Кыргыз улуттук суусундуктарынын дарылык касиети жана ысык-суукка бөлүнүшү

Сүрөт http://ky.kloop.kg/ сайтынан алынды
Сүрөт http://ky.kloop.kg/ сайтынан алынды

Сүттөн жасалган суусундуктар (кымыз, уй кымыз жана башка) ден соолукка абдан пайдалуу экени баарыбызга маалым. Бирок, баардыгыбыз эле аны туура колдонууну биле бербейбиз. Ошондуктан алар тууралуу кенен сөз кылууну туура көрүп, дарыгер, кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулун сөзгө тартып, агай бизге улуттук ыйык суусундуктар тууралуу кенен айтып берди.

КЫМЫЗ

Кымыз бээнин сүтүнөн жасалат. Ал чаңкоону гана кандыруучу эмес, жалпы организмге жагымдуулугу жана дарылык касиети менен да баалуу. Ошондуктан акыркы жылдарда кымызга болгон кызыгуу жана бээнин сүтүн дары катары ичүүнү каалагандар көбөйүп, жылкы менен жылкычылардын кадыры арбып баратат. Бээнин сүтүн эл менен бейтаптар бааласа, элдин баркын бээ байлагандар баалабай келгени өкүнүчтүү.

Себеби, кымызды саба же эркеч чаначка жасаш керек эле. Бирок алар тескерисинче челекке же талапка жооп бербеген идишке жасап атышат. Албетте, бул туура эмес. Учурда кымызды ичет десе эле иче бербей, жагымдуулугуна карап ичүү керек.

Ден соолугу тазаларга эмес, бейтаптардын эсине сала кетсек “кымыз кырк жылдык ооруну козгойт”. Дагы бир эске салуучу сөз кымыздын дарылык касиети үркөр чыгып, чөп каткыча жагымдуу болот. Үркөр чыккандан кийин чөп күчүнө кирип, дан алып калгандан кийин оорукчан адамга бээнин сүтү да кымызы да күчтүүлүк кылып, адамга жагымы болбойт.

Эгерде ошончолук эле кымыз же саамал ичүүгө ынтызаар болсоңуз, анда өзүнүн режими менен ичиңиз. Жайлоонун таза саамал жана кымызын аз-аздан, мүнөздүү тамак менен ичүү талапка ылайык.

САБА

Ал жылкынын терисинен жасалат. Ат-Башы, Нарын жакта уй терисинен жасалганын көрүп эле жүрөбүз. Ал экөөнүн ар биринин өзүнүн ачытылган даамынын айырмачылыгы болот. Ачытылган кымыздын даамы эки башка болгону менен айырмаланат. Себеби, уй териси калың болгондуктан кымыз жакшы ачыбайт, үрп көп болот, кемчилиги ыш жукпайт. Ал эми жылкынын териси жука болуп, ыш сыртына чейин сиңип, көпкө сакталып, үрп аз кездешет.

Эки териден жасалган сабанын дагы бир айырмачылыгы бар. Мисалы, жылкынын терисинен жасалган саба бишкектегенче эки бөйрөгү солк этип кымыз жакшы аралашып, даамына чыгат. Уйдун терисинен жасалган саба калың болуп, бишкектегенде чулкулдап, анын аралашканы же аралашпаганы сезилбейт. Ал эми даамы ачуу, супсак болот. Бирок биз аны да кымыз деп иче беребиз.

САБА ЧАНАЧ 

Саба чанач чоң эркечтин терисинен жасалат. Сабага караганда анын баркы, көлөмү үч эсе төмөн. Сабага 100-200 литр кымыз батса, серкеч чаначка 50-60 литр батат. Сабага караганда чаначты ыштоо оңой, бирок ышы бат кетип калат, тез-тез ыштап турууга шарт түзөт.

КЫМЫЗДЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ 

Жайлоодо же миң түркүн оттуу өрөөндөрдө кымыздын дарылык касиети күчтүү болот. Ал эми кургак чөп жеп, какыраган сай, кыштоодон оттогон бээден чыккан сүттүн дарылыгы деле жок. Муну менен өзүңдү-өзүң же бирөөнү алдоо десең болот. Корумдунун кымызы менен саз жайлоонун кымызынын айырмасы чоң деп айтаар эле Манбеткан тайкем.

“Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер” – деген улуу бабалардан калган кеп бар. Бул сөздүн түпкүрүн чечмелей турган болсом, кымызды сиңирип ичкенге, кызыңды кадырыңды билген адамга узат деген маанини туюнтат. Мен айымдарга айтаарым жогоруда айтылган бабалардын сөзүн эске алып,  акчага кызыгып, кымыздын баркын түшүрбөгүлө. Андан көрө кымыз баалуулугун барктай билели.

БЭЭНИН УУЗ СҮТҮНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ 

Бээ тогуз айда тууйт. Ага жылуу аймактар ылайык. Ошол себептүү Ош, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө туутту март-апрель айларына туштап үйүр кошот. Ал эми суук өрөөндөрдө Нарын, Ат-Башы, Аксай, Ак-Талаа, Суусамырда туут май айларына туура келет. Бул ууз сүттүн мезгилин баяндайт. Бээнин ууз сүтү абдан пайдалуу жана дарылык касиетке ээ. Бирок анын кайсыл бир ооруга өтө коркунучтуу зыяндуулугу бар. Ошондуктан врачтын же элдик дарыгерлердин сунушу менен гана ичүү керек.

БЭЭНИН СҮТҮНҮН ДАРЫЛЫГЫ 

Бул иммунитетти көтөрүүгө, жалпы эле тери оорусуна, кызыл жүгүрүккө, сөөк-муун оорусуна, ички органдарга, өт, боор, ичеги-ашказан, бөйрөк, жоон ичегилерге суук өткөн жеңил оорусуна, уйку без, нерв ооруларына ичсе жагымдуу.

Эң негизгиси бейтап бээнин сүтүн кайсы маалда, кантип ичүү керек экенин билип анан ичүүсү зарыл. Жогорудагы аты аталган оорулардын алдын алып, саламаттуулугун сактап калыш үчүн ичсе болот. Эскерте кетсек ашынган ооруга жардам бербейт.

Бээнин ууз сүтүн ичкенде ооруну күчөтүп жибериши жана жагымсыздыгы:

Мисалы: ички, тышкы жараларга, гемморойго, киста, миомага, панкриотит, боор, церроз, рак ооруларынын бардык түрүнө ичүүгө болбойт. Себеби, ал жараны эзип, ылжыратат. Ошондой эле ичти бир канча күн алып, ооруну козгойт.

БЭЭНИН СҮТҮН КАЙСЫЛ МЕЗГИЛДЕ ИЧҮҮГӨ БОЛОТ? 

Кээ бир бейтаптар бээнин сүтүн ичүүгө барганда “мен ак боз же кула бээнин кымызын ичүүм керек” дегендер бар. Чындыгында бул эч кандай мааниге ээ эмес, бээнин өңүн тергебөө керек. Андан көрө ууз бээнин сүтүн тергөө керек. Бээ ар кандай мезгилде тууйт. Бээ туугандан 15 күнгө чейин уузу тарабайт.

Уузу тарай элек бээнин сүтүн утурлап ичүү дарылык касиетке ээ. Ал эми уузу тарагандан кийин дарылык касиети жоголот. Эгерде уузу тарай элек бээ менен уузу тараган бээнин сүтүн аралаштырып ичсе дарылыкка пайдасы жок. Мунун тазаланууга эле таасири тиет. Эрте байланган желедеги бээ күнүнө 5-7 жолу саалат.

ДАРЫЛАНГЫСЫ КЕЛГЕНДЕРГЕ УУЗ СҮТТҮ ИЧҮҮ ЖОЛУ 

Эртең менен ачкарын 30 граммдан ичип баштап андан кийин ар бир саанда 30 граммдан көбөйтүү зарыл. Күнүнө 5 саан болсо, 150 грамм, ал эми 7 саан болсо, 710 грамм ичүү керектелет. Ууз сүт ичип жатканда кычкыл, майлуу тамактар жана кыямдын бардык түрлөрүнөн баш тартып, мүнөздүү тузу кем тамактарды ичүү керек.

Кыргыздарда “кымыз менен эт жакпаган адам өлөт” деген кеп бар. Эгерде ичээр сууң түгөнө элек болсо, кымыздан өлөсүң дегендик. Мунун дагы бир дарылык касиети, 30 грамм бээ сүтүнө нак 30 грамм кымыз кошуп ичип, 5-7 күн жогорулатып ичип, кайра артка тартсаң, өзгөчө ашказан ички жаралары, боордун циррозу, кант диабети менен жабыркагандардын дартын жеңилдетет.

Сүткө караганда саамалдын айтылган ооруларга дабасы жогору турат. Саамал ичип дарылануучуларга жана бээнин сүтүн сатуучулардын эсине сала кетсек, колдо байланып, кургак чөп жеген бээнин сүтү дарылык касиетке ээ эмес. Узак убакыт кыштоодо байланган желенин сүтү жагымсыз. Өрөөндүү же жайлоодогу миң түркүн чөптүн гүлүн искеп жеген бээнин ууз сүтү жана саамал айыкпаган дартты сакайтат.

УЙ КЫМЫЗ 

Уй кымызды эл кымыздан кийинки тунук таза ачытма суусундук катары баалап, ичип келген. Муну жасоо ар бир эле кишинин колунан келе бербейт. Көпчүлүк эле уй кымызды жасаганды билген эмес. Умай энелер өз жолу менен даамына чыгара жасап келген.

Уй кымыз кадимкидей эле кол чаначка же болбосо ышталган жыгач челекке ачыткан. Челекке, чаначка жараша бишкек жасап, бышып даамын чыгарган.

УЙ КЫМЫЗДЫН ДАЯРДАЛЫШЫ

Нак кымыз же кымыздын үрпүнүн талканына ачытат. Чанач жыгач челекти кадимкидей эле тез-тез ыштап, койдун сызык майы менен майлаган. Уйдун нак сүтүн бышырып, жылуу кезинде кошуп, бир канча мүнөт жанчып бышат. Андан соң тонго же кийизге жылуу ороп ачытат. 5-7 сааттан кийин кайрадан бышып, анан тамак катары 3-4 маал же тамактан кийин суусундук катары ичилет. Уй кымыз кымызга караганда мүнөздүү болот. Ал баардык ооруларга жагымдуу.

Дүйшөнбек Чомо уулу, “Тамчы”

Соц тармактар:

Добавить комментарий