасынын жолун жолдоп, калмактардын үстөмдүгүнө каршы күрөштү улантат.

Жетинчи бөлүк «Сомбилек» 10000 ыр саптан турат. Алкалмактардын, тангуттардын атактуу баатырларын жеңип, бөтөн эл баскынчыларын кууп чыкканда көрсөткөн эрдиктери сүрөттөлөт.

Сегизинчи бөлүк «Чигитей» 20 миң ыр саптан турат. Анын негизин сырткы душмандар — калмактар менен болгон күрөшү баяндалат.

Жусуп Мамайдын вариантында С.Орозбаков, С.Каралаев, Ш.Рысмендеев ж.б.айтылып жүргөн «Манас» эпосунун салттык туруктуу өзөк окуялары толугу менен бар.

«Манас» бир кишинин чыгармасы эмес, бүт элдин чыгармасы экендиги талашсыз. Ошондуктан, андагы ар бир мыкты табылга жалпыга, бүт элге таандык деп эсептелген. Ошон үчүн эпостогу традициялык табылгаларды ар бир манасчы өз деңгээлинде өздөштүргөндүктөн, ал ошол манасчынын варианты, табылгасы катары элге таанылган учурлар адаттагы көрүнүш болгон. Ушул таризден алып караганда эл арасында мурдатан кеңири белгилүү болгон манасчылардын көптөгөн муундарынын табылгаларын терең өздөштүрүү менен зор таланттын чыгармачылык шыгынын кошундусунан жаралган Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамай үч улуу манасчылардын варианттары «Манастын» бүгүн колдо болгон варианттарынын ичиндеги эң толук жана жогорку деңгээлдеги үлгүлөрүнөн десек жаңылышпайбыз. Үч манасчынын тең эпостун традициялык туруктуу окуяларын толук камтыгандыгы, мазмунунун байлыгы, терең элдик идеясы, жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланып турат. Алардын варианттарынын зор көлөмдүүлүктөн кийинки өзгөчө белгиси — эпостун мурдатан келе жаткан салттык туруктуу окуяларын толук камтып, кеңири планда бергендигинде.

Улуу манасчылардын үчөөнүн тең жалпы окшоштуктарына эпостогу колдонулган гипорбола кирет. Манастагы ар бир каарамандын тышкы турпаты, күчү, аттары, курал-жарактары, салгылашуунун жүрүшү, күч сынашуулар, жеген тамактары, башкача айтканда Манастагы бардык кыймыл-аракет жана нерселер апыртылган мүнөздө берилгендиги дүйнө элдеринин башка эпосторуна караганда өтө жогорку деңгээлге чыккандыгы менен айырмаланып турат. Бирок, ар бир гиперболаны манасчылар таптакыр эле фантазия кылып ташташкан эмес, анын белгилүү чеги, өз логикасы жана реалдуулукка жакындыгы бар. Анын үстүнө ар бир манасчынын айтуусунда “жармы төгүн, жармы чын, жанында турган киши жок…” деген сыяктуу саптар менен угуучуларды эскертүү колдонулат. Бул ыкма кыргы элинин көптөгөн эпосторуна колдонулуп келсе да, Манаста эпикалык сюжетке ажырагыс бүтүн катары кирип, анын сюжеттик мазмунуна төп келишип турат.

Жусуп Мамайдын Манасы алатоолук манасчылар менен бирге салттуулугу, идеясы жана сюжеттик курамы жагынан жалпы окшоштукта болсо да, анда бир катар өзгөчөлүктөр бар. Айталы, Манас эпосунун варианттарынын көлөмү боюнча жарым миллион саптан турган «ХХ-кылымдын Гомери» аталган Саякбайдын Манасы азыркы колдо бар эпостун варианттарынын ичинен эң көлөмдүүсү. Саякбай манасчынын алты муунун айткан вариантынын көлөмү 500553 сап ырды түзөт. Бул көлөм дүйнө элдерине кеңири белгилүү болгон Гомердин «Илиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкондогу көлөмдөн («Илиада»—15693 сап ыр, «Одиссея»—12110 сап ыр, экөө биригип 27803 сап ырды түзөт) 20 эсе, «Махабхараттан» (бардык бөлүмдөрүн кошо эсептегенде эки жүз миң сап ыр) 2,5 эсе чоңдук кылат.

Жусуп Мамайдын Манасынын көлөмү 23000 саптан ашуун. Жусуп Мамай «Манас» эпосунун толук нускасын ооз эки айта алган манасчы болуп эле калбай, «Курманбек», «Багыш», «Толтой», «Эртөштүк», «Кыз сайкал», «Жаңыл мырза», «Көбөн», «Тутан», «Мамаке-шопок» , «Ажибек» сыяктуу ондогон кенже эпосторду, казактардын» Жети каган»нын ооз эки айта алган. Булар менен кошкондо анын Манас жана башка эпостортодон турган варианттарынын көлөмү Саякбайдыкындай эле жарым миллион саптан ашуун. Ошондуктан элдик эпосторду көкүрөгүнө кыттай уюткан, кызыр жылоогон талант экенин дүйнө элдери тамшана моюндайт”, деп жазат кытайлык журналист Нурмамбет Осмон уулу. (Караңыз: Ошонуку. Ала тоодон аттаган доомат).

Ал эми үчүнчү орунда Сагымбайдыкы, анын вариантынын көлөмү 180000 саптан ашуун. Бул улуу манасчынын варианты советтик мезгилдин алгачкы катаал жылдарынынын капшабы, финансылык каражаттардын тартыштыгы жана Сагымбайдын өзүнүн ден соолугунун начарлап кетиши себептүү баары толук жазылбай калгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Манасчылыктын өзүнчө мектеби болгондугун манас таануу илими тастыктап турат. Андай мектеп манасчылардын географиялык, уруулук, социалдык белгилерине карата түзүлбөстөн, чоң манасчылардын чыгармачылык күчүнүн ошол манасчыга тийгизген таасири аркылуу калыптанган. Мындай манасы тигил же бул манасчылык мектебинин негиздөөчүсү, чоң манасчы аталып, ал эми анын жолун жолдоочулары, окуучулары, манасчылык салтын улантуучулары болгон.

Ошого байланыштуу Сагымбайды илимий изилдөөлөрдө “нарын манасчыларынын мектебинин”, ал эми Саякбайды “каракол манасчыларынын мектебинин негиздөөчүлөрү деп атап келишет. Ушундай эле өзгөчөлүккө Жусуп Мамай да татыйт. Жусуп Мамай жол көрсөткөн устат катары өзүнүн артынан 40тан ашуун манасчыны даярдап, манасчылардын мектебин калыптай алды деп айтууга болот. Бул мектепти азыркы учурда Чыгыш түркстандык манасчылардын мектеби деп атоого татыктуу. Жусуп Мамай баштаган азыркы манасчылар чындыгында Кытай Эл Республикасында ыстыкоомат кылып жаткан 200 миң чамалуу кыргыз жарандарына мекенчилдик жана улуу гумандуулуктун үрөөнүн сээп келүүдө. Аны “заманыбыздын улуу манасчыларынын ичинен акыркы могиканы…” деп атап кетет кыргызстандын бир көрүнүктүү журналист (Ибраев К. Жусуп Мамай — последний великий кыргызский сказитель-манасчы из китайского Синьцзяна/Слово Кыргызстан.19.06.2013.)

Манастын тарыхыйлыгы боюнча пикирлерин аңдасак, Сагымбай Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикирин ачык эле билдирген. Мисалы, манасчы, эпосту изилдөөчү жана жыйноочу Ы.Абдрахманов илгерки манасчылар Манастын жашаган мезгилин Мухаммед пайгамбардан кийин болгон деп айтышчу, ал эми манасчы С. Орозбаков болсо Манастын болгонуна 1040 жыл болду деп айткан деген маалымат берет. Эгер С.Орозбаков 1930-жылы каза болгон болсо, анда Манас баатыр болжолдуу түрдө 880—890 жылдары жашаган инсан болуп чыга келет. С.Орозбаковдун “Манас менен Кошой уйгурлар менен 8 жыл кармашкан” деп айтканын мисалга келтирет (Абдырахманов Ы. «Манастын» кайсы кылымда пайда болгондугу тууралуу // Советтик адабият жана искусство. – 1941. — №3.- 59-60-бб.).

Саякбай болсо, Манастын тарыхыйлыгына ишенген, бирок анын кайсыл кылымда, кайсыл жылда жашагандыгы жөнүндө айткан эмес.

Манастын тарыхыйлыгына Жусуп Мамай толук ишенген. Жүнгөлүк журналист Бектур Илияс 2011-жылдын күзүндө 93 жаштагы Жүсүп Мамай аксакалдын үйүндө болгонумда, ал быйыл декабрда Манас атанын туулганына 1441 жыл толот деп эсептеп чыкканын айткан эле деп жазат (570-жыл-К.Т.) (Жүсүп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун)

Манасчылардын арасында Манастын ата-бабалары боюнча да өзгөчөлүктөр бар. Эгер Сагымбай менен Саякбай Манастын ата-бабалары боюнча учкай гана маалымат беришип, алардын жашаган аймактары катары Кыргызстандын азыркы чөлкөмү жана Фергана өрөөнүн көрсөтүшсө, Жусуп Мамай аны Эне-Сайга байланыштыруу менен бир топ көлөмдүү айткан. Акчий оодандык «Манас» изилдөө борборунун адиси Алымжан Абдыкеримдин “Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын жаратуучулук чеберчилиги” деген Артыш шаарында 2012-жылдын 13-14-ноябрында болуп өткөн Манас боюнча эл аралык жыйындагы баяндамасында төмөнкүдөй маалыматтар бар. “Залкар манасчы Жүсүп Мамай варийантынын негизги курулмасы өзүнө таандык өзгөчөлүктөр менен айырмаланып турат. Манастын ата-бабалары жөнүндөгү анын айтуусунда башка манасчылардын варийанттарынан айырмаланып, кыргыздардын таралышы Энесайдан башталат. Кыргыз эли Энесайда турганда аларды Мамай деген кан бийлеген. «Манас» эпосунда салттык түрдө туруктуу айтылып жүргөн кандардан Бөйөн кан, Чайан кан, Кара кан жана Орозду кандын ысымдары эскерилет. Башка варийанттарда Ногой өлгөндөн кыйын калмактар кол салып кыргыздарды туш тарапка айдаса, Жүсүп Мамай варийантында Орозду кан өлгөндөн кыйын Алооке кол салат. Мамай кандан Бөдөнө, Бөдөнөдөн Бөйөн кан, Чайан кан, андан Кара кандын тукумдары тарайт. Ал эми Кара кандан тартып Орозду кандын тукумдары тарайт” деп жазат.

Манастын бабалары Жусуп Мамайдын айтуусунукунда негизинен Сагымбай менен Саякбайдыкына окшош эле. Болгону алатоолук эки манасчыда Манастын ата-бабалары Фергана өрөөнүн, Кыргызстандын чектерин бүтүндөй камтыган мамлекетти башкарган инсандар катары берилген.

Манасчыларда Манастын дыйканчылыкка болгон мамилеси, Манастын диндик көз карашы боюнча да айырмачылыктар бар. Сагымбай менен Саякбайда Манас Ала-Тоого келгенден кийин Фергана өрөөнүндө Баба Дыйканга жолугуп, аштык айдап Аккуланы алмашып алган болсо, Жусуп Мамайда Манас баатыр “Чоң жинди” аталып, атасынан качып жүрүп, Кара-Ногойго жолуккандан кийин Турпандагы кыргыздар менен бирге буудай эгип, мол түшүм алып Аккуланы буудайга алмашып алганы, батыштан кыргыз көчүп, тнскерисинче Енисейге барганы, ал жерде аштыкка кампасы толгону баяндалган.

Саякбайда Манастын Меккеге барышы эпизоду жок. Ал эми Сагымбай менен Жусуп Мамайда мындай эпизод бар. Бул алардын динге, исламга болгон таасиринин күчтүүрөөк болгонуна байланышкандыгын байкоого болот.

Манастын Чоң казатынын өткөн жерлерин локализациялоо боюнча да айырмачылыктар бар. Улуу манасчылардын негизги бөлүгү жана анын ичинде Жусуп Мамайдын варианттарында Манастын Беш Бээжин, Бешбалык, Бейтин, Аньси (Кучар) деген жерлерге казат кылганы айтылат.

Бирок, Жусуп Мамайда бул шаарлар жөнүндө ачыгыраак, көбүрөөк айтылган. Кытайлык профессор Жаң Юңхайдын “Тил жана котормо” журналынын 2007-жылдын №2 санында жарык көргөн макаласында Бээжиндин (Пекиндин) жанында Орто Бээжин, Чет Бээжин деген беш Бээжиндин бар экени айтылган. Жаң Юңхай 1957-1961-жылдары Пекин университетинин кыргыз тил факультетинде билим алган, “Манасты” Жүсүп Мамайдын айтуусунда жазып алуу тобунда эмгектенген жана ал өзүнүн изилдөөлөрүндө Манас тарыхый инсан болгон деген пикирди карманган. Жаң Юнхайдын зайыбы Шаң Шижиң аны кыргыз тилинен кытайчага которгон экен. Манастагы айтылган Беш Бээжин, алар: Чет Бээжин (Леояңпу), Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин (Датуңпу) шаарлары. (Т.Токтогазиев. Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрөттөр бар)

Каралып жаткан улуу манасчылардын үчөөндө тең географиялык маалымат кеңири берилген. Этногеография бүт Евразия материгин дээрлик өз кучагына алат. Демек, Манас доорундагы кыргыз журтчулугунун географиялык маалымдуулугу (кругозору) чыгышта – Ыраакы Чыгышты “торогон” мифтик Көйкап тоолорунан, Амур дарыясынан тартып, батышта – Орол, Эдил, Крым, Урум (Рим) аркылуу жомоктук өлкөлөр –Желпиниш, Жетикайтка чейин созулган. Жетиген тарапта биздин бабаларыбыздын түшүнүгү Буурул түн аймагына, күн жүрүш жакта Тебит (Тибет); Ымалай (Гималай), Ындыстан (Индия), Меке, Мысыр (Египет), Магрипке (Африка өлкөлөрү) чейин жеткендиги көрүнүп турат (З.Өмүрзаков. Манастын географиясы)

Жарыяланган варианттарга караганда эпос топонимдерге бай. Илимпоздордун байкоосу боюнча (Абдылдаев Э., 1987) топонимдердин көптүгү жагынан “Манаска” бир да эпикалык чыгарма тең келбейт. Эпостун Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарыяланган китептеринде 532 топоним жолугат, кайталангандары менен кошо эсептегенде бул сан алда канча көбөйөт. Мисалы, Алтай, Анжыян,-Бээжин, Какан (Каканчын), Каспаң, Каркыра, Талас ж. б. 20–30 мертебе кезигет. Баарынан көп топоним, арийне, окуялардын чордонун түзгөн Кыргызстан (89), Казакстан (89), Кытай (152) ж-а Алтай (47) аймактарынан учурайт. (З.Өмүрзаков. Манастын географиясы)

Жусуп Мамайдын вариантында жер-суу аттарынан «Манас» бөлүгүндө 185, «Семетей» бөлүгүндө 79, «Сейтекте» — 44, «Кененимде» — 38, «Сейитте» — 21, «Асылбача-Бекбачада» — 64, «Сомбилекте» — 60, «Чигитайда» — 13 топоним жолугат. Бирок, Жусуп Мамайдын вариантында жер-суу аттары Орто Азиянын алкагынан алыска көп чыкпайт. Бул көрүнүштү Жусуп Мамайдын Кытай Эл Республикасынын жетекчилигинин 1950-80-жылдардагы коңшуларга чөлкөмдүк доомат коюуга байланышкан расмий тышкы саясатынын, 60-жылдардын экинчи жарымынан 70-жылдардын биринчи жарымындагы КЭРдеги маданий төңкөрүштүн мезгилиндеги, андан кийинки геосаяттык кызыкчылыктардын капшабында жашап, ошол саясаттын таасиринин алдында болгон чыгармачылыгына байланыштырууга болот.

Манас эпосунун ичиндеги этникалык топтордун берилиши боюнча да бир катар өзгөчөлүктөрдү айтууга болот. Сагымбай менен Саякбайдын варианттарында 100дөн ашуун этникалык онимдер катталган. Жусуп Мамайда да ошол санга жакын, Бирок Жусуп Мамайдын вариантында антропонимдер Сагымбай менен Саякбайдыкынан көбүрөөк. Жүсүп Мамайдын Манасынын биринчи бөлүгүндө жалпы 257 кейипкер сүрөттөлүп, анын ичинде 23 айал, 141 оң кейипкер, 93 сол кейипкердин образы жаратылган. (Акчий оодандык «Манас» изилдөө борборунун адиси А.Абдыкеримдин “Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын жаратуучулук чеберчилиги” деген Артыш шаарында 2012-жылдын 13-14-ноябрында болуп өткөн Манас боюнча эл аралык жыйындагы баяндамасынан).

Жыйынтыктап айтканда, үч улуу манасчынын варианттары негизинен азыркы замандын оозеки чыгармачылыгынын уникалдуу үлгүсү катары таанылып турат. Албетте, бул варианттарды тарыхый-салыштырмалуу жагынан терең аңдоо келечектин иши. Бул тема алдыда далай изилдөөчүлөрдүн баш катырган маселесине айлана берери бышык.

Жусуп Мамайдын манасчылыгын мурасын изилдөө, аны сактоо жана жайылтуу кеңири пландагы иш-чараларды камтый турган зор милдеттерди күн тартибиние койчудай. Ошого байланыштуу амалияттык таризде бир катар сунуштарды айтаар элем.

Биринчиден, кыргыздардын Манасын тигил же бул манасчынын вариантын гана изилдей бербей, аны илимий жактан салыштыруу аркылуу изилдөө жаңы нерселерди ача алат. Ошондо гана ар бир манасчынын, ар бир варианттын салмагын, идеялык мазмунун, көркөмдүүлүгүн, салттуулугун тагыраак баамдоого мүмкүн.

Экинчиден, манас таануучулук илиминде Манастын тигил же бул тармагын гана эмес, анын тарыхый-философиялык, фольклордук-тил, теориялык-практикалык маани-маңызы жагынан комплектүү изилдөө маанилүү концептуалдуу жыйынтыктарды бере алат.

Үчүнчүдөн, учурда кытай кыргыз коомчулугунда дүркүрөп өсүп келе жаткан манас таануучулук илиминин илимий жана уюштуруучулук деңгээлин моюнга алуу зарыл. Бирок, аларда манастаануу азырынча Жусуп Мамайдын вариантына гана таянып турат. Бул кытай окумуштууларынын кириллица менен тааныштыгынын чектелиши менен түшүндүрүлөт. Ал эми алатоолук манастаануучулар Жусуп Мамайдын вариантынан башка башка кытай манасчыларынын үлгүлөрү менен тааныш эмес. Демек, эки чөлкөмдө Манасты алгоолошуп, тереңдеп изилдөө маселеси күн тартибинде турат. Ан үчүн биргелешкен илимий долбоорлор, илимий жыйындар, орток басылмалар аткарылышы зарыл.

Төртүнчүдөн, манастаанууда илимий-уюштуруучулук жаңы тартипте коюлушу керек. Айталы, эки чөлкөмдөгү жаш изилдөөчүлөрдүн илимий алакасын өстүрүү, башкача айтканда аспирант-изилдөөчү талапкерлердин темаларын бекитүү, диссертацияларды коргоодогу биргелешкен иш-чаралар жана башкалар болушу керек.

Бешинчиден, Манас эпосунун варианттары интернет айдыңында толук эмес. Кыргызстандагы интернет ресурстарында Сагымбайдын, Саякбайдын гана варианттары бар. (Эгер Бүбүмариямдын вариантын кошпогондо). Демек, кытай манасчыларынын, айрыкча Жусуп Мамайдын вариантын кыргыз интернет айдыңына жайгаштыруу зарыл. Ошол эле убакта алатоолук манасчылардын варианттары араб арибине айланттырылып, кызылсуу интернет айдыңына жайгаштырылса жакшы ийгиликтерди алып келмек. Манас эпосун рекмалоо, аны үйрөнүү жана коомчулуктун терең жана кеңир катмарына Манасты жеткирүү жолго коюлмак.

Алтынчыдан, кытай манасчыларынын варианттары менен орус тилдүү окурмандар дээрлик тааныш эмес. Ошондуктан, эч болбоду дегенде Жусуп Мамайдын варианты жана анын кытай окумуштуулары тарабынан изилденген маселелеринин жыйынтыктары орус тилинде жарык көрүп же интернет булактарына жайгаштырылса, манас таануу илимине олуттуу кыймыл алып келмек.

Жетинчиден, Манас эпосун рекламалоо жагында көп тармактуу, перспективалуу иш-чаралардын планы кабыл алынышы керек. Көркөм тасма тартуудан баштап, аннимациялык фильмдерге чейин, салмактуу театрдан кичи сахна сюжеттерине чейин, кеңири панорамалык полотнодон баштап, иллюстрациялык сүрөттөргө чейин, деги азыркы заманбап каражаттарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Манас ааламын дүйнөдө таанытуу зарыл.

Ташманбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, профессор,
“Мурас”, 04-07.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий