Жусуп Абдрахмановдун махабаты

Сүрөт http://members.vb.kg/ сайтынан алынды
Сүрөт http://members.vb.kg/ сайтынан алынды

(Бул макала белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун Күндөлүгүндөгү маалыматтарга негизделип, анын жеке турмушундагы айрым эпизоддорду чагылдырат)

Жусуп Абдрахманов өткөн кылымдын 20 – 30 — жылдарындагы Кыргызстандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери. Ал, кыргыз улуттук советтик мамлекеттүүлүгүнүн башатында туруп, анын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон тарыхый инсан.

Жусуп өз замандаштарынан бийик интеллектуалы, жогорку профессионалдык даярдыгы, жаратылыш берген жетекчилик таланты, саясий жактан алдын ала көрө билгичтиги менен айырмаланып турган. Ал кыска, бирок мазмундуу өмүр сүрдү. Анын өмүр жолу, мамлекеттик ишмер катары чыгармачылык кудурети толуп — ташып турган кезинде, 1938-жылдын 5-ноябрында, сталиндик «опричниктер» тарабынан жалган жалаа менен «эл душманы» аталып, мыйзамсыз кыйылган.

Жусуп Абдрахманов 1958 — жылы СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясы тарабынан, ал эми 1988 — жылы партиялык жактан күнөөсүз экендиги далилденип, толук акталды. Ошентип, «ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи тарыхый чындык калыбына келтирилип, анын ысмы элибиздин улуу тарыхый инсандарынын катарынын алдыңкы сабынан орун алды.

Мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, коомубузда демократиялаштыруу процесси башталган мезгилден бери Ж.Абдрахмановдун өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө арналган көптөгөн эмгектер, ошону менен катар анын өзүнүн эмгектери, Күндөлүгү, Сталинге жазган каттары жарык көрдү. Бул иштерди жасоодо, биз, академик А.Какеевдин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө — корреспонденти, т.и.д. Дж. Джунушалиевдин, т.и.д., профессор З.Курмановдун, т.и.к. И.Семеновдун, т.и.к., профессор Д. Сапаралиевдин зор салымын белгилөөбүз абзел

Бирок, Ж.Абдрахмановдун өмүр жолу, саясий — мамлекеттик ишмердүүлүгү, жеке турмушу бул мезгилге чейин жарык көргөн эмгектерге карабай, толук изилденип бүттү деген ойдон алыспыз. Ж.Абдрахманов көп кырдуу тарыхый инсан, демек анын тарых – таржымалына арналган көп изилдөөлөр али алдыда.

Жусуп Абдрахмановдун өз замандаштарынан дагы бир айырмачылыгы, анын Күндөлүк жазгандыгы. Бул көрүнүштү биз Жусуптун жан дүйнөсүнүн, интеллектуалынын бийиктиги катары баалашыбыз керек. Өкүнүчтүүсү Жусуп Абдрахмановдун тагдырында өзүнүн «Күндөлүгү» да кесепеттүү ролду ойноп кеткендиги. Анткени, ал «Күндөлүгүндө» ошол мезгилде жүргүзүлүп жаткан партиянын саясатынын туура эмес жактарын ачык жазган жана айрым бир партиялык жетекчилерге (мис.: Сталинге!!!, Кагановичке) сын көз караштагы, бирок, адилет мүнөздөмөлөрдү берген. Ошондой эле, ал өз Күндөлүгүндө Кыргызстанга партиялык сүргүнгө келген Мария Натансон менен болгон ынак мамилеси, ыйык сезими, ага байланышкан ички толгонуулары жөнүндө көп жазган. Жусуптун жан дүйнөсүн түшүнүү үчүн, анын «Күндөлүгүндөгү» жеке турмушуна байланышкан ички ой – толгоолорун да түшүнүү менен кабыл алып, аларга туура баа берүү өтө маанилүү.

Адам кандай кызматта болбосун, эмне иш аткарбасын адамдык керектөөлөрдөн, зарылдыктардан арыла албайт. Руханий багытта болсо, ар бир инсандын өз интеллектуалына ылайык ички дүйнөсү, толгонуулары, сезими, сүйүүсү — жеке турмушу (личная жизнь) болот. 1928 — жылдын эрте жазында Кыргыз АССРынын Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштеп турган 27 жаштагы Жусуп Абдрахманов Ленинград (азыркы Санкт – Петербург) шаарынан саясий сүргүнгө келген Мария Натансон аттуу аял менен таанышат. Бул эки адамдын (Жусуп менен Мариянын), өз мезгилинин эки жогорку интеллектуалдарынын ортосунда дүйнөгө болгон көз караштарынын окшоштугунун, пикирлештигинин негизинде чоң достук жаралып, ал акырындап, бийик назик сезимге айланган. Кыргыздын чыгаан уулу Жусуптун жүрөгүн ээлеп алган бул аял ким эле?

Мария Натансон 1927 — жылы партиянын XV съездинин чечими менен «Бириккен оппозицияга» катышы бар деген айып тагылып, партиядан чыгарылып, өзү сыяктуулар менен кошо Орто Азияга жөнөтүлгөн (саясий сүргүнгө айдалган – С. С.). Ал 1928 — жылдын 3 — мартынан 26 — сентябрына чейин Кыргыз АССРынын Мампланынын өнөр жай секциясында экономист болуп иштейт. Ушул жылдын аягында Мария Ленинград шаарына кайра кайтып, кийинки жылы партияда калыбына келтирилген. Мария Натансон 1917 — жылдан бери партиянын мүчөсү болуп, 1917 — 27 жылдары Ленинград шаарында партиялык ар кандай кызматтарда иштеген. 1919 — жылы ал төңкөрүшчүл Петрограддын Выборг районунда түзүлгөн коммунист — футуристтер («Ком — фут») тобунун секретары болгон. Кыргызстанга келгенде, орустун улуу акыны Владимир Маяковский атагандай, Муся Натансон 28 жашта эле.

Жусуптун «Күндөлүгүн» окуп отуруп, анын (Күндөлүктүн) жазылышына түрткү болгон себептердин бири (балким, негизгисидир – С.С.), «Күндөлүк» ээсинин Марияга болгон бийик сезими, ошого байланыштуу ички толгонуулары, ой — тилектери болгондугун баамдого болот. Ал жөнүндө Жусуп өзү да «Күндөлүгүндө» минтип жазган: 10. XI. 30ж. «Мен бир жолу күндөлүк жүргүзүүгө аракет кылдым, бирок кийин таштап койдум. Менин күндөлүк жазууга киришкенимдин түздөн — түз себепкери, ал менин жеке турмушумдагы бир эпизод жөнүндөгү күбөнү сактап калуу тилегим болду». Чындыгында эле Жусуптун «Күндөлүгү» Мария Натансондун (Жусуп аны күндөлүгүндө М.Н. деп жазат) ысмы менен башталып (19. VIII. – 28 ж.), анын ысмы менен бүткөн (11.XI.- 32ж.) жана бул аялдын ысмы «Күндөлүктө» 51 жолу !!! эскерилет.

Күндөлүктөгү жазуулардан биз Жусуп Абдрахмановдун Мария Натансонду бекем сүйгөндүгүн, ал киши (Мария Натансон) биздин каарманыбыздын эң жакын адамына, досуна, сырдашына айлангандыгын байкайбыз. «Ал (М. Н.) менин жашоомдогу, мен бекем сүйгөн жана бекем достошкон жалгыз адамым. Менде андан жашырган жана жашыра турган эч кандай сыр жок. Менин бардык аракеттерим, ойлорум жана тилектерим – ага белгилүү, анкени аларды ага өзүм айтып бергем жана айтып берем…» деп жазат Жусуп 1928 — жылдын 19 — августунда өз «Күндөлүгүндө».

Жусуп менен Мариянын ортосундагы мындай ынак мамиле, Мария Кыргызстандан кеткенден кийин да 1932 — жылдын октябрь айына («Күндөлүк» бүткөнгө ) чейин улана берген. Бул аралыкта Жусуп чарба иштери боюнча Москвага келген ар бир командировкасында, Ленинград шаарында окуп жана иштеп жаткан Марияга жолугууга аракет кылган жана жолугуп турган. Ал эми, Кыргызстандан болсо тынымсыз кат -открыткаларды жөнөтүп тургандыгы маалым. Ал жөнүндө Жусуп «Күндөлүгүндө» өзү мындай деп жазат: «1. IV. 31ж. Күндөлүк жазууга тоскоолдук кылган дагы бир кырдаал, бул жумуштан бошогон минуталардын дээрлик баарынын М. га кат жазууга кеткендиги».

1931 — жылдын 25 — майында Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарынан жөнөп кеткен Жусуп Абдрахманов 12 — июлга чейин, 47 күн Ташкент, Москва, Днепропетровск, Гагра, Сочи шаарларында болуп, өнөр жай иштери менен таанышкан жана эс алган. Мына ошол 47 күндүн 40 күнүн Жусуп, күндөлүктө көрсөтүлгөндөй, Мария менен бирге өткөргөн. Деги эле Жусуп өзү, Мария Натансон менен ынак мамиледе, достукта болгон жылдарын турмушундагы эң бактылуу учурлардын бири катары белгилеген. Тилекке каршы, Мария Натансондун кийинки тагдыры бизге белгисиз. Ал эми, Жусуп Абдрахмановдун тагдырында болсо, бул аялдын ысмы Жусуптун бактылуу күндөрү менен гана байланышпастан, кайгылуу ролду да ойноп кеткендиги өкүнүчтүү. 1928 — жылы эле, Жусуптун каршылаштары БКП(б)нын Борбордук Контролдук Комиссиясына Ж.Абдрахмановдун « …троцкистканын таасиринен чыга албай калгандыгын» кабарлашып, жашыруун бир нече арыз жазышкан. Коллегасы Ходжахан Шооруков болсо, М.Натансон менен болгон байланышы үчүн, Жусупка нааразычылыгын ачык эле билдирген. Кийинчерээк, 1937 — жылы Жусуп Абдрахманов мыйзамсыз камакка алынганда, ага таңууланган күнөөлөрдүн бири, «троцкистка М. Н.» менен болгон байланышы болгон.

Тарыхый чындык үчүн айта кетчү жагдай, Жусуп Абдрахмановдун жеке турмушундагы дагы бир учур, анын, дагы бир атактуу аял менен болгон кыска, бирок жалындуу романы.

brik_mayakovskiyАл – Владимир Маяковскийдин аялы жана досу – Лиля Юрьевна Брик эле. Л.Ю.Бриктин – Лилечканын ысмын Ж.Абдрахмановдун «Күндөлүгүнөн» да бир нече ирет жолуктурабыз. Мисалы: 1930 — жылдын 25 — ноябрында ал күндөлүгүнө мындай деп жазган: «Айтмакчы, Лилечкага чалдым. Ал менин Москвада экениме таң калды. Мен ага, М. (Мария Натансон) менен чоң достукта экенибизди, андан ашыкча эч нерсе жок экенин айтканымда, анын үнүнөн капа болуу сезилди».

Жусуп Абдрахманов 1929 — жылы кезектеги Москвадагы командировкасынын учурунда москвалык досу акын, адабиятчы, Борис Кушнер аркылуу орустун улуу пролетариат акыны Владимир Маяковский жана Лиля Брик менен таанышат. (Б.Кушнер Кыргызстанда иштеп кеткен жана В. Маяковский менен жакын достук мамиледе болгон – С.С.). Көп өтпөй, бул тааныштык Жусуп менен Лилянын ортосундагы ынак мамилеге айланган. Лиля Брик июнь айында Жусупту өзүнүн «Рено» машинасында Ленинград шаарына алып кеткен. Ал жерде алар Лилянын Рита Райт аттуу подругасынын үйүнө токтошуп, заказ берилген туфлинин даяр болушун күтүп, 10 күн турушкан. Л.Брик менен Ж.Абдрахмановдун ортосундагы мамиле жөнүндө академик А.Какеев өзүнүн «Юсуп Абдрахманов и московские интеллектуалы» деген макаласында, Лиля Брик жөнүндөгү В.Катанян жана А.Ваксбергдин китептеринен төмөнкү саптарды келтирет. В. Катанян: «…Андан бир аз мурдараак (В.В.Маяковскийдин чыгармачылыгынын 20 жылдык мааракесинен) ЛЮнун (Лиля Юрьевна Брик) көңүлү, сырткы көрүнүшү экзотикалык сулуу кыргыз Юсуп Абдрахмановго түшүп калды. Ал, Москвага командировкага келген, Кыргызстандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери эле». Андан ары В.Катанян Жусуп Абдрахмановдун Лиля менен бирге Ленинградга баргандыгы, ал жерде алар музейлерге кирип, Павловскто эс алгандыктары жөнүндө жазат. Ошол эле жердеги маалыматтардан биз В. Маяковскийдин чыгармачылыгынын 20 — жылдык мааракесине Жусупту Лиля Брик чакыргандыгын, ал кечеде Жусуп менен Лиля жанаша отургандыгын, Ж.Абдрахманов В.Маяковскийге жыгачтан жасалган козунун сувенирин берип, ырларында ал жөнүндө унутпашын сурангандыгын, Владимир Маяковский болсо, Лиляны аябай кызганып, бирок анысын билдирбөөгө аракет жасагандыгын билебиз.

А. Ваксбергдин китебинен болсо төмөнкү саптар келтирилген: « Бул мезгилде Лиля Маяковскийдин тирүү кезиндеги акыркы – өзүнүн кезектеги романын башынан кечирип жатты. Анын жаңы тандаганы өзүнүн тоолуу республикасында жогорку кызматты ээлеген, «выдвиженец», кыргыздын кандайдыр бир «шишкасы» — Юсуп Абдрахманов деген неме болуп калды».

Андан ары А.Ваксберг Лиля Брик «жапайы кыргызга» Түндүк Пальмиранын кооздуктарын көрсөтүү үчүн, июнь айынын аягында, Жусуп менен өзүнүн «Рено» машинасында Ленинград шаарына жөнөп кеткендигин. Жусуп экөө подругасы Рита Райттын үйүнө токтоп, буурул түндөргө суктанып, «Европа цивилизациясына талпынган жана баарын билүүгө умтулган, экзотикалык «жапайынын» коомунда» Ленинградда 10 күнгө жакын ырахат алгандыгын жазат.

Жогоруда белгилегендей, Жусуп менен Лилиянын ортосундагы ынак мамиле (роман) кыска мөөнөттө гана болгон. Аны А.Ваксберг да өз учурунда белгилеген: «Лилия жаңы турмушту баштады. Юсуп өзүнүн Кыргызстанына кайтты. Юсуп анын жашоосунан (Лиля Бриктин – С. С.) биротоло жок болду???».

Биздин кошумчалаарыбыз, бул эки адамдын ортосундагы ынак мамиленин демилгечиси Лиля Брик болгондугу шексиз. Анткени, анын замандаштары, Лилянын өтө эле сулуу эместигин, бирок, эгерде ал, бирөөгө (эркектерге) жаккысы келсе, ал каалоосун сөзсүз иш жүзүнө ашыраарын, бул аялда эркектерди өзүнө тартуучу кандайдыр бир касиет болгондугун белгилешкен. Андан калса, Лиля Брик Жусуптан 10 жаш улуу болгон.

Белгилей кетчү олуттуу жагдай, бул мезгилде Лиля Брик башы бош аял болгон. В.Маяковский менен бир үйдө жашагандыгына карабастан, (кызыгы Лиля Бриктин В.Маяковскийге чейинки күйөөсү Осип Брик да алар менен бирге турган – С. С.) ал экөө көптөн бери бир үй — бүлө болбой калышкан эле. Бирок улуу акындын «Лилечкага» болгон сүйүүсү эч качан өчкөн эмес.

XX кылымдагы кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмери Ж.Абдрахмановдун жеке турмушунан келтирилген жогорудагы эпизоддорду, окурман анын интеллектуалынын, руханий жан дүйнөсүнүн бийиктигинин белгиси катары кабыл алат деген ишенимдебиз.

Акырында макалабызды Жусуп Абдрахмановдун «Күндөлүгүнөн» алынган, жеке турмуш жөнүндөгү анын төмөнкүдөй саптары менен бүтүргүбүз келет: «Бүткүл адамзаттын жалпы ишине биротоло берилгендигин, андыктан жеке турмушунан баш тарткандыгын, жеке турмуш алардын аң — сезиминде эч кандай роль ойнобогондугун далилдөөгө аракеттенген адамдар бар. Менимче алар, жөн эле калп айтышат».

Элине, өзүнө калп айталбаган Жусуп Абдрахманов өз «Күндөлүгүндө» жеке турмушу жөнүндө да көп ички ой толгоолорун жазган, чындыкты жазган. Анткени, «Күндөлүгү», Жусуптун оор күндөрүндөгү жалгыз «сырдашы» болгон. Бирок, жогоруда белгилеп кеткендей, «Күндөлүгү» анын тагдырында кесепеттүү ролду ойноп, анын камакка алынышына ал да себепкер болгон.

Сыдык Смадияров, ОшМУнун профессору, “Баракелде”

Соц тармактар:

Добавить комментарий