Дайырбек Стантегин

Дайырбек Стантегин жана анын чыгармачылыгы туралуу

1951-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында төрөлгөн.

КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Көп жылдар бою райондук «Демилге» гезитинде иштеген. «Дайырбектин дайры күү» аттуу ырлар жыйнагынын автору.

 

Ырлар

БУК

Күүсү менен дүмүрөңдөп арактын,
Күндүн көзүн кыялымда жара аттым.
Көңкү журтту жалт эткизип караттым,
Көңүл бугун дал ошентип тараттым.

 

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛ

Жеткире албай жатканымды сөз менен,
Жеңил гана ымдап койду көз менен.

Баштап кирсем бардык болгон быкыйын,
Башын чайкап, чукуп койду чыкыйын.

Тирүүлүктүн бүтпөйт, – десем, – ыр-чыры,
Тилин сунуп, эки бетин чымчыды.

Ушул окшойт биз бүтпөгөн үйрөнүп,
Улуу тилдин жалпылыгы дүйнөлүк.

 

БАЙПАК САТКАН КЫЗ

Эне сүтү кетелек ууртунан,
Эмчектери тирсийип чыгалек кыз.
Карт сымак аялга окшоп,
Мисирейип турганы ак мөлтүр туз.
Чачында бантиги жок.
Эртелеп үйрөнгөн да жарыбагыр,
Эриндери кыпкызыл чок.
Кылыктанып көздөрүн сүзүп коет.
А бирок муздак, муздак каректери
Балалык баеолук жок.
Бала эмес, балээ дейсиң!
Сезбейт аны, секин гана
Келген менен кеткенди байкап турат.
Бир колунда аял дамбал,
Бир колунда байпак турат.
Мисирейип.
Мис жүзүнө жарашкан алма башын
Миң ирет чайкап турат.

Сексейген секелек кыз,
Эне сүтү оозунан кетелек кыз
Алыстан көпөлөктөй,
Алдына келе калсаң
Сүзөөнөк кунаажындай
Сүзүлтөт далдал көзүн.
«Атаңгөрү! Замандын запкысы да.
Акчага айландырган жалжал көзүн»
Дейсиң да… Деп нетесиң?
Үйүндө кызыңды эстеп,
Үшкүрүп селт этесиң.

 

СЫРДАШУУ

Билесинби, калемсабым, чабалбыз.
Мезгил озуп, а биз артта барабыз.
Суусаганда “суусундук” деп ыр жазып,
Жанга окутпай бекем катып алабыз.

Бирөө айтат — таланты бар акын деп,
Бирөө айтат — учар кезиң азыр деп.
А мен болбойм, аты улуу акынга
Арзуу кыйын, теңебечи жакын деп.

Сезим желеп, калемсабым жетелеп,
— Камчылан дейт, — дүбүрт узап  кете элек.
Мара алыс, а мен кашаң, жете албай
Ара жолдо турган кезип «өхөлөп».

 

АСТЫНДА ЖАНА ҮСТҮНДӨ

Күлкүсүнө дүрмөт болуп достун да,
Күлкүсүнө дүрмөт болуп кастын да.
Алаңдатып жалаңдаган көздөрдү,
Жатат байлык жампа боктун астында.

Аныкталбай экендиги күч кимде,
Ал да түшүп, бул да түшүп мүшкүлгө.
Жүрөгүндө бүдүрдөй жок карасы,
Жүрөт чындык ошол боктун үстүндө.

 

УЯТ

Бар болсо сураганга бербесе уят,
Ар болсо асылганга өлбөсө уят.
Азык шол: арам дейби, адал дейби,
Ач туруп бок жегендин эмнеси уят?!

Көз туруп айрып жолун көрбөсө уят,
Сөз туруп кайрып жообун бербесе уят.
Дайын го дыр жылаңач турганың,
Дамбалдын жыртыгынын эмнеси уят?!

Аялга уят ычкыр бек болбосо,
Ал да уят айткан сөзүң эп болбосо.
Өрттөнүп күл болгонуң кимге таңсык,
Өзүндө жараткандын бет болбосо.

 

КОШ, НУРТЕГИМ

Ансыз деле ак чачым куудай болду,
Көкүрөктө көз жашым суудай толду.
Жаратканга жазганым жок эле анча,
Жайрап калдың ботоюм Кудай колдуу.

Башкарган соң кудурет текши кулун,
Жаңыртмагы ак жаңынын эски муунун.
Тизмесинде Кудайдын мен болчумун,
Сен атаңдын ордуна кеттиң уулум.

Эсил кайран, көрөйүн, эми кайдан,
Эми кайдан көрөйүн, эсил кайран.
Көкүрөгүм өрттөнөт, көкүрөгүм,
Көктөм уулум, кылдың го эсимди айран.

Тойгон экен кара жер башка качан?!
Өктөө кылып кейиптир жашка качан?!
Күйүтүңдү көтөрөт ак чач энең,
Күйүтүңдү көтөрөт как баш атаң.

Кош, Нуртегим, болорсуң кусам менин.
Сызаар жаның, коштолуп учаар демиң.
Чымчыгында кетти эле бир бооруң шол,
Чыр-чыр этип жолугар Нышантегим!

Кош, кантейин, Кудайдын кулу экенсиң!
Кош, кантейин, атаңдын муңу экенсиң!
Бүгүн гана ишендим бул жалганга,
Чын экенсиң оо дүйнө, чын экенсиң!

 

ТҮШТӨ КӨРГӨН ТҮШ

Түшүмдө да түш көрүп жаткан экем:
Түн түрүлүп, таң жаңы аткан экен.
Чыга калсам эшикке Кудай турат,
Кудай туруп келиптир кудай сурап.

Аялымды чакырсам аң-таң болуп,
Ошол замат кубулду шайтан болуп.
Эсте калды жүргөндөй жаттап эчен,
Түшүмдө да түш көрүп жаткан экем.

 

ЖАН ЭКЕНМИН ЖҮЗ БАШТУУ

Дүйнө ордунда түгөл бойдон бүт жакшы,
Дүмүр оңдойм максатым көп ишке ашчу.
Отко күйбөс, сууга чөкпөс насили,
Ойлоп көрсөм жан экенмин жүз баштуу.

Жалгаганча ай тогошуп күн башын,
Аңдаганча кими досун, ким касын.
Топ-топ этип ар бир аткан таңымда,
Тоголонуп ыргып түштү бир башым.

Өмүрүмдө өктөөсү көп чекилик,
Көпкөнүм чын, дал ошончо эсирип,
Кайда, качан? – жанымда жок бирөө да,
Калгандыгы канча башым кесилип.

Өмүр өктөм өттү, кыш, жай, жазды алды,
Өйдөсү ылдый, ылдыйы өйдө баштанды.
Азыр жалгыз моюнумда илинип,
Арсалаңдап агала чач баш калды.

 

ЖҮЙӨ

Канчага жаза болуп, жапа болуп,
Карасаң өткөн чактар ката толук.
Эмнесин таңсык кылдык бул дүйнөнүн,
Экөөбүз эне болуп, ата болуп.

Миңдердин тагдырлары көйдө тунат,
Миң-миңдер миң-миң жерде бөйдө куурап.
Чын сурак турса дагы моюнунда,
Чыңгыз хан миң бакшыдан өйдө турат.

Билинбей өтөт күндөр берекесиз,
Бир итке тийди бекен көлөкөбүз.
Жыгылып, туруп жүрүп бул дүйнөнүн,
Жыртыгын бүтөдүкпү сен экөөбүз.

«Ок чындык жаралганың топурактан», –
Озондоп ырдап турат сокур атчан.
«Киши эмес, кан ичкич» – деп кайтала миң,
Алар не бийиксинет Сократтан?!

 

СЕН БАР ҮЧҮН

Көрүнгөндүн өтүп турган сук-сугу,
Супсулуусуң, супсулуусуң, супсулуу,
Сезим деген көлөм, ченем болсо эгер,
Сенсиң анын баш-аягы, уч-кыры.

Суусагандын, суктангандын супсуну,
Супсулуусуң, супсулуусуң, супсулуу,
Сепил болсо арзуу менен махабат,
Сенсиң анын бекем тирөөч устуну.

Мейли денем топуракпы, ылайбы,
Мейли кандай жаратса да бу жайда.
Мен Кудайга сен бар үчүн ишенем,
Сен бар үчүн жакшы көрөм Кудайды

Соц тармактар:

Добавить комментарий