Кемел АШЫРАЛИЕВ: «Кыргыздын бийиктиги – тоолору менен жылкыларында»

jayloo

(Башталышы өткөн санда)

– Кандай дейсиз, кыргызда алыска чаба турган күлүк, тулпарлар барбы, калды беле?

– Нукура кыргыз жылкысын кийикке чыкканда, мал бакканда, тоого минсең мыкты. Күлүккө асыл тукумдуу жылкылар гана жарайт. Дүйнөдө андай үч гана асыл тукум жылкы бар: буттары бекем, ысыкка чыдамдуу, алыс­ка чуркаган арабдардын аргымагы. Экинчиси – түркмөндөрдүн ахалтекини. Булар алыска чуркабайт, учкаяк, өтө сулуу жылкы, буттары ичке, моюндары койкоюп узун, биздин жылкыларга караганда бир омурткасы ашыкча келет. Абдан жеңил, оюн салып, керек болсо бийлейт. Үчүнчүсү – англиялык таза кандуу жылкылар. Дүйнө жүзүнө белгилүү чоң күлүктөр ушулар. Калган мыкты деген жылкылар ушулардын канынан, уругунан тараган. Дүйнөдө 300гө жакын жылкы тукуму бар, алар да тигил үчөөнө байланыштуу. Бизде ошолордон жарым-жартылай тараган жарым асыл тукумдар, теңи Англиянын, теңи Россиянын «Орловский», «Русский рысак» деген тукумдарынан куралган. Мына ошолорду күлүккө чаап, көкбөрүгө салып жүрүшөт.

– Айтмакчы, көкбөрү деген оюн кайдан чыккандыгынан кабарыңыз барбы?

– «Көкбөрү» дегени, карышкырлар малына тие бергендиктен, аларды жырткыч деп жаман көрүшчү. Кээ бири өлүмтүгүнө соём деген малын да алдырып ийчү. Анан ар жагынан тосуп, союл же үзөңгү менен башка чаап кармап алышса, ага өчөшкөн кыргыздар көк бөрүнү ары-бери тартып, аябай тытып, анан гана союп, тишин чагып, өтүн бирөөгө, боорун бирөөгө, чүкөсүн бирөөгө, терисин бирөөгө таратып, өчүн алышкан. Мына ошондон «көк бөрүдөй тыттык» деп калышкан. Адегенде биздин түпкү аталар «көкбөрүгө» карышкыр тартышкан. Анан түштүктө торпок, бизде улак тартышкан, а биздин убакта, улак жокто чанач деле тартчубуз.

– Сиздин улуттук чүкө оюндары тууралуу да айрыкча пикириңиз бар эле?

– Азыркылар чүкөнү билбей калышты. Чүкө менен ойногон эң эле көп оюндар бар, алардан «ордону» гана көрүп калабыз. Маселен, «упайды» алалычы. «Упай» деген ушунчалык таза, чеберчиликти талап кылган оюн. Илгери Чыңгыз Айтматов Кинокомитеттин алдында өзүнчө татынакай стол жасаткан упайга. Ошол жерге барып жазуучулар упай ойнор эле. Анын орун басары Эркин Борбиев болуп биз да ойночубуз. Мына ушул упайды улуттук оюндарга киргизиш керек. Муну илгери бүт манаптар, эл башкаргандар, ойчулдар ойношчу. Элүү басым, жүз басым таптаза чүкөлөр баштыгы менен турчу. Чүкөнүн «сакадай бою сары алтын» деген сыпаты бар. Анын эң чоңун – уйлардыкын, букалардыкын доңкей дейт, андан кийин – сака дейт, бул кулжаныкы, ал эми эликтин, тоо эчкинин чүкөлөрүн «эңке» дейт, чоң-чоң ириктердикин «койкут» дейт, эчкиникин, улактардыкын «чыймыт» дейт. Эми айрымдар чүкөнүн өкчөлүшүн да билбей калды.

– Өлкөдө улуттук маданият менен оюндарды сактап калыш үчүн эмне жетишпей жатат? Улуттук ар-намыспы, мамлекеттик идеологиябы же акча каражатыбы?

– Башкасын коелу, Бишкектеги ат майданыбызды дурустап жасай албай койдук. Ошол жерде жумасына үч-төрт жолу оюндар өтүп турса кана! Ал жок. Мына, Англияда королева Елизавета ат майданга тынбай барып турат. Биз дагы ат майданды жасап, дайыма көкбөрү өткөрүп турсак мыкты болбойт беле. Аны көргөн туристтер сүрөтүнө, видеокамерасына тартып, барган жерине даңазалашмак. Алар жалгыз эле Ысык-Көлдү эмес, Соң-Көлдү, кыргыздын улуттук оюндарын, жаратылышын көрүп, ашуу ашып, шаркыраган дайраларды кечип, ат минип, боз үйдөн айран, кымыз ичип, курут жесе толук кандуу туризм болот да. Ушул борбордук ат майданды улуттук оюндардын ордосуна айлантып, бул жерге жазуу­чулар, саясатчылар, өнөрпоздор, жаштар – баарысы ишемби, жекшемби күндөрү келип ат минип, эс алган ден соолуктун очогуна айландыруу керек. Ал жерде 40-50дөй ат кармап, каалоочуларга ат мингенге атайы кийим, түшкөнгө душ уюштуруш керек. Керек болсо, Президент, Премьер-министр, шаардын мэри ат минип, элге жол көрсөтсө жарашпайбы, айланайын. Азырчы, айрым майрам күндөрдү эске албаганда, чаң басып, томсоруп турат. Ушуга нааразы болосуң. Үйгө келсең, чаңдан сенин балаң тааныбай калат. Эми бул ат майданды болгону 800 миң сомго сатып ийишиптир. Бул деген колунда бар бизнесмендин сыртка чыккандагы бир жолку чыгымы, бир депутаттын иш сапарына жарачу жол киреси болуп атпайбы. Аны мамлекет кайра өзүнө алып, улуттук туризмдин мыкты жайына айландырса жакшы эмес­пи. Анткени ат майдан жалпы элдин байлыгы да!

Азимжан ИБРАИМОВ, «Кыргыз Туусу», 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий