Акындыктын азабын тарткан билер…

a_doorov

Элеттик акын, болгондо да Лейлектин айтылуу Козу-Багланынан чыккан талант Абдилаат Алини мыкты, изденгич, жаңыны жаратман акындардын сабына кошкон чыгармаларынын бири катарында “Гүл-гүл” (Миң гүл) аттуу жыйнагын окуп алып, өзүңүз ынанасыз. Акындын өзү үчилтиктер деп атаган топтомунда салттуу формадагы ырлардан таптакыр айырмаланган башкача ыкмада (ырга мүнөздүү ритм, рифма, уйкаштык, ыргак ж.б. ырдын кан тамырында ширелишкен) жазылган, саптары кыска бирок нуска, жаңыча өң-түс, жаңыча боектору, жаңыча стилде ыр дүйнөсүн жараткысы келген акындын өзүн, аны курчап турган сиз менен биз аралашып жүргөн дүйнөнү көрөсүз.

Үчилтиктер миң тамырлуу ай-аалам сындуу бу тирүүлүктөгү түбөлүктүү темалардын баарын алаканга салгандай тегиз камтууга далалаттанат.

Аорта эмес,
Вена эмес
Жүрөгүмдө менин тамыр өзөгүм.
Клеткамда ажырыктын тамырындай
Чачаланган, жайылуу бар.

Эл акыны Сооронбай Жусуев китептеги ырларды жапондордун хоккуларына да окшоштурат. Акындын жан-дүйнөсүн кубаныч-кайгыга, түйшүккө тушап, канчалаган мээнет, талыкпай изденүү, өзүнүн ой-дүйнөсүнүн толгонуусунан жаралган поэзиясын окуп, анын табылгаларына кубанып, таңданып-таңыркап да кетесиң… Кичинекей бир сүрөт, этюдга же көрүнүш- кубулушка зор маани, чоң дүйнө батырылгандай туюлуп кетет. Элестүү сүрөттөөлөрдөн элестүү образдарды тартып, үчилтиктерине он беши жарык, он беши караңгы оош-кыйыштуу, оомал-төкмөл дүйнөнү “Карга аке кара костюм кара шым”, “Шол түнү чыгыптыр ыйлап Күн”, “дүмүрдөй манжасыз кош колу менен” ”бу чөлкөмдүн чөл бөрү шамалы улуп” деген тизмектериндеги ойду, маанини таамай, ачык жана так, образдуу сүрөттөп берет.

***

Жылдар –
бака жуткан балбан жыландар,
ылай жуткан пакза дубалдар 
Акын өзүнүн туулуп-өскөн айылын, андагы кулк-мүнөз, типтерди алардын күнүмдүк жашоо тиричилигин, ириде “Асман экөөбүз ыйлаштык, сүйөнүп бирибизге-бирибиз”, “Олда көбүн суулаптырмын өмүрдүн”, “Үйүбүздүн шам чырагын жандырып, Шахтан бийик, барондордон бай кылып “ деп, өзүн, аны курчап турган дүйнөнү жазса дагы учурдун, мезгилдин көйгөйүн, ташпиш-проблемаларын, ааламдагы адамзаттын орчундуу маселелери менен байланыштырып, жеке сөзүн, жеке оюн айтат. Жөн эле айтпастан көркөм өнөрдүн, поэзиянын тили менен пардаздуу, жеткиликтүү айтат.

***

Дүйнөлүк соода үйүн урду лайнер,
Кесир ой, өчөгүш, кек эсеси.
Кетилди адамзат ырыс кесеси.

Акындын арзуу ырларынын дээрлик көпчүлүгүндө көкүрөк көөдөнүндөгү түмөн-түркүн ой-толгоолорунун ар кыл аспектисинен, түрдүү абалынан жуурулушуп чыккан контрасттуу ойлорго, медитативдүү тизмектерге, терең психологизмге бай куп­леттер, тагыраак айтканда үч илтиктер өтө арбын.

Карегиң – деңиз…
Кайыкчан бирөө бардай
турам тааныбай.

***

Ал эми кулакка жат, көңүлгө кыт куйгандай традициялуу саптардан лирикалык менди жеке өзүнө таандык көркөм боектор, өзгөчөлүктөр жана артыкчылыктар, эн белгилер менен шөкөттөп, ассонанс менен аллитерацияны орундуу колдонгону, көркөм сөз каражаттарынын мол табылгаларынан, поэтикалык кептин ар кыл фигураларынан дооровдук поэзия байый түшкөндөй бараандуу сезилет.

Кашың айдын үчүндөй ,
Жүзүң бышкан жүзүмдөй.
Жүрөм сени жүрөгүмдөн түшүрбөй.

***

Сөз менен иштөөдөн өткөн мээнет, сөз чеберканасынан узануудан өткөн түйшүк жок эмеспи. Ойду ойго улап, ойдон образ курап, ага жан киргизип, тил бүткөрүүнү сөз менен иштеген акындар кан-жаны менен туят. Жыйнакты окуп жатканыңызда, ашыкча сөз атып, не кыласыз дегенсийт саптар өзүнөн-өзү.

Дартманмын.
Дарыгер кармайт тамырым.
Дал мендей учунуптур жаңы кылым.

***

Абдилат Али – чебер лирик акын. Сүйүү лирасынын башкы каарманы акындын жүрөгүндө бирге жашайт, анын назик, уяң, жароокер элеси-образы (Чыгыш поэзиясына мүнөздүү жалпылыктан кол үзө албаганы аз-маз өкүндүрөт) сырдана, табышмактуу саптарында кошо жүрөт (“Төө кызгалдак сыяктанган, Кайнар көздүү карагым!”, “Жүда- жүда сагыныпмын өзүңдү, жүзүм кишмиш көзүңдү”, “Кылтылдайсың тим эле, куюлган жүз граммдай!”, “окуйсуңбу колго алып, осмо каштуу ак зайып”, “Эгиз кыздар баратышат жол бойлой, Эгем жуп-зубала жасаптыр куюп койгондой”), китептин башынан аягына чейин айтылып бүтпөйт. Ошонун өзү окуган сайын ойду ажарлантып, түрлөнтүп, поэтикасынын күч-кубатын, дареметин, салмак-ордун жана нарк-насилин айгинелейт.

Таланттуу сүрөткердин дагы бир табылгасы катары анын диалектизмди орундуу эле колдонбостон, аны өнүктүрүп-өөрчүтүп, адабий тилдин фонунда (анарзардын четинде, делпилдесе бедезар, терекзар ж.б.) анын сулуу­лугун, өзгөчөлүгүн, ийкемдүүлүгүн жана ширесин ошондой эле вазыйпа-милдетин так, анык, таамай көрсөтүп (“Бир башыма миң ташпишти арттырып, Сүйүү келди сүйрөп арман-араба”, ”Албарстынын чырагындай үмүтүм, Асти сага жете албадым күнү-түн”, “каныма от ыргытты каректериң, калаты жанып-күйүп азап жедим”, – Ыраап кетер түш көрдүм, – деп, – Тү, тү, туфу үн­дөбөчү намакул кеп), тилдин лексикалык байлыгын арттырууга белсемдүү салым кошкон. Албетте, чакан макалада автордун ырларын ар тараптуу, терең талдоого таптакыр мүмкүн эмес. Андыктан таберик табылгалары менен окурманды кубандырып турган төмөнкүдөй саптары кимди болбосун кайра-кайра окууга шыктандыргансыйт.

Чөл ысыгын шимирген жүзүм,
Калыптыр карегиң коюлуп.
Көрбөпмүн көзүм оюлуп!

***

Дарт- ийненин көзүнөн өткөн дөө,
Далдаасында куу өлүм,
Дармандуу бол, жүрөгүм! – демекчи калемиңизди мындан да курчутуп, оттуу-чоктуу, көздүү-көрктүү, жан-дүйнөнүн дил талап-таразасына төп келген ырларды жарата бериңиз, элеттик мээнеткеч акын.

Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты,
ОМЮИнин доценти
Сүрөт Ж.КАЗЫБОЛОТОВдуку,
“Кыргыз туусу”, 22.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий