Азаттык алгандан бери эмнени уттук, эмнени уттурдук?

kitepter

Эгемендикти алгандан бери, Борбор Азия жазуучуларынын ПЕН клубунун вице-президенти болуп турганда мага төрт ирет эл аралык деңгээлде жазуучулар конгресстерине катышууга мүмкүнчүлүк болду. Ушул иш-чаралардын учурунда эгемендик алгандан кийинки кыргыз адабиятына тиешелүү көтөрүлгөн маселелер өтө олуттуу жана кызыктуу болгонун, кыргыз адабиятына кызыккандар арбын экендигин эске салгым келди.

Жоопкерчилик таразасы

Биринчи эле маселе – эгемендик менен кошо келген азаттык кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кандай таасирин берди? Кыз-келиндердин чыгармачылыгы кандай акыбалда? Ч.Айтматовдон кийин кыргыз адабияты кандай өнүгүп жатат? Ушул сыяктуу маселелер талкууга алынганда дүйнөлүк адабий чөйрө кыргыз адабиятына бөтөнчө кызыгарына көзүм менен күбө болгом. Андан кийин жаңы түзүлгөн Урал-Алтай жазуучуларынын бирикмесинин экинчи жолугушуусу Кыргызстанда болуп, ал фольклордук адабиятка арналганын сыймыктануу менен атасак болот. Элдик чыгармачылыктагы кайра жаралуу жараяны кандай өтүп жатат, эпикалык чыгармалардын бүгүнкү заманбап адабияттагы орду үч күн бою талкууга алынганы эсимде. Быйыл болсо Эл аралык ПЕН клубдун кезектеги конгресси Бишкекте сентябрь айында өткөнү жатат. Бул өтө абройлуу иш чаранын Бишкекте өтөрү да кыргыз адабиятына карата болгон урмат, сый, таануу, кызыгуу болуп саналат. Дүйнөлүк көркөм адабият маселелери биздин жерде талкууга алынмакчы.

Көз карандысыздыктын ачуу да, таттуу да даамын алгачкылардан болуп калемгерлер татты. Азаттык акын, жазуучуларды советтик цензурадан, идеологиядан арылтты, социалисттик реализмдин тузагынан бошотту. Ким эмне ойлосо, эмнени кааласа ошону жазганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Чыгармачылыкка төрт тарабы кыбыла заман келди. Сени канатына калкалап кам көргөн мамлекет жок. Ит болуп үрсөң да, булбул болуп сайрасаң да өз эркиң. Жазуучуларды тескеген бир гана өздөрүнүн уяты, ынсабы, ар-намысы болуп, жоопкерчилик таразасы өзүнүн колунда калды.

Публицистика жанры

Азаттыктын алгачкы жалдарында бул жанр дүркүрөп өстү, анткени бул ошол мезгилдин талабы эле. Көп маселелер алдыңкы чыгармачыл интеллигенциянын тез арадагы пикирин, көз карашын талап кылган, элге салып талкуулай турган маселелер арбын болгон. Публицисттер көбөйдү, азаттыкка жүрөгү толкуган жазуучу, акындар мурда-кийин айта албаган, жаза албаган ойлорун орошондото ортого салды. Мурда кийин сындамак тургай, атын атагандан чочугандар өлкөнүн биринчи адамдарын баштап каалагандай калчаган макалалар чыга баштады. Өткөн менен жаңынын кагылышынан адабий чөйрө да бир силкинип алгандай болду. Калемгерлер жылдап бугуп жаткан ичиндегисин буркандата чыгарып жатышты. Анан калса ошол мезгилде биринен сала бири пайда болгон менчик, көз карандысыз мезгилдүү басма сөздүн көбөйүшү да калемгерлерге өз ойлорун ыкчамдык менен элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул эркин гезиттерге кандай ойду ойлосоң айта бергенге, жазсаң чыга бергенге мүмкүн эле.

Андан кийин китеп чыгаруу көбөйдү. Эгер союз учурунда Кыргызстанда болгону үч басмакана болсо, азыр алардын саны 100гө чамалап калды. Басмаканалар бизнестин бир түрүнө айланды. Цензуранын жоктугу өзүн-өзү көзөмөлдөө менен өзүн- өзү сын көз менен кароонун жоктугуна алып келди. Натыйжада китептер иргелбей чыга баштады. Муну менен окурмандар табитин бузуп алдык. Албетте, китеп чыгаргандын өзү жакшы саамалык, китептин бары, көбү жакшы. Бирок басмаканалар басмаканага окшобой эле, катардагы типографияга айланышкан. Аты эле басмакана болбосо, чыгып жаткан китепти редакциялоо, электен өткөрүү деген маанилүү процедуралар дээрлик иштебейт, керек болсо жөнөкөй корректурадан өткөрүү да кээде болбой калат, толгон каталар менен китептер чыгууда.

Адабий сын

Бул соцреализм менен кошо өлүп калгандай туюлат, профессионалдык сын иштебей калды. Ырас, сени эч ким сындабаса, баары эле мактай берсе, өзүңдү кыйын жазуучу сезгенден башка айлаң жок. Сени көзүңө сайып, мунуң жакшы, мунуң жаман дебесе, кайдагы өсүш, кайдагы атаандашуу, кайдагы сапат. Чыккан китептер тууралуу басма беттеринде бир да кесипкөй сын жазылбайт, жалаң гана мактоолор. Сындын жогу айрыкча жаңыдан жаза баштагандарда бөтөнчө дымакты жаратып, көзүн тумандатып койду.

Мамлекет жазуучуларды унутуп койгон учур келди. Экономикалык маселелер алдында жазуучулук өнөр, ишмердик артка сүрүлө берди, мамлекет үчүн көркөм адабият олуттуу маселе эмес бойдон көп жылдар кала берди. Советтик система жазуучулар үчүн өзүнчө эле мүнүшкөр болгон. Калемгерлерди өз идеологиясында таптаган, алардын жашоо акыбалына көз салган, камкордук көргөн, купулга толгон чыгарма үчүн гонорарды мол берген. Мамлекет жакшы жазган жазуучуну көз жаздымда калтырган эмес, көнүл бурган, үйү жок болсо, чакырып алып үй берген. Мамлекет менен жазуучулар бири-бирине кызмат өтөгөн, кызматташкан. Китебимди чыгарам, аны кантип таратам, сатам деген баш оору жазуучу, акындарда дегеле болгон эмес. Жазуучулар жазганды гана билген. Мына ошол бүркүттөй тапталган жазуучулар союз ыдырап, эгемендик келгенде жүдөй түштү десем жаңылбаймын.

Жазуучулар союз учурундагыдай өлкөнүн башкы идеологу болбой калышты. Рыноктук мамилеге өткөн соң мамлекет жазуучу, акындардан өлкө үчүн пайданы көрө албагандай сезим калтырат. Бирок ушул жерде Финляндия мамлекетиндеги көзүм менен көргөн мисалды айткым келет. Жазуучулардын үйү биздин өкмөт үйүнөн бир аз эле кичине, шаңкаят, толук мамлекеттин дотациясында турат дешти. Китептерди чыгаруу, таратуу жана сатуу иши ушунчалык системага салынган. Хельсинкидеги эң көп дүкөндөр – китеп дүкөндөрү. Интернети жана башка цивилизациясы алда канча өнүккөн бул мамлекетте элдин китеп окуу муктаждыгы да жогору экен.

Кыргыз адабиятынын айдыңында тематикалар да өзгөрдү. Союз учурунда тыюу салынган секс, репрессия, криминал темалары биринчи планга чыкты. Детектив жанры өнүгө баштады. Китеп рыногунда жеңил-желпи окулган китептерге талап көбөйдү.

Ушундай чакта Жазуучулар союзун күчтөндүрүү зарыл, ал мамлекет бюджетинен үзгүлтүксүз колдоого муктаж. Бул мекеме союз учурундагыдай акын, жазуучулар үчүн башын бириктирген, маанилүү маселелерди талкуулаган, көркөм адабияттын өнүгүү тенденцияларына баа берген адабий, интеллектуалдуу очокко айлануусу керек. Мастер-класстар, адабий жолугушуулар, адабий талкуулар уюштурлушу керек. Биздин көркөм адабияттын дөө, шаалары тажиялар менен той, мааракелерде гана жолугушуп калышты.

Эгемендик калемгерлер алдына жаңы, оңой эмес милдеттерди алып келди. Жаңыча ойлоп, жаңыча иштеп, бүгүнкү ар кандай саясаттан, идеологиядан тыш, эркин окурманга жаккан чыгармалар жаралууга тийиш.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, коомдук ишмер, публицист, жазуучу,
«Кыргыз туусу», 02.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий