Эрнис Турсунов

Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.

Эрнис Турсунов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында 1935-жылы 24-августта туулган.

Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган.

Университетти бүтүрүп, Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орунбасары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары, Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, «Мектеп» басмасында улук редактор, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде Башкы редактордун орунбасары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Эрнис Турсуновдун «Айчырайлуу кыздар» («Сулуулар»), «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагун» деген опералык либретторлоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.

Э.Турсунов А.С.Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.А.Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт» дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гогольдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон.

Э.Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда «Биздин радиотеатр» деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган.

Ал мусулмандардын ыйык китеби «Куранды» жана христиандардын ыйык китеби «Библияны» биринчилерден болуп кыргызчага которгон.

Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдары берилген.

Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны.

Адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреат.

Ошондой эле бир нече Грамота, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Эрнис Турсунов 2014-жылы 11-июнда 79 жашында каза болду.

«Уикипедиядан» алынды

 

Чыгармалары

 

Ырлар

БОРООН БОЙЛОП БАРАТАМ

Күүсүн угуп тоодо куйган нөшөрдүн,
Күч берүүгө, түс берүүгө көшөрдүм.
Көшөрдүм да өнүп чыккан таш жарып,
Көк тулаңдай алдыңарга төшөлдүм.

Күүсүн угуп көл ташыткан бороондун,
Күркүрөгөн дабышына орондум.
Орондум да багытыма жол издеп,
Опол тоонун катмарына жоголдум.

Агым жиреп, бороон бойлоп баратам,
Алган багыт – катаал багыт карасам.

 

УКТАП ЖАТКАН СЕЛКИГЕ

Аруу селки бал уйкуга батканда,
Ай шооласы жүзүн сылап жатканда,
Куп жанына шырп алдырбай бардым да,
Кумар күйдү жүзүмүнөн татканда.

Карап калдым батына албай дал болуп,
Калбадым мен эмнеликтен ай болуп?
Жатпайт белем алкымынан аймалап,
Жаздыгына жылуу-жумшак жай болуп.

Тирүүлүктүн тим өткөрүп бир түнүн,
Тилден калган мен бир ууру түлкүмүн.
Тийгим келбей мөлтүрөгөн жүзүмгө,
Тиктеп турдум ак түн эмген кирпигин.

Сүйгөндүктөн сулуулугун аялдын,
Сүттөй адал жан болууга даярмын.

 

МҮНӨЗҮМ

Жашадым мен өзүмдүн күнүм менен,
Жалыны жерге атылып дүрүлдөгөн.
Кезинде, октон качкан коен болуп,
Кезинде, жолборс болуп күрүлдөгөм.

Ырдадым мен өзүмдүн үнүм менен,
Ыргагы кышкы ызгаарга күбүлбөгөн.
Кезинде, ээ бербеген ташкын болуп,
Кезинде, билик болуп бүлбүлдөгөм.

Жар сүйдүм жүрөктөгү сүйүүм менен,
Жан барбы жар сүйгөндө сүйүнбөгөн!
Кезинде, бычак тийсе чарт жарылып,
Кезинде, чоюн болуп ийилбегем.

Өрт болуп күйдүм ар кыл курагымда,
Өз үнүм, өз мүнөзүм турар ырда!

 

АТ ЖАЛЫНДА ЖАН ЧЫКСЫН

Тузун таттым, музун таттым турмуштун,
Турмушта көп жыгылганды тургуздум.
Айкөл бабам таш урганга аш урган:
А биз ошол — урпактары кыргыздын!

Тар жолдордо ажал билбей оолуктум,
Ташка, сууга, бороондорго жолуктум.
Айда, досум, ат жалында жан чыксын —
Атта ойногон тукумубуз тоолуктун!

Ай көрүнөт арасынан жылдыздын,
Ашыгы биз — ай сыяктуу миң кыздын.
Асылкечти ат жалында ала кач,
Аттай учат жигиттери кыргыздын!

Чамда, досум, даңканыңан чаң чыксын,
Чыгаар болсо — ат жалында жан чыксын!

 

БОРООН БОЙЛОП БАРАТАМ

Бууга буулар, сууга суулар кошулуп,
Булут болот, дайра болот созулуп.
Бууракандуу агымдардан алынган,
Бул турмуштун кайрыктарын, досум, ук!

Күүсүн угуп тоодо куйган нөшөрдүн,
Күч берүүгө, түс берүүгө көшөрдүм.
Көшөрдүм да өнүп чыккан таш жарып,
Көк тулаңдай алдыңарга төшөлдүм.

Күүсүн угуп көл ташыткан бороондун,
Күркүрөгөн дабышына орондум.
Орондум да багытыма жол издеп,
Опол тоонун катмарына жоголдум.

Агым жиреп, бороон бойлоп баратам,
Алган багыт — катаал багыт, карасам!

 

БЫЧАК МЕНЕН ОЙНОБО

«Эң мурда бычакты өзүңө ур,
Этиң оорубаса, өзгөгө ур!»
Эл макалы

От чачырап, кайрак-чарык чаркырап,
Курчутулду бычак мизи жаркырап.
Өткүрлүгүн колго жанып көргөндө,
Өнө боюм муздай түштү калтырап.

Тирүүлүктү чыркыратып, жаралап,
Тийсе бычак — тийген жерден кан агат.
Жүрөт дайым: жүрөк, боор, колкодо,
Жүлүн кыйып, кекиртекти аралап.

Киши өлтүрүп, жылкы мууздап, баш кесет,
Кимдин шору?.. (Эстеликке таш кесет):
«Бычак менен ойнобо!» деп жазып кой,
Бышып алса талчыбыктай жаш кетет.

Кайдан келди ушундай бир жаман ой,
Кармап туруп дүркүрөдү дене-бой.

 

ЖАШ ЖҮРӨГҮМ ТАШ БОЛДУ

Мен турмушта учуп көрдүм куш болуп,
Мерт да болдум наадандыкка туш болуп.
Мерездигиң мени мээлеп турганда,
Мээлейиңе тоңуп калдым кыш болуп.

Жанып көрдүм жалбырттаган от болуп,
Жамгырда да калганым жок токтолуп.
Күтүүсүздөн колтукка суу бүрккөндө,
Күйүп көрдүм күлүм калбай жок болуп.

Аңкып көрдүм чайыт ачкан гүл болуп,
Балкып көрдүм жарык чачкан күн болуп.
Кан мыкчыган каргашаны көргөндө,
Катып калдым капкараңгы түн болуп.

Толкуп көрдүм жашоо барда жаш болуп,
Тордо калды жаш жүрөгүм таш болуп.

 

КЕЛДИМ СЕКЕТ, АЛДЫҢА

Билем, мени тар жолдордо сынадың,
Бийиктиктен бир нече ирет куладым.
Кутум учуп келдим, секет, алдыңа—
Купулуңа толдум го деп турамын.

Бир сүйүүңө — миң сүйүүмү сурадың,
Билегимди темир кылган убагым.
Кейпим кетип келдим, секет, алдыңа —
Кадырыңа жеттим го деп турамын.

Тамырымды тартуу болду талабың,
Талабыңды аткарууга жарадым.
Жараланып келдим, секет, алдыңа —
Жан оорусу каерде экен, карагын!

Эми сенден, бир көз караш сураарым,
Эр сапатын биле турган убагың.

 

БООРУКЕР БОЛ, ЖИГИТКЕ!

Азаматтар кулаганда бийиктен,
Аял керек мээр чөбүн ийиткен.
Босогодон узаган жок — ыраак жол.
Боорукер бол, алганыңа ынак бол!

Оору кыйнап, уйку качкан түндөрдө,
Оор кырсык тооруп турган күндөрдө.
Жан асылкеч, жаралууга берип кол,
Жабырына, сабырына шерик бол!

Же жашоого арга таппай калганда,
Жер карайлап, ажат издеп барганда.
Ошондойдо себеп бол да керек бол,
0, кайрыкер, таянууга терек бол!

Аял жөлөк, кебелбеген керемет,
А болбосо ашык болуп не керек?

 

ЖАЙЛООДО…

(Билесиңер кыргыз жерин),
Үй ээси каратору кыргыз келин.
Калп эле жата кеттим уйкусурап,
Келинге кеп айтууга келбей эбим.

Түн эле. Түн менен түн кара келин
Келди да, дүр эткизе жылуу демин,
Койнума кол жиберип, ийип белин,
Ийкемдүү белендеди талуу жерин.

Керемет аваз какты кара келин,
Күлкүлдөп эрип кетти денем менин.
Тер кетти алка-шалка дене-бойдон,
Бул эмне?.. (Эмне экенин терең ойлон!)

Капырай, кандай шумдук кара келин!..
Билбеймин, бул кумардын бүтөөр жерин.

 

* * *

Жайлоодо… жаш кезектен калган элес,
(Бир келет андай элес, дайым эмес).
Атчансыз, шериктешим: Кадыр, Кеңеш,
Алдыда килем кийген адыр-белес.

Бой жеткен кыздуу үйгө келип түштүк,
Мал баккан чалга салам берип түштүк.
Коймолжун кымыз сунган кызыл кыздын,
Колунан бал татыган кымыз ичтик.

Титирейт колуң тийсе кош мөмөсү,
Мөлтүрөп кош мөмөнүн бышкан кези.
Кел-кел деп, мен белен деп тартып турат,
Келберсип кызыл кыздын жаш денеси.

Чарт этип тийсең эле жарылчудай,
Албасак, бир балээге кабылчудай.

 

* * *

Жайлоодо мен көргөндү көрдүңбү дос,
Эмесе, өткөрбөйлү өмүрдү бош.
Баралы жайык төргө, ак өргөөгө,
Кумарлуу көңүлүңө көңүлдү кош.

Ак өргөө бала жыттуу, кымыз жыттуу,
Ак төөнүн кардын жарган ырыс куттуу.
О, бир кез, бирге окуган үйдүн ээси,
Он бала өстүрүптүр мыкты-мыкты.

Жаркылдап тосуп алды толмоч зайып,
Жайнатты дасторконун кенен жайып.
«Жарыңды ала келбей эмне келдиң?
Кана айтчы, кимиңерден кеткен айып?

Мен болсо… баягыдай жаштыгым жок,
Жат, эми жалгыз өзүң таш кучактап».

 

* * *

Жайлоого барып калсам дайым белен,
Бар эле жайыл мүнөз, шайыр жеңем.
«Амалын өзүм табам үмүтүңдүн,
Ашыкпа, жазгыч бала» — деп тергеген.

Айттырбай чайын, майын белендеген,
Бардыгын жайып салчу кенен-кенен.
Төшөктү калың салып, койнуна алып,
Ал түнү жоо келсе да кебелбеген.

Аңкыган «гүлбагы» бар өтө терең,
Бүт бойдон сүңгүп кетчү менин денем.
Таңкалтып, таң аткыча аласалтып,
Кылыктуу лаззатына канган элем.

Жайлоого быйыл барсам үмүт менен,
Көз жумуп кеткен экен кайран жеңем.

 

Котормолор

Уильям Шекспирден

СОНЕТТЕР

Кошулууга кыналышса кош жүрөк,
Кош жүрөккө болгум келбейт каргаша.
Ашык болгон дос тилегин дос билет,
Ал соолбойт, деңиз соолуп калбаса.

Сүйүү маяк караңгыда от жаккан,
Сүйүү жылдыз океанда от тапкан.
Өчүрө албайт бороон, туман, мунарык,
Өлбөстүктөн бүткөн нерсе бу анык.

Сүйүү деген куурчак эмес колдогу,
Гүл сыяктуу кармап турган жолдогу.
Ал мең эмес ак жүзүңө токтогон,
Болсо кокус чындык болбой бул жомок,
Анда бизде сүйүү да жок, ыр да жок.

 

* * *

Жаным кетет ийиндеги баш эмес,
Жатсам качсам таап алат сыягы.
Эстелигим үстүндөгү таш эмес,
Эскерүүгө ырлар калат мына бул.

Саптарыман кадиги жок тааныйсың,
Сапаттарды мен өзүңө арнаган.
Аз жоготуп көптү менден аласың,
Арбак болуп ким бейитте калбаган.

Сенде калат бүт өмүрүм жигиттей,
Сергек кезим, шаңкылдаган шат сезим,
Бир селсаяк уурдап алган жиликтей,

Жерде калат кагыраган көк сөөгүм,
Ажал алат куйкасыз баш калдыгын,
Сенде калат ичкен шарап жан сырым.

Соц тармактар:

Эрнис Турсунов: 1 комментарий

Добавить комментарий