Сүйөркул Тургунбаев

Сүйөркул Тургунбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда туулган.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнак-тарынын, адабий сын макалалардын автору, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырлары, моңгол эл-дик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.

1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедиядан алынды

 

Ырлар

КҮНДҮН КӨЗҮ

1
Күн жөнүндө жазылууга тийиш бир
Бүтпөс казал–узун ыр.
Күн көзүндөй түбөлүктүү,
Күн көзүндөй ыйык ыр.

Бир учугун ошол ырдын
Чубаймын мен салып үн,
Күн илеби демөөр болсун,
Күндөй болуп эрийин.

2
Кылкылдап мачталары тумандуу
деңиз мекенин аралап
алыскы сапардан келаткан чаалыгып
кемедей дүпүйүп карааны
зор калаа калкып чыгат
кара түн кучагынан
боюн жазып, түйшөлүп, сергилденип,
түбөлүк жаш табият

 

ЭНЕ КУБАНЫЧЫ

Жан эне чүрпөсүнө ичи эзилип,
бойтойгон турпатына көңүлү эрип,
бооруна кысып, кайра көкөлөтүп
жобурап, мээрин төгө эркелетип.

Өзүнчө жатат сүйлөп миң жалбара.
“Эгерде туубай калсам сендей бала
чатакты баштамакмын бардык жанга–
бармакмын табыптарга, доктурларга
канткенде табамын деп мындай бала.

Төрт бурчун төгөрөктүн түгөй кезип,
жүрмөкмүн каңгып бардык базарларда,
жолугуп түш жоруган кыйындарга–
төлгөчү, карта ачкан цыгандарга.

Таң, кечке эбиретип кыйнамакмын
“Айткын”,–деп тыйын берип, арбын-арбын,
зарылып, тынчын алып далайлардын…
Эгерде туубай калсам сендей бала
түйшүккө салмакмын мен дүйнө жармын”.

 

ЖАҢЫ КҮН

Аскалар мисирейип муздап, какшап
куурултуп, муунума суугун уруп,
чилде кыз чымчып ойноп бети-колду
чыңкылдап, сезимимди чыйрыктырып.

Тоолор бүт кар жамынып, күңүрттөнүп
бир сырдуу түтөп турган булут үйлөп,
улуу күн жылмайганда бийик кырдан
бардыгы жарк дей түштү айбат күтүп,
алптардай эпостордон карап турган.

Капыстан чочугандай аян берип,
дүңгүрөп силкиништи коо жаңыртып–
кайдадыр кагын жүрдү каңгыр-куңгур,
кайдадыр добуш кетти жаңырыктап,
белгисиз жат күүлөрдүн шоокуму уруп
көзүмдө элес-булас көрүнүштөр,
кандайдыр карайкылар кайып өттү…

Генийдин коркунучтуу түштөрүндөй
Заматта бул окуя болуп өттү.

Андан соң түк эчтеме билбегендей
бардыгы жуушап калды момурайып,
кайрадан тыптынч турмуш өкүм сүрдү
жүрөккө жаңы күндүн жыты кирди.

 

ЖАН “БОЛЕРО”,  ЖАЛЖАЛЫМ

Кудуреттүү сенин чалган улуу күүң
Кулагымда жаңырыктап күнү-түн,
Миң бир тилде, миң бир үндө сыбызгып,
Чубагансыйт бүтпөс чуусун тирликтин.

Ыргагыңа, эрип, көшүп, термелдим
Музыкалар садагасы, жан перим,
Айгеримим арзып күткөн ак мөөрүм,
Жер, асмандын ортосунда үлбүрөп
Кай жол беттеп, не максатты көздөдүң?

Дир-дир бийлеп арасында нурлардын
шыңгырадың, дирхем болуп ырдадың,
сан сулуунун саадасы да, саадаты
санаа кушу сага түштү бүт жандын.

Көңүл рухум көкөлотүп көктөмдөй,
алып кеттиң бийигине дүйнөнүн,
жетегинде желек болуп желбиреп
жети катар көк үстүндө күүлондүм.

Бул өтмүштүн чөлдөрүндө мөгдөп миң
Сан кылымдын этек-жеңин сермедиң,
тирлик жүгүн желе кылып жетелеп
жер-жеберге жетчү көчтөй термедиң.

Жан Болеро, жаз Болеро жамалым
Жаңырыгың ээрчип кетип барамын,
Сабак кылып айтып бердиң мага сен
байыркыдан берки жазмыш баянын.

Канатыңда кайкып учуп шердендим
бүт турпатым албырып от койгондой,
бул жанымды шумкар сездим азга мен
Хан-теңирдин кыл учуна конгондой.

 

ТАТТУУ КЫЗЫ БИР ЭЛДИН
Таттыбүбү Турсунбаеванын эстелигине

Эл ичинде козголгондон ариет
сен жөнүндө андай деп да, мындай деп
айтылды окшойт ачуу, таттуу далай кеп.
Айтканда не — айнек көзүң өткөн соң
арман каткан узун сөздү эбиреп
аныбыздан алмакпыз не каниет.

Таттуу кызы болсунчу деп элинин
Таттыбүбү атың койгон ата-энең
таттуу болуп өстүң (мүмкүн, бу да айып)
бу тирликтин катаалдыгын билбеген.

Сырын сыртка чыгарбаган атпай журт
«Кош!» дей албай шашып калды апкаарып,
көзгө тартып көрк-келбетиң айпери,
жибек мүнөз пейилиңди ак жарык.

Мөөрдү ойносоң — эл ынанып Мөөр деген,
чынында да сен Ак Мөөрдөн кем белең?
Чырай менен, өзүңдөгү мээр менен
биздер үчүн биздин күндүн Мөөрү элең.

Өзүң түзгөн элестерде бүрдөгөн
сенин дүйнөң эмгегиң сиңген эл менен
Ала-Тоонун тоо, суулары, токою
шыбыр кылып айтып турар жел менен.

Шыңгыр үнүң жүрөк черткен лирадай
акын жазган терең ырдай сырга бай.
Ажыраган айнектей бир кызынан
эл сезимин ким туралмак ырдабай.

Айчачыбы, Күнчачыбы — кайсы гүл
таңдын үрүл-бүрүлүндө гүлдөгөн?
Азга туруп, анан өзүн таптырбай
ал жашынмак ойнойт экен күн менен.

Сен ошол гүл, гүл да эмес нур элең,
нур болбосоң — жанга айткысыз сыр элең,
дагы арылап салыштыруу издеген
акын сенин жарыгыңды бир гана
теңээр, мүмкүн, жан жашарткан ыр менен.

«Чулп» деп акак түпсүз көлгө чөккөндөй
жазмыш сага артык өмүр эп көрбөй
биздин жээкке азга келген ак куудай,
биздин бакка бир күн конгон кептердей..

Же табият сага каарын чачтыбы?
Же тирилик кирдеттиби бир күнүң?
Карлыгачтай канатыңы бир сермеп
Кайтпас закым караңгыга сүңгүдүң…

Кайсы таң бул?
Кайсыл үрүл, кай бүрүл?

Жылт деп өткөн,
Үлп деп өчкөн бир өмүр?

Кыйры кырдуу кыргыз элдей кыртыштан
качан эми гүлдөөр экен сендей гүл.

 

КАЛПАКЧАН ЖИГИТКЕ

Сен, калпакчан!
карсылдап эл алдында сүйлөп жатсаң
ар сөзүң ооздон чыккан
сөз болсун калпагыңа куп жарашкан,
жалыны, оту болсун
жаркытып көңүлдөргө чырак жаккан.

Сен, калпакчан!
кыз жандап келе жатсаң
алдыңдан бирөө чыкса
кыл чайнаган,
кыңк этпей
кынга кирип,
кыйгач бассаң,
калпагың түшүп баштан
кызыңды таштай качсаң —
кийбей кал сен калпакты —
айлангын сен калпактан!

Эй, калпакчан!
Сен боз атчан
калдайып калың топто келе жатсаң
кара ылаачын деми урсун карааныңан,
канат байлап,
шам жанып кабагыңан
канжыгалуу кайып чык
таймаштардан.

Эй, калпакчан!
Насип буйруп алыскы кыйырлардан
Кокус бир
дүйнө кезип жолго чыксаң —
аралап аянттарды эл жайнаган
Римде,
Токиодо,
же Лондондо
Кайкайып
калпак кийип келе жатсаң —
түрүңдөн
уруп турсун тоонун сүрү,
сөзүңдөн
келип турсун тоонун деми,
көзүңдө
жансын тоонун касиети.

Калпагыңды аздекте
кадырын билип,
Кайда болсун кийбе аны аваз көрүп,
сен башыңа
жөн гана кийим кийбей
билгин дайым
жүргөнүң тоо көтөрүп.

Калпак кийип баратсаң
сен зыңкыйып
канааттансын
көргөндүн көзү курчуп,
тоо айбарын сактаган
баш кийимиңден
турсун тунук
кармалбас нурлар учуп.

Элдин шондо урунуп
назарына
ал кийимдин арзыйсың
нак баасына —
жарашасың куп гана
сен калпакка
жарашат саа
куп гана калпагың да.

 

ТУРМУШ

Турмуш куу, турмуш кашка
кечээги бүгүн башка,
чаркына түшүп кайра
чамаң жок чаркталбаска.

Бу тирлик будоосунан
буура сан, бука моюн
буулугуп кетет алы,
шалдаят шаанын шаасы,
алсырайт алптын алпы.

Жүгү анын миң-миң гирдей
Үйүлөт жалгыз башка,
менсинген эрдин эрин
мертинтип жыгат ташка.

Көөнөртөт көөнөрбөстү,
маң кылат акылманды,
чарчатат атан төөнү,
кар кылат лөктү, нарды.

Ийилтет ийилбести,
бүгүлтөт бүгүлбөстү,
демдүүнүн десин алып
ноютат ноюбасты.

Жетсе эгер күнү, сааты
бурчамга келбейт жандар
буркулдак бейсалакы,
тиранды тырпыратат
тыйынча калбайт баркы.

Дүйнөң бул — бир карасаң
көрүнгөн андан-мындан
кайыптан бүткөн тайган,
жетпессиң миң куугандан,
кайрылып бир карасаң
кажырлуу каптагайдай
атанды буйлалаган,
кайра да бир карасаң
ал ыкчам, сенден сыйкы,
азгырык бүткүл нурку,
таймаштан бүткөн тулку:
дөөлөрү дөөлөр менен
шаалары шаалар менен,
элдери элдер менен,
адамы адам менен,
шамалы шамал менен,
деңизи жээги менен,
ысыгы суугу менен,
жырткычы жырткыч менен
кармашып келген, келет
түбүнө жетпейт ченем.
Суу кылып сулууларды,
ууктуруп улууларды,
жайратып жакшыларды,
жалмантып жамандарды
карабай алды-артына
калдастап кете берген
эгеңиз турмуш деген
наркы ушул жер бүткөндөн.

Соц тармактар:

Сүйөркул Тургунбаев: 1 комментарий

Добавить комментарий