Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)

b_turk

Улуу Көч жараяны

Акыркы эки миң жылдык тарыхта Евразия континентинин саясий өнүгүүсү түрк элдеринин Чыгыштан Батышка карай үч толкун менен жер которгон Улуу Көчүнүн таасиринин астында өнүгүп келген. Батыш илимпоздорунун “Элдердин Улуу Көчү” деп аталган тарыхый окуя жөнүндөгү изилдөөлөрү азыркы дүйнө тарыхынын көз карашы менен алганда жетишсиз жана евроцентристтик теория. Анткени, европа тарыхчылары аны 375-жылы гунндардын остготтор деп аталышкан герман урууларына чабуул коюусунан баштап, 476-жылы Рим империясынын кулашына чейин жеткиришет да, негизинен герман, скандинавия, славян жана башка элдердин Европа мейкиндигине массалык жер которуусу менен түшүндүрүшөт.

Биздин пикирибизче Улуу Көч процессин кеңири жана глобалдуу кароо зарыл. Биринчиден, анын хронологиялык рамкасы V кылымды гана камтыбастан, дээрлик 15 кылымды камтыган узак процесс. Экинчиден, Улуу Көчтү баштоочулар түрки-монгол элдери болуп, процесске алардан башка фарси элдеринин өкүлдөрү, германдар, славяндар жана скандинавиялыктар катышышкан.

Азыркы эгемендүү тарыхнаамада Улуу Талаадагы биздин эрага чейинки III кылымдарда эле башталган байыркы түрктөрдүн ата-бабалары болгон хуннулардын батышка, түштүккө болгон улуу жер которуулары Улуу Көчтүн башаттары болгон жана гунндардын Чыгыш Европага келиши ошол жараяндын уландысы гана. Хуннулардын, андан кийин гунндардын батышка жылуусу V кылымдагы элдердин жер которуусу менен аяктаган. Бул Улуу Көчтүн биринчи толкуну болучу.

VI кылымда түрктөрдүн батышка жылуусу менен Улуу Көчтүн экинчи толкуну башталган. Улуу Талаада түрктөрдүн, кыргыздардын, уйгурлардын, төргөштөрдүн, карлуктардын, карахандардын ири мамлекеттерин түзүп, түрк таасири Ыраакы Чыгыштан Кара-Деңиздин түндүк жээктерине чейин тараган. Селджук жана Осмон түрктөрү Кичи Азияга кирип, байыркы цивилизацияны баштоочулар болгон гректердин жеринде жаңы түрк цивилизациясын орноткон жана дүйнөлүк өнүгүүнү уланткан.

Натыйжада Улуу Көчтүн экинчи толкуну төмөнкүлөргө жетишкен:

а) Борбордук Азияда, Улуу Талаада, түштүк Сибирде түрктөшүү процесси аяктаган;

б) Евразия мейкиндигинин руханий феноменинин бири болгон түрк жазуусу пайда болгон жана анын уникалдуу эстеликтери бизге чейин жетип келди;

в) Биздин замандын VI кылымынан башталган орто кылымдык коомдук-экономикалык мамилелердин татаалданышы менен коштолгон борборазиялык элдердин өнүгүүсү Х-ХII кылымдардын чегинде ошол кездеги дүйнөлүк цивилизациянын эң алдыңкы катарына чыга алган. Түрк, перс, жана араб экономикалык, саясий, социалдык жана руханий жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, синкреттик супер этномаданий жамаатты түзгөн Түркстан калкы орто кылымдардагы дүйнөлүк маданияттын жана илимдин Авиценна, Омар Хайям, Беруни, Фараби, Хорезми, Баласагуни, Кашгари, ал-Оши сыяктуу алптарын жараткан;

г) Евроазия континентинин саясий картасы түп тамырынан бери өзгөрүп, ар биринин өздөрүнө тийешелүү уникалдуу чарбалык жана руханий маданияты калыптанган. Улуу Түрк, Кыргыз, Төргөш, Карлук, Уйгур, Карахандар, Авар, Хазар, Булгар, Кыпчак каганаттары, Хорезм, Газневиддер, Сельджук, Осмон мамлекеттери пайда болгон жана өнүккөн.

ХII кылымда болсо Улуу Көчтүн үчүнчү толкуну башталган. Ал монголдордун согушчан жер которуулары менен коштолгон. Бул түркө-монгол элдеринин батышка жылышына байланышкан үчүнчү толкун болжол менен ХIV-ХV кылымдарда гана токтоп, Евроазия мейкиндигиндеги элдердин жана өлкөлөрдүн азыркы этносаясий жайгашышы биротоло аяктаган.

Эки миң жыл бою тынымсыз улантылган жер которуулар ар дайым Алтай тоолорунан башталып, Европанын аймагына чейин жетип турган жана анын натыйжасында Рим империясы кулап, антикалык доор орто кылымдык доор менен алмашкан. Улуу Көч процесси камтыган жерлерде түрк элдеринин көчмөн цивилизациясы өзүнүн саясий, аскерий, экономикалык жана маданий улуу жетишкендиктерин жайылткан. Жаңы элдер калыптанып, мамлекеттер түзүлгөн. Синкреттүү маданият өнүгүп, Чыгыш менен Батыштын ортосунда тарыхый көпүрө түзүлгөн.

Демек “Улуу Көч” деп аталган бул тарыхый жараян азыркы дүйнө тарыхнаамасындагы бирден-бир олуттуу тарыхый маселе болуп саналат жана анын натыйжасында Евразия континентинин саясий картасы түп тамырынан бери өзгөрүлүп, геосаясаттык кайра түзүүлөр калыптанган. Мунун өзү түрк элдери бүткүл евразия континентинин азыркы геосаясаттык картасынын түзүлүшүнүн башатында турган дегенди түшүндүрөт.

Түрк элдеринин Батышка жер которуусуна байланышкан Улуу Көчтүн экинчи толкунунун мезгилинде VI-VIII кылымдарда Кыргызстанда түрк элдеринин тарыхый тагдырына зор бурулуш жасаган эки ири геосаясаттык окуя болуп өткөн.

Түрк элдеринин дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган биринчи окуя

Бул окуя Кыргызстандын аймактарында жайгашкан түрктөрдүн Евразия континенталдык геосаясаттык “Чоң оюнунда” тарыхый жеңишке жетүүсүнө байланыштуу эле. Ал доордо Евразияда үч зор мамлекет: Кытай, Сасаниддик Иран жана Улуу Византия геосаясаттык негизги оюнчулар болуп, эл аралык мамилелердин мерчемдүү маселеси Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган экономикалык артерия — Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөө. Бул соода артериясы кимдин колунда болсо, ал Евразиянын тагдырын чечүүчү фактор болмок. Истеми каган муну таасын түшүнүп, ошол кылымдын 60-жылдарында тагдыр чеччү бул маселеге активдүү киришкен.

Маселени сүрөттөдөн мурун алгач түрктөр жана Түрк каганаты жөнүндө кыскача кеп салалы.

Түрк каганатынын түзүлүшү жана анын дүйнөлүк тарыхый аренага чыгышы

Биздин замандын VI кылымынын орто ченинде Улуу Талаанын чок ортосунда дүйнө тарыхынына жаңы Түрк кагандыгы атырылып чыга келген. Түрктөрдүн түпкү ата-бабасы байыркы хуннулардан тараган. Хуннуларды 155-жылы монгол тилдүү сяньбилердин легендарлуу Таншихайы талкалагандан кийин, алар төрт бутакка бөлүнүп кеткендиги жөнүндө тарыхта маалым. Хуннулардын бир бөлүгү сяньбилерге кошулуп, экинчилери Кытайга кирип кетет. Үчүнчүлөрү Тарбагатай тоолорунун койнуна жана Кара-Иртыш өзөнүнө жашынып, акырындык менен Туран ойдуңуна (Орто Азия) жылат. Ал эми “азоолор” деп аталган төртүнчүлөрү согуш менен чегинип олтуруп, 158-жылы Эдил боюна (Волга) жеткен. Кийин алар европада “гунндар” деген ат менен белгилүү.

Кытайга кирип кеткен хуннулар II-V кылымдар ичи ал жерде бир нече чакан мамлекет түзүп, айрымдары кытайлашып кеткен. Ошол чакан хунну мамлекеттеринин бири Кытайдын түндүк-батыш жагында, Хуанхе дарыясынын башаттарына жакын аймакта жайгашкан Хэси аттуу эгинчиликке ыңгайлуу өрөөндө Хэси деген мамлекет курушкан. Анын негиздөөчүсү хунн ханзаадаларынын бири Мэн Сунь болучу. Ал “цзгойкгой” титулу менен жаңы чакан мамлекет негиздеп, өзүнүн ашкере согушчан жана каармандыгы менен гана эмес, илим-билимге жакындыгы менен да айырмаланган адам болгон. Хэсинин борбор шаары Лянчжоу маданияттын өсүшү боюнча Түштүк Кытайдын борбору Цзянькан (Нанкин) шаары менен атаандашып тургандыгы маалым.

304-439-жылдар кытайдын салттуу тарыхнаамасында “он алты варвардык, жети түндүк уруулардын доору” деп аталат. Ал доордо бирдиктүү Кытай империясы болгон эмес. IV кылымдын ичинде жана V кылымдын башында “он алты” эмес, “он тогуз” варвардык династия өтүп, анын сегизи монгол тилдүү сяньби урууларына таандык эле. Кытайда нагыз кытай эли саны боюнча көп болгону менен аларга сяньби уруулары үстөмдүк кылган. Сяньбилер үч бөлүккө бөлүнгөн. Бири “муюндар” деп аталып, алар Ляодунь булуңунун атрабында жайгашкан. “Туюйхундар” же “ мужундар” деп аталышкан экинчилери Тибетке жакын Куэньлунь кырка тоосунун түндүгүрөөгүндө Лоб-Нор менен Куку-Нор көлдөрүнүн аралыгына отурукташкан. Үчүнчүлөрү “табгачтар” (сяньбилердин “тоба” уруусунун бирикмеси) Кытайдын түндүк аймактарын ээлеп, V кылымдын орто ченинде Тоба-Вэй (Түндүк Вэй) династиясын негиздеген. Тоба Тао аттуу табгачтардын башчысынын тушунда 424-431-жылдары табгачтар Хуанхэ дарясынын бассейнин толук ээлеп, Түндүк Кытайда жаңы империя түзгөн жана ал окуялар монголдордун Кытайды ээлешинин башталышы катары белгилүү. Табгачтар бул 25 млн.калкы бар жаңы империянын 20 гана пайызын түзсө да өлкөнүн тагдырын чечип турган. Атчан армия да негизинен табгачтардын көчмөн салтына ылайык куралган эле.

439-жылы жогор жакта эскерилген хуннулардын Хэси мамлекетинин борбору Ганьчжоу шаарына табгачтар капысынан кирип келишип, мамлекетти таптакыр талкалап таштаган. Талкалангандан калган айрым топтор Турфан түздүгүнүн түндүк-батыш жагында жайгашкан Гаочан тоолоруна карай качып, андан ары Алтайга кирип, ал жерден табылган эзелки темир кенин иштетүү менен алектенишкен. Булар кадимки байыркы хуннулардын “ашина” аттуу уругунун бир тукуму болгон. Ашиналардын жанында теле (төөлөс) уруусунун да айрым урукттары темир ээритип, андан курал-жарак жасоо иши менен шүгүрлөнүшкөн. Так ошол жерде ашиналар биринчи жолу “түркүт” же “тюкю” деген этнонимди кабылдашкандыгы ири чыгыш таануучулар тарабынан эчак эле тастыкталган. Булактардын бири Ашина деген түбү хунну бир чыгаан инсан Хэси талкалангандан качып чыккан хуннулардын 500 түтүнүн ээрчитип, түндүктөгү жужандардын каганынан Алтайда туруктоону суранган имиш. Алардан кийин “түркүттөр” же “түрктөр” деген этнос калыптанган экен.

Жүз жыл чамасындагы өнүгүүдөн кийин түрктөр биригип, жаңы күчтүү этнос катары тарыхый аренага келишкен. Бирок, алардын алгачкы кагандары жөнүндө маалымат жок. Бирок, алардын темирди иштетүү өнөрүнүн мыктылыгы, анын натыйжасында темирден соот-чопкут, курал-жарак жасай алгандыгы тарыхый ири жеңиш эле. Тез арада эле алардын ыраттуу эреже менен машыккан жакшы куралданган атчан кошуундары жөнүндө Улуу Талаада аңыз кептер тарай баштаган болучу. 540-жылдарда түрктөрдүн башында турган тарыхый инсандардан Бумын, кай бир булактарда Тумынь каган тарыхта белгилүү болгон. 585-жыл деп катталган Түрк каганатынын каганы Шаболионын Кытай императоруна жазган бир катында: “Көк түрк элин жараткан мезгилден бери 50 жыл өттү…” деген жазуусу сакталып калган. Демек, түркүттөрдүн тарыхый аренага чыгышын VI кылымдын 30-жылдарынын ортосу деп саноого негиз бар.

Ошол доорлордо, башкача айтканда биздин эранын VI кылымынын 30-жылдарында эки күчтүү империяга бөлүнүп жашап жаткан Кытайдын түндүгүндө бүткүл Кытайды бириктирүү үчүн айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан болучу. Кытайдын Чыгыш Вэй империясынын башчысы Гао Хуань Улуу Талаанын ошол кездеги кожоюну болуп турган жужандардын ханы Анахуань жана Тогон падышасы Куалүй менен биргеликте ошол эле Кытайдын Батыш Вэй империясына каршы согушуп жаткан. Батыш Вэй империясынын императору Вэнь-Ди түрктөрдүн башчыларынын бири Бумынга Ань Нопаньто аттуу Хэси мамлекетинен чыккан түбү түрк адамды түрктөр менен өнөктөштүк түзүп келүүгө 545-жылы элчиликке жиберген. Орхон жазууларында кезиккен Бумын аталган бул адам менен Истеминди кай бир чыгыш таануучулар, маселен В.В.Бартольд жана П.М.Мелироанский бир эле инсан катары таанып келишкен. Бирок, түрк жазуулары боюнча адис В.Томсен, Н.Аристов жана Г.Е Грумм-Гржимайло булар эки адам экендигин, атүгүл адар бир туугандар болушкандыгын жана алардын чыныгы аттары иль-хан Туман жана Истемин каган болгондугун негиздүү далилдешкен.

Батыш Вэй империясынын элчисинин түрктөргө келиши, Азия материгинде түрк элдеринин эл аралык мамилелерде таанылышы катары зор жаңылык эле. Муну менен Чыгыштагы зор мамлекеттер, анын ичинде Улуу Кытай державасынын бир бөлүгү түрктөрдүн геосаясий оюнга аралашуусун моюнга алышкандыгы тарыхый жактан расмий окуя болучу. Бумын тез эле бул сунушка макул болуп, Батыш Вэй империясынын бай тактысы Чанъань шаарына кымбат белектер менен жооп элчилик жиберген. Бул келишим жабык эшик жолу менен болсо да 25 жыл чамалуу убакытта түрктөр менен Кытайдын Батыш бөлүгүнүндө жайгашкан кытайлардын Батыш Вэй империясынын ортосунда бир эле учурда Кытайдын Түндүк-Чыгыш бөлүгүн ээлеп жаткан Бэй-Ци династиясына, ошол эле учурда жужандарга каршы аскерий-саясий өнөктөштүк болуп эсептелген.

Ал мезгилде түрктөр менен батыш тарапта коңшу болуп жашаган көп сандуу теле (төөлөс) уруулары да жужандарга көз каранды болучу. VI кылымдын орто ченинде алардын Жунгар аймагында жашаган тобу көтөрүлүш чыгарып, жакшы уюштурулбаган, баш-аламан телелер жужандардын ордосу жайгашкан Халкага карай жүрүшкө чыгышкан. Телелер Халкага жакын калганда Алтай тоолорунун түштүк коюндарынан “денелерин көк темирге бөлөп, зоот-чопкуттарды кийген, катар тизилген түркүт атчандары” чыгып, теле уруулары капыстан пайда болгон Бумындын аскерине баш ийип берген. Төлөстөр 50 миң түтүн эл болучу. Чыгыш таануучулардын көпчүлүгү бул сан Жунгариядын Байкалга чейин созулуп жаткан талаада жайгашкан төлөс урууларынын бардык саны деп таанышат.

Ушундан кийин түрктөрдүн башчысы Бумын тез аранын ичинде жужандарды талкалоону чечкен. Чыгыш элдеринин согуш иштеринин салты менен ал жужандардын каганы Анахуандын кызын аялдыкка берүүнү өтүнүмүш этет. Эгер андай болсо Улуу Талаанын салты боюнча түркүттөр жужандар менен саясий жактан тең ата болуп калмак. Ошондуктан Анахуань буга макул болгон эмес жана Бумынга “Сен менин темир устам эмес белең. Кантип сен мындай эрдикке бардың?” деген жооп жиберген. Бумынга ушул эле сөз жетиштүү болучу. Кытайдын Батыш Вэй империясы менен болгон өнөктөштүк так ушул жерден кереги тийди. Кытай империясынын бейтараптыгынан пайдаланган Бумын тезинен жужан элчисин өлтүрүп, 551-жылы Батыш Вэй империясынын императору Вэнь-ди менен келишимди кайрадан бекемдейт да кытай каныкеси Чанлеге үйлөнгөн. 552-жылдын кыш мезгилине карабай Бумын жужандарга каршы жүрүшкө чыгып, жужандардын армиясынын таш-талканын чыгарат. Анахуань ызасына чыдабай өзүнүн жанын өзү кыят. Анын уулу Яньлочен жужандардын өнөктөштөрү болгон Чыгыш Вэй империясына карай качат. Жужандардын үстүнөн жеңишке жеткен Бумын “ильхан (эл каганы)” титулун алып, жаңы Түрк мамлекетин негиздеген жана анын “улуу каганы” деп жарыяланган. Бул 552-жылдын жайы болучу.

552-жылы кеч күздө Бумын өлгөн. Анын мураскери болуп “Кара-Ысык хан” (Коло Исиги хан) титулун алган анын уулу жарыяланган. Кийинки жылы Лайшань тоолорунун этегинде жужандарды экинчи жолу талкалаган Кара-Ысык хан белгисиз себептер менен о дүйнө кетип, анын ордуна Мугань хан титулун алган кичүү иниси Кушу такка олтурган. Ошол кездеги булактардын берген баасы боюнча Мугань-хан “бекем, каардуу, баатыр жана айлакер болуп, согуштан башка эч нерсеге кызыкпаган” инсан болгон. 553-жылдын кеч күзүндө ал жужандарды үчүнчү жолу талкалап, мындан кийин эч баш көтөргүс кылган. 555-жылы түркүттөр менен кыдандардын биргелешкен аскери жужандарды биротоло тарыхтан өчүргөн.

Түрк каганаты мамлекеттик курулуштун эзелки салттары менен жаңы элементтерди колдонууну айкалыштыра алган. Каган мамлекеттин башчысы, ошол эле учурда башкы командачы болгон. Кагандын жакын жардамчылары катары тактынын мураскерлери “тегиндер” жана армиянын кол башчылары “шадылар” аталган. Түрк каганаты хуннулардын державасы сыяктуу эле “оң” жана “сол” канаттарга бөлүнгөн. Алардын башында “оң канат ябгусу” жана “сол канат ябгусу” аталышкан жогорку чиндеги башкаруучулар болгон. Армия дагы ошондой эки канаттан туруп, “оң канат шады” жана “сол канат шады” титулдары менен башкарылган. Ябгулар (жабгулар) жана шадылар каган тарабынан жакын туугандардын арасынан дайындалган. Түрк кагандыгында 28 кызмат чендери болгондугу мамлекеттин бир топ деңгээлде бюрократташкандыгын көрсөткөн.

Бул жерде тарыхый жактан маанилүү дагы бир тарыхый фактыны эске ала кетүү керек.553 же 554-жылдын башында түрктөрдүн ордосуна Иран мамлекетинен атайын расмий элчилик келген. Демек, Түрк каганаты ошол кездеги Евразия континентинин дагы Кытай менен Виазнтиядан тышкары ири державасынын бири болгон Ирандын түрктөрдү таанып, аларды континенталдык геосаясий саясий алакага кошкондугун белгилөөгө болот. Перстер түрктөрдү менен Орто Азияда үстөмдүк кылып турган Эфталиддер (абдалдар) мамлекетине каршы өнөктөш болууга келишим түзүшкөн. Эфталиддер жужандар менен ыламалаш жана перстер менен сөөк-өчтү душман болучу. Түрк каганы Мугань хан дароо макул болуп, ысык мамилени бекемдөө үчүн Иран шахы Хосров I Ануширванга Бумындын иниси Истемин кагандын кызын беришет. Бул никеден болочоктогу шахиншах Ормизд IV төрөлгөндүгү тарыхта белгилүү. Ошентип, Түрк каганаты үчүн Орто Азияны ээлөө жана андагы Улуу Жибек Жолунун негизги тармактарына көзөмөлдүк кылуу келечеги ачылган. Бул зор тарыхый мааниси бар окуя болгон жана түрк элдеринин дүйнөлүк аренага кыска мөөнөттө атырылып чыгышын тастыктаган.

Ошентип, VI кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында Түрк каганаты Улуу Талаанын Чыгыш жарымына бүтүндөй кожоюн болуп чыга келген. Түрктөрдүн жардамы менен Батыш Вэй империясы Чыгыш Вэйдин өнөктөшү Тогонь мамлекетинин аскеринин таш-талканын чыгарган. Батыш Вэй империясынын башкаруучулары мындай жеңиштерге шерденип, 557-жылы Батыш Вэй империясында Вэй-Чжоу(557-581) династиясын негиздешкен.

Чыгыштагы жеңиштер

Мугань-кагандын тушунда Улуу Талаанын чыгышында Түрк каганаты көп жеңиштерге жеткен. Маселен, 554-жылы Цигу мамлекети талкаланган. Цигу айрым чыгыш таануучулардын пикиринде байыркы кыргыздардын Енисейдеги алгачкы мамлекеттүүлүгү болушу мүмкүн. Түрктөр андан ары Саян тоолорун аша алган эмес. Ал мезгилде Улуу Талаанын чыгыш атрабында монгол тилдүү уруулардын үч тобу жашагандыгы белгилүү. Алар: татабдар (кытайча аты “хи”), кыдандар жана отуз татарлар (кытайча аты “шивейлер”) эле. Бул уруулар түрктөрдүн каарман кавалериясы тарабынан кысмакка алынып, айрымдары качып, Кореяга чейин кирип кетишкен болучу.

Түрктөрдүн Чыгыштагы таасиринин күчөшү Батыш Вэй империясынын Вэй-Чжоу династиясынын аброюн өстүргөн. Вэй-Чжоуга эфталиддер 553-жылы, 555-жылы Иран, 559-жылы Гаочан (Турфан), 561-жылы Куча, 564-жылы Карашаар мамлекеттери элчилерди жиберишип, өнөктөш болууга аракеттенишкен. Мунун өзү кытай менен стратегиялык өнөктөш болгон Түрк каганатынын Улуу Талаада таасиринин күчөп, дүйнөлүк аренага “жаңы оюнчу” катары чыгуусуна кеңири жол ачкан.

Түрктөрдүн даңазасы ашып-ташып жатканда Кытайдын эки империясы тең ага өздөрүнүн карындаштарын күйөөгө берүүгө ашыга 561-жылы элчи жиберишкен. Вэй-Чжоу менен өнөктөш антын бузбоону чечкенi Мугань хан 563-жылы Чыгыш Вэйдин Цзиньянь шаарын камаган. Бирок, Вэй-Чжоу империясынын аскеринин негизги бир тобунун Лоян шаарынын жанында Чыгыш Вэй империсынын армиясынан талкаланып калышы Мугань-хандын чыгыштагы чабуулдарын токтоткон. Чыгыш Вэй дагы бир жолу түрктөр менен өнөктөш болууга аракеттенген, бирок Мугань- хан Вэй-Чжоу менен келишимди бузган эмес. Анын үстүнө түрктөр Вэй-Чжоу мамлекетинен ар жылы 100 миң түрмөк жибек алман алып турчу.

572-жылы Мугань хан өлгөн. Анын мураскери Тобо-хан Вэй-Чжоу менен келишимди бузбастан туруп Чыгыш Вэй империясы менен да келишим түзүүгө барган. Мындан ары Кытайдын эки империясы тең жибектен алман берип турууга макул болушкан. И.Бичуриндин маалыматы боюнча Тобо-хандын мындай сөзү тарыхта калган: “Түштүктөгү эки бала эле аман болсун, анда биз кедейчиликтен коркпойбуз”. “Эки бала” деп ал Вэй-Чжоу жана Ци (Чыгыш Вэй) империясын айтып жатат.

Кытайдын эки династиясынын өз ара атаандашуусу 570-жылдардын аягына чейин уланган. 578-жылы Тобо-хан Вэй-Чжоу империясынын армиясынын быт-чытын чыгарып, 580-жылы Вей-Чжоу менен жаңы келишим түзүлгөн. Ал түрктөр үчүн мурунку келишимдерден да ыңгайлуу келишим болучу. 580-жылды Л.Н.Гумилев Чыгышта Түрк кагандыгынын эң жогорку даңкка бөлөнгөн жылы катары санагандыгы белгилүү.

Түрк каганатынын Чыгыштагы даңктуу жеңиштери анын Батыштагы жеңиштерине караганда салмагы азыраак болгондугун кийинки тарыхый окуялар тастыктады.

Батышка карай жүрүш жана Түрк каганатынын дүйнөлүк аренага чыгышы

Тарыхый булактарга караганда түркүттөрдүн батыш жортуулун баштоочу Бумын кагандын бир тууган иниси Истемин-каган болгон. Бумын каган “иль-хан (эл хан)” титулун алаары менен иниси Истеминге “ябгу”, башкача айтканда улуу кагандын орун басары деп жарыялап, каганаттагы экинчи инсан катары тааныткан. Истеми Бумындын Түрк каганатын негиздеген мезгилине чейин алтайдагы он угор урууларынын башчыларына командалык кылып жүргөн эле. Аларды чыгыш таануучулар кийинки кылымдарда түрктөшүп кеткен шор, кумандин, лебедин урууларынын ата-бабалары катары эсептешет. Кытай булактары Истеминин 100 миң армиясы болгон деген маалымат берет. А чынында бул анын армиясынын санын эмес, 100 миң армияга командалык кылганга укугу бар “багадур-джабгу” титутулуна тете келген наам экендиги тастыкталган.

Истеми каган “бахадур-жабгу” титулу менен Батышка карай жортуулду Мугань хандын колдоосу менен 554-жылы жаз айларында баштаган. Түрктөргө батышта эч ким катуу каршылык көрсөтө алган эмес. 555-жылы Истеми “Батыш деңизине” (Арал деңизи болушу ыктымал) чыгып, түштүгүнөн Чач (Ташкен), андан ары Сыр-Дайранын төмөнкү агымы менен Аму-Дарыянын Аралга куйган жерине, башкача айтканда Арал деңизинин түштүгүнө чейинки аймактарды каратып алган. Согдиана менен Бухара бул мезгилде эфталиттерге (абдалдарга) баш ийип турган болучу. 556-жылы Истеми эфталиддердин армиясын талкалап, Хорезмге чейин барган. Ошентип, бир жарым жылдын ичинде түрктөр азыркы Казахстандын борбордук бөлүгүн, Жети-Сууну жана Хорезди каратып, түштүгүнөн Аму-Дарыясынан чектелген зор аймакты Түрк каганатына кошкон.

Кийинки жылдарда даңктуу жеңиштер кыйынчылык менен коштолуп олтурган. Арал деңизинин түндүгүндө жайгашкан хуни (хиониттер), вар жана огор уруулары катуу каршылык көрсөтүшкөн. 558-жылга чейин катуу согуштар жүрүп, ошол жылы гана Истеми каган Эдиль (Волга) дайрасынын боюна чыга алган. Түркүттөрдөн качкан хиондордун жана варлардын 20 миңдей адамы, Европага кирип кеткен. Алардын бирикмеси тарыхта “аварлар” деген ат менен белгилүү. Түрктөр Волгадан ары батышка өтүшкөн эмес. Истеми кагандын Батышка карай жортуулу ушуну менен аяктаган.

VI кылымдын ортосундагы эл аралык кырдаал

Чыгышынан Байкал көлү, батышынан Волга дарыясы, түштүгүнөн Аму-Дарыясы эсептелген зор Түрк каганатынын түзүлүшү жана анын кагандарынын Евразия континентиндеги геосаясатка батыл киришиши ошол кездеги улуу үч державанын: Кытайдын, Виазнтиянын жана Ирандын дипломатиялык мамилелерине зор таасирин тийгизген.

VI кылымдын 50-жылдарында Улуу Талаанын батыш жагында жана Кара-Деңиздин түндүк жээктеринде абал курч болучу. Днепр жана Дондун төмөнкү куймаларында түрк тилинде сүйлөгөн булгар урууларынын ата-бабалары эсептелген кутургурлар, Кубанда алардын туугандары утургурлар жашачу. Византиянын кылдат тышкы саясаты жана айлакердик менен болгон дипломатиясынын натыйжасында аталган эки тууган түрк уруулары бири-бирин талкалоого чейин барышкан. Утургурлардын чыгышында, Кавказдын түндүгүндө согушчан сабир уруулары туруктап, алар бирде ирандыктарга, бирде Византияга жардам берип, Византия-Иран согушунда активдүү ролду ойноп жатышкан. Кубань дарыясынын төмөнкү агымында Византиянын ишенимдүү өнөктөштөрү – алан уруулары жашачу. Алар түрктөрдөн качкан аварлар жөнүндө Византияга эң алгачкылардан болуп маалымат берген.

Өлкөсүнөн, мал-келинен жана байлыгынан ажырап, бирок, каардуу кара-күчү жана эрдиги менен белгилүү болгон аварлар 558-жылы эфталиддердин түрктөргө каршы жүргүзгөн чабуулдарынын башталышына байланыштуу куугундан кутулуп, аландардын башчысы Саросийден Византия менен алака түзүүгө жардам берүүсүн өтүнүшөт. Саросийдин жардамы менен 558-жылы аварлар Византия менен өнөктүк келишим түзүшөт, бирок негедир көп узубай аварлар кайра Византиянын башка өнөктөштөрүнө кол сала баштайт. Анткени, аварлар жашыруун түрдө Персия менен да согуштук өнөктөштүк түзүшкөн эле. 558-жылкы Иран-авар келишиминин шартында аварлар Кавказдын түндүгүндө Византиянын ишенимдүү өнөктөшү аландардын жеринде турууга мүмкүн болбогондуктан алар андан ары Батышка илгерилешкен.

Аварлардын Европага карай жолунда эң алгачкы соккуну сабирлер алган. Андан кийин аварлар тез эле утургурларды талкалап, Дондон өтүп славян уруулары анттарга чабуул койгон.

Бул жерде Византия менен сөөк өчтү душман болуп турган кутургурларга ыңгайлуу кырдаал түзүлөт. Алар аварлар менен келишим түзүп, кутургурлардын башчысы Заберган Балканга, андан ары 559-жылы Константинополго чабуул койгон. Византия кутургурларга каршы утургурларды тукуруп, 560-жылдардын башында бул бир тууган уруулар бири-бирин таптакыр кырып салууга чейин барышкан. Ошентип, Византия айлакерлик саясаттын күчү менен гана мамлекетин сактап калган. Бул окуялар Кара-Деңиздин түндүк жээктеринде аварлардын эл аралык аброюунун өсүшүнө алып келген. Аварлар эми андан ары Италияга карай умтулуп, ошол эле учурда Византиянын көз каранды эместигине да зор коркунуч туудурган. Атүгүл, Византия аварларга алман төлөп турууга мажбур да болгон. Ошол эле кезде аварлар менен жашыруун келишим түзгөн Ирандын күчү да арта берген.

560-жылдардын биринчи жарымындагы мына ушундай геосаясаттык кырдаал Евразиядагы күчтөрдүн өз ара геосаясаттык таймашын баштаган. Эгер ушуга чейин Евразиядагы геосаясаттык ири оюнчулар Кытай, Иран жана Византия болуп келишсе, эми ал күрөшкө Түрк каганаты кошулган. Бул жаңы геосаясаттык оюнда Кытай четтетилип, анын ордуна эл аралык саясатка батыл аралашкан Түрк каганаты келген. Ошол жылдарда Иран менен Византиянын ортосунда геосаясаттык да, жибек жолуна байланышкан экономикалык да олуттуу карама-каршылыктар бар болучу. Алар чынында бири-бирине сөөк өчтү душман эле. Анын үстүнө Византия менен сөөк өчтү душман Ирандын аварлар менен жашыруун келишими да бар эле. Мындай абалда аварлар тараптан коркунуч күткөн Византия үчүн аварларды кууп чыгып, бирок акырына чейин талкалай албай калган Түрк каганаты менен жакыш мамиле түзүү перспективалуу сезилген. Демек, боло турган геосаясаттык оюнда Иранга каршы Түрк-Византия өнөктөштүгүнүн түзүлүшү анык боло баштаган.

Бул жерде ал жылдардагы евразиялык чоң саясаттагы эки ири маселени айта кетүү зарыл. Алардын биринчиси – континеттеги геосаясаттык үстөмдүккө жетишүү болсо, экинчиси – континентте экономикалык ресурска ээ болуу эле. Экономикалык ресурстун эң башкы түйүнү Кытайдан Византияга чейин созулган Улуу Жибек Жолун ээлөө болучу. Ким Улуу Жибек Жолунун ээси болсо, ал Азиянын да Европанын да кожоюну болууга мүмкүн болгон.

Ал кездеги Византия империясынын элитасы чыгыштан келген жибек материяларына абдан кызыкдар эле. Биздин эранын башында жибек Кытайдан алынып келинсе, улам убакыт өткөн сайын жибекти Индиянын түндүк аймактарында, Иранда, өзгөчө Орто Азияда өздөштүрүп, ал жерлерден өндүрүлгөн жибек кездемелери жана кол өнөрчүлүктүн көптөгөн буюмдары Жибек Жолунун кербендерин тынымсыз ишке салып турган. Византиянын өзүндө жибек соодасы кызып, ал маселе боюнча атайын мыйзамдар иштелип чыккан. Жибек кездемелеринен Византия элитасынын бийкечтерине, хан-сарайлардын төрөлөрүнө арналган саркеч кийимдерди атайын “гинекеи” деп аталган цехтерде жасашкан. Кездемелер кайрадан кооздолуп, башка бойокторго бойолуп сатылган. Алтындын наркынын өйдө-төмөн болушу жибектин наркына таасир эте алган эмес. Мунун өзү жибек эл аралык сооданын эң негизги товары болуп калгандыгын тастыктаган.

VI кылымдагы булактар Византиянын өзүндө да жибек өндүрүшүн өнүктүрүүгө аракет болгондугун айгинелейт. Мисалы Юстиниандын доорунда бир перс чыгыштан жибек куртун алып келгендиги айтылат. Ал куртту атайын өстүрүлгөн тыттын жалбырагына тоюндуруп, андан жибек коконун ала алышкан. Ушундай эле аракетти Индиядан келген эки монах жасагандыгы жөнүндө маалыматты гректешкен сириялык жазуучу жана тарыхчы Прокопий Кесарийский берет. Прокопийдин маалыматына караганда индиялык монахтар жибек курттарын “Серинда” деген жерден алып келгендиги баяндалган. Көптөгөн тарыхчылардын пикиринде ал жер Согдиана болгон. Курттар жибек бере баштаган.

Улуу Жибек Жолунун эл аралык мааниси абдан жогору болгондугу ошол замандардагы эл аралык дипломатиядан да көрүнөт. Маселен, 562-жылы Иран менен Византиянын ортосунда көп жылдык согуш абалын тынчтык мезгилге айландырып, эл аралык соодага шарт түзүү максаты менен 50 жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Келишимдин негизги маселелеси Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөө жана жибек соодасын жөнгө салуу эле. Бирок, бул келишимге карабай геосаясаттык кармаш улана берген жана келишимдин эрежелери аткарылган эмес.

Эфталиддердин талкаланышы жана Улуу Жибек Жолунун колго алуу

Так ушул кырдаалда Түрк каганаты Волгага чыккан мезгилде, Истеми-каганга эфталиддердин каршылыгы башталып, Түрк каганатынын евразиялык геосаясаттык үстөмдүк кылууга болгон амбициялык аракетине тоскоолдук келип чыккан. 561-жылы Иран менен мамилеси татаал болуп келген эфталиддерге каршы чабуулдарды баштаган Истеми алгач Византия менен алака түзүүгө караганда эфталиддер менен күрөшүү үчүн Иран менен келишүү ыңгайлуу көрүнгөн. Ошондуктан 560-жылы түрктөр менен Ирандын ортосунда келишим түзүлүп, анын натыйжасында түрктөр үчүн Согдиананы ээлөөгө зор мүмкүндүк ачылган. Бул кармаштарда эфталиддерге үч майданда согуш аракеттерин жүргүзүүгө туура келген. Албетте, биринчи иретте алар Иранга жана Түрк каганатына каршы согушуп жатышкан. Ошол эле учурда мурунураак Кашмир менен Пенджабды ээлеп алган эфталиддер ал аймактарды колдон чыгарбоо үчүн Индия менен согушууга мажбур болушкан.

Түркүттөрдөн озунуп, Иран шахы Хосров Ануширван 562-жылы эфталиддердин бир отрядын талкалап, Тохаристанды каратып алган. Түндүк тарабынан чабуул койгон Истеми алгач тез эле Чачты (Ташкенди) алып, Бухарага басып кирген. Согдиан эли айласыздан эфталиддерге жардам беримиш болуп жатышканы менен түрктөрдү астыртан колдоп жатышкан. Анткени, алар үчүн тынч жашоо менен Улуу-Жибек Жолунун башкы товары болгон жибек даярдоо, башкы маселе болучу. Эфталиддердин падышасы Гатфар 565-жылы болгон Каршидеги 8 күндүк салгылашууда толук талкаланып, тактыдан алынган. Талкалануудан аман калган эфталиддердин бир бөлүгү Фагоништи хан көтөрүшүп, тоо койнуна бекинген. Зеравшан тоолорунда эфталиддердин калдыктары ушул кезге чейин калгандыгын тарыхый булактар далилдеп турат. Бир ууч эфталиддер түркүттөргө каршы турууга мүмкүнчүлүгү бар Хосров Ануширванга багынып берүүгө кат жөнөткөн. Иран шахы болсо буга жооп бербестен Хорасанга жүрүш жасап, натыйжада түндүк тараптан чабуул коюп келе жаткан Истеми кагандын жолу тоскон. Ошентип, эми элеки өнөктөштөр, кайрадан душман болуп чыга келишкен.

Мавереннагр деп аталган Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгындагы гүлдөгөн оазисте согдиан эли жашап турчу. Бул жерлерде өнүккөн шаар турмушу, жасалма сугат системасын эффективдүү колдонгон дыйканчылык, эң башкысы – Улуу Жибек Жолунда кербен соодасын түрдүү товарлар менен камсыздаган кол өнөрчүлүк жана эл аралык соода өнүккөн. Согдалыктар Жибек Жолунда алгач кол өнөрчүлүк эмеректерди сатуу менен шүгүрлөнүшсө, V кылымдардан баштап кытайдан келген жибекти сатууда ортомчу болууга үйрөнүшкөн. Андан кийин өздөрү да жибек куртун өстүрүүнү жакшы өздөштүрүп, жибек кездемелерин чыгара баштаган. Азыркы көптөгөн археологиялык материалдар Согдианада, Самаркандда, Ферганада, Бухарада жана Чыгыш Түркстандын Тарим өзөнүнүн бассейнинде жибек өндүрүү жакыш жолго коюлгандыгын айгинелеп турат. Жибек кездемелерин даярдоо, аны бойоо жана жасалгалоо айрыкча согдалыктарда өнүгүп, анын товарлары Улуу Жибек Жолунун ар кайсы тармактарында сатылган.

Анын үстүнө Согдиана, Мавереннагр, Фергана, кийинчерээк Чүй боору ошол кездеги материалдык жана руханий маданияттын өнүккөн аймактары катары белгилүү боло баштаган. Бул жерлерде арамей алфавити келип, анын согдалык түрү калыптанган. Жакынкы Чыгыштан манихей дини келген. Согда алфавити VI кылымда Алтайга, андан ары Енисейге жетип, түрк алфавитин пайда кылган. Манихей дини акырындап түрктөргө да тарай баштаган. Истеми каганга кызмат кылууга өткөн согдалык Маниахтын ысмы башка болгону менен ал “Маннах” деген ысым менен тарыхта калды. Маннах термининин түпкү мааниси “тууган Мани (брат Мани)” дегенди түшүндүрүп, монахтардын жамааттык мамилесинин мүчөлөрү сымал “манихей динин туткан адамдардын туугандык жамаатынын мүчөсү” катары келип чыккандыгын божомолдоого болот.

Согдиан элинде жүздөгөн жылдар бою бай тажрыйба топтогон көпөстөр, эл аралык далдалчылар көп болгон. Кытай менен Жер Ортолук деңизинин айланасындагы өлкөлөрдүн арасындагы жандуу соода системасын түзүүдө согдиандардын ролу чоң эле. Алардын башчылыгы менен Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган кербен жолдорунда жыл бою тынымсыз кербендер каалгып, жергиликтүү калк ошону менен тиричилик жүргүзүп турган. Согдиандардын негизги калкы тынч турмушту каалап, алар Түрк каганатынын башка цивилизацияларга карата лоялдуу мамилесин туура баалашкан да алардын Маниах сыяктуу ири көпөстөрү Истеми кагандын саясатын колдоп чыгышкан. Анын үстүнө Согдиана эфталиддер талкалангандан кийин толук Түрк каганатынын курамына кирген эле.

Бул жерде эрте орто кылымдардан бери эле Кыргызстандын аймактары тогуз жолдун тоому катары болуп келгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Улуу Жибек Жолунун Чыгыштан Батышка кеткен тармактарынын үчөөсү Кыргызстан аркылуу өтчү. Алар: Эркеч-там аркылуу памир-алай-фергана кербен жолу, Торугарт, Теңир-Тоо, Кетмен-Төбө аркылуу Ферганага кеткен кербен жол жана Кулжа-Каркыра-Ысык-Көл, Чүй аркылуу Ташкен оазисине чыгып кеткен кербен жол эле. Так ушул кербен жолдор тармагына маани берген Истеми кагандын туруктуу ордосу да Кыргызстанда болгон. Айрым булактарда ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде болгон десе, кай бирлери Таласта болгон дешет. 15 кылым бою кыргыз жергеси Улуу Жибек Жолунун “тоолуу дарбазаларынын сактоочусу (хранитель горных ворот)” болуп келген жана Батыш менен Чыгыштын цивилизацияларынын синкреттик айкашкан маанилүү геостратегиялык чекити бойдон кала берген.

560-жылдын экинчи жарымында эле согдиандардын башчылары Түрк каганатынын жардамы менен үзүлтүккө учураган Улуу Жибек Жолун калыбына келтирүү максатында Истеми каганды колдогон сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташкан болучу. Алар алгач абалды тынчытуу үчүн согдиандык ири көпөс Маниахтын башчылыгында Иранга түрк элчилигин жиберип, Иран жери аркылуу соода кербендерин Батыш өлкөлөрүнө өткөрүүнү камсыздоо боюнча келишип түзүп келүү сунушун айтышкан. Истеми бул сунушка макул болгон. Анткени, анын ордосунда да жибектин көп запасы камдалып калган болучу. Бирок, 567-жылы Иранга барган Маниахтын элчилигинин үзүрү болгон жок. Перстер согдалыктарды эл аралык соодага атаандаш кылгылары келген эмес. Бул жагынан алар согдалыктардан арттка калаарын так билишкен. Ошондуктан Иранга качып кеткен эфталит Катульфтун пикири менен Маниахтын элчилигинин келишим түзүү сунушу четке кагылган. Атүгүл, Хосров І Ануширван элчилер ала келген жибектин баарын сатып алып, элчилердин көз алдында өрттөп салган. Бул жорук анын келишимге макул эместигин билдирген.

Элчилер куру кол кайтышып, болгон ишти Истеми каганга билдиришет. Ошол эле жылы Истеми эми жалаң түрктөрдөн турган экинчи элчиликти жиберген, бирок анда да ийгилик болгон жок. Кайрадан эле бизге белгилүү Катульфтун сөзүнө кирген Хосров элчилерге уу берүүнү буйруган. 3-4 гана киши тирүү калып, түрк элчилеринин баары Иранда өлүмгө дуушар болушкан. Перстер элчилер ысыкка чыдабай өздөрү өлүмгө барышты деген ушак таратышса да Истеми каган ишенген эмес, ал элчилердин атайы өлтүрүлгөндүгүнө көзү жеткен деп жазат ошол кездеги грек жазуучусу Менандр.

Ушул окуядан кийин согдиандар Истемиге Иранга каршы согуш ачууну сунуштай башташты. Анткени, алар үчүн кандай болбосун жибек жолун ишенимдүү жандандыруу керек эле. Алысты көрө билген Истеми-каган Иранга каршы согуш баштоого макулдугун берген. Анын үстүнө экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн «ууланып калышты» деген шылтоо менен перстер өлтүрүп коюшкандыгы зарыл шылтоо эле. Бирок, ири согуштук аракеттерди баштоо алдында ошол кездеги эл аралык кырдаалды жакшы баамдаган Истемин каган Евразия континентинин негизги ири державаларынын бири болгон Византия менен келишим түзүп алууну чечкен. Бул кадамга эл аралык абал да жакшы шарт түзүп турган. Иран менен сөөк өчтү душман болгон Византия империясы мындай кадамды эчак эле күтүп жаткан болучу.

Түрктөрдүн, кыргыздардын жана ортоазиялыктардын болочок тагдырын чечкен 568-жылкы окуя

568-жылдын жазында Ысык-Көлдүн жээгинен Истеми каган жунан (грек) жерин жана тилин жакшы билген атактуу согдалык көпөс Маниахты баш кылып алыскы Византияга ири элчилик жиберген. Тарыхый булактардын берген маалыматтарына караганда Маниахтын маршруту Ысык-Көлдөн Чүй, Талас аркылуу Арал деңизинин түштүк жээктерин басып өтүп, Түштүк Казахстандын Үстү-Журт талаасы менен Каспийдин түндүк жээктерине чыгып, Кавказга барган. Анын Кавказ тоолорунун кайсыл ашуусунан өткөн маршруту жөнүндө маалымат жок, бирок ошол эле жылы жай айларында Константинополго ийгиликтүү жеткен. Маниахтын элчилиги баалуу белектер менен кошо «скиф тамгалары менен даярдалган атайын кат» да бар эле.

Элчиликти Византия императору Юстин II зор ызаат менен тосуп алган. Падыша Истемиден келген катты котормочулардын жардамы менен окутуп уккандан кийин элчилерден эфталиддер, аварлар жөнүндө, Түрк каганатынын ээликтери жөнүндө кеңири сураган. Аңгемелешүүнүн акырында Маниах Истеми кагандын Византия империясы менен келишим түзүүгө ынтызарлыгын билдирип, ромейлердин ички жана тышкы душмандарына каршы турарын тастыктаган. Византиялык тарыхчы Менандр ушул сөздөрдөн кийин Маниах ордунан туруп, колун көтөрүп “бул айтылган сөздөр чын экендигин ант бергендей тастыктап, эгер калп болсо ант урсун деп Дизавулдун, өздөрүнүн жана түрк элинин атынан” айтылып жаткандыгын ырасташты, ошентип түрктөр ромейлер менен достошушту деп жазат.

Бул достошуу келишими жөн эле тынчтык келишими болгон эмес, чындыгында Иранга каршы согуштук келишим болучу, келишим түзүлгөндөн кийин эки тарап тең антташкан деп тастыктайт изилдөөчүлөр.

Ийгиликтүү аяктаган сүйлөшүүлөрдөн кийин бир нече жума эс алышкан элчилер 568-жылдын август айында аман-эсен кайра жолго чыгышкан. Юстин II жооп иретинде Византиянын чыгыш шаарларынын стратеги киликиялык Земарх башында турган жоон топ элчиликти кошо аттандырган. Кайра кайткан элчилердин маршруту Маниахтын сапарынын жолу менен болуп, элчилер согдианага келгенде түрктөр гректерге темир жана темирден жасалган буюмдарды сатып алууларын сунушташат. Муну менен түрктөр темирдин кени бул жерде көптүгүн жана түрктөр темирди чеберчилик менен иштете ала тургандыгын билдиргиси келген деп жазат ошол кездеги булактар.

Земархтын элчилери андан кийин Эктаг деген жерге келишкен. Грек булактарында бул жай “алтын тоо” деп аталып, каган ошол жерде элчилерди күтүп жатыптыр. Эктаг (Ак-Тоо) деп аталган топоним кай жерде жайгашкындыгын азыркы тарыхчылар так айтыша элек. Айрымдары Эктаг Теңир-Тоодо жайгашкан десе, айрымдары Чүй өрөөнүнүн түштүгүндөгү Кыргыз кырка тоосун (Александр кырка тоосу), кай бирлери Таластын кайсыл бир тоосун, айрым казак окумуштуулары Түштүк Казахстандагы тоолордун бирин элестетишет. Грек жана кытай булактарында Эктаг тоосунда алтын кени мол болгон деген маалыматтарды эске алсак, анда Эктагды Таластын Ала-Тоосунун ортосунда жайгашкан Жерүй алтын кени, же Чүйдүн Кемин районунун түштүк аймагында Кыргыз кырка тоосунун койнундагы Талды-Булак алтын кени, же болбосо ички Теңир-Тоо койнундагы Кумбел, Солтон-Сары алтын кендери сыяктуу алдынга бай аймактардан издөө керек.

Эктагда Истемин каган элчилерди алтын, күмүш буюмдар менен кооздолгон түрдүү түстөгү жибек кездемеден тигилген жол чатырда кабыл алган. Чатырдын түрдүү жибек кездемелер менен кооздолушу, Истеминин эки чыгырыгы бар атайын күчтүү ат сүйрөп жүргөн алтын такта олтурушу, каган колдонгон алтын жалатылган кооз идиш-аяктар жана башка буюмдар Земархты жана анын жолдошторун өтө таң калтыргандыгын Земарх өзүнүн жол дептеринде, византиялык тарыхчы Менандр жазып калтырышкан. Эл аралык этикет менен Земарх Истемин каганга салам айтып, император Юстин жиберген белектерди тапшырган. Земарх баштаган элчилер ошол эле чатырда кечке сыйда болушуп, белгисиз бир ичимдик ичишкен. Бирок ал жүзүмдөн эмес экен деп жазышат булактар. (Мүмкүн ал кымыз же кымыздан тартылган арак болушу мүмкүн). Бир күн эс алган элчилерди эртеси өтө кооз жасалгаланган башка бир чатырда дагы эсин оодарганча сыйлагандан кийин үчүнчү күнү жыгачтан курулган бир үйгө алып барышып телеганын (эки кылдыректүү арабанын) үстүнө коюлган алтын-күмүш буюмдардан жасалган түрдүү белектерди көрсөтүшкөн. Алардын кооздугу жана жасалыш чеберчилиги Византиядагылардан кем калбагандыгын элчилер даана байкашкан.

Сыйлоо аяктаган соң Истеми каган Земархты жыйырмадай жолдоштору жана кызматчылары менен перстерге каршы жүрүшкө катышып кетүүсүн өтүнгөн. Калган римдиктер холиаттардын (хорездиктердин) өлкөсүна карай жол тартып, Земархты ошол жерден күтүп туруусун буйруган да белек-бечкектерден мол берип, узаткан. Земархтын өзүнө кыргыздардан чыккан бир сулуу кызды тартуулагандыгын Менандр маалымдаган. Орус тарыхчысы Н.М.Карамзин да ушул маалыматты келтирип, «Хан Земархка бир жаш кыргыз сулуусун белек кылды. Ал Дегин жазгандай черкес кызы эмес эле. Ошентип, кыргыздар 569-жылы жылнаамага жазылып, белгилүү болуп калышты” деп жазган. Немец окумуштуусу А.Гумбольт өзүнүн 1843-жылы жарык көргөн “Asie Centrale” деген эмгегинин 2-томунун 131-бетинде «Mйnandre de Byzance, le premier parmi les ecrivains de ľoccident, fait mention ďune concubine de race Kirghize (Κερκις)» деп жазып калтыргандыгын азыркы тарыхчылар белгилешет.

Истеми каган перстерге каршы жүрүшүндө Земархты ала кетип, алар алгач Таласка токтошкон. Ал жерде Истемини Ирандын элчилери күтүп турушуптур. Истеми бул жерде перс элчилерин кабыл алып, бирок алардан жогорку ардактуу орунга римдиктерди олтургузууга жана өзгөчө ызаат көрсөтүүнү буйруган. Иран элчилерине орой мамиле кылып, натыйжада Иран элчиси менен айтыша кеткендигине Земарх күбө болгон.

Истеми каган Земарх менен Таласта эле коштошууну чечип, ага белек-бечкек тартуулап, ызаат менен мекенине узатат. Ага дагы бир элчилик тобун кошкон. Бул сапар түрк элчилигин Тагма аттуу түрк тарханы башкарган. Анын жардамчысы болуп, ошол мезгилде о дүйнө кеткен Маниахтын уулу жиберилген. Земарх жолдошторуна Хорезм жеринде кошулат да бир нече айдан кийин Каспий деңизинин түндүгү, Кавказ тоолору аркылуу Византияга кайтып келген.

Түрк-Византия мамилеси кийинки жылдарда дагы бекемделип, бир нече жолу элчиликтер алмашылган. Натыйжада Константинополдо ар кандай мезгилде келишкен түрктөр көбөйгөн. Маселен 576-жылы Валентин баштаган Византиялык элчиликтин курамында эле 106 түрк жоокери коштоп келгендиги маалым.

568-жылы Византия менен ийгиликтүү түзүлгөн келишим Истеми кагандын Иранга каршы ачык согушка киришин камсыз кылган. Истеми Земархты узатып коюп, Иранга чабуулду Кавказ аркылуу жүргүзүүнү чечет да алгач ошол эле жылы утургурлар менен хазарларды талкалайт. Хазарлар түрктөргө кошулуп кетишет. Бул алардын кийинки жылдары өнүгүп жана мамлекет катары бекемделип кетишине шарт түзгөн. Истеми ошентип, Иранга Дербент аркылуу түндүгүнөн басып кирген. Бекем чыңдалган сепилге ээ болуу кыйын болгон. Истеми Хосровдон алман талап кылган. Бирок Хосров 1 Ануширван макул болгон эмес. Экинчи фронт ачууну сунуштаган Истеми Византиядан жардам күткөн, бирок гректер чабуулду баштоону кечеңдеткендиктен түрктөр 569-жылы Согдуга кайра кайтып кетүүгө туура келген.

Иранга каршы согушту жеке жүргүзүү кыйынга тургандыктан жана көп жылдык жүрүштөрдөн чарчаган түрк жоокерлерин аяган Истеми каган 570-жылы Хосров I Ануширван менен тычтык келишимин түзүүнү чечкен. Келишим боюнча Түрк каганаты менен Ирандын чек арасы Аму-Дарыясынын агымы эсептелип, Иран түрктөргө ар жылы 40 миң алтын динар акча алман төлөп тура турган болушкан. Эң негизги ийгилик бул түрктөрдүн Улуу Жибек Жолунун негизги тармактарын өз колуна алгандыгы болучу.

Ошентип, Түрк кагандыгы менен Византиянын ортосунда саясий-экономикалык геосаясаттык өнөктөштүк Түрк кагандыгы Евразиялык маанидеги чоң империяга айланып, анын чөлкөмдөрү Дунай дарыясы менен чектелип, Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөөнүн жемиши бүтүндөй Борбордук Азияда түрк насилинин (тилинин, дилинин) биротоло орношун камсыз кылган. Тагдыр чеччү бул окуя кыргыз жергесинде пландалып эл аралык деңгээлде ийгиликтүү чечилгендиктен, кыргыз элинин да бул окуяга салымы бар деп айтууга болот.

Бул континенталдык геосаясттык ийгиликтин дагы бир болочоктуу тарыхый мааниси VI кылымдан баштап Евразия мейкиндигинде Улуу Византиянын таасири улам төмөндөп, ал эми түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы ролунун жогорулашына алып келген. Кийинки кылымдарда түзүлгөн Түрк мамлекеттери (Көк түрктөр каганаты, Төргөш, Карлук, Хазар, Булгар, Кыпчак, Карахандар жана башка мамлекеттик биримдиктер) улам жогорулап олтуруп, Анадолуга селджуктардын X-XI кк. жана осмон түрктөрүнүн XII-XIII кк. жайгашышына, Византиянын түрктөр тарабынан сиңирилип кетишине шарт түзгөн. Акыр аягында 1453-жылы Византиянын борбору Константинополь алынып, грек таасири биротоло орто кылымдар тарыхынан өчүрүлгөн. Бул тарыхый жараян түрктөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган Кыргызстандан башталган биринчи окуянын тарыхый эпилогу катары саналып калды.

751-жылкы Талас салгылашуусу — Кыргызстандын элдеринин, кыргыздардын тарыхый тагдырына багыт берген экинчи окуя

Экинчи тагдыр чеччү маанилүү окуя VIII кылымда болгон. Ал мезгилдеги Борбордук Азиянын тарыхый тагдырына карата “Чоң оюндун” негизги оюнчулары Евразиялык ири мамлекеттер Араб халифаты, Кытай империясы жана Улуу Талаадагы түрк кагандыктары болучу.

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу — Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты жол беришкен эмес.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли-Линь-Фу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын (Западный край) башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырган. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеген. Анын башкаруучусу Мохэду туткундалып, өлтүрүлгөн. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген. Кытай армиясы бул жерлерде шаарларды, кыштактарды тоноп, элге оор салык салуу менен бирге өздөрү менен кошо түрктөрдүн ак сөөк уругу жана падышалык улуу дөөлөтү аталган ашина түрктөрүнүн урпагы Ашина Сянды марионет каган катары ала келишкен эле.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн болучу. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечкен. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавереннагрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан отряд да кошо келген

Бул кырдаал Гао Сяньчжини Таласка карай кайрадан аттанууга мажбур кылып, анын 100 миң солдаттан турган армиясы Суябдан Чүй өрөөнүнүн түздүктөрү аркылуу Таласка жөнөп кеткен. Кытай армиясынын курамында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк отряддары, кучалыктар, кашкарлыктар жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон делинет булактарда.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында эки зор армиянын тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Булактарда Талас суусунун эки жээгинде эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки зор армия бири-бирине даай алышпай 4 күн турушкан делет. Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Жети-Суунун түндүк чектеринде жашап жаткан карлук урууларынын башчысы Жабгу кытай баскынчыларына каршы күрөштөрдө азырынча алсыз болуп, ошондуктан карлуктар арабдарга жардам берүүгө кам уруп жатышкан эле. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу.

Кытай аскеринин тылынан сокку урууда чигилдерден чыккан Ябгу өзү баштап согушка кирген. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган солдаттарды карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алды. Бирок, ошол мезгилде Талас суусунан араб аскерлери өтө баштап, кытайлардын фронт жагынан чабуулга кирди. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн-Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган болучу.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана отряды менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Кучага (Аньси) жете алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр.

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырында этно-маданий өнүгүүнүн багыттарын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган. Талас салгылашуусунун тарыхый маанисин бир нече белгилерге бөлсө болот.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын жана “Күн чыгыш” өлкөсүнүн Борбор-Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн миң жылга чейин токтоткон.

Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго багыт алган. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берген. Мындан кийин 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштаган. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.

Ошентип, VI-VIII кылымдардагы Евразия континентинин тарыхына улуу бурулуш жасаган эки зор окуя Улуу Талаанын чордону болгон так ушул Кыргызстандын аймагында болуп өткөн. Геосаясаттык бул окуяларды ар тараптуу изилдөө түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын дүйнө тарыхындагы ордун жана ролун тастыктоого зор салым кошо алат.

Жыйынтыктап айтканда, Улуу Көчтүн ири өкүлдөрүнүн бири сельджук жана осмон түрк насилдери Кичи Азияны ээлеп, европалыктардын “крестүүлөр жортуулун” токтоткон. Анатолияда бабабыз Өгүз кагандын улуу рухун орнотуп, Осмон дөөлөтүн түптөгөн. Алардын улуу жолу так ушул Теңир-Тоодон, Кыргыз-Ата мекенинен башталган. Ала-Тоо “ата мекенинин” улуу руху баатырларына дем берип, натыйжада Анадолу жеринде “эне мекенди (анэ-ватан)” калыптандырган. Азыркы Түркия жумурияты — Чыгыштын, Теңир Тоонун урпагы, насили.

Азыркы Түркия Чыгыш менен Батыштын көпүрөсү сымал Евразия континентинин чок ортосунан, жүрөгүнөн орун алып, Байыркы менен Азыркынын, Чыгыш менен Батыштын, Кыргыз менен Көк түрктөрдүн тарыхый байланышын чагылдырып турат. Ошону менен бирге ал Улуу инсаныбыз Тургут Озал “XXI кылым түрк элдеринин кылымы” деп белгилегендей азыркы Түркия келечектин символу, түрк элдеринин биримдигин туткасы.

Кыргыз эли эки миң жылдан ашык мезгилде элдигин жоготпой тарыхтын татаал өнүгүүсүндө башка түрк элдери, анын ичинде азыркы Түркия түрктөрү менен кол кармаша XXI кылымдын сересине, азыркы цивилизациялык өнүгүүгө кирип келди. Бул жараянда кыргыздарды түрк элдеринин бузулбас бир туугандыгы, дили, тили жана дини сактап келген. Кыргыз эли келечектеги Улуу Көчтүн төртүнчү толкунунун активдүү дагы бир мүчөсү катары дүйнө тарыхына салым кошо бермекчи.

Тарыхчы Кененсариев Ташманбет, “Баракелде”, 22.04-01.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий