Канатбек ИСАЕВ: «Көк-бөрү Азия оюндарынын катарына кирип калуусу мүмкүн»

kokboru

Учурда Биш­кектеги «Ак кула» ат майданында Эгемендик майрамыбызга карата көк-бөрү оюну боюнча Президенттин салтка айланган кубогуна арналган турнир өтүүдө. «Көк-бөрү» жана «Аргымак» федерацияларынын президенти, Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев менен спорттук баяндамачы Кабыл Макешов маектешти.

– Канатбек Кедейканович, мына он беш жылдан ашуун убакыттан бери ар жыл сайын Эгемендүүлүк майрамынын көркүн ушу Көк-бөрү мелдеши ачып келе жатпайбы? Быйыл мелдеш кандай деңгээлде өтүп жатат? Канча команда катышууда? Байге фондусу кандай болууда?

– Быйыл Президенттин Эгемендүүлүккө арналган кубогунда он эки команда катышып, алар 23-августтан бери 4 тайпага бөлүнүп, 4 күндөн бери курч таймашууларда мыктылары аныкталып калды. Жарым финалга Талас облусунун «Талас», Чүй облусунун «Суусамыр», Ысык-Көл облусунун «Кабылан» жана Бишкектин «Бөрүлүү» командалары чыгып, 28-августта күч сынашканы турат. Көк-бөрү боюнча быйылкы турнирдин байге фондусу жалпысынан эки миллион сомдон ашат. Биринчи орунду жеңип алган командага баш байге катары миллион сом деп коюлду. Быйыл командалардын деңгээли, мурда топтогон упайларына карап,12 команданын атаандаштары чүчүкулак кармоо менен аныкталды. Калыстык жана рейтинг боюнча мыкты деген “Бөрүлүү”, “Кабылан”, “Суусамыр” жана “Талас” командалары ошол төрт тайпага чачырады. Анан ар бир тайпада үчтөн команда болуп, 23-августтан бери күнүгө 4 беттешүүдө мыктылары иргелди. 31-августта өлкөбүздүн Эгемендүүлүк майрамында Бишкектеги «Ак кула» ат майданында көк-бөрү баштаган, ат оюндары: аламан байге, кунан, бышты жарыш, жорго салдыруу, асыл тукум аргымактарды сыноо жана башка улуттук спорт түрлөрүн, жалпы күйөрмандар үчүн финалдык мелдештерди тартуулоого камылга көрүп жатабыз.

– Жыл өткөн сайын көк-бөрү оюнуна кызыккандар арбып, жаңы командалар түзүлүп жатат. Негизинен өзүңүз айтып жатпайсызбы, төрт мыкты команда 4 тайпага чачырап бөлүндү деп. Анан жаңы түзүлүп, быйыл Президенттин кубогуна жаңы кошулган командалар кимдер болууда ?

– Ооба, эми жаңы дегенде бир-эки жылдан бери ойноп жүргөн Ош облусунун «Дос­тук» командасы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «ГУВД» командасы, Чүйдүн «Көк жал» командасы бар. Алар жаңы болгону менен жигиттер башка командаларда көп жылдан бери ойноп жүргөн, такшалган көк-бөрүчүлөр, көбү өлкөбүздүн курама командасынын мүчөлөрү болуп эсептелет.Ошол себептен команданын аты жаңы болгону менен оюнчулары тажрыйбалуу, алардын катарында келечегинен үмүт жандырган жаштар да бар. Ошол команда дагы курамында.

– Бул командалардын катарында мурда аты чыгып, байге алып жүргөн «Кожомкул» командасын быйыл көрө албадым. Алар эмне себептен бул жолу оюнга катышпай калышты?

– Айтылуу «Кожомкул» командасы быйыл жыл башынан бери он төртүнчү сезондо ойногон жок.Тилекке каршы алар Президенттин былтыркы жылы август айында өткөн, салтка айланган кубогунан кийин турнирлерге катыша элек. Балким алар жаңы күч-кубат топтоп, тыныгуу алып жатышса керек. Андан кийин ойнойбу, ойнобойбу азырынча белгисиз. Бирок ошол «Кожомкул» командасынын катарында ойноп жүргөн оюнчулар бүгүн «Суусамыр» жана «Тынай» командаларынын курамында ойноп жатышат. Көк-бөрү оюну да башка спорт тармагындай эле машыгууну үзбөй, табын бузбай, чеберчилигин аксатпай турууну талап кылат.

– Көпчүлүк учурда Чүй жана Талас облустарынын командалары күчтүү команда болуп, аларга атаандашуу кыйынчылыкты жаратып жатпайбы? Анан республикалык деңгээлде көк-бөрүнү кеңири жайылтыш үчүн, облустардын дагы биринчиликтерин өткөрүп, мыктыларын иргеп алуу керекпи?

– Ооба, облустарда сөзсүз түрдө турнир болуп келатат. Бул жакта өтүп жаткан турнирлерде Чүй, Таластан башка да Ысык-Көл, Ош облустарынан келген командалар да бар. Демек Кыргызстандын бардык эле бурчунан оюнчулар бар деп айтсак жаңылышпайбыз. Былтыркы Президенттин кубогуна Нарындын командасы келген. Бирок быйыл Нарын облусунда өзүнчө 31-август – Эгемендик майрамына карата турнир болуп жатканга байланыштуу алар быйыл келген жок. Башка региондун баарынан командалар бар. Түштүк аймагында да эгемендик майрамына карата ат оюндары, көк-бөрү мелдештери өткөрүлөт.

– Мурда мыкты команданын аттарын коңшу казактар сатып кетип, жылкынын баасы өсүп кеткен эле да. Былтыркы Астанада өткөн Азия чемпионатынан кийин дагы казакстандыктар кыргыздын мыкты аттарын сатып кеткен жокпу, же сатууга тыюу салса болобу?

– Эми сатпасын деп ар бирөөнө эле тыюу сала албайбыз. Ар кимдин өз эрки. Мал ээси кандай кылса, өзүнүн эрки да. Бирок, көр-оокаттын айынан айласыздан атын сатып жиберип, кайра кыргыз элинин ар-намысын ойлоп, ичи ооруп калган учурлар деле кездешет. Учурда Кыргызстанда деле көк-бөрүнүн мыкты аты бааланып, сыртка чыгарбай эле ич ара сатып алгандар болууда. Быйылкы сезондо мыкты, алдыңкы аттардан казактарга сатылган жок.

– «Көк-бөрү» федерациясы түзүлгөн­дөн бери аны мурда белгилүү коомдук ишмерлер Болот Шамшиев, Бо­лот Шер, Аскар Салымбеков, Молдомуса Конгантиев да жетектеп келишкен эле. Бул эми өтө түйшүктүү, анан көп каражат талап кылган, демөөр­чүлөрдү табуу түйшүк жараткан, бирок Кыргызстандын намысын бийик көтөргөн оюн эмеспи. Сиз жеке өзүңүздүн каражатыңызды ушул оюндун өнүгүп-өсүшүнө кошуп жүргөнүңүздү билем. Башка ири ишкерлер федерациянын чыгымдарына чыдабай баш тартып, четке чыга беришкен эле. Сизге федерациянын жүгүн жалгыз тартуу оорчулук алып келген жокпу?

– Эми ойдогудай боло турган болсо, өлкөбүздүн экономикасы өсүп-өнүксө, анда сөзсүз түрдө көк-бөрү улуттук спортун мамлекет каржылап, мамлекет жардам бериш керек эле.Ошондой болсо да «Алыбек алына жараша» дегендей, өкмөттөн бюджеттин ал-абалына карап, 5 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүп берүү каралган. Бирок бул жетишсиз. Бир эле турнирдин байге фондусуна 2-3 миллион сом коюлуп жатса, андан тышкары командаларды каржылоого эле ири суммадагы каражат талап кылынат. Мисалы, быйылкы Эгемендик майрамына карата өтүп жаткан Президенттин кубогунун байге фонду эки миллионду түздү. Андан тышкары «Ак кула» ат майданындагы оюн талаасына ижара акысы үчүн, иш чараны төлөө үчүн 250 миң сом төлөйбүз. Ошол эле жайдын чилдесинде ат майданы чаңдап кетпесин деп, атайын суу чачкыч автоунаага өзүнчө төлөйбүз. Турнирди уюштурууга көмөктөшкөн адистерге, калыстарга да өзүнчө төлөйбүз. Башка дагы чыгымдар бар. Мунун баары федерациянын мойнуна жүктөлгөн түйшүк. Ал эми Казакстанда ар бир ушул жогорку лигада ойноп, алдыңкы катарга өткөн командалардын каржылык маселеси мамлекеттин мойнунда, уюштуруу иш-аракеттери үчүн башын оорутпайт. Мамлекет камкордукка алып, мыкты аттарды сатып берип, көк-бөрүчүлөрү жакшы айлык акы да алып турушат…Бизде болсо болгону ушул көк-бөрүгө күйүп-бышкан, көк-бөрүгө кызыккан, элдин намысын ойлогон адамдар өздөрү демөөрчүлүк кылып, колдон келишинче колдоп келе жатышат. Федерацияны да биз, ушул демөөрчүлөр гана, колдоп келе жатабыз да. Сырттан байкабаган кишилер баары шайма-шай экен, деп көк-бөрү оюнунун кызыгын гана көрүп кетишет. Чынында абдан көп акча кетет. Эгерде биз федерацияны күчтүү кылып, демөөрчүлөр менен көбөйтүп алсак командаларга жеңилдик болот эле. Учурда федерацияга да, командаларга да кыйын болуп, кыйналып турган мезгил.

Бир команданын бир жылдык чыгымына: аттардын жем-чөбү, багылышы, мелдештерге катышуусу, жол киреси, жатаканасы, символикалуу арзыбаган айлыгын кошкондо жылына 8-10 миллион сом каражат кетет. Бул чыгымдарга ат сатып алууну кошконум жок. Анткени, ар бир аттын бүгүнкү күндө баасы 5-10 миң доллардан кем эмес. Мыкты аттын баасы өсүп, учурда да 20-30 миң долларга чейин чыгып жатат. Анан бул өтө опурталдуу оюн болгондуктан, көп учурда кымбат атты алсаң, бир эле күндө жаракат алып же оюнга жарабай калган учурлар да кездешет. Ошол себептен келечекте бул көк-бөрү кыргыздын намысын сактап, кыргыздын тарыхын элестеткен оюн болгонго байланыштуу биз мамлекеттин бюджетине атайын бир статьясын карап, ошонун негизинде ар бир команданы мамлекет тарабынан каржылоо маселесин чечип бериш керек. Ошондо бизде көк-бөрү оюну өнүгөт да. Кыргыз элинин бул оюну футбол, хоккейден да таасирдүү оюн экени далилденип, дүйнөгө таанылып, тез жайылат эле. Себеби Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти шейх Аль Сабах бул оюнду абдан жогору баалап, келечекте Азия оюндарынын программасына киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан эле. Бул багытта иш-аракеттер болууда. Учурда дүйнөлүк жана азиялык көк-бөрү федерациялары түзүлүп, ага 12 өлкө мүчө болду. Былтыр Астана шаарында көк-бөрү боюнча биринчи Азия чемпионаты өткөрүлдү.

Өкмөттүн алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин курамында Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору ачылгандан бери көк-бөрүнүн өнүгүшүнө да ыңгай түзүлө баштады.

– Канатбек мырза, учурда өтүп жаткан Президенттин кубогу турниринде жеңип чыккан же өнөрү менен таанылып, айырмаланган жигиттер сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өлкө намысын коргоого барышабы?

– Ооба, бул турнир мыктыларды тандоого негиз болууда. Көчмөндөр оюнуна Кыргызстандан эки команда катышат. Ушул эки команданын курамына мыкты жигиттер Президенттин кубогу мелдешинде тандалып алынат. Жарым финалга чыккан 4 командадан жана дагы чеберчилиги менен айырмаланып, көзгө көрүнгөн жигиттер көчмөндөр оюнуна катышып, меймандарга бул оюндун кереметин көрсөтүүгө мүмкүндүк алышат. Биздин жигиттерге казактар гана негизги атаандаш болушпаса, калган команданы жеңип, биринчи орунду аларына ишенип турам. Ошондуктан 31-августта «Ак кула» ат майданына келип, көк-бөрүнүн финалдык беттешүүлөрүн жана ат оюндарын көрүп, бир кумардан чыгып кетиңиздер.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы, «Кыргыз туусу», 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий