Акылман сөзгө маани берели!

akeler

Жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Мамлекетти бекемдөө жылына арналып, акылмандар Сарт аке менен Тилекмат акелерди эскерүү жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө аталган Акелердин эстелигинин жанында куран окулду. Келген меймандар тарыхый музейдин материалдары менен таанышышты. Андан кийин Мундуз айылында 80ден ашык боз үй тигилген жерде Акелердин өмүрү, алардын кыргыз элинин ынтымагын чыңдоого, өлкөнүн биримдигин бекемдөөгө сиңирген эмгектери жөнүндө кеңири сөз болду. Бул эскерүүгө арналган иш чара Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен уюштурулган.

Ушул жыйындагы айтылгандарды угуп, өзүмдүн оюмду билдиргим келди. Биринчиси, 18- 19-кылымда Көл өрөөнүндө жашап, элдин ынтымагы, биримдиги үчүн жанын аябай кызмат кылган улуу адамдарга «Аке» деген наам берип, алардын улуулугун, башкалардан  айырмаланган касиетин өзгөчө белгилеп койгону үчүн Ысык-Көлдүн элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бул ушул элдин көрөгөчтүгү, көсөмдүгү жана иш билгилиги. Ошолорду ушул күнгө чейин унутпай сактап, алар жөнүндө китептерди жазып, элдин калың катмарына жеткизип жүргөн санжырачыларга, окумуштуу-тарыхчыларга чоң рахмат!

Экинчиси, мына ушул Ысык-көлдөгү «Акелердин» же болбосо Кыргызстандагы өтүп кеткен акылман ойчулдардын айткан сөздөрүн айрым бир болор-болбос окуялар менен байланыштырып, олуттуу маани бербей, бир эле айтылып калчу сөз катары жеңил баа мамиле жасап жүргөндөй сезилет. Анткени, «Сөз бул адамдын кийими сыяктуу нерсе. Ал эми анын мааниси – кийимдин ичинде катылып жаткан сыр». Мен ушул жерде бир мисал келтирейин.

Илгери өткөн заманда, б.а. 1244-жылы 26-ноябрда Румдун Конья шаарында (азыркы Түркия) акылман ойчул Жалаледдин Руми менен Багдаддан келген акылман Шамшиддин Тебризи жолугушкан экен. Жалаледдин Руми ага чейин Мевлана деген наам алган. Ал окумуштуулардын окумуштуусу дегенди билгизет. Аны менен жолугуу үчүн келген Шамшиддин биринчи суроо берген. Ал суроо мындай: «Айтыңызчы! Мухаммед пайгамбар менен Баязид Бистаминин кимиси жогору турат?»

Мухаммед пайгамбарды биле­сиңер. Бул VII кылымда жашаган. Ал эми Баязид Бистами болсо IX кылымда жашап, Билгилердин Султаны деген наам алган киши экен.

Шамшиддиндин суроосуна Жалаледдин мындай жооп берди: – «Бул эмне деген тантырак суроо. Албетте, Мухаммед жогору турат да». Анда Шамшиддин экинчи суроосун берди: «Макул. Анда эмне үчүн Мухаммед өзү күнөө кылса да, кылбаса да Кудайдан күнүнө 70 жолу кечирим сурап жүрөт? Ал эми Баязид болсо: “Мен Кудайды түшүндүм, өзүмдү толук бойдон ага бердим. Кудайдын астында акмын”, – дебедиби. Анан эмне үчүн Мухаммед Баязидден жогору турат?»

Жалаледдин анын жөнөкөй дервиш эмес экенин сезип, мындай жооп берди: «Мухаммед өзүнүн күндөн күнгө жетилип бара жаткандыгын сезип, мурдагы кетирген кемчиликтери үчүн Алладан күнүгө кечирим сурап турганы – анын бийиктиги. Ал эми Баязиддин бир жолу жетишкен ийгилигине манчыркап, өзүн Кудайга теңеп салганы, анын пастыгы».

Шамшиддин мындай жоопту мурда укпагандыктан ыраазы болду. Ошого чыдабай эси ооп, кулап түштү. Жалаледдин атынан түшүп, бетине суу чачты да экөө кучакташып көрүштү. Алар ынак достордон болушту. Ушул экөө жолуккан жер, Түркиянын Конья шаарында «Эки деңиздин кошулган жери» деп аталат экен.

Эми ушул жерде бул эки улуу адам эмне деген маселени чечти деген суроо туулат? Аны көрүнүктүү окумуштуу, Чыгыш таануучу Радий Фиш мындай чечмелейт: “Булар чындыктын абсолюттуу экендигин, б.а. чындыктын бар экендигин, бирок аны түшүнүү салыштырмалуу экендигин, б.а. ар ким аны өз деңгээлине жараша түшүнө тургандыгын далилдешкен”.

Бул биздин азыркы жашообузга өтө мүнөздүү. Кай бирде жөнөкөй адам болобу же бийлиги бар чиновникпи, же ууру-кескиби өзүнүн жасаганын туура жасап жатам деп эсептейт. Башкалар тарабынан анын туура эместиги далилденип жатса да моюнуна алышпайт. Айрым ак жүргөн адамдар, алардын кичинекей арам жемине алданып, ошолордун сөзүн сүйлөп калганы өтө өкүнүчтүү.

Мына ушул жерде жогорудагы айтылган акылман «Акелердин» нус­калуу сөздөрүн эске салып, аларды жашообуздагы туура багыт катары пайдаланганыбыз оң. Ушул максатта урматтуу Садыр акенин «Узарсаң кыскарба, көбөйсөң азайба, чайпалба, чайпалсаң төгүлбө» деген сөзүн чечмелеп, ар кандай конкреттүү мисалдар менен жаштарга түшүндүрүп берсек, кандай жакшы болор эле.

Биз бул адамдардын баалуулугун, акылынын бийиктигин азыркы өзүбүздүн түшүнбөстүгүбүз менен арзандатпашыбыз керек. Алардын ар бир айткан сөзүндө эмне деген керемет, эмне деген сыр жатат. Ошолорду аңдап, маанисин ачып берүүгө аракет жасашыбыз ар кимибиздин милдетибиз экендигин белгилегим келет.

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, «Кыргыз туусу», 02.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий