Мелис Совет уулу

melis3

Мелис Совет уулу жана анын чыгармачылыгы тууралуу

1978-жылы 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин Физика-электроника факультетин 2006-жылы аяктаган. Ошол жылдан тарта ал журналисткага аралашып, “Жаңы Кылым”, “КТР-Обо”, “Агым”, “Жаңы Агым” гезиттеринде кабарчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары кызматтарын аркалап келген.

Мелис Совет уулу чыгармачыл жаштардын Республикалык “Нурборбор” бирикмесинин жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү. Буга чейин анын ырлары бир нече гезит-журналдарда жарык көрүп, “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” жыйнагына кирген.

 

Ырлар

ЖАЗ ЖЫТЫ

Мурунду өрдөп, кан-жанымды жибиткен,
Муздак, муңдуу жүрөктөрдү тирилткен,
Касиетиң кандай укмуш жаз жыты,
Карыга да кайрат берип сүйүнткөн.

Сырын ачып сыздап турган жүрөктүн,
Сыркоолордун дартын жууган мүрөксүң,
Жагымдуусуң, жароокерсиң жаз жыты,
Жайы, кышы келет үйгө түнөткүм.

Өзүң менен өзөккө нур жүгүрүп,
Өң ачылып, өрчүп турат тирүүлүк,
Дарыгерим, данакерим жаз жыты,
Дарыядай акчы, алайын киринип.

Назик, сулуу периштесиң жашынган,
Наристесиң шарт моюнга асылган,
Күндүн эгер нуру болсоң жаз жыты,
Гүл болоюн сени карап ачылган.

Бур дей түшсөң бугум качат узап бат,
Буктурмалап сүйүү алат тузактап,
Бото көздүү селки болсоң жаз жыты,
Боорго бекем кысмак элем кучактап.

Өсүмдүктөр өзүң менен бүчүрлөп,
Өрүк гүлү өзүңдү өөп түшүмдөйт,
Жан сергитип турсаң дайым жаз жыты,
Жандууларда жашоо деми үзүлбөйт.

 

АЖЫРАШУУ

Сүйүү эмне – эки жүрөк табышуу,
А баш кошуу – бул жашоонун маңызы,
Бала болсо эки адамдын тамыры,
Ажырашуу – баарын сууга агызуу.

Үй-бүлө эмне – ыйык бакча гүлдөгөн,
Өмүрлүк жар – өрүк багы бүрдөгөн.
Үй, короо-жай Мекке ар бир адамга,
Ажырашуу – үшүк аео билбеген.

Турмуш эмне – түбөлүккө чоң сыноо,
Бакыт эмне – жооп табылбас оор суроо.
Адам өзү Жараткандын пендеси,
Ажырашуу – сындыруучу соңку жоо.

Өмүр эмне – кан чуркаган тирүүлүк,
Жашоо – тасмал, түркүн даамы үйүлүп.
Турмуш куруу – чынар болуу миң бутак,
Ажырашуу – өспөй калуу кыйылып.

 

ТООЛУК ЖИГИТ

Апалар саап келген нак ак сүттөй,
Айылдык бала дили аппак эле,
Ак, кара аралашпай кара, ак жиптей,
Айылда баары көзгө таптак эле.

Тоолордон түшкөн мөлтүр, кашка суудай,
Тоолуктун ой-акылы тунук эле,
Томуктай арамдык эч батпачудай,
Тоолуктун мүнөзү да сылык эле.

Жайлоодой жаш карыга тегиз жаккан,
Жаш жигит пейили эх, кенен эле,
Жарк этса жамалына деңиз баткан,
Жазганбас жигит көөнү терең эле.

Бой уруп шаардын жашоо агымына,
Боз чаңга батты дили булганбаган,
Борбор деп суктанышкан шаары мына,
Бок-жиндей ак, карасы ылганбаган.

Топ сымал тоголонуп тоолук жигит,
Ток болду, ач да болду, көптү көрдү,
Тозогу шаардын ыплас тооруп жүрүп,
Ток пейил жан дүйнөсү кескиленди.

Мына эми тоолук жигит такыр башка,
Мыйыктан мыскыл гана күлүп турат.
Мырзасы кыргызымдын, акыл башка,
А бирок канда арамдык жүрүп турат,
Айылда баягы сүт, баягы суу,
Апалар аябастан күлүп сунат.

 

ҮЙ-БҮЛӨ- БУЛ МАМЛЕКЕТ

Бир үй-бүлө — кичинекей мамлекет,
Ата – ажо, эне — өкмөт башчысы.
Балдар – эли, баарын сурайт, шай кетет,
Ажонун да келип кетет качкысы.

Өкмөт башчы теске салып баарысын,
Ажого да, элге дагы жагынат,
Калкка жакпай аракети, арышы,
Күндө улам жаңы талап табылат.

Президент премьерди урушуп,
Казынаны ыгы менен урун дейт,
Үй бюджетин үнөмдөсө тырышып,
Эл болчубу, күндө таттуу түрүн жейт.

Өкмөт башчы күндө башка министр,
Бирде каржы, маданият, туризм,
“Балким мага мунун баары үлүштүр,
Эли-журтум – дейт премьер – ырысым”

Кээде митинг өлкө ичи ызылдап,
Өкмөт башчы, ажо таппайт айласын,
Бири укса, бири укпайт кужулдап,
“Сабыр бер — дейт ажо – Кудай кайдасың?”

Ооба, ооба баары барып Кудайдан,
Бирок, ажо сакташ керек өлкөнү,
Премьер да жаралбаган Күн, Айдан,
Бирок, куту, үй-бүлөнүн эртеңи.

 

ДУДУК КЫЗ

Гүлдөр угат, бирок алар сүйлөбөйт,
Гүл сүйдүрөт, бирок мени сүй дебейт.
Бажырайган роза балким сулуу кыз,
Тили болсо таттуу, ширин сүйлөмөк.

Жазгы желге жамалдарын өптүрүп,
Жай ыргалып жаш жүрөктү от кылып,
Түркүн гүлдөр арбап акыл оюмду,
Тулку бойдо ойноп турган шоктугум.

Мени бирөө теше тиктеп тургандай,
Жүрөк сезди, жалт карадым бул кандай.
Балбылдаган көздөр көзгө урунду,
Балкый түштүм бар дүйнөмдө кир калбай.

Кыз ажары кытыгылап жүрөктү,
Кыя карайм айдай сулуу чүрөктү.
Сулуу экенсиз – десем ал кыз жылмайып,
Жерге тартты “рахмат” менен илепти.

Бир көргөндө түбөлүккө унуткус,
Бактылуу бол гүлдөй болгон дудук кыз.
Бүгүн минтип жер үстүндө жолуксак,
Бир мезгилде асмандагы булутпуз.

 

КЫРГЫЗСЫҢ СЕН МАРИЯ

Ак куудай, орус кызы үлбүрөгөн,
Акактай ак жүзүңөн Күндү көрөм.
Комузду безелентип, күүнү чертсең,
Козголуп жүрөк кылдай дирилдеген.

Колдоруң ойноп тентек улактардай,
Комузда тыбырчылайт туяктардай.
Кыргыздын кылым күүсүн козгоп чертсең,
Орус кыз дегенге оозум турат барбай.

Чопо чоор тартып турсаң кубулжута,
Булбул да тыңшай калар үнүн жута.
Ооз комуз чертип турсаң марал сымал,
Кызындай кыргызымдын сының сыпаа.

Кыргызга тилиң бербей, дилиң берип,
Кыргыздын күлүн көрбөй, гүлүн көрүп,
Ыр, күүсүн сүйгөн үчүн таазим сага,
Кыргыздын талантысың, сүйүнгөнүм!.

 

АКЫМ БАР

Кээде туруп батимкемдин боосундай,
Чиеленип калат ойлор чечилбей,
Баарын таштап башты оорутуп отурбай,
Көлгө сиңип кетким келет чечинбей.

Кээде бырыш көйнөгүмдөй көңүлүм,
Санаалашым дагы аны жазалбай,
Бүт ааламга баткым келет чөмүлүп,
Таң алдында чакырылган азандай.

Уйпаланган күндөр өтөт чачымдай,
Миң тарасаң ийге келбейт кашайып,
Мен тоолукмун, жөнөткүлө акым бар,
Тоо суусуна кошулайын тазарып.

 

ОКШОШ КҮНДӨР

Окшош күндөр чубалып кербен сымак,
Оолгуй, каалгый баратат белден чубап.
Соороткотом өзүмдү — бүт дүйнөнү,
Солк дедирген жанар тоо менден чыгат.

Кайнайт дүйнөм, бирок да жарыла албай,
Кара турмуш кабынан арыла албай,
Катыгүн мен кайыштай катып туруп,
Калкан кылып калемди жамынамбы ай.

Балалыгым жылаң баш, жылаң аяк,
Баалабапмын азыр мен турам аяп.
Өмүрүмө үңүлүп дүрбү салсам,
Өткөн күндөр максатсыз кур алаят.

Ал ансайын саналып мүнөттөрүм,
Акыл-санаам баратат жиреп мени.
Жемирилген жар болом, жүрөктөргө
Жеткире албай учкунду жүрөктөгү.

 

КЕЧИР АПА

Оорусаң апа сени сакайта албай,
Ооруңду жок дегенде азайта албай,
Он балаң өз турмушун улап келет,
Он мүнөт көңүлүңдү тазарта албай.

Кечирчи, алсыздыгым, кечир апа,
Кээде мен сөз келтирдим тетири апа.
Оорусак бала кезде айланчыктап,
Отурчу элең уйкуң кечип апа.

Кечээ эле жаныңа тың, жапжаш элең,
Кейитсек бир катуу сөз айтпачу элең.
Тентектик кылсак кээде түшүндүрүп,
Тескери баспагын деп какшачу элең.

А бүгүн бетиң бырыш, чачың аппак,
Жылмаюң чыгып кайра жашынат бат.
Өткөн соң ыйлагандан эмне пайда,
Ак сүтүң алсак болмок азыр актап.

“Чөбөрө көрдүм – дейсиң – арманым жок”
Жүрөгүң дале согот балдарым деп.
Апаке берчү кезде баарын сага,
Ачыгы, бергенимден алганым көп.

Тоок сымал он жөжөсүн калкалаган,
Коргойсуң дале бизди алкап анан.
Мээриңе таазим этем апакебай,
Мерездик кылсак дагы таркабаган.

 

ОШОНУ ТУРАМ САГЫНЫП

Суурулуп колдон шаштырып,
Суу менен ойноп каткырып,
Апасын укпайт тун балам,
Отургун десе шак туруп.

“Жуунтчу апа мени кирдедим”
Деп какшайт уулум күндө миң.
Укмансан болсо апасы,
Көрсөтүп чукуйт кир жерин.

Чылапчын болуп кайыгы,
Чын “сотка” болот самыны.
Көбүктү чачып туш-тушка,
Көздөрү күйөт ал күнү.

Мээримдүү колдор, жылуу суу,
Меш жактан таптын урушу,
Бейиштей тура балага,
Бет ылдый аккан улуу суу.

Жуунуудан чери жазылып,
Жумшарып көңүл ачылып,
Жүрөктү эзет балдарым,
Жуурканга култ деп жашынып.

Мээримдүү колдор, чылапчын,
Менден да бир топ узапсың.
Агезде мен да “жуунтчу” деп,
Кужурун алчум кулактын.

Кол бутум сууга малынып,
Кобурап мага жалынып,
Жуунтчу эле мени апакем,
Ошону турам сагынып.

 

ЧЫРАГЫМ

Чырагым, чынарым, тумарым,
Чыйырым чын дилден улаарым,
Чын дүйнө тарапка узасам,
Чыңырып боюма кулаарым.

Көлөкөм, берекем, көчүрмөм,
Көөдөндөн кайгымды өчүргөн,
Көз өтүп кетсе эгер балам бар,
Көп ыйлап, аталап өкүргөн.

Жарыгым, жарымым, бөлүгүм,
Жалганда экинчи өмүрүм,
Жашоодо ичер суум бүткөндө,
Жанында тураарым сөөгүмүн.

Данегим, боор этим, туягым,
Дартымды дарылап тураарым,
Дарыя болсоң да таза аккын,
Денемден бөлүнгөн булагым.

 

АППАК КАР

Себеленет, аппак кар себеленет,
Сезимимде бир мезгил тегеренет.
Айыл кечи, аппак кар, жүрөк эргип,
Ак баракка сүйүү ороп берер элек.

Анда сезим ак кардай таптаза эле,
Айыл эмес ааламга батпачу эле,
Кошунанын баласын коштоп алып,
Кош жүрөккө кат болуп каттачу эле.

Кыраан-күлкү кызык эле жылгаяк,
Кызык эле кар аралаш бурганак,
Үшүү деген болбочу эх ал кезде,
Үмүттүү жооп келсе кыздан бир барак.

Жооп жазмай сөз ширесин агыза,
Жолуккандай жомоктогу ханыша,
Кыртылдатып кышкы карды тебелеп,
Класска эмес кызга шашмай жарыша.

Кыздар сулуу, кыздан өтүп кыш сулуу,
Кылыктанган кызга жигит ышкылуу,
Кычыраган кышты ойлосом агезде,
Кыз сүйүүсү кылчу экен жыпжылуу.

 

БАЙКА КЫРГЫЗ

Жашайын деп адамдык оң жолумда,
Жанды үрөйм өлкөмдүн борборунда,
Бирок көөнүм бүтөлбөй койду такыр,
Бишкегимдин жыртылган жолдорундай.

Билем, билем эскиден кыйлаң жаңы,
Бирок баары, жыртылган ыйман дагы.
Ээ кызматка, кадырга кыргызымдын,
Элди тоноп дүнүйө жыйгандары.

Капчык жыртык, казына дагы жыртык,
Каадасы элдин, намысы, ары жыртык,
Чындык, абийир шыкаалайт ар тешиктен,
Чыдай албай мазакка, жаны курчуп.

Көйнөк бүтүн, а бирок көөдөн тешик,
Көрөгөчтү көркоолор бөтөн дешип,
Жөөлөп, тепсеп жоготуп доллар менен,
Жөөттөнүшөт көйрөңдөп көчөң кезип.

Калбыр кылып баарысын тешип бүтүп,
Касиетиң курутуп, эзип бүтүп,
Башка чыгып баратат мите курттар,
Байка кыргыз, кол, бутун кесип бүтүп!

Соц тармактар:

Мелис Совет уулу: 2 комментария

Добавить комментарий