Кемел АШЫРАЛИЕВ: «Кыргыздын бийиктиги – тоолору менен жылкыларында»

ashyraliev

Кемел Ашыралиев кезинде мамлекеттик жетекчи кызматтарда көп жүрсө да, улуттук каада-салтты, мунун ичинен ат оюндарын аздектеген, өзгөчө саяпкерлик боюнча кеңири түшүнүгү, тажрыйбасы бар адам. Андыктан Кыргызстанда Көчмөндөрдүн оюндары өткөрүлөр алдында бул «сакадай бою сары алтын» кишини кепке тартып, улуттук маданият, оюндар, алардын маани-сыры тууралуу маектештик.

– Кемел Жакешевич, Сизди кыргыз эли улуттук наркты, каада-салтты мыкты билген адам катары жакшы билет. Дагы бир өзгөчөлүгүңүз – жайы-кышы дебей сөөк какшаткан муздак сууга түшүп жүрөсүз. Ушулар азыркы кыргызга канчалык пайдалуу, алардын табышмагы эмнеде?

– Биздин ата-бабалар табийгат менен таттуу жашап келишкен. Кыш, жаз, жай, күз деп мал үчүн эле бөлбөсө, жайында ысып кеттик, кышында үшүп кеттик, гайморит болдук дечү эмес. Ар бир мезгилге жараша керек нерселерди жасачу. Кыш чилдеде да сөзсүз муздак булактын жанында же чөөгүнгө суу куюп алып даарат алчу. Илгери канчалык суукка байымдуу болсо, ошончолук ден соолук жакшы болчу да, майда-чүйдө ооруларга кабылчу эмес. Анткени биздин табийгат, таза аба, муздак суу, чөптөрдүн баары дары. Улуу тоолордо, ээн жерде жүргөн малдын эти бүт дары, өсүмдүктүн баары дары, карагатын, ышкынын, согонун жесең да дары.

Мен 1941-жылы туулуп, согуш убагында чоңоюп калдым. Атам согушка кетип, апам мени төрөгөндөн 2 күндөн кийин өлүп калыптыр. Чоң энем 17ни төрөсө, 16сы өлүп, атам жалгыз калган экен. Мени 66 жаштагы чоң энем баккан. Өкүрүп-бакырып ыйлай бергенде, а киши: “Берерге эч нерсем болбосо, атасы согушка кетти, энеси өлүп калды, ушул бала кыйналбай эле өлүп калса болот эле”, – деп кейичү экен. Анткени – ачкачылык. Чий көпкөк болгондо, чийдин бакалы деп коёт, ортосундагы өзөгүн сууруп алса, түбүндө 10 сантиметрдей апаппак болгон сүтүн сорчубуз. Текейлердин – кой текей, жылкы текей, уй текей дегендердин үч түрүн тең жечүбүз, сазда “бий эмчек” деп койчубуз, уйдун эмчегиндей болуп чыгат, ошону шиш менен казып алып жечүбүз. Мандалак, кемирчек дегенди айранга, кымызга, каймакка аралаштырып жечүбүз. Козу кулак, жөргөмүш, чап мияз, Эшимкандын ак мияз, соорусун, тоо теке дегендар бар эле. Кыргыздар ушундай витаминдерди жечү. Биз ушинтип чоңойдук, баатыр. Азыркы биологиялык активдүү кошулмалары жок эле Манас, Эр Табылды, Эр Төштүк, Курманбек, Тайлак деген баатырлар күчтү дал ушул экологиялык таза тамактардан, өсүмдүктөрдөн алып, баатыр болушкан да.

Эмне үчүн ден соолугубуз жакшы, эч жерибиз оорубайт. Жашыбыздан сергек өстүк. Азыр деле кийимди элден уялгандан кием. “Ашыралиев 80 жашка кеткенине карабай кыштын күнү деле жылаңбаш, көйнөкчөн жүрөт, бул эмнеси, акмак неме го?” – деген сөздөн уяласың. Болбосо, жайы-кышы менен майке, дамбал дегенди кийбейм, жалаң кат гана жүрөм. Аны Нарында да кийген эмесмин, кийсем жүдөп кетем. Менде суук тийүү, жөтөлүп калуу, грипп болуп калуу деген жок. Жайы-кышы менен муздак сууга түшөм. Суу канчалык муздак болсо, ошончолук адамга пайдалуу болот. Кээ бирөө “башты жуубаш керек, суук тиет”, – дейт. Бул туура эмес. Сибирде деле орустар жылаңбаш жүрүшпөйбү. Тиги бомждорго деле суук башынан тийген жок, аларга бутунан же мас болуп алып муздак жерге жатып калып, организм алсырагандан суук тийип, өлүп атышат. Башка суук тийгени – чүмкөнүп жүрүп, тердеп, анда-санда тумагын чече коюп, ысыгы суук болуп, бузулуп калганда башына суук тийип атканы ошондон. Колдон келсе башты муздак сууга аябай жууш керек. Ошондо кан басым оорусу деген болбойт.

Муздак суу – бекер дары, андан качпай, колдон келсе күнүнө эки ирет түшүш керек. Эртең менен – бир, жатарда – бир түшүп, бүт денени жууш керек. Кээ бирлер бутун жууп коюп, кыйын болушат. А башы калып калып жатат. Мен Соң-Көлгө да түшөмүн. Маселен, кыштын күнү Долондун түбүндөгү Кичи-Кара-Кужурдун суусуна 31-декабрда деле жарым саат-бир саат түшө берем. А тиги арак ичип олтургандар үшүп калат. Кокустан бир эле ай түшпөй калсаң организм бузулушу мүмкүн. Буга да эрдик, эрк керек. Азыркы адамдар ооруп калышы ыктымал. Андыктан сууга акырындык менен көнөт. Алгач, тизеге, анан бел кырчоого чейин, анан башты салып, жок дегенде, 3-4 ай көндүрүш керек. Муздак суудан чыкканда, жөн эле кетип калган болбойт, денени укалап, физзарядка  жасагыла.

– Азыр өзүңүздүн кан басымыңыз кандай, жүрөгүңүздүн иштешичи?

– Кан басым көтөрүлөт деген эмне экендигин билбейм. Жүрөк чоң кызматта жүргөндө ооручу. Бул эми “высотная болезнь” дегендей, чоңдордун оорусу. Кызматтан чоңоюшканда тез эле жети айлык боюнда бар аялдай болуп калышат, курсагына май байлап, желкелери чүйлүү болуп. Азыркы чоңдордун, министрлердин көбү оорулуу. Акча жегенден кийин эле док­турлар “мунун ден соолугу начар болуп кетиптир” деп четинен чыгарып жатышат. Мына «Кыргызалтындын» жетекчиси Жапаров деген жигитти «жүрөгү жарабай калыптыр» деп айтып жатышат. Мен кызматтан көтөр деп бир кишиге бир тыйын берген эмесмин, бир тыйын алган эмесмин. Алган кишилерди да аябай жаман көрөм. Ой, эл катары жашабайлыбы! Колунда бар чоң байлар көп жашайт деп уктуң беле? Жок, тескерисинче, азыр эмгек кылган, мал багып, суу сугарган, талаачылыкта иштеген карапайым адамдар көп жашайт. Анткени алар таза иштеп, тынч укташат.

– Кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү, мыктылыгы эмнесинде деп билесиз?

– Кыргызды бийик кылган тоолору менен жылкылары. Эмне үчүн бизди көчмөн эл дешет? Эгерде жылкы болбосо, Алтайдан эшек менен көчмөк белек. Мисалы, Аккуласыз – Манасты, Айсараласыз – Алмамбетти, Чалкуйруксуз – Эр Төштүктү, Телторусуз – Курманбекти элестете албайбыз да. Жылкы кыргыздын маңдайына бүткөн бактысы. «Ат – адамдын канаты», дегендей, жылкы – минсең ат. Эгерде жылкыга жакшы мамиле кылсаң, эр жигитке жараша мингичи болот. Атыңа ишенсең, жетпей турган жер болгон эмес. Жылкы – жесең эт. Жылкынын этиндей дары жок. Жылкы саасаң – сүт.

Ал эми тоолор – мөңгү, таза суу, мөлтүр булак, таза аба. Суу болсо, аба болсо, андан өткөн байлык барбы! Суу жашоонун негизи да. Эс алам десе кыргыз сөзсүз тоо таянат, себеби ал жакка бизди ата-бабанын руху чакырып турат. Ошентип, тоо таянып жүрүп, тоолук кыргыз болуп калганбыз да. Анан ошондон барып көчмөндөрдүн оюну чыккан. Япондордун сумосун көрөбүз деп, туристтер ошого кызыгышат. Японияда оюндардын бирине да мынчалык байге коюшпайт. Испандарда корридага кызыгышат, ошого кандары кызыйт. Биз болсо көкбөрүгө жантыгыбыздан жата калабыз.

Кыргыздын улуттук тамактары: жармасы, жакшы салган бозосу, жакшы уюган айраны, курут, уй кымыз, бээ кымыз, накай эт – эмне деген таза тамактар! Илгери буудай кууруп жечү. Жанагы балбанды күрөшкө сала турган болгондо, 5-6 күнү сары майга буудай кууруп берчү экен. Анан алар «урунарга тоо, урушарга жоо таппай», тиштерин кычыратып калчу дейт. Ичкен-жегени күчтүү, таза тамак да. Ошондон азыр калып атпайбызбы. Азыркы курутту карачы, тарткан сүттөн жасап туруп, жөн эле туз салып коёт, аны жеген балдар кантип оорубасын. Жебе десең болбойт. А ата-бабалар табигый тамактарды ичип, табийгат менен жанаша жашап, арасынан акылман, чоң таланттар, манасчылар, акындар, баатырлар чыккан. Анткени алардын ою таза, денеси да таза болгон. Мына ушуга аракет жасашыбыз керек.

– Жакында Чолпон-Атада Көчмөндөрдүн оюну өткөрүлгөнү жатат. Ушул демилгеге кандай баа берүүдөсүз, мунун Кыргызстанга канчалык пайдасы бар?

– Бул абдан туура аракет. Бирок бул жалпы түрк тектүү элдердин гана оюндары, анткени түрктөрдү, өзбектерди, азербайжандарды көчмөн эл деп айтышка болбойт. Эгер оюндар жакшы өтсө Кыргызстанга пайда. Бул тууралуу фильм тартылат, дүйнөгө, элге-журтка дайын болот. Аны уюштургандар улуттук оюндарды билгендердин, чоң-чоң саяпкерлердин кеп-кеңешин сурап коюшса дурус болмок. Маселен, атты 22 чакырымга, жоргону 11 чакырымга чабабыз дешиптир. Эми 22 чакырым деген азыраак да, жок дегенде 25ке чыгарса. Жорголорду 12-13 чакырымга коё берсек туура болмок. Ошондо тулпардын тулпары, жоргонун жоргосу чыгып келет. Эл канагат алат. Казактар 6 чакырымга чабат экен деген туура эмес, алар мага десе 1 чакырымга чапсын. Алардын шарты башка, Кыргызстандын артыкчылыгы башка. Мисалы, бизде аламан байге узакка чабылат. Мен Америкада, Англияда, Францияда, Түркияда атты кандай чабат, баарын беш колумдай билем. Мунун эми стартын, мараны жакшылап уюштуруп, баарын видеого тартып, аттардын чуркашына көз салып туруу керек.

– Чолпон-Атадагы ат майдан кандай даярдалып жатыптыр. Деги ат чапканга ылайыктуубу?

– Ат майданда азыр күнү-түнү иш жүрүп жатканын көрдүм. Анын ат жүрчү жолун жакшылап топо менен таптап, кум, таарынды салып, өзүнчө тартиби менен жасалууга тийиш. Жолчону өтө чыла кылбай, аттын туягынан ыргыган даңканы кийинки аттын же чабармандын көзү, мурдуна кирбегендей, оптималдуу нымдуулук керек. Бул жөнүндө өзүнчө китеп жазса болот. Саяпкери катуу таптаган укмуштай күлүк да үч нерсеге караштуу – тукумуна, дараметине, сөөгүнө. Өпкө, жүрөгүнүн чоңдугуна, таноосунун, тамырларынын кеңдигине, бутунун тарамыштарына, туягына жараша, ал турсун көөдөнү, соорусу, бели – баары айкалышып турбаса, күлүктүн жарышта чыгып келүүсү күмөн. Мындан башка, саяпкерге, чапкан балага, жолго жараша болот. Эгерде күлүктү чапкан бала адегенде күлүктү коё бербей, чабылган он күлүктүн арасында жүрүп калса, алдыңкылардан чыккан чаң өпкөсүнө чапталып, деми жетишпей калып, күлүктүн убалына калышат. Айрымдары адегенде эле үзө чаап салып, аттын шайын кетирип алат да, тиги күчүн сактап, бир калыпта жүргөндөр алга чыгып кетет.

Жорго салыш боюнча. Илгери эч качан жаш балдар жорго салдырчу эмес. Жоргону элүү жаштан ашкан, салабаттуу адамдар тонун бөктөрүп алып салышчу. «Баланчанын баланча жоргосу чыгып келди» деп атак-даңк алышчу. Азыр эмне үчүн депутат, министрлер, акимдер, губернаторлор жорго салдырышпайт? А эмне үчүн Түркмөнстандын Президенти ат чаап жатат? Бул элге жакын болуунун жакшы жолу да. Бизде да жылына эгемендүүлүк майрамында бүт аксакалдарды, бийликтегилерди жорго салдыртыш керек. Эмне үчүн Премьер-министр жорго салдырбайт? Эмнеге Ф.Кулов жорго салдырбайт? Сүйлөсө кыйын сүйлөйт. Эмне үчүн мэр Кулматов жорго салдырбайт? Ошентип ата-бабанын салтын жандандырыш керек. Ушуну, куру дегенде, жылына бир жолу жасабайлыбы!

(Уландысы бар)

Азимжан ИБРАИМОВ, «Кыргыз Туусу», 26.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий