«Чалма» оюнун көчмөндөрдүн улуттук оюндарына кошуу керек

Т.Герцендин сүрөтү, http://www.photo.kg/ сайтынан алынды
Т.Герцендин сүрөтү,
http://www.photo.kg/ сайтынан алынды

Сентябрдын экинчи аптасында Чолпон-Ата шаарында баштала турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына саналуу гана күндөр калды. Редакциябызга бул чоң окуяга байланыштуу өздөрүнүн сыймыктануусун, каалоо-тилектерин билдирген каттар арбын түшүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биздин мамлекетте өтүшү өтө чоң окуя болгондугуна сыймыктанабыз. Ошону менен бирге, бул өтө жоопкерчиликтүү иш-чара экенин сезип турабыз.

Бирок, уюштуруу комитетинин программасындагы оюндардын арасына көпчүлүк элдин колдоосуна ээ боло турган “Чалма” деген оюндун камтылбай калгандыгы мени өкүндүрөт. Себеби миңдеген жылдар бою жогорку аталыштагы “чалма” ыкмасын колдонуп, азоо аттарды аркан же укурук менен кармоо ыкмасын эми да турмуштан учуратса болот. Бул жөнүндө эмгеги биздин мамлекетке сиңген сүрөтчү А.Р.Герцен “Манас” эпосундагы иллюстрациясында чагылдырган. “Эй, кыргыз, кыргыздыгыңды унутпа!” – дегенсип, өзү немец улутунда болсо да, жүрөгү кыргыз экенин далилдеп, ырастаган.

Чалманы жалаң эле жылкыны кармоодо эмес, ошондой эле жоокерлер курал-жарагынан ажырап калганда, аркан менен душманын илип сүйрөп кетишчү. Ушу сыяктуу окуя­ны В.Яндын романында монгол-татарлардын орустар менен болгон салгылашуусунда сүрөттөлгөнүн окурмандар билишет.

Азыркы убакта якут элинин улуттук деңгээлде аркан менен чалуу спорт оюну экенин билебиз. Бир нече жыл мурун америкалык ковбойлор муну “Лассо” деп атап, торпокторго ыргытып көрсөтүшкөн, кыргыздар эмне дешер экен дегенсип.

Байыркы гректер биздин ата-бабаларды “кентавр” – атка бириккен адамдар деп санашкан. Аттан кыргыз ажыраса келечеги жок экенин билишкен. Ал эмес, жакынкы эле тарыхыбызда жалпыга жакын кыргыз бир нече байтал үчүн Чу дарыясынын сол жак жээгин казак туу­гандарга алмашып жиберген. Орус­тардын “Полцарства за коня” дегени ошондон калган окшойт.

Эми айтарым, “Чалма” ыкмасынын накта ээси кыргыздар экенин биз унутпашыбыз керек. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, бул ыкманы якуттар улуттук деңгээлде көрсөтсө, биз, кыргыздар, дүйнөлүк деңгээлге чыгарганга салымыбызды кошууга үндөп кетер элем.

Азия оюндары Доха шаарында өтүп жатканда өзбек туугандар кыргыз күрөшүн бүткүл дүйнөгө биринчи болуп көрсөтүп илип кеткенин, казак туугандар “тогуз коргоолду” жайганын кантип унутабыз. Кенебес, кайдыгер болбойлу, дагы да болсо кеч эмес, биз намысыбызды туу тутуп, “Чалма” оюнун кыстартып коюуга аракеттенели.

Азыркы турмуш өзүнүн мыйзам ченемдүү кыймыл-аракетке да үстөмдүгүн кылууда. Адамзаты барган сайын кыймыл-аракети кыскарып, кыйынчылыкты туудурган кези. Көп кыймыл-аракети жоголуп, “гиподинамияга” чалдыгып, анын ичинде кыргыздар да запкы жеп, ата-бабалардын колдонгон көп ыкмаларын унутуп бараткансыйбыз. Өзгөчө жаш жеткинчектердин бир топ катмарынын чабылган чөптүн, аттын терисинин жытын искебей калышы кооптондурат.

Кандайдыр бир өлчөмдө ат менен болгон байланышты үзбөөнү “Чалма” оюну эскертип турмак. Ошондой эле бул жоокерлик ыкманын жаштарды тарбиялоодо мааниси абдан чоң. Башка элдердин агрессивдүү спорт оюндарынын ыкмаларын үйрөнгүчө өзүбүздүн табигый жаратылыштан бери нечен-нечен муундарыбызды ийкемдикке, тактыкка намысын козгоп тарбиялап келген. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн параолимпиадалык оюнга да киргизсе болот.

Көпчүлүк спорт оюндары атайын кымбат баалуу спорт эмеректерин жана машыктыргычты талап кылат. “Чалманы” бир көргөн эле жетиштүү, ар ким өзүнчө машыга берсе болот. Бар болгону арканды сатып алып, бутаны өзү эле оңой жасап алганга болот. “Чалманын” өзгөчөлүгү – бири-бири менен түртүшпөй, чатакташпай ойносо болот. Эки-үч вариантта түрлүү ойнолушу мүмкүн.

Жалпысынан айтканда, “Чалма” көпчүлүк майрамдарда, тойлордо элдин бүйүрүн кызыткан оюнга айланышына, чет элдик саякатчыларды тартууда, экотуризмди өнүктүрүүдө, экономикабызды көтөрүүдө өзүнүн салымын кошоруна ишенип, жалпы кыргыз журтчулугуна өзүбүздүн “Чалма” өзүбүзгө тиешелүү болуп, бүткүл дүйнөгө ата-бабалардын ыкмасын даңазалап көрсөтүп коёлу.

Асан БАЙБОСУНОВ, Кара-Балта шаары, дене тарбия мугалими,
«Кыргыз туусу», 19.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий