Гейне жана Анатай акын же саясый поэзиядагы айрым окшоштуктар тууралуу

anatay

(Башталышы өткөн санда)

Маңкуртчулук, көзкаманчылык – арамза патриоттун үчүнчү кешпири – акындын өтө жанын ачытып, жаалын кайнатты. «Кыргыз эмес, кыргыз үчүн таттуу сүйлөйт» түрмөкчөсүнө кирген ырлардын баары ушундай маанайда жазылган. «Кыргыз үчүн күйбөгөн кыргыз балдардын» кайдан чыга калганына айран таң болду. Абдан түтөгөндө: «Уят кылар улуу кыргыз намысын, артта туяк калгычакты калбасын, кыргыз туруп кыргызга иш кылбаган кыргыздардын үйүндө от жанбасын», – деп бата кылып да жиберди. «Сыртыңдан «Кыргыз элим» демиш болуп, ичиңен элге жоосуң. Жоо болбосоң не кордоттуң чуу куйрукка кыргыздын мазар тоосун?», – деп ачууланды. «Эр Манастын арбагынан коркпогондор, көзкаманга окшогондор, бузукулар, ата сөөгү алтын болуп калды дешсе, ата көрүн тытат булар…» – деп жаалы чыкты.

Акынды түшүнсө болот. “Кыргызга кыйын күндө кереги тийсин” деп тилек кылып Манас бабабыз он төөгө жүк болор алтын, күмүш катып койгон экен, аны дал 2007-жылы казып албаса, байлыктын баары башка жакка жылып кетет, кайрылып келгиче дагы эки миң жыл күтүш керек” деп сандырак жомок чыгарып, “Кароол Дөбөнү” каздырган окуя улут тарыхындагы эң шерменде иш болду. Ошо дөөрүмө теорияны токугандар азыр деле кыргыз аталып, түбү баатыр элдин урпагы экенин айтып, эчтеме болбогонсуп кайкалап жүрүшөт. Өзүнүн түркөйлүгүн ата-бабалардын эмгеги же эрдиги менен актаган мындай «патриотторду» Гейне түз эле кейбирлер деп атаган.

Дегеле саясый ырлар конкреттүүлүгү, ала кушту атынан чакырган батылдыгы менен таасирдүү, күчтүү келет. Ошол эле Гейнеден пруссиялык король Фридрих-Вильгельм IVнү, немис княздары менен феодалдарын, атүгүл ачык сөзүн айталбаган либералдар менен демократтарды көрөбүз. Акындын ишениминде, ким болбосун, агарып-көгөргөн адам көз карашын өзгөртүп, үстөмдүк кылган бийлик тарапка өткөндө ал жакшы авторитет болгондон калат. (Предисловие к книге «Кальдорф о дворянстве в письмах к графу М. фон Мольтке»).

Биздин Анатай акын ушул усулду карманып, ушул позицияда турду. Анын саясый ырларында конкреттүү ысымдар көп аталат, айрыкча президенттерге тике кайрылып, алардан ачуу сөзүн аяган жок. Антип эле тим болбой, алардын ээрге кыйшык отурганын да көп ичинен айныбай көрө билди.

…1993-жылдын 19-январында биринчи президент чоң сөз сүйлөп, аны маалымат каражаттары пайгамбардын программасындай жабыла дуулдатып кирди. Анатай акын болсо буга ошо күнү эле «Ушул күнгө ким апкелди» деген поэтикалык сынчыл комментариясы менен үн кошту. Ал кезде биринчи президент көшөкөрлөр журтуна гений көрүнүп, машаяк­тай мактала баштаган маал эле. Ошо жылы мартта ал мамлекеттик менчикти бөлүштүрүү ишин жарыялады. Эсибизде бар: алдым-жуттумдар, кошоматчылар, Ак үйдөгү акылга чукак кеңешчилер «бир жарлык менен эле элди байытып салган» президенттин акылмандыгына тен берип, тамшанып жатып калышты. Анатай акын болсо муну «жогортон башталган канталамайга» теңеди. Айткандай эле ал кийин тарыхка «прихватизация» деген ат менен кирди. «Өңүң бар татынакай, а ишиң тамтыракай», – деп баштаган бу ырын («Канталамай») акын: «…корк элиңдин убалынан; же оңдо аңтарылган замананы чоттоп, соттоп, же кетип кал сахнадан убагында кетип калган артист окшоп», – деген сөөмөт менен бүтүрөт. Биринчи президенттин отставкасы жөнүндөгү маселе акындын ушул сөзүнөн беш-алты жыл өткөн соң гана коомдук-саясый ойдо козголо баштады.

Биринчи президентке Анатай акын оголе көп ачкыл-кычкыл ыр арнады, аны “чыккынчы”, “калмак” деп да атап салды. Мунусун одоно, осол көргөндөр болду, бирок кийин анын оролу туура чыкты.

Экинчи президенттин тушунда Анатай акынга наам беришти, ал расмий «эл акыны» аталды. Башкалар болгондо мындайга толкуп-ташып, бийлик башчысына поэтикалык бир сарпай арнап жибермек. Анатай акын мунун ордуна Ак үйдүн экинчи кожоюну деле кыргызга күйөрүнө күмөн санап, аны биринчи кожоюндун клону деп атады, «дагы беш жыл отурса, гүлбакты чөл кыларын, элге тезек жегизерин» эскертти. Биринчи президентке өзүңдүн көчүрмөңдү жаныңа чакырып ал деп кеңеш берди. Акындын бу сөздөрү да сая чыкпады. «Манты жеп жаткан жеринен Бекназаров апкелген» экинчи президент, акын айткандай, тарыхка «камкор эмес, канкор болуп» кирди. «Жалгыздык ыры» жыйнагында башка бир катар саясатчыларды да безге сайган ырлары бар.

Анатай акын азыркы режимге деле шүйшүнгөн жери жок. Кылмышкерлерди, алардын анабашчысын качырып жиберип, түрмөдөн байыган чоңдорду, аларга адвокат түшкөн акыйкатчы менен прокурор кызды, капчыгын кампайтып алып, элди шылдыңга калтырган сотторду төш, бийликти баш кылып, «өрнөгү жок элге бир, өкмөтүң менен жерге кир» деп жекирип салды.

Дагы бир кызык жери – Анатай акын эки ыңкылапка тең тикелей ыр арнаган жок. «Толкуган эл селдей камалып, аккан кандан асман карарып»турган апрелдеги касиретте кайра эле элге күйүндү: «Айланайын ата-энелер, ай, кимдер кайрып берет балаңды» ( «Жалгыздык ыры»). Бу маселедеги позициясын акын тээ токсонунчу жылдардын башталышында эле «төңкөрүш жакшылыкка апкелбесин билими бар ар бир пенде билет» деген саптарда туюнткандай болгон («Коогалануу». 19.08.91). «Революциядан акмактар менен ыпылас адамдар гана утуш алат, бирок революция оңунан чыкса да, чыкпаса да карапайым адамдар дайыма анын курмандыгы болот» (О доносчике). Гейненин бу сөзү айныбас акыйкат экенин биздеги эки ыңкылап далилдеди.

Албетте, Анатай акын Гейне эмес. Аларды теңештиргенге болбойт, экөөнүн масштабы эки башка. Ал эми алардын үндөштүгүндө өзгөчө деле табышмак жок: Ницше айткандай, бу дүйнө, мезгил өзү түбөлүк кайталанып турган нерсе, туюк айлампа. (Вечное возвращение того самого или вещей). Психологияда муну дежавю (фр. déjà vu – мурда болгон иш, окуя, көрүнүш) дешет. Тарыхтын өнүгүү баскычтары да ушундай, болгону алар бир элде эрте, экинчисинде кеч болот. Биз соңку жыйырма жыл ичинде европалык элдердин көбү эки, атүгүл үч кылым илгери басып өткөн коомдук, саясый, экономикалык процесстерди баштан кечирип жатабыз. Алар бизге жамевю (jamais vu) – эч качан боло элек иштей көрүнүп жатат. Иш жүзүндө болсо бурулуш учурлар, социалдык-саясый ыңкылаптар, создуккан кризистер маалы, айрым өзгөчөлүктөрдү эске албаганда, көп жагынан окшош келет. Демек, андай мезгилде адамдар деле окшош ойлорго, окшош убайым-санаага туш болот, кыйынчылыктары, тарткан ташпиштери да окшош болот. Гейне менен биздин Анатай акындын саясый ырларында кезиккен бир катар үндөш ыргактар, үндөш кайрыктар, окшош ойлор мына ошондон.

Саясый поэзия автор үчүн салакалуу, кайрымы жок иш келет. Бийликтин такай куйкасын куруштуруп, аны безге сайып безелене берген акындар адабий абагайларына деле жакпай, алардын арасында безик болуп калышы мүмкүн. Гейне, маселен, ушундай мамиледен улам «аксөөк шүмшүктөрдүн туугандыгынан» кечип, өзүн «плебей» деп жарыялаган жана Парижге жер которуп кеткен.

Анатай акында байлык-байманага, мансап-мартабага эмес, өз бөгүн өзү бөктөгөн, эч кимдин көзүн карабаган, эркин ойлоп, эркин жашаган табынсыздыгын кадырлап кас­тарлаган «плебейчил» мүнөз бар экенин өйдө жакта айттык эле. Ошонусу үчүн, айрыкча бийликти, анын башчыларын байма-бай сынга алган ырлары үчүн адабий агайындарынан бир топ эле өгөй-татай сөздөрдү укту. Айрымдары «жаңы заманды түшүнгөнгө деңгээли жетпейт» деп илимдүүсүнүштү, башкалары аны «уйкаштырып жазган журналист» дешти.

Сооронбай акынга ыракмат, «Жалгыздык ыры» жыйнагына жазган баш сөзүндө а киши мындай дептир: публицистикалык курч ырлары үчүн кезинде аны сындап, жемелеп, акылдуусунуп сүйлөгөнүбүз. Бирок мезгил акындын ырларынын өз кезинде жазылганын, анын кыраакылыгын ырастады. Ал кезде акынды натуура жемелеп, ачуу сөз тийгизген үчүн андан биз кечирим суроого тийишпиз… Эл жегич жетекчилер менен болгон адилеттик күрөштө акын жеңип чыгып, эл алдында маңдайы жарык жүргөнү бизди кубандырат. (С.Жусуев. Поэзияга кошулган олуттуу салым. «Жалгыздык ыры»).

Анатай акындын лирикаларына атайылап кайрылган жокмун. Бул өзүнчө бир чоң сөздү талап кылган маселе. Болгону бир гана фактыны – анын жүздөн ашуун тексттерине обондор чыгарылып, музыкага салынганын эске сала кетели. Бу жагынан Анатай акынды биздеги «рекордсмен» десе болот. Айтмакчы, Гейненин ырларына үч миңге чукул музыкалык чыгармалар жазылган.

Мынча болду, акырында дагы бир окшоштукту айтып коёлу. Акындык атак-даңкка Гейне чоң маани берген эмес, анын ырларын замандаштары макташабы же тилдешеби, буга ал кайдыгер караган. «Адамзатты азаттыкка чыгаруу үчүн согушта каарман солдат болгонун» гана баарынан жогору баалаган. (Соб. соч. М.1957. Т. 4. 228).

Анатай акын деле атак-даңк дегенге ак эткенден так этип мукурап тургандардан эмес. Болгону анын жупуну, жөнөкөй бир артыкчылыгы бар. Кокус азыркы акындар: «Кыргыз жеринен жарака кетсе, ал менин жүрөгүм аркылуу өтөт», – деп айтса, аларга ишенбеңиз, бул алардын кезектеги көйрөңдүгү дей бериңиз. Эгер минтип Анатай акын айтса, анда муну бөркүңүздөй көрүңүз. Муну ал ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө – өзүнүн чыгармачылыгы, жарандык позициясы жана адамдык сапаты менен далилдеди. Ал эми мындайлар акындар арасында аз эле болот.

Эсенбай НУРУШЕВ, «Кыргыз туусу», 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий