Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Көөнө башаттан бүгүнкү мааракелерге

kyrgyz_taryh

Үстүбүздөгү жыл эгемен Кыргыз жумуриятында “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” деп жарыяланды. Көөнө тарыхка карата жаңыча аңдоо жасоо зарыл болуп турган чакта, тээ Совет мезгилиндегидей «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Өктөбүр ыңкылабынын гана туундусу болгон» деген эски тарых барактарын жериген мурдагы мамиле биротоло четке кагылышы керек.

Эскерте кетсек, мындан чейрек кылым илгери эле маркум гео­граф Садыбакас Өмүрзаков «кыргыз» этнониминин байыркы кытай жазмаларында катталгандыгынын 2200 жылдыгын белгилөө керек” деп айткан. Тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев да Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү кезинде (1989-жылдары) «кыргыз» этностук аталышынын 2200 жылдык мааракесин кылымдар тогошкон маалда – 2000-жылы өткөрүү керек деп чыккан.

Кыргыз элин, анын маданиятын жана этнос­тук өз алдынчалыгын кылымдар бою сактоого өбөлгө түзгөн жагдай – бул кыргыздардын ар кыл тарыхый баскычтарга ылайык өз мамлекетин сактоо жана реформалоо, эгерим мамлекети кулап калса, аны кайра калыбына келтирип, түптөө үчүн тынымсыз күрөшүп, мээнет кылгандыгы.

Ушундай орчун маалда кыргыздардын байыркы доордогу, орто кылымдардагы жана андан кийинки мезгилдердеги мамлекеттүүлүгүнүн карт тарыхына саал көз жүгүртө кетелик.

Бабалар байырлаган тарыхый орток мейкиндик

Байыркы хун доорунда (б.з.ч. III кылымдын соңунан бери) кыргыздар Ички Азиянын түндүк-батыш өңүрүндө – Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жашаган. Ал эми орто кылымдардан жаңы доордун соңуна (XX к. башына) чейинки аралыктарда кыргыздар жана алардын башка этносторго жуурулушкан урпактары Евразиянын ири чөлкөмдөрүнө чачырады.

Кыргыздар байырлаган евразиялык ири тарыхый мейкиндик чыгышында – Хейлунжаң, Байкал, Ордос, Кыргыз-Нор, түндүгүндө — Сибир, Алтайдан бери, түштүгүндө – Теңир-Тоо, Памир жана Тибетке чектеш тоолуу аймактар жана Түндүк Ооганстан, батышында – Мавераннахрдан жана Итил (Эдил) боюнан берки чөлкөмдөрдү кучагына алат.

Кыргыздардын байыркы ата журту

Байыркы доордо – б.з.ч. I миң жылдыктын 3-кылымынын соңунан тартып жазма тарыхый булакта эске алынган кыргыздардын ата журту тууралуу ар кыл пикирлер айтылып келген. Айрымдары бул алгачкы кыргыз журту Эне-Сайда болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк-Батыш Монголиядагы Хыргыс-Нур («Кыргызкөл») аттуу көлдүн аймагында болгон деп жоромолдошкон.

Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу (б.з. I к.) өзүнүн «Хань шу» – «Хань сулалесинин тарыхы» эмгегинде : «Кыргыздардан чыгышта 7 миң ли узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан», – деп жазат.

Археолог профессор Ю.С.Худяков, синолог Л.А. Боровкова жана азыркы бир катар кыргыз тарыхчылары (М.Кожобеков, К.Табалдыев, Т.Өмүрбеков, Т.Чоротегин, ж.б.) бул маалыматка негизденип, кыргыздардын б.з.ч. I кылымындагы ата журту Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы Манас, Кара-Шаар сыяктуу шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган.

Эзелтеден кыргыздарга коңшу болгон жана кайсы бир бөлүгү кыргыздарга жуурулушкан байыркы көчмөн түрк элдерге хундарды, усундарды, динлиндерди кошсок болот. Ошондой эле Чыгыш Теңир-Тоодогу индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктардын (йүэчжилер, б.а. тохарлар) өкүлдөрү да, орто кылымдардагы бир катар түрк, каракытай, монгол жана ойрот урууларындай эле, акырындап кыргыздарга кошулуп, жуурулушкан.

Алмамбетке алгачкы прототип болгон тарыхый инсан – Ли Лин.

Б.з.ч. 90-жылдарда теги ханзу (кытай) болгон, бирок хундар тарапка биротоло өткөн даңазалуу колбашчы Ли Лин жетектеген кыргыз кошууну хундардын ири аскерине кошулуп, Хангай тоолорундагы Яньжань деген бир тоонун жанынан кытайлык Хань сулалесинин аскерине каршы салгылашууга катышкан. Алмамбеттин кыргыздарга ак кызмат өтөшү сыяктуу «Манастагы» сюжеттер Ли Лин менен байланыштуу окуяларды эске салат.

Ошондон улам кылымдар карыткан жана хун доорунан берки катмар-катмар тарыхыбызды камтыган “Манас” дастаныбызда Алмамбет сыяктуу теги кытай, бирок руху кыргыздашкан баатырлар, “курама жыйып журт кылдым” деген сыяктуу орошон ой камтылган ыр саптары сыйдырылган эмеспи!

Буларды эске алып жазып жатканым – азыркы тапта да эгемен Кыргыз мамлекетин андан ары чыңдоого зор салым кошуп жаткан кыргыз атуулдарынын арасында нечендеген улам жаңыдан кошулган Алмамбеттерибиз бар. Алардын түпкү теги орус, украин, дунган, корей, немис, ж.б. калктардан, тили тектеш өзбек, татар, башкыр, уйгур, ж.б. этностордон болгону менен, дили – заманбап кыргыз. Бабабыз Манас Алмамбетке кандайча дили менен ишенсе, биз да этностук теги башка болгон атуулдарыбызды ошондой тосуп алуубуз зарыл.

Улуттук гимнибиздеги досторуна дилин берүүгө даярдык айтылган ыр саптары азыр да кыргыздын айкөл жана келечекти камсыз кылчу мүнөзүн берчү, кыргыз мамлекетин ого бетер чыңдата турган орошон ойду камтыйт.

“Кыргыз” – биримдик идеясы камтылган сөз

Айтмакчы, “кыргыз” этнониминин чечилишинде да ынтымак идеясы, ар кыл урууларды өзүнө жуурулткан топ идеясы жатат. Кырк башка уруунун (анын экинчи муунун түрколог Гүлзура Жумакунова “ыз” – “жалпылык” деп чечмелесе, башка илимпоздор “огуз”, “аз”, ж.б. компонент катары сунушташат; айтор, “кырк” сөзү кийинки мүчөнү өзүнө ээрчитип, ынтымакты, биримдикти аңдатып жаткандыгы анык).

Тарыхта кыргыз эли Энесай Кыргыз каганатын, анын өзгөчө баскычы – “Улуу Кыргыз дөөлөтү” сыяктуу ири көчмөн мамлекетин курган доорлор да болгон.

Улуу Кыргыз дөөлөтү (840-жыл X к. башы)

Кытай булактары тастыктагандай, 100 миң аскерден турган Кыргыз кагандыгынын ири кошууну 840-жылы Ички Азиядагы Уйгур кагандыгынын борбор шаары Ордо-Балыкты басып алган жана Кыргыз каганаты Ички Азиядагы ири көчмөн мамлекетине айланган.

Бул доорду сыпаттаган “Улуу Кыргыз дөөлөтү” (“Кыргызское великодержавие”) түшүнүгүн тарых илимине алгач орусиялык академик Василий Владимирович Бартольд (1869-1930) киргизген. Бул термин Энесай Кыргыз кагандыгынын IX кылымдын ортосундагы – Х кылымдын башындагы айрыкча гүлдөгөн доорун айырмалап көрсөтөт.

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн кезинде да кыргыз өкүмдары “каган” титулун пайдаланган (кыскартылган түрү – «кан», «хан»). Ошондуктан 840-924-жылдардагы бул мамлекетти “Улуу Кыргыз кагандыгы” деп да атап келишет.

Ханзуча «Син Тан шу» («Тан династиясынын жаңы тарыхы») аттуу эмгекте (XI кылымда жазылган) бул ири кагандык тууралуу төмөнкүдөй баяндама бар: «Кыргыз – чоң мамлекет болгон. Аймагы боюнча түрк өлкөлөрү менен теңтайлаш. Чыгышы Курыкан өлкөсүнө чейин, түндүгү Тибетке чейин, түштүк-батышы Карлук өлкөсүнө чейин созулуп жатат».

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн батыш чеги Жети-Сууга, Борбордук Теңир-Тоого жакын жеткени араб жана фарсы тилиндеги булактардын малыматтары менен да тастыкталат. Ал эми кыргыздар Өтүкен жергесин ээлеп алгандыгы туралуу эне-сайлык кыргыздардын жазуу эстелиги Монголиянын түндүгүндөгү Сужин-Даван (Сужи) дөңсөөсүнөн табылган.

Кыргыздар Эне-Сай өрөөнүн жана ага чектеш аймактарды байырлаган орто кылымдардын эрте мезгилиндеги доор, ошентип, 840-845-жылдардагы саясый окуялардын натыйжасында, – орусиялык археолог Юлий Сергеевич Худяковдун образдуу сыпатташынча, – кыргыз тарыхынын “жылдыз сермеген” саатына (“звездный час”) жол ачкан.

Дал ошол доордо Улуу Кыргыз каганатынын өкүмү астына Ички Азиянын, Чыгыш Теңир-Тоонун бир катар кеңирсиген чөлкөмдөрү кирген.

Демек, орто кылымдардын эр­те мезгилинин соңун­дагы бул ири көчмөн мамлекет – байыркы жана эрте орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эң бараандуусу болгон.

Улуу көчтөр доору

Улуу Кыргыз каганаты доорунда жана ал ыдыраган соң бир катар кыргыз топтору Эне-Сайдан Чыгыш Теңир-Тоого жана Ички Азиянын айрым аймактарына чейин журт которгон жана бул жаңы аймактарда тигил же бул мамлекеттерди өз этносунун кызыкчылыгында пайдалануу үчүн күрөш жүргүзүп турушкан.

Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар боордош бир нече этноско тарыхый ата-баба болуп калды. Алардын урпактарынын арасында, албетте, бүгүнкү Теңир-Тоо жана Памир (анын ичинде Ала-Тоо) кыргыздары, Фу-йү (Манчжурия) кыргыздары, хакастар, тывалар, шорлор, алтайлыктар, башкыр кыргыздары, лобнордуктар, сары уйгурлар жана башка ар кыл сандагы этностор бар. Бул калктар татаал этностук жараянды баштан кечирген, бирок алардын ар бири (анын ичинде теңир-тоолук кыргыздар) байыркы кыргыз тарыхын өздөрүнүн көөнө тарыхый мурасынын ажырагыс бөлүгү катары карашат.

Борбордук Азиядагы мамлекеттерибиз

XVIII-XIX кылымдарда Фергана кыргыздары көп этностуу Кокон хандыгын өз мамлекети катары чыңдап келишсе, Теңир-Тоо кыргыздары болсо чыгышында Кашкар менен Жаркенттеги мамлекеттерди чыңдаган, түндүгүндө – азыркы Кыргызстандагы чакан ээликтердин (анын ичинде Ормон хан түзгөн хандыкты) көз каранды эмес­тиги үчүн күрөшүп келишкен.

Эгемендик идеясы үчүн күрөш­төр Тайлак Баатыр, Пулат хан (Молдо Исак Асан уулу), Абдылдабек Алымбек датка уулу, Курманжан датка, Мөкүш хан Шабдан уулу, Канаат хан Ыбыке уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Жаныбек Казы, Рахманкул хан, Ысакбек Монуй уулу сыяктуу жол башчылар гана эмес, Зияуддин Магзуни (Зия­бидин Максым), Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Сыдык уулу, Касым Тыныстанов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, укук адиси Кубанычбек Нурбеков сыяктуу айдыңдардын, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай, Жусуп Мамай сыяктуу залкар манасчылардын ысымдары, 1989-жылкы жана 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылдарынын баатырларынын өлбөс-өчпөс ишмердиги менен байланыштуу.

Мааракелер – бабаларга урпактык таазим жөрөлгөсүнүн бир бөлүгү

Быйыл Кыргызстанда совет доорунда улуттук мамлекетти калыбына келтирүү күрөшүнүн мөмөсү болгон Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Кытайдагы кыргыздардын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 60 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Кыргыз тилинин мамлекеттик макам алышынын чейрек кылымдык тою да 23-сентябрда өтмөкчү. 24-25-августта Кетмен-Төбө өрөөнүндө залкар демократ акын жана композитор Токтогул Сатылган уулунун 150 жылдыгына арналган илимий жыйын өткөрүлгөн жатат. Бул мааракелик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын 6-февралдагы чечими менен быйыл белгиленчү өзгөчө тарыхый окуялардын тизмесине киргизилген.

Дал ушул мааракелерди татыктуу майрамдоо аркылуу ата-бабаларыбыздын кылымдар карыткан улуу күрөшүнө да таазим этип жатканыбызды Кыргызстандын Мамлекеттик көз каранды эместигинин күнү майрамынын ирегесинде баса белгилеп кетким келет.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, “Мурас” фондунун Башкармалыгынын төрагасы,
“Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору,
тарых илимдеринин доктору,
“Кыргыз туусу”, 22.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий