Гейне жана Анатай акын

geine_anatay

Адатта эл-жер десе акындардын эбедейи эзилип турат. Алардын арыбаган мындай элчилдиги нукурабы, жасалмабы, муну бир гана маселеден – алардын бийликке жасаган мамилесинен улам билсе болот. Башка ишенимдүү ыкманы, тарыйканы, техникалык каражатты (полиграфты) тарых тапкан эмес. Дал ушул мамиле акындардын саясый ыкылас-ынтаасын, жарандык позициясын, айрыкча жеке адамдык сапат-тарын кашкайтып көрсөткөн. Буга кошо акындардын мамилесинен бийликтердин мүнөзү, бешене-бейнеси билинген.

Ушу мааниде алганда акындар ар кандай болушкан. Жакшы «бөлкөнтайдан» баш тартпагандары кемпайды деле кеменгер кылып, мисалы, жандими Неронду кудайсынтып макташкан. Башкалары болсо падышалар менен императорлорду жининдей жек көрүшкөн. Генрих Гейнени эстесек, бийлигине эсирген королдордун бирин: «Ах, когда обезьяны и все кенгуру, к христианству у нас обратятся, то наверное Людвиг Баварский у них, будет главным патроном считаться», –деп туздаган. Убарлуу элине, отон мекенине чучукка жеткидей ачуу сөздөрдү айткандар да болгон. Атактуу Жеймс Жойс өлкөсүн сынга алып, «Ирландия чочкодой өз балдарын жеп жатат» («Ирландия, как свинья, пожирает своих детей») дегенге чейин барган.

Акындар бул маселеде бизде да ар кандай. Кыргыздын соңку чейрек кылымга чукул жаңы тарыхында социалдык капсалаңдар, саясый зилзалалар болду, коом арасына аңырайып-оңурайып жик түштү. Демейде ошол эле Гейненин «жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгүн аралап өтөт» деген кебин келмеден бетер көп айткан акындар журтун бул окуялар олуттуу сыноого салды. Алар, жалпы көркөм интеллигенция өзү бөлүнүп-жарылып, ар кимиси ар кайсы өйүздө калды. Бир даары эркиндик, эгемендик, демократия темасын тереңдеп аңдай албай жатып эле даңк-дүңккө салып тарпи кылып, бат эле алардын тамтыгын чыгарып тынышты. Эски замандын «акыл-эси, абийири жана ар-намысы» аталган компартиянын ордун ырларда президенттер ээлешти, аларга атайын ода арнагандар болду. Башка бир жааты, Ницше айткандай, асмандын башын сүйлөп, бейтаасын (абстракттуу) бирдемелерди кожурап, өзүнөн башка эч кимге кереги жок ыбырсыган ички күйүт-күптүсүн деле жалпы элдик касирет-кайгыдай көрүп, калп күйпөлөктөп, эбиреп-жебиреп атышты. Аярлары арканды алыс ыргытып коюп, иштин арты эмне менен бүтөр экен деп, акылман чабактан бетер агылга жерден аңдып турушту. Жоо кеткенде алабаканын ала чуркап, артынан айгай салган баатырлары да болбой койгон жок. Жалпы эсепте алганда, акыры келип акындар журту, көңкү көркөм интеллигенция баштапкы айбарынан тайып, итейген, башынан жарыткан бир идея чыкпаган, чыкса да Михаил Булгаков айткан «идиотту» эстеткен бир тайпа-тапка айланып кетти. Атактуу жазуучу «интеллигент болуш үчүн сөзсүз эле идиот болуу шарт эмес­тигин» эскерткен. Эмнеси болсо да «акындардан акыл сураба» деген чыгыш макалын төгүнгө чыгарыш кыйла эле кыйын болуп калды.

Кокус буга чунаңдап, чычалагандар табыла турган болсо, анда мунун баарын кайра эле Гейненин кеби менен сыпаа тейге салып айталы: акындардын көбү оома келет, көз карашын жеке пайда-батасына карап, саясый кырдаалга жараша өзгөртүп турушат, андыктан аларга анчейин ишенгенге болбойт (Струэнзее. Рецензия на пьесу М. Бера).

Деген менен, кайриет, биздин акындар арасында аз болсо да ошол эле Гейнедей «күйдүм-сүйдүм серенадасына» караганда кара жанын күлдү калкка кароол кылып, анын арман-муңуна, дегеле айланкөчөк аткан жаңы заман темасына байма-бай кайрылып, ачуу сөзүн, көкүрөк көйүн угуза айтып, акыйкат деп ураан салып тургандар болду. Ошолордун бири, атүгүл алтаны деп акын Анатай Өмүркановду айтканга толук жүйө да, танык да бар.

Анатай байкенин акындык чыгармачылыгын, жеке мүнөзүн, адамдык насилин мен жакшы эле билем. Экөөбүз эски заманда партиялык гезитте, болгондо да бир бөлүмдө эчен жыл чогуу иштедик, ал кездин ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңдук. Ошондо эле туура сөзүн айтам деп саясый, атүгүл адабий туугандарына жакпай калган учурлары көп болгон.

Анатай байке агезде азыркыдай таанымал эмес эле, орто муун акындарына жаңы эле кошулуп, келечегинен үмүткөр кылган авторлордун катарында аталып жүргөн. Ошого карабай, аттуу-баштуу аксакалдардын, улуттук поэзиянын авторитеттери атангандардын «бизге сын таккандай сен ким элең» маанисинде кекээрине калбайын, тетири батасын албайын деп сестенбей, биздеги акындардын осол жерин — «кошоматка кой союп, чоңго берип колдо барын, кантип жагынарын билалбай жүргөн» көшөкөрлүгүн көзгө сая көрсөтүп, аларды «Манасы бар, а бирок жүрөгү жок, наамдары бар, а бирок ырлары жок» деп маңдайга матап атып, Гейнечесинен адабий чөйрөдөгү, азыркыча айтканда, корпоративдүү моралдык коррупциянын быкыйын чукугандан чочулаган эмес.

Андан кийин доор алмашып, «өктөбүр жүзгө чыкпай ээк какканда» эркиндик деп элдин баары элөөрүп, демократ-олуялар кыргызды кылчык жүн менен эле жыргатып, Макмалдын алтыны менен эле маарытып саларына өздөрүн да, өңгөнү да бөркүндөй ишендирип жатканда жаңы замандын баш терисин ички батыны менен байкап, анын түсү ийги эместигин туйгандардын бири да ушу Анатай акын болду. «Коконго кор болгондой кор болот эми кимге кыргыз?»-деген кооптуу апаз, түпөйүл суроо анын ошо 90-жылдын жуп башталышындагы ырларында биринчи жаңырды. Жоолугун жайып таштап кара жолго, солкулдап сооп тилеп, жарым тиштем нанга жетпей, өткөн-кеткенге жалт-жалт карап, майыптыгын бетке кармап, немис же ооган ырын ырдап отурган кайырчы, тилемчинин колунан акын жаңы келген замандын, түбү кордолуп келаткан түрү суук коомдун колун көрдү («Кайырчынын колу эмес»). Чалы майып, уулу Оогандан кайтпай калган бир кемпир автобуста алдастап белетин тапкыча ага ыштарап төлөйсүң деп ызырынып, көзүн чанагынан чыгара чакчарылган ажаан контролер аялдан акын таш боор, ырайымсыз кезеңдин ороюн байкады («Автобуста»). Эртеңки күнгө төлгө түшпөй, баары белгисиз болуп турганда: «Мүмкүн атын атап бир кез зар какшаарбыз …оо кийин, ага чейин… Оомийин», – деп эски замандын зыйнатын жасады («Коштошуу кобуру»).

Жаңы заман кайрыктары, албетте, башка акындардан деле көрүндү. Көпчүлүгү темага тийип-качып, ашып барса бир нече ыр арнап, ошо менен баарын түбүн түшүрө түгөтө айтып салгандан бетер тим болушту. Анатай акын анткен жок. Бул теманы улам өөрчүтүп-өнүктүрүп, анын ар кайсы өңүтүнө үңүлүп, улут тагдыры, ыйман, адамдык абийир, жакшылык менен жамандык, бийлик жана байлык, патриотизм, анын жармач көрүнүштөрү өңдөнгөн маселелерди коомдо жүрүп жаткан процесстердин, болуп жаткан окуялардын аңытына байлап, поэзия тилинде ар тараптан талдап-таразалап турду.

Айтор, 90-жылдардан тартып акындын көз карашында олуттуу бурулуштар башталды, анын чыгармачылыгында өзөктүү жаңы бир багыт жаралды. Буга «Күндөгү так» (1995),»Тушалган чагылган» (2005), «Жалгыздык ыры» (2010) китептерин таныкка тартсак болот. Аларда мурдагы «Мөлтүр сезим», «Чабалекей», «Алтын өзөн», «Күн жол», «Жашыл арал» өңдүү (баары жети китеп) жыйнактарга караганда коомдук маанидеги, публицистикалык мүнөздөгү курч ыргактар, ойлор астам абалга чыгып, басымдуулук кылып турат. Акындын ушул үч жыйнактагы эле коомдук-саясый тематикадагы ырларын, поэмаларын чогултса, колтойгон бир том болмок.

Ошентип, баштагы лирик акын саясый акынга, коомдук ишмерге айланды жана ушул сыпатта активдүү көрүнө баштады. Атүгүл ал өзүнүн поэтикалык «партиясын» жарыялады. Ал акча берсе митингге чыккан, ар кимди арылдап беттен алган, ОБОН болуп озондогон, же болбосо бийликти актап-жактап, ага табынган жалданмалардын партиясы эмес, тек гана эл-жерин аруу сүйгөн, анысын эч кимге колко кылбаган партия. Ушундай «партиянын мүчөсүмүн, өтөсүңбү сен менин партияма? Өтүш үчүн арыздын кереги жок, жүрөгүңдү көрсөт мага…», – деди акын («Өтөсүңбү сен менин партияма?»).

Олжас акын туура айтат. Акын, – дейт ал, –насили жагынан коомдук ишмер. Анткени ал өзү үчүн жазбайт, эл үчүн жазат. Акын – элдин авазы, анын үнү, анын өкүлү. Эл башкаргандар жаңылып-жазганда акындын айбат үнү угулуп турушу керек. Болбосо анын эмнеси акын. (Интервью Олжаса Сулейменова: На Западе поэзия – это шепот, а в СССР это было во весь голос!).

Анатай акынды да мезгил коомдук ишмер кылды. Мындай кескин бурулуштар чыгармачыл адамдардын турмушунда адатта коом аласалып, чабалактап калган шарттарда, мамлекеттик төңкөрүштөр, кысталаң кырдаал, кризистер кычаган маалда болот. Буга көптөгөн акындардын, мисалы, ошол эле Гейненин тажрыйбасы күбө. Улуу Гегелге таасирленип, айрыкча Карл Маркс менен табышып, туугандашып кеткен соң (алар чын эле апалары жагынан жек-жаат, бизче айтканда, бөлө болушкан) акын: «Тоңгоктой катып калган адилетсиздикке, тайраңдап турган түркөйлүккө жана бүткүл жамандыкка каршы согуш ачуу зарыл! Эгер ушул ыйык согушта мени күжүрмөн жолдош кылып алгыңар келсе, кубанып кол сунат элем», – деп жазган кайсы бир катында (Письмо Карлу Иммерману от 24 декабря 1822 года).

Бул жагынан биздин Анатай акынга баш тоголоткон эч ким деле болгон жок. Буту башына карап, будуң-чаң түшүп, ар ким алды алдынан тал кармап, карайлап калган кезеңде акыйкат кайда экенин ал өз керетинде баамдап билди. Башкалардан айырмаланайын, өңгө айтпаганды мен айтайын деген деле жок. Тек көпчүлүк калк кандай ахыбалга кабылса, кандай сарсанаа тартса, кантип кынжылып кысталса, ошолордун баарын көзү менен көрүп, айрыкча жетим-жесир, карыган кишилердин жанынан өтүп калса кара жаны кашайып, ичи кайнап, убайымын, кыжаалат кыжырын ырга чыгарып, аларын ачык жарыялап, муну менен жеке ызасын коомдук ызага айлантып турду. Эгер Гейне «адамды адам эзген» коомдук тарыйканы танса, биздин Анатай акын кыргыздын кылтасын кыргыз кыйган социалдык жолой-жорукту жектеди.

Иши кылып, соңку жыйырма жыл ичинде учурдун тематикасына Анатай акындай көжөлүп, көшөрө кайрылган акындар аз болду. Демейде күнүмдүк темалар бийик поэзиянын предмети боло албайт деп чилистенсинген эстеттерге каяша кылгансып, реалдуу турмуштун ташпиштерин, ошо мезгилдин оош-кыйыштарын кыя кетирбей, аларды мирисинен сирисине чейин аңгарып-аңтарып чыккандай болду. Анын ырларын окуп олтуруп, өткөөл деп аталган мезгилдин көңүл өйүткөн бир да темасы, майда болобу, чоң болобу, эчтемеси акындын көз жаздымында калбагандай таасир аласың. Автордун ырлары кыргыздын соңку жаңы тарыхын изилдегиси келгендерге социологиялык, политологиялык, психологиялык мааниде даяр материал сыяктанат, алардын баарын чекенелеп айтып чыкканга мүмкүнчүлүк жок, айрым урунттуу дегендерин гана дүңүнөн эске салып өткөнгө туура келет.

Баарыдан мурда моралдык керагарчылык (деградация) процесси Анатай акында башкы темалардын бири болду. Буга жетиштүү жүйөө да, себеп да бар эле, анткени бурулуш доор коомдук системаны эле эмес, элди да бузат. Ал кыргызды деле бир топ бузду: байлык, бийлик талашып, кырдыбычак болмой адатка айланды; кыргызды кыргыз эле таламандын тал түшүндө ит аткандай тырайта атып кеткен канды моюн салт жаралды; темир-тезек сатып байыш үчүн эстеликтерди бузган, мүрзөлөрдү карактаган көркоолор табылды; никесиз төрөп алып, кызыл эт ымыркайын таштандыга ыргытып салган ырайымсыз туубийкелер көбөйдү, кара курсагы, атүгүл туулган күнүндө тайраңдап алыш үчүн эле карачечекей баласын буюмдан бетер пулдай койгон боору таш келин-кесектер чыкты. «Эмчегинде энеңдин акча бар десе ойлонбой кесип кете тургандар, атаңдын көзү алтындан десе чукуп кетчүлөр», зөөкүр, бака баштуу ургандар көчөгө батпай, «билимиң өссүн дебестен, бизнесиң өссүн» деген кеп замандын батасындай угулуп калды. Ушундай көрүнүштөрдүн баары акынды:

Эмне деген эл элек, айланайын,
Эмне деген эл болдук, эмне деген? – дедиртип («Жалгыздык ыры» жыйнагынан) каңырыгын түтөттү. «Бул эмне? Эркиндикпи жеткен зорго же жаңы заман шарданыбы? Жыргалга барчу жолбу? Же болбосо жакындап кыяматтын калганыбы?!» – дегизип сестендирди. Нарк-насилдин бузулушунан, улуттун жолоюнда жок жосун-жоруктардын пайда болушунан акын «калк айткан акыр замандын караанын» көрүп, «же мурун, же кийин төрөлүп калбаганга» арман кылды. «Ыйман-ызат унут калып, тазадан асманда учкан булут калып», акын «мындан башка, мындан таза заман издеп, көз көрбөгөн алыс жакка» безип кеткиси келди.
Элдин аң-сезими өспөй, керагар тартып кеткени акынды андан бетер кейишке салды. «Өркөнү өсүп бара жаткан элдерден, айланайын атпай журтум эмнең кем? Же силерге берди беле жартылап, жаратылыш башкаларга бергенден?» – деп кабыргасы кайышты.»Оо, кыргыз, акыл-эсиң барда элсиң, жок болсо керегиң бар сенин кимге?! Эсиңе кел, акыл кош акылыңа, болбосо эл санынан чыккан эл көп, сен да ошондой болуп калба, катыгүн,сен да ошондой болуп калба!» – деп безеленди. Мындай өткөөл кезеңде, Гейне айткандай, «акылсыздык кеңири таралат, аны түшүнүү үчүн андан да өткөн акылсыздык керек болуп калат». Анатай акында бу көрүнүш» акыл айтсаң айтканыңа жини келген келесоону карап туруу кандай азап» делинет («Ит багып алган кыргызга»).

Анатай акын арамза патриотизмди да тике бутага алды, анын ар түрдүү таз кейпин тастайта ачып көрсөттү. Анын бир кешпири мындай чыкты: «Эл алдында бөлүнбөгүн, бирик дейт, там айланып жети атаңды иликтейт, кайнаса да кошулбайт деп каныбыз, оңду солго каршы бүлөп үгүттөйт».

Арамза патриоттун экинчи кешпири: «мурдун балта кеспеген, эл деп белин чечпеген, кыйрап эли калса да кызматынан кетпеген». Акындын баамында, «эгер элдин тийип убал-каргышы, өлө турган болсо өлүп калчудай «элим» дешип отургандын жартысы».

(Уландысы бар)

Эсенбай НУРУШЕВ, “Кыргыз туусу”, 26.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий