Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — олимпиаданын башаты

makeshov_miniТуз, насип буйуруп, мен 5 жайкы, 3 кышкы олимпиадалык оюндарды журналист катары жеринен чагылдырып, спорттун керемет дүйнөсүнө аралаштым. Ошондо учурдагы спорттун айрым түрлөрү кыргыз элинин оюндарынан башталып, угут алганын, биздин улуттук оюндарды башкалар кагаз бетине түшүрүп, алар дагы өркүндөтүп өздөрүнө таандык кылып «менчиктеп» алышканына ичим ачышып, бизде башталганын далилдээр учур келээр бекен деген ой мени кыйнай берчү эле. Мисалы, кыргыздардын жоодон сактануу үчүн машыккан, ар тараптан даярдык көргөн жоокер өнөрлөрүнөн, мисалы кылыч чабышканын өнөрүнөн фехтование, ат оюндарынан бир нече ат спортунун түрлөрү, жаа атуудан жаа атуу спорту, багалектен алышкан балбан күрөшүнөн күрөштүн эркин жана грек-рим түрлөрү, найза ыргытуу, диск ыргытуу, чоюн ыргытуу, бийиктикке, узундукка секирүү, жөө жарыш жана башка улуттук оюндарынан классикалык спорт түрлөрү келип чыккан деп ишенем. Чынында олимпиадалык оюндардын мекени катары таанылган Грецияда байыркы гректер гана мелдештерге катышканы тарыхта айтылып жүрөт. Ал эми чыныгы олимпиаданын башаты — Манас бабабыздан, айтылуу Көкөтөйдүн Каркырада өткөн ашынан башталган деп айтууга негиз бар. Себеби, бул ашка дүйнөнүн чар тарабынан ар улуттун өкүлдөрү келип, мелдештерге катышкан. Бул дагы кытай, калмак, түрк, татар, нойгут, мажыр жана башка элдердин өкүлдөрү мөрөй талашып, тогуздап байге, үйүр-үйүр жылкы байге сайылганы буга далил. Көк-бөрү оюунунун жанында хоккей, футбол деген шоона эшпей калаарын чет өлкөлүк спорт адистери өздөрү айтышып, чыныгы эр-азаматтардын оюну деп өтө жогору баалап жүргөнүнө өзүм да күбө болгом. Чынында эле учурдагы «Дүйнөлүк олимпиада оюндары», «Дүйнөлүк футбол, хоккей, баскетбол жана башка чемпионттар» дегендер аалам элдеринин этникалык өнөрүн, маданиятын ачып бералбайт экен. Айталы, 2 миллиардга жакын калкы бар Кытай менен Индиянын бир жыргаткан деле футбол командасы жок.

Кытай негизинен спорттун кайсы түрү болбосун жемин жедирбеген, атүгүл алдына эч кимди салдырбаган зор мамлекет. Ал эми доор карыткан аскер өнөрүнө басым жасап жатканынын себеби, бул оюн аркылуу өзүнүн этникалык өзгөчөлүгүн тааныткысы келип жатат. Ал эми азыркы учурда Азия континентинде эң таасирдүү болуп, Азия олимпиадасы деп аталып калган Азия оюндары 1951-жылы Индияда башталып, анда спорттун олимпиадалык эмес улуттук түрлөрү да ойнолуп, учурда кулагы кеңири жайылып келатат. Эгемен өлкө болгону Кыргызстан да 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарынан бери катышып, спорттук жүзүн, деңгээлин көрсөтүүгө, чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алды. Быйыл да 19-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтө турган 17-Азия оюндарына кызуу даярдык көрүп, катышууга ниет кылууда. Муну айткан себебим, мурда союз учурунда улуттук оюндарыбыз өгөйлөнүп, көк-бөрү, ордо оюндарын ойноого тыюу салынып, аны ойногондор «улуттчул» делип куугунтукка алыган учурлар да баштан өткөн. Эми гана мурдакы башатка кайрылып, көчмөндөрдүн духун, салтын дүйнөгө даңазалоого ыңгай келип турат. Кыргыз элинин эрендери малына тийген бөрүнү кубалап жетип, камчы менен сабап, бөрүнү талашып, тартып акыры көк-бөрү деген оюну пайда болуп, анан коңшулары: казак, өзбек, ооган, түркмөн, азербайжан, түрк өлкөлөрүнө кеңири тараган көк бөрү оюну өзүнүн өзгөчүлүгү, татаалдыгы, кызыктуулугу, элди тартуусу жагынан дүйнөлүк олимпиада оюндарынан ашса ашат, асты эч биринен төмөн эмес. Бул көчмөндөрдүн бир эле оюну…Ошол эле кыргыздардын акыл оюндары чатыраш, киште, «тогуз коргоол» оюндарын алсак шахматтан эмнеси кем? Ал түгүл шахмат да Индиянын эмес, бул дагы кыргыздын элдик оюну экенин далилдеп берген азаматтарыбыз да чыкты. Ошентип, тилегибиз кабыл болуп, жакында касиеттүү, ыйык Ысык-Көлүбүздө «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» спорттун 9 түрү боюнча (ат чабыш, көк бөрү, оодарыш, тогуз коргоол, ордо ж.б.) өтмөй болуп, учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Тарых тактыкты сүйөт, ошондуктан спорт чөйрөсүндө жүргөн журналист катары, калыс пикиримди айтып койбосом болбойт. Себеби, кийин да азыр дагы көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясы, демилгеси меники деп чыгып, талашкандар чыгаары бышык. Бул оюндарды өткөрүү идеясын мындан 5-6 жыл мурда эле коомдук ишмер, көсөм Ташкул Керексизов айтып чыкканда, коомчулук, ошол учурдагы өлкө башчысы, өкмөт маани берип, колдоого албай койгон. Көрсө алардын деңгээли жетмек тургай, кыргызга күйүп, кыргыз элдик оюндарынын маани-маңызын баалай билбеген маңкурт жетекчилер тура. Ташкул ага алысты көрү билип, акыры бул оюндарды «Түрк элдеринин оюндары» деп өткөрөлү деген аракети да учурунда колдоо тапкан эмес. Эми учур, сааты чыгып,

«Көчмөндөр оюндарынын» — Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай(СУАР), Ооганстан, Тажикстан, Монголия өлкөлөрүнүн ортосундагы көп жылдардан бери сүйлөшүлүп жүрүп, акыры бизде өтө тургандыгынын маани-маңызы тереңде. Бул, келечекте кадыр-баркы «Дүйнөлүк олимпиадага» тете, этникалык оюндардын тушоо кесүүсү болуп кала турган тарыхый окуяга күбө болгону турабыз. Бул идеянын башында Ташкул Керексизов турганын айта жүрүүбүз керек.

Эми, Кыргызстан мындан эмнени утат?! Биринчиден, дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетине «Евро-Ньюс» жана башка теле каналдар аркылуу түз алып көрсөтүлүп – Кыргызстан, кыргыз улуттук оюндары, каада-салты, маданияты менен дагы бир ирет дүйнөгө таанылат. Бери болгондо 15-20 өлкөдөн туристтер келип, бул оюндарга күбө болгону турат. Ошентип, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аркасы менен туризм, маданият, имидж жагынан да көзгө көрүнөбүз.

Экинчиден, мамлекет катары ушундай маданий-спорттук ири иш-чараларды өткөрө ала турган, социалдык-экономикалык кудуретибизди, кылым карыткан маданиятыбызды да көрсөтө алабыз. Кыскасы, анча мынча чыгым болгонубуз менен уттурбайбыз.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» туристтик фестивалын өткөрүү менен байланышкан иш-чараларга өз убагында даярдык көрүү үчүн республикалык бюджеттен 102 млн 130 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү тапшырылды.

Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары фондусунун төрагасы Аскат Акебаевдин айтымында, унутулуп бараткан көчмөндөрдүн улуттук оюндары түрк тилдүү мамлекеттердин баарысында эле бар. Бирок, алар тиешелүү деңгээлде колго алынган эмес. Ошондуктан негизги масат аларды жаңы баскычка көтөрүү менен Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын мындан ары дагы жогорулатуу болуп эсептелет. Аны өткөрүүгө мамлекеттин өзү дагы кызыкдар. Азыр анын өткөрүү орду, каражаттарды бөлүү маселелери чечилүүдө. Алдын ала эсептөөлөр көрсөткөндөй бул оюндарды өткөрүүгө 102 миллион 130 миң сомдук каражат өкмөт тарабынан бөлүнүүдө. Ансыз деле өп-чап болуп турган бюджеттен бөлүнгөн ушул каражаттын ар бир тыйыны сарамжалдуу, максаттуу пайдаланып, чиновниктердин кулкунуна кирип кетпесе деген гана тилек.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты — көчмөндөр оюндарын жайылтуу жана коңшу мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоо болуп эсептелет.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешев Кыргызстан үчүн көчмөндөр оюнун алгачкылардан болуп өткөрүү принципиалдуу түрдө маанилүү деп эсептейт.

-Эгер оюндарды Кыргызстан биринчи болуп өткөрсө, анда эрежелерди биз белгилейбиз дегенди түшүндүрөт. А адамдар көчмөндөр оюнун дайыма биздин өлкө менен байланыштырышат, — дейт Кадырбек Эргешов. Кээ бир кыйынчылыктарга карабастан уюштуруучулар алдыдагы оюндарга оптимисттик көз карашта.

-Оюндарды дал Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатышы көпчүлүгү үчүн анча жакпай жатат. Андыктан биз аларды мыкты деңгээлде өткөрүп, мындай иш-чараларды, болгондо да улуттук спорт түрлөрүн жакшы өткөрө ала тургандыгыбызды баарына көрсөтүшүбүз керек, — дейт Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекечиси Алмазбек Касенов.

-Эл аралык деңгээлдеги кандай гана иш-чара болбосун, ал эгерде Кыргызстанда өтүп жатса өлкөбүз үчүн пайда гана алып келет. Биринчиден андай иш-чаралар өлкөбүздү таанытат, экинчиден туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет. Каада – салтыбызды, үрп-адаттарыбызды кеңири таанытат. Болгону ошону рационалдуу пайдалана билишибиз керек. Айрымдар «бул иш-чарага көп акча, каражат кетет, өткөрүп эмне кереги бар эле?» деген да ойлорун кыйытып келишет. Биз бүгүнкү күн менен гана жашабашыбыз керек. Эртеңки күнгө жол чабып, камын көрүшүбүз зарыл. Ал эми ошол эртеңки жолго ушундай эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар жол чабат. Көк-бөрү мелдештерине Кыргызстандан тандалган эки команда катышып, намысты алдырбайбыз деп турушат. Учурдагы Бишкектеги «Ак кула» ат майданында өтүп жаткан салтка айланган Эгемендик майрамына карата жыл сайын болуучу Президенттин кубогуна арналган турнирге 12 команда катышып, күч сынашып жатат. Баш байге фондусу 2 млн сом болуп, биринчи орунду ээлеген командага 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Бул мелдеш бүткүл дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюндарына жигиттердин камылгасы, даярдыгы, чеберчилигин сыноосу катары өтүп жатат. Мындан сырткары 31-августта кунан, бышты чабыш, жорго салдыруу, алман байге, кыска аралыкка асыл тукум күлүктөрдү сыноо жарыштары, ат оюндары жана Көк-бөрүнүн финалды болот, -дейт Көк-бөрү жана Аргымак федерацияларынын президенти, өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев.

Албетте, убакыт чукул болуп турат. Кандай болгондо да күн-түн дебей даярдык көрүп, адистер иштеп жатышат. «Чолпон-Ата» шаардык ат майданын ушул иш-чаранын шарданы менен аны да оңдоп, түздөп алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Эмил Каптагаевдин айтымында, «Кырчын» жайлоосуна 100 боз үй тигилип, кыргыздын меймандостук, каада-салты, маданияты көрсөтүлгөнү турат. Анын 30ун көлдүк туугандар тиксе, калганын башка облустардан алынып келет дешүүдө. Демек, кирген киши чыккысыз боз үйлөрдөн алпарып тигеп, кыргыз пейилин көрсөтүүгө ар дайым дилгир экени, ушундай учурда «бир жакадан баш» бир жеңден кол чыгарып, намысты туу кылган эл экенибизди дагы бир ирет далилдөөчү кез келип турат… Балбандарыбыз, ар өнөргө маш, чебер оюнчуларыбыз даярдык көрүп, көзүнөн намыс оту жанып, талпынып турат… Күлүктөр тапталып, суутулуп, терин улам кургатып, саяпкерлер түн уйкудан калып, тулпардын көзү менен тең айланып турганы учуру. Меймандарды жайгаштырганга көлдө эс алуучу жайдан, пансионаттан көп неме жок… Алар үчүн бардык шарт түзүүгө адистер аракет кылып жатышат. Мурдакы учурдай уяла тургандай, шарты начар деп кызара турган учур алыс калып, учурда эл аралык деңгээлдеги сервис, тейлөө жагы шайма-шай эс алуу жайлары пайда болгону, биз дагы эл сыяктуу баш көтөрүп калдык. Сууга түшөм десе, Европанын, Азиянын тузу шор деңиздерине жүз эсе артык, керемет Ысык-Көл чалкып жатат… Ысык-Көлдү бир ирет көрүп, ага чөмүлгөн чет өлкөлүк жаран сөзсүз түрдө дагы бир эмес, бир нече жолу кйарылып келүүгө, досторун да ээрчитип келүүгө куштар, дилгир болуп калаары бышык. Бир сөз менен бизде туңгуч өтүп жаткан «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун» ойдогудай өткөрүп алаарыбызга ишеним күч…Ошондой эле болсун!

Макешов Кабыл, Cпорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы,
8 олимпиаданын катышуучусу,
“Кабар ордо”, 26.08.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий