Кытайда дискотекаларда кыргыз бийлери бийленет

turgunaaly

Улуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы кыргыз бийинин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатат.

— Тургунаалы, бийлегенди кантип үйрөнүп калдың эле?

— Мен улуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү болом. Атам Турсунаалы манасчынын небереси болот. Жусуп атам мени чоңойтту. Ал менен көп жерлерде бирге жүрүп, көптөгөн бийлерди көрдүм. Ошондон тартып эле бийге кызыгуум арта баштады. 7 жашымда алгачкы жолу манас айткам. Ошондо журналисттер келип видеого тартканда ыйлап жибергем. Ошол манастын үзүндүлөрү азыркыга чейин эсимде сакталып калды. Бир күнү бир тойдо жылкы бийи бийленгенде элдин баары колдоп кыйкырып жатышты. Мен ошол замат манас эле айтып жүрө бербестен, бийлеп дагы чыгам деген чечимге келдим. Чындыгында манас айтсаң көпчүлүк адамдар өтө деле сүрөөнгө алып жиберишпейт. Бийлегенде аябай колдоого алышат. Мен эл колдоого алып турса берилип бийлеп берем. Ошол тойдон тарта бийлеп баштадым. Ак-Суу ооданындагы көркөм өнөр окуу жайынын бий бөлүмүнө окууга тапшырам деп Жусуп атама айткам. Ал киши акылдуу болгондуктан макул деген. Башка киши болсо манасчы болосуң деп кыйкырып коймок. Бий бөлүмүндө 4 жыл окуп, бийдин түрлөрүн үйрөндүм.

— Кыргыз бийин өнүктүрөйүн деген оюң барбы?

— Кыргызстанга 2012-жылы келдим. Ошол жылы И.Арабаев атындагы универиситетте орус тили курсунда тил үйрөнүп жүрдүм. Ошондо студенттер майрамдык кече болот бийле деп айтышкан. Мен макул болуп Беш ыргайды бийлегем. Алар бул бий Кара жорго бийине окшош экен деп коюшту. Макул анда бийлебейм, манас айтып жүрө берейин дегем. Өткөн жылы Нооруз күнү Манас айылына барып жаңы жыл тостук. Ошондо бирөөлөр бийлеп бербейсиңби дешти. Мен макул болуп бийлеп бергем. Бийлегенимди бир байке көрүп, кыргыз бийин мамлекеттик деңгээлде көтөрүш керек деген. Анын сөзүнө деле көп көңүл бурган эмесмин. Негизинен кыргыз бийин өнүктүрөйүн деген оюм деле жок болчу. Кийин ар кайсы тойлорго, чакырып жатышып эле Кыргыз бийи белгилүү болуп кетти. Жакында эле Жалын бийи элдин сынына коюлду.

— Эми дагы кандай бийлерди чыгарайын деп жатасың?

— Жалын бийинин музыкасы кытайлык кыргыз Кубандык Жаасын уулуна таандык. Ал эми сөзүн Кыялбек Урманбетов жазды. Ырды Гүлжигит Калыков менен Гүлзада Рыскулова аткарышты. Мен болсо бул ырды коштоп бийледим.

Мындан тышкары, Кытайда Өлөң бийи ар бир тойдо бийленет. Ал бийди кыз жигит айтышып бийлейт. Мен ошол бийди эл алдына алып чыгайын деп жатам. Ошондой эле Жусуп атам тирүү кезинде мага күнүгө кечинде уктабастан, омоктуу ойлорун айтып берчү. Жусуп атам айткан баяндарды китеп кылып чыгарайын деген пландар болуп жатат.

— Бий боюнча эл аралык сынактарга катышууга ниет кылып жатасыңбы?

— Албетте, кыргыз бийин заманбап кылып иштеп чыгып, АКШда, Японияда өтчү бий сынактарына катышам. Гангам стайл деле Жалын бийине окшош. Учурда Гангам стайлды дүйнө эли бүт билет. Биз дагы кыргыз бийин дүйнөгө таанытабыз. Бийчилик боюнча дипломум бар деп эле токтоп калбастан, бийдин туу чокусуна жетишибиз керек.

— Кыргыз бийин, кыргызстандыктар баркташат бекен же кытайлык кыргыздар көбүрөөк баалашабы?

— Кытайда дискотекаларда Сардал кыз, Беш ыргай, Мөлмөлүм деген музыкалар жаңырат. Биз ошол музыкаларга бийлейбиз. Кыргызстанга келгенден бери дискотекаларда кыргыз бийин бийлегендерди көргөн жокмун.

— Кытайга кетесиңби же Кыргызстанда каласыңбы?

— Ата-энем, бир туугандарым бардыгы Кытайда. Кыргызстанда бир дагы тууганыбыз жок. Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Балким, Кыргызстанда калышым деле мүмкүн.

Сапар Акунбеков, «Кабар ордо», 21.08.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий