Энеден, Эне тилибизден ашкан ыйыктык жок, кор кылбайлы

7-Saryimsakov1

“Урматтуу редактор! 1972-жылы 10-февралда “Советтик Кыргызстандын” редакциясында басма кызматкерлери үчүн кеңешме өткөрүлгөн… Анда көлөмдүү баяндама жасаганмын. Тезиси менин колумда. Ошондо тил маселесинен айтылган пикирлер азыр да күчүн жогото элек. Мүмкүн болсо, ошол макаламды гезитке жарыяласаңыз экен

Саламым менен – проф. Х.Карасаев”

Улуу сөз устатынын 17 жыл мурдагы айткандары ошентип, гезитке жарыяланды, 1989-жылы 11-апрелде. Мындай деп башталат: “Коом турмушунда адам баласынын эң зарыл, өтө керектүү куралы тил. Ошондуктан ал курал абдан ийкемдүү, өто курч, угуучуларга да, окуучуларга да түшүнүктүү болуш керек… Ал куралды дат бастырбай, тазалап, сүртүп туруш керек”.

Кайдыгер боло албай, маселеге түпкүлүктүү маани берип Хусейин атабыз маалымат каражаттарындагы сүйлөм түзүлуштөрдү териштирип айткан мисалдарынын кээ бирөөлөрү:

“26-январь кечки саат 7ден өткөндө диктор: “Чолпон-Атада ар бир бешинчи кой эгиз тууду” дейт. “Ар бир беш койдун бири эгиз тууду” десе болмок. “Өнөр жай ишканаларында миңдеген ар түрдүү улуттун өкүлдөрү ар намыстуулук менен эмгектенип…”. Андай эмес, “Өнөр жайларында ар түрдүү улуттун миңдеген өкүлдөрү…”. “Бышкан уйдун эти…” эмес, “Уйдун бышкан эти”. Ушундай сүйлөм түзүлүштөр этибарга алынбай, отоо чөптөй көбөйүп, көнүмүшкө айланып күчөй берсе, элибиздин сөз дүйнөсү эмне деген абалга дуушар болоруна жаны ачып, ал кишинин мындан 41 жыл мурда айткандары дагы эле коомчулуктун көңүлү бурула турган маселе бойдон калууда.

Сөз деген эмне? Сөз деген – миң миңдеген жылдар бою муундан муунга “сүртүлүп, тазаланып” өнүктүрүлүп келген ыйык дөөлөт, улуу мурас, жан дүйнөбүздүн азыгы. Денебиз кирдесе суу, көңүлүбүз кирдесе сөз таасири тазалайт. Баары сөздө уюган, акыл ойдун, асыл түшүнүктөрдүн баары сөз аркылуу таралат. Атылган октой таамай айтылган сөз күчтүү экендигин эске алып, ата бабаларыбыз жоолошкондорду эпке келтирип, сөз күчүн туу тутуп жашап келишкен. Сөз таамай болгондо гана элибиздин элдиги сакталат. Сөз майдаланса, алсыраса эл алсырайт. Бул деген – табигый чындык. Бирок, эмнегедир бул нечен жылдан бери эске алынбай келди. Эки сөздүн бирин орусчаламай өнөкөткө айланды. Мисал келтирейин деп телевизорду ачтым: “Биринчи очередь”, “Обязательно проверить этиш керек”, “Инициатива кылабыз”, “Ыкчам решение”, “Расследование жүргүзүлөт”, “Запрет кылабыз”, “Выдерживать этпейт”, “Может быть”, “5 миң тонна пшеница”, “Нанимать этип”, “Зарегистрированный болуп”, “Отопление болсо”, “Строительство боюнча”. Ушул айтылгандар жалпысынан жарым саатка да жетпеген убакытта топтолду. Атайылап бир күн бою чогултулса миндеп саналчудай.

Теледен алып баруучу кыздарыбыздын бири “Эт арзандабады” дегендин ордуна “Эт мурдагы баасын кармап турат” деп сүйлөдү. Дагы бирөө: “Базар кызыды” дегендин ордуна “Базар кыймылы күчөп чыкты” дебатпайбы. “Бир нече кишилер жоголууга кабылды”, “Анын ысмы жаштар үчүн эч нерсе айтпагандыгы өкүндүрөт…” Жалпыга маалымдоо каражаттарында жан дилибизге жат сүйлөм түзүлүштөр канчалык күчөп бараткандыгы атайы изилдөөгө алынып, алардан тазалануу чаралары көрүлбөсө болбой калды окшойт.

“Куттуктап коюуга руксат этиңиздер” дебей эле, куттуктоо сөздөр айтыла берсе болор эле. “Толук кандуу”, “Бутуна туруп”, “Аба ырайы менен таанышып алыңыздар” деген сөздөр көнүмүш болуп калды. Орустардын өздөрү деле: “Разрешите”, “Полнокровный”, “Встал на ноги” деген сөздөрдү туш келди колдонбой калышты. Сөз таамайлыгына, таасирдүүлүгүнө алар аябай катуу көңүл атышат. Коошпогон кодура сөздөрдөн тазаланалычы, эл журт. Кийинки кездери “мен ойлойм” демей каптап баратат.

“Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат, сак болгун” деп байыркы Кет Бука бабабыз бекеринен эскерткен эмес экен да. Сак боло албаппыз да. 12-13-кылымдардын аяк башында жашап өткөн аалымдардын бири Ахмед Иугнекинин “Чындыктар белеги” деген ол жазмасы Стамбулда үч нускада сакталып турат, анда “Өзүңдүн кеп сөзүңдү сактай алсаң, өзүң сакталасың, тилиңерге, сөзүңөргө этият болгула” деп айтылган жери бар делип жүрөт.

Байыркы кытайлар беш миң километрге сепил куруп, элине түбөлүк тарыхий даңаза түзгөн болсо, бизде Сөз сепили курулган. Сөз атасы академик Түгөлбай Сыдыкбековдун минтип айтканы бар: “Эң кооз, эң укмуш жана эң маанилүү асыл мурасты бабаларыбыз укум-тукумга белек этти! Ал сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас Улуу Сөз Сепилдери”.

“Кыргыз тили мамлекеттик камкордукка алынып, тилибизди өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзөбүз… Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кылам деген Кыргызстандын ар бир атуулу мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлап үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт”. Мурдагы президенттерибиздин бири да ушинтип айткан эмес. Азыркы мамлекет башчыбыз адабият, котормо, тил дүйнөсүн туя билген инсан болгондуктан маселе ал тарабынан колго алынууда. Демек, кыргыз тилине карата жалпы элдик муктаждык жаралат деп үмүттөнүп, ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Соз баккан эл экендигибизге кайрылып келчидей бололу. Эне тилибиз – ыйык. Ыйыктыкты, кадырман калайык, ыйык тута билели. Кыргыз элибиздин сөз дөөлөтү — түпкүрү терең, түгөнбөгөн түбөлүк сыр дүйнө.

Кенжалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК»

Соц тармактар:

Добавить комментарий