Токомду көргөн, уккандар айтышат…

toktogul_komuz

Биз, Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институту уюштурган Токтогул боюнча кезектеги илимий иликтөө экспедициясынын тобу жакында Токтогул районунун 15 айыл кыштактарын кыдырып, 47 адамдан Токтогулдун өмүрү жана чыгырмачылыгына байланыштуу материалдарды жыйнап, Академиянын “алтын сандыгына” дагы толуктоолорду кошкондой болдук. Албетте, анын баары эле Токтогулдун өзүн көрүп-билип жүргөндөр болгон жок. Анын замандаштары сейректеп баратышы мыйзам ченем эмеспи.

Токтогул турагы – Терек-Суу айылдык Советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп жаткан Буканбеков Айтымбет баяндап жол көрсөткөндөй, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Түндүн-Батыш тарабы. Бул тарап жалпы жонунан Жети–Суу деп аталат. Анын да жөнү бар. Түндүк жагындагы Талас өрөөнү менен чектеш болуп көрүнгөн кырка тоолорду Арым десек,  ал тоолордон агып түшкөн 7 суу бар. Мына ушул 7 суунун башкы 3 суусун бойлой жайгашкан элди уруусу боюнча сарттар дейт.  Сарт уруулары Базар-Коргон тарапта да бар. Мына ошол Базар-Коргондон тоо мекендейбиз деп ооп келип туруп калгандары ушу.

Токтогулдун атасы уста киши болуптур. Ошентип сарт уруусунан чыккан кыргыздын эки залкар акыны – Токтогул Кушчу-Сууда төрөлсө, Жоомарт анын жанындагы Мазар-Суууда жарыкчылыкка келген.

Мазар-Суу айылында Жоомарттын 86 жаштагы эжесинин Сыяданын айтымында, Токтогул ушул Мазар-Суу аркылуу арым жайлоосуна ары бери өткөн сайын Бөкөнбайдын үйүнө түшүп, бирин–бир сыйлашып жүрүшчү экен. Күндөрдүн биринде жайлоодон түшүп келатса, Бөкөнбайдын келинчеги төрөптүр деп бирөө жолдон айтат.  Током ошондо түз эле барып Бөкөнбайды куттуктап олтуруп, наристенин азан чакыргандагы  Токтомамбет болгонун жактырбай, теңтушун оюн-чындан тамашалап:

Сен мыкырсын (зыкым). Сени тартып калат, кой аты Жоомарт болсун. Анын үстүнө жогортон келатып уктум, Жоомарт деп жүргүлө, — деген экен. Током Жоомарттын   окуп калышына да себеп болуптур, антпесе Жоомарт жетимчиликтин айынан турмуштун ошол кездеги оор, оңолбос жагына түшүп калса, мындай Жоомарт болбойт  эле дешет.

Токомдун туулган жери ушул этеектей эле жер. Көп болсо бул конушка 4-5 гана боз үй коноор. Бул конушту Кыша дешет. Кыша бул топурактын түрү. Ошон үчүн Токтогулдун туулган жери Сасык-Жийде эмес, Кыша деп китептерге оңдоо кийирүү зарылчылыгы бар, — дейт Букамбеков.

Чындыгында, бул жерди эли төмөндөп, дыйканчылык жана жана башка турмуш  ылайыгына карата көчүшкөндөн бери эски журт ээндеп калган. Баары унутта калгансып Токтогулдун туулган жери менен эч кимжин иши жок. Айтымбет сыяктуу кызыккан гана бирөө алып барып, түшүндүрүп, көргөзбөсө бир да белги жок. А белгини коюуга бул жерде атайын түшүп, орноп калгансып килейген боз үйдөй  таш жатат. Ага деле чегелеп Токомдун “Айлымдан кетсем мейличи, артымда элим гүлдөсүн” деген сөзүн жазып койсо кана. Мурун талаа жарып өткөн Кушчу–Суунун Күн Батыш тарабы Сасык уулунун талаасы деп аталчу экен. Мына ушул сасык уулунун талаасына Токтогулдун атасы отурукташуу аракети менен биринчи тамын салыптыр. Тамда атасы  Сатылган дүйнөдөн кайтып, тиги Казанбактан келишкенден кийин Токтогул, энеси Бурма, аялы Тотуя, уулу Топчубай, иниси Эшпай калып жан сакташкан.

Токтогулдун усталыгы. Токомдун бул өнөрү комуз чабуу менен чыкканын жалпы журтубуз билет. Ал тургай Сибирде жүргөндө балта менен эле какрагайдан комуз чаап алып, ага мандалиндин кылын тагып алып ойногону өзүнүн ырларында да бар. Ал эми элинин айтуусунда, Током дайыма үйүнүн керегесине өрүктөн сомдолуп, кээси даяр, кээси чала чабылып турган 7-8 комуз илип койгонун жана келсе эле тынбай керки чоту менен алеек болуп узанып жатканын көрүшкөндөр бир топ эле экен. Биз бул саам барышыбызда Терек-Суу айылынан Эшимбек кызы Калыйпа эжеден Токомдун чапкан нак, кичине, тыпыйган өрүк комузун жана ошол эле айылда жашоочу Бусурманкул кызы Супакан эжеден бир өрүк комузун иликтеп, эки эженин тең өз каалоолору  өтүнүчтөрү боюнча ал комуздарды алып, Токомдун жергесиндеги мемориалдык музей комплексине тапшырып коюуну айылдык Советтин аткаруу комитетинин төрагасынан өтүндүк. Биз албетте,эжелерге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Токтогулдун марттыгы да анын инсандык касиетинин бир жаражасы сымал көрүнөт. Анткени тапкан ташынганынын баарыз туугандарынан тышкары жарды-жарчыларга, бей-бечераларга таратып берчү экен.

Токтогул өтө куудул артист киши болуучу. Мен көрүп калдым, бул кишинин бутунун баш бармагы менен комуз черткени. Сол колу менен кылдырды басып туруп, оң бутунун баш бармагы менен сайратчу комузду, же топусу, (мурдагы кеп такыя дечүбүз) төбөсүнөн көк желкеге түшүп, андан мурдуна келип токтоп, кайта төбөсүнө барып, андан эки кулагына чейин жетип, кайра чыгып, калкылдап эле, ыргалып турчу, үргүлөп уктагансып, ошондо көзүн ачып, анан кайта күүнү жаңыртып ырга кирээр эле. Муну бир эле мен эмес, Кетмен-Төбөдөгү мага окшогондордун баары көргөн. Чоң аш той болсо келбей койчу эмес. Токтогул бир кенч экен. Бу кыргыздан да  булбул чыгат экен деп калам. Токтогул менен Эшмамбеттер кыргызга түгөнбөгөн алтын фонду эле,  кайран кишилер!- деп далай ошол кездеги окуяларды тынбай, “Манастан” бери жатка айтып, үн салып кошогунан бери бизге түшүндүрүп, кыргыздын өткөндөгү той тамаша салты эмне менен бүтөөрүнөн бери таржымалдата айта отурду Теңтөр карыя.

Турганбай Молдогазиев, Кыргыз ССР ИАсынын
тил жана адабият институнун илимий кызматкери,
1989-жыл 3-ноябрь.

“Кабар” МА, 13.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий