Бурулчанын селкинчек

selkinchek

Көчмөн элдин турмушуна, тарыхына, каада-салтына, үрп-адатына ортоктош болуп, улуу касиеттерди өркүндөтүп келген өнөрпоз селкилердин айтылуу өкүлү Бурулча Осмонбек кызы Көл өрөөнүнүн күнгөй бетиндеги Ой-Булак деген күрдөөлдүү айылда туулган. Анын өмүр жолу өткөн кылымдагы теңине жеткирбеген заманга туш келген. Эгер ушул заманга туш болгондо, ал атактуу актриса же сөзүнөн бал чачыраган акын болмок. Анткени ал оюн-зоок, тамашага ышкыбоз, үнү жылаажындай кооз, ооз комузду машын келтире каккан өнөрчү, уз, өз доорунун акылкарачачы. Тели-теңтуштарды, келин-кыздарды, бозой-уландарды тегерегине топтоп, жылдыздуу жыргал түндөрдү, кызыктуу кыялкеч күндөрдү шаани менен өткөргөн.

Бурулча көргөндүн көз жоосун кандырган, көңүл отун жандырган, көзкарашы сырдуу, адамды өзүнө тартып турган кумарлуу асылкеч. «Мен жигит, мен эркек, мен мырза» дегендер конушунан, өрүшүнөн, өргөөсүнөн үзүлчү эмес. Кызылы кызыл, агы ак, мүчөсү келишкен, көкүрөгү чыңалган, олоң чачы жер чийген, көздөрү ботонукундай жайнап, кареги жанып турган кагелес бойлуу, сурмалуу сулуу аялдын жанжагында өзүндөй жайдары, капага алдырбаган, кабагым-кашым дебеген Айымкан, Сүйүмкан, Сейилкан, Кермекаш аттуу келиндер ай чыгып, жылдыз толгондо жайлоонун төрүнө алтыбакан селкинчек салып, ооз комуз кагып, ыр ырдап, алымсабак, акыйнек, сармерден айтышып, токмок салмай, жоолук таштамай, токту сурамай, дүмпүлдөк, ак терек, көк терек ойноп көңүл ачып, жүрөк бугун басышкан. Ашыглык кумарын жазышкан. Жылкы четинде жылкычылар «Шырылдаң» айтышса, кой четинде кыз-келиндер «Бекбекей» айтышкан.

Бурулчанын ырлары эл арасына кеңири тарап, кийин «Бурулчанын селкинчек», «Бурулчанын бозсалкын», «Бурулчанын көйгөйү», «Бурулчанын шагылдуу тоо» аталып, аларга обон, күүлөр чыгарылып, ооздон оозго өткөн. Ал ырлар маанисин жоготпой, мукамы, аземи, ыргагы күнү бүгүн күчүндө. Бурулчага жетпей калган желөпкө, желколтук эркектер ызасына чыдабай ичкүйдүлүк менен уятсыз, апыртмалуу аңырт ырларды чыгарышкан.

Күйөөсү Бурулчаны жаш алат да, «Бурулча али бала тура, бирге жатууга болбойт» деп көшөгөгө киргизбей, баралына жеткиче кыздай асырап багат. Бурулчанын нике тоюнда мырза күйөөсү чачынан сылап, алкымынан жыттап, кызбурак жытына канып, комуздун коштоосунда эркелетип ырдайт:

Жаш алганым Бурулча,
Жайыңа койдум быйылча.
Ууз ичирип торолттум,
Убайын көрбөй тыйынча.
Жаңы алганым Бурулча,
Жаштыгың бар быйылча.
Өз мал качат каякка,
Өзүмкүсүң буюрса.
Актайсың да акыры,
Арман бойго жыйылса.
Кумарланып жатарбыз,
Кудай насип буюрса.
Алган жарым Бурулча,
Аядым да быйылча.
Байкуш жарым Бурулча,
Байкадым да быйылча.
Актуйгундай кулпунтуп,
Алып жүрөм буюрса.
Жаным сыздап кетет го,
Жаш элем деп кыйылса…

Бурулча эркелетип баккан күйөөсүнүн мойнуна чап асылып, мурутунан сылап, анан ооз комузун алып азем күү кагып айткан экен:

Менин атым Бурулча,
Мейли салтың бузулса.
Эми кумар жазчу кез,
Эл аягы суюлса.
Алты кара кой союп,
Атым койгон Бурулча.
Тоодо өскөм чоңоюп,
Затым сонун буюрса.
Элин табат кыз бала,
Эгер насип буюрса.
Он алтыдан өтсүн деп,
Оолак койдуң быйылча.
Алпештейсиң баладай,
Акылың жок тыйынча.
Кантип өтсүн жашчылык,
Кадырлашуу тыйылса.
Маашыр болуп жыргагын,
Мага көөнүң бурулса.
Алганым деп ырдагын,
Атак-даңкым угулса.
Мээнибеймин башкага,
Мен сеники, буюрса…

Эл арасында ырдалып жүргөн «Селкинчек» Бурулчанын келин кезиндеги оюн-зооктордон калган. Анын түпкү жөнү, чыккан теги кыргыз элиндеги кыз оюндарга барып такалат.

Бурулча:

Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепкин келинчек.
Жаштык отун жандырып,
Ырдай тепкин келинчек.
Келиндерге айттыргам,
Кеч салкында келсин деп.
Эл жыйылса тебе бер,
Ээн жерде эпкиндеп.
Каалаганың келе бер,
Каалаганча тебе бер.

Бозойлор:

Кара тоонун эңилчек,
Кара тору келинчек.
Каткырышып ойношуп,
Тебе турган селкинчек.
Селкинчекти шылтоолоп,
Өбө турган келинчек.
Селкинчекти тебе албай,
Кеч салкында келе албай,
Бойтойгон жаш келинчек,
Боло көрбө эринчээк.

Келиндер:

Кызыл тоонун эңилчек,
Кызыл тору келинчек,
Кыйкырышып ойношуп,
Тебе жүргөн селкинчек.
Этек-жеңиң желпилдеп,
Саамай чачың селкилдеп,
Жигит менен кошо теп,
Жигиттерден озо теп,
Жибек көкүл келинчек.

Бурулча:

Айымкандын селкинчек,
Андай теппей, мындай теп.
Айлуу түндү жаңыртып,
Аван созуп ырдай теп.
Асылбекке айттыргам,
Ай чыкканда келсин деп.
Айымканга жарашкан,
Анык жигит сенсиң деп.

Бозойлор:

Сейилкандын селкинчек,
Сергий тепкин келинчек.
Эки-экиден жуп болуп,
Эргий тепкин келинчек.
Жүйөөлөшүп тебе албай,
Жүргөн келин эринчээк.
Өмүр гүлүн карытып,
Өксүбөгүн келинчек.

Бурулча:

Сонунбекке айттыргам,
Сонун жигит сенсиң деп.
Эңсегени — Сейилкан,
Эл жатканда келсин деп.

Келиндер:

Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйүп тепкин келинчек.
Күлжигитти күлдүрүп,
Күлүп тепкин келинчек.
Селки турса өбө албай,
Селкинчекти тебе албай,
Бойдок жүргөн бозбала,
Боло көрбө эринчээк.
Кыйкым таап кызбала,
Келекелейт келинчек.

Бурулча:

Керимбекке айттыргам,
Кеч салкында келсин деп.
Кээ бир жигит кечигип,
Келет тура телпилдеп.
Кызыгы өтүп кеткен соң,
Кыйраткансып желпилдеп.

Бозойлор:

Кермекаштын селкинчек,
Келип тепкин келинчек.
Кезегиңди башкага,
Берип тепкин келинчек.
Тебе бергин селкинчек,
Тептирип кой, келинчек.
Өөдө-төмөн желпинсек,
Өптүрүп кой, келинчек.

Бурулча:

Боз адырга топтошуп,
Бозойлорду боздотуп,
Эт жүрөгүн козгошуп,
Эргий тепкин селкинчек.
Көк жылгага топтошуп,
Көгүчкөндөй окшошуп,
Көңүл сырын козгошуп,
Сергий тепкин селкинчек.

Келиндер:

Жылас калсын бул дүйнө,
Жыргап алчы келинчек.
Жыргай албай, күлө албай,
Жыргал эмне биле албай,
Жүргөн жандар эринчээк.

Бозойлор:

Койчу менен жылкычы,
Кошо тепкен селкинчек.
Оонап калып уйкучу,
Озо тепкен селкинчек.
Толгонайды жолунан,
Тосо тепкен селкинчек.
Жаркынайды колунан,
Кармай тепкен селкинчек.
Алтынайга тоорулуп,
Арбай тепкен селкинчек.

Келиндер:

Айтылбаган сыр менен,
Айды карай серпилсек.
Таң-тамаша ыр менен,
Таң аткыча желпинсек.

Бурулча:

Кана, кана, иничек,
Кандай тепсин келинчек?..

Бозой:

Кызыктырып ырдасам,
Кызга ылайык токмогум.
Кыз ичинде Бурулча,
Сизге ылайык токмогум.
Буудай жонго бышыптыр,
Буудай өңдүү Бурулча,
Бүгүн тоюң түшүптүр.

Бурулча:

Оюн баштап ырдайлы,
Олда бала, бери кел.
Ойдогудай жыргайлы,
Молдо бала, бери кел.
Комузуңду ала кел,
Оң күү, сол күү чала кел.
Чертсе үзүлүп калбасын,
Кылын жаңы тага кел.

Бозой:

Сүйүмканым ий,
сүйдү жаным, ий!

Сейилканым ий,
сергил жаным, ий!

Айымканым ий,
алда жаным, ий!

Кермекашым ий,
келин жаным, ий!..

Бозойлор:

Кызыл тоонун этеги,
Кыргыек шилтеп өтөлү.
Кызыл тору кызбала,
Бир өптүрчү, кетели!
Кара тоонун этеги,
Карчыга шилтеп өтөлү.
Кара тору кызбала,
Бир өптүрчү, кетели!..

Бул бекер эле ырдалбайт да! Мына, ушундай түнкү оюндардан кийин шырылдаң айткан жылкычылар короо четинде кой кайтарган келиндердин койнуна кирген. Көңүл иштери көп учурда ачык асман алдында, көк шибердин үстүндө болгон. Бул байыркы көчмөн элдерге мүнөздүү көрүнүш.

Эрнис ТУРСУНОВ, «Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий